Эски тарых музейинин ичин кыдырып жүрүп, 8-кабинеттен бир кичинекей кызыл китепче таап алдым. Мукабасындагы «Китептин демөөрчүсү ЖК депутаты Өмүрзак Шеранович Мамаюсупов» деген жазууга көзүм түштү. Ылдый жагында: «жетим-жесир, колунда жокторго материалдык жардам көрсөтөт» деп жазылыптыр. Сүйүнүп кеттим. Телефону бар экен, чалсам жардамчысы алып: «Эртең түштөн кийин келиңиз» деди. Аябай толкунданып, баягы туберкулез больницасындагы «түнөгүмө» жөнөдүм.

Түнү менен жакшы деле уктабадым. Жүрөгүм бир нерсе сезгендей. Эртең менен Назирага тамак берип коюп, түз эле Малдыбаев көчөсү тарапка жөнөдүм. Колумда баягы кызыл китепче, анан паспортум. Башымда «USA» деген кепка, үстүмдө «philips» деген чоң жазуусу жана төшүндө дискотеканын сүрөтү бар ак футболка. Ал футболкамдын да тарыхы бар.

Аянтта «Филипс» фирмасы уюштурган дискотекадан ыргытканда тосуп алгам. Боюмдун узунунун пайдасы деп аябай сүйүнгөм. Кийгеним «Reebook» деген жазуусу бар кара спорт шымы, бутумда болсо кытай сандалы. Малдыбаев менен өйдө суу жээктеп жөнөдүм. Чөнтөгүмдө гезитке оролгон ак самындын алкындысы…

Сууну жээктеп өйдөлөп жүрүп отуруп, ээнирээк жерин таптым да, футболкамды шашпай самындап жуудум. Чоң таштын бетин суу менен тазалап, ага футболканы жайып, «Жогорку Кеңешке барам, депутатка кирем, жардам алсам Назирама күчтүү дарылардан алып берип айыктырып кетем…» деп кыялданып отурганча, жайдын чакыйа тийген күнү так төбөгө келди. Уй чайнагандай бырышкан футболкамды чала кургаган бойдон кийип алып, Жогорку Кеңешти көздөй жөө жөнөдүм.

Азыркы өкмөт үйүнүн күн батыш жагына келдим да, баягы китепчемден телефонун бурадым. Көпкө күттүрбөй эле мен курлуу эле жаш жигит чыгып келди. Жардамчысы экен. Мени кабинетине алып барды. Кичине отурган соң депутатка кириңиз деди. Кирсем, тоголок жүздүү, ак көйнөк кийген, галстугун бошураак байлаган килейген киши көрүндү.

— Ассалом алейкум!.. — Көзүм столдун үстүндөгү «Парламент» деген тамекиге кадала түшүп эле, «и-и, депутаттар парламентте отурган үчүн «Парламент» деген тамеки чегет тура» — деп ойлонгуча болбой:

— Эй, жигит! Сен кайда келдиң? — деген үн чыкты.

— Нарындан болом. Жаңы-Талап колхозу…

— Жок! Сен кайда келдиң?! – дейт кайра.

Өзүнүн отурган жерин эмнеге  менден сурап жатат деп чыйрала түштүм да, шак эле тамекисин карап:

— Парламентке келдим, — дедим.

— Туура, бул жерди парламент дейт! Кебетең кантет? Төшүңдө дискотеканын сүрөтү, кийгениң шалбыраган дамбал, бутуңда сандал… Бул жакка келатканда ак көйнөк, үтүктөлгөн шым, анан бутуңа туфли кийип келбейсиңби?!

Ызама буулуга түштүм. “6 айдан бери келинчегим ооруп ооруканада жатсам, акчам жок болсо, ушул кийимиме дагы шүгүр…” деп барып ызама муунуп, тамагым бүтөлдү да, сөзүмдүн аягына чыга албай, көзүмдүн жашын көргөзгүм келбей шарт бурулуп чыгып кеттим.

— Эй жигит, токтосоң! — дегенин уксам да укмаксан болуп кетип калдым.

Чыгып алып паркты аралап ыйлап баратам. Колумда баягы китепче… аябай ызаландым. Үтүктөлгөн көйнөк, костюм-шым кийгим келди. Гезитке реклама издеп жөнөдүм. Арабаев университетинен реклама алдым. Абитуриенттер үчүн! Мага жакшы гонорар беришти. 150 сомго Ош базарынан «Саламандра» деген туфли алдым. Туфли менен кошо ак көйнөк, галстук, ак костюм, анан үтүктөлө турган шым алдым. Кийинип алып Жогорку Кеңештин жанында ары-бери басып жүрөм. Өмүрзак акеме көрүнгүм келип. Дайыны жок…

Күндө барам. Бир күнү паркта келатсам алдыман чыгып калды. Алыстан эле эски тааныштай күлүп келатат. Негедир аябай сүйкүмдүү көрүнүп кетти. Башты бийик көтөрүп алдынан чыгып учураштым, себеби мен да костюм-шым менен галстукчан элем.

— Эмне кылып жүрөсүң?

— Жумуштан чыктым. “Ислам маданияты” гезитине жооптуу катчы болдум, — дедим.

— Жүрү, мени менен Жогорку Кеңешке барып, мага коомдук жардамчы болосуң! — деп арызымды жаздырып: — Эртең сүрөтүңдү алып кел, — деди да, жардамчысына тапшырды.

Эртеси сүрөтүмдү көтөрүп барып, эки күндөн кийин Мамаюсупов Өмүрзак Шерановичтин коомдук жардамчысы болуп калдым.

Күбөлүгүмдүн сыртында «Жогорку Кеңеш» деген жазуу окулуш үчүн көйнөгүмдүн төш чөнтөгүнө салып алам! Өзүмдү тим эле Мамаюсупов сезип, салабаттуу басып калдым. Мен үчүн Жогорку Кеңешти көрсөткөн, жөн гана көрсөтпөстөн депутаттык деген эмне экенин, эл менен кантип сүйлөшүш керектигин үйрөткөн устатым Ноокаттын эмес, кыргыздын сыймыктуу уулдарынын бири Өмүрзак Шеранович Мамаюсупов!

Азыркы учурда да байланышып жүрөбүз! Мен Сизди ошол өктөм сүйлөп ызалантканыңыз, таарынтканыңыз, мени ардантып ак көйнөк кийгизип, галстук такканыңыз үчүн, мени Жогорку Кеңештин босогосун аттаткандыгыңыз үчүн өмүрүбүз өткөнчө сыйлайм! Сизге бакыт каалайм, урматтуу Өмүрзак Шеранович! Жазганымды окуп калсаңыз, өткөндү эстеп бир жылмайып алаарсыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.