Жаштайынан жетим калган Абзалил деген жигит жылкычылардан жылкынын куйрук-жалын сатып алып, андан жип өрүп базарга сатып жүрчү экен. Бир жолу ал бул ишин көл жээгинде кылып атса көлдүн ээси суудан чыгып сурап калды:

— Эмне кылып атасың?

— Эмне кылмак элем, жибимди өрүп бүтө калсам сенин көлүңдү сүйрөп кетейин дедим эле, — деди көл ээсинин аңкоо экенин байкаган Абзалил кууланып.

— Көлүмө тийбе жигит, аның үчүн менден каалаганыңды ал, — деди чындап коркуп кеткен көл ээси.

— Чын элеби! Менин укканыма караганда сенде укмуштай кереметтүү тулпар жашайт экен, ал түнкүсүн көлдөн чыгып келип, шалбаада оттоп жүрөт имиш. Ошол тулпарыңды мага мингизгин, — деди Абзалил качантан бери кыялында жүргөн атка жете турган мүмкүнчүлүк жаралганын сезип.

— Жок, жигит, мен аны сага берип койсом, көлүмдөн касиет качып, көп өтпөй соолуп калат. Андан көрө башка нерсе сура.

— Мейли бербесең, көлүңдү сүйрөп кетсем ал тулпарың баары бир меники болот.

— Жигит, сен ошондой эле кыйын болсоң, жарышалы. Эгер менден ашып кетсең каалооңду орундатам, — деди көл ээси ойлоно түшүп.

— Болуптур, жарышса жарышалы, бирок сен биринчиден тээтигил бадалдардын арасында жаткан инимди кууп жетишиң керек. Болбосо мен сени менен жарышпайм. Бадалдарга барып кыйкырсаң ал качып чыгат, кууп жетип кармап келсең гана мени менен жарышууга татыктуу болосуң.

Буга макул болгон көл ээси бадалга барып катуу кыйкырганда коён качып чыкканда, кубалап жөнөдү. Көл ээси күлүк болгону менен коёнго жетиш кайда! Бир аздан кийин күйүккөн неме Абзалилдин жанына келип:

— Күлүктүгүңө ишендим жигит, бирок атыма ээ болуш үчүн үч жолу мелдешет окшойбуз…

— Мейли, үч жолу болсо үч жолу! — Абзалил сыр алдырбаш үчүн тигинин сөзүн дароо бөлдү. – Кийинки мелдешиңди айта бер!

— Эми күрөшөлү, кимибиз жеңсек ошонун каалоосу орундалсын.

— Мейли, бирок мени менен күрөшүүгө татыктуу болуш үчүн биринчиден карыган чоң атамды жеңишиң керек. Ал тээтигил чоң бактын түбүндө уктап жатат, баргын да ойготуп күрөшөрүңдү айт.

Көл ээси буга да макул болуп, чоң бактын түбүндө жаткан Абзалилдин чоң атасына жөнөдү. Ал эми ал адам эмес эле абдан зор аюу болчу. Жулкулдатып уйкусун бузган немени басып жыгылып, аз жерден жеп коё жаздаганда ал араң качып кутулуп, Абзалилге келип айтып турду:

— Карган чоң атаң ушу болсо, жигит катары күчкө толуп турган сени менен мага күрөшүш кайда. Жеңиш сеники! Бирок мен сунуштаган үчүнчү мелдештен утуларыңа ишенем.

— Айта сал мелдешиңди!

— Менин көлүмө ушул маалда күнүгө укмуштай бир чоң жаныбар келип суу ичип жүрөт. Өзү канчалык алп тулкулуу болгону менен абдан жоош. Кел ошону көтөрүшөлү. Ким жеңсе ошонун каалоосу орундалсын.

— Макул.

Абзалил айтып оозун жыйгыча токой арасынан көл ээси айткан жаныбар чыга келди. Бул ушул аймактагы эң зоот деген атан төө болчу. Аны көргөндө Абзалдин жүрөгү түшүп калганы менен сыр алдырбай:

— Анда эмесе мелдешти сен башта, — деди.

Көл ээси атанга түз басып анын алдына кирип, төрт бутун эки колу менен капшыра кармап, так көтөрүп, көлдү бир айланып келип жерге койду да:

— Анда эмесе жигит, эми сенин кезегиң, так көтөрүп көлдү эки айлансаң утуш сеники, анте албасаң башымды оорутпай жолуңа түш,  — деди.

Ушуну эле күтүп тургансыган Абзалил чуркап барып атанга секирип минип, таягы менен катуу ургулап, төөнү желдирген бойдон көлдү бир айланып келип көл ээсинен сурап турду:

— Урматтуу кожоюн, сен муну жонуңа көтөрүп көлдү бир айландың эле, мен болсо аны эки бутумдун ортосуна кыпчып бир айландым, кандай дейсиң, утулдуң го дейм. Же сен дагы муну бутуңдун ортосуна кыпчып көлдү айлана аласыңбы?

Андай иш колунан келбесине көзү жеткен көл ээси жеңилгенин мойнуна алып, Абзалилге керемет тулпарын берүүгө аргасыз болду. Ошондон кийин Абзалилдин иши оңолуп байып кетти. Ал эми анын тукумдары ошол кезден ушул убакка чейин асыл тукум кереметтүү жылкыларды багып келатышат дейт.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.