Автобиографиялык аңгемелерден

Бул окуя согушка чейин болгон эле. Жай мезгили. Мен анда Тбилисидеги тайежемдикинде жашачумун. Он экиге жаңы эле чыккам. Ал  кездеги көпчүлүк өспүрүм балдардай эле мен дагы ыр жаза баштадым. Жазган ырларым өзүмө тим эле укмуш жазылгандай сезилет. Жазгандарымды  ошол эле замат тайежем менен тажездеме окуп берем. Чындыгында алар поэзия менен анча деле тааныш эмес болучу.

Тажездем бухгалтер болуп иштечү, а тайежем керээлдин кечке үйдөгү жумуштары менен алек. Экөө тең мени жакшы көрүшчү, ошондуктан менин жаңы ырымды кунт коюп угушуп, “шумдуктай сонун ыр болуптур!”деп мактап жатып калышчу.

Тайежем тажездеме карап: “Бул бала гений!” десе тажездем ага макул болуп: “Туура айтасың кымбаттум, ал чындап эле гений!” – дээр эле. Көзүмө айтылган мындай мактоолорго мен ансайын дердейип калчумун.

Бир жолу тажездем менден минтип сурап калды:

— Эмне үчүн сенин эмдигиче ырлар жыйнагың чыга элек? Пушкиндики толтура… Безыменскийдики толтура… А сеники бирөө да жок…

Чын эле деп ойлодум, а эмнеге жок? Бул калыссыздык мени катуу ойлонтту, аны  оңдоо үчүн Мачабели көчөсүндө жайгашкан Жазуучулар союзуна жөнөдүм.

Көчөдө күн куйкалап аябагандай ысып турган, аптаптан уламбы, Жазуучулар союзунда киши жок ээн экен, менин бактыма бир бөлмөдө эң башкы катчысы отуруптур. Ал бир маанилүү кагаздарын алып кетмекке бир мүнөткө кире калган экен. Ошол учурда мен кирип бардым.

– Саламатсызбы, – деди мен.

– О, саламатчылык,саламатчылык, – деди ал жылмайып. – Сиз магабы?

Мен баш ийкедим.

– О, отуруңуз байболгур, отуруңуз, мен сизди угуп жатам!..

Мен анын сылыктыгына, жылуу кабыл алганына таң кала түштүм да сөзүмдү баштадым:

– Билесизби, келип калганым, мен ыр жазам…

– О! – деп койду ал.

– Менин каалаганым… мен ойлогом: эмне үчүн ырлар жыйнагымды чыгарганга болбосун? Пушкиндикиндей же Безыменскийдикиндей…

Ал мени бир башкача карап алды. Азыр бир топ жылдар өткөндөн кийин мен анын эмне үчүн ошентип караганын эң жакшы түшүнүп турам, бирок ал кезде… Ал кыймылдабай бир аз туруп калды, жүзүндө бир жылмаюнун изи  бар эле. Башын бир аз чулгуп алды да:

– Китеппи?! Сиздикинби?!. О, бул аябай жакшы!.. Тим эле сонун болмок! – Анан унчукпай калды да, кайгырган кишидей үн катты:

– Бирок билесизби, бизде бир аз кыйынчылык болуп жатат… кагаз түгөнүп калды…таптакыр кагаз жок…

– А-а-а, – дедим да анчалык деле түшүнө бербей,– мен балким тажездем менен кеңешип көрсөмбү?

Ал мени эшикке чейин узатып койду.

Үйдө түшкү тамак убагында сөз арасында көңүл кош адамдай кошуп койдум:

– Бүгүн Жазуучулар союзуна барып келдим. Алар аябай сүйүнүштү, менин китебимди чыгарганга куштарбыз дешти… бирок алар кагаз жагынан кыйналып жатышыптыр…кагаздары түгөнүп калыптыр…

– Бекерпоздор десе, – деди тайежем.

– А канча кагаз керек экен? – деп сурады тажездем иш билгилик менен.

– Билбейм, – дедим, – мен аны сурабаптырмын.

– Мейли, – деди ал,– бир жарым килдей кагаз менде бар, балким эки килге чыгышы да мүмкүн.…

Мен ийнимди куушурдум.

Эртеси мен кайра Жазуучулар союзуна бардым, бирок ал жакта эч ким жок болуп чыкты. Кечээги эң башкы катчы да анын бактысына ордунда жок эле.

Түбөлүктүү сүйүү

Мен өспүрүм кезимде аябагандай тез ашык болчумун. Жок-жок, бул жөн эле оюн эмес, бузукчулук да эмес, жөн гана эркектин муктаждыгынан чыккан арамзачылык да эмес эле. Ал  жалындап күйгөн от, акылдан тандырган, арам ою жок улуу сезим болучу. Мен сүйүп калчумун. Сүйгөнүмдү көргөндө мага көрүнбөгөн канат бүтчү, ал сүйүү түбөлүктүү өчпөстөй сезилчү.

Ооба, ал өрттүн кичине же чоңун, анын узактыгын жаш куракка тиешелүү жеңил ойлуулук аныктачу, бирок мен эч кимди алдачу эмесмин, чын дилимден берилип сүйчүмүн, берешен элем, өзүмдү ал үчүн садага чапканга даяр болчумун, бактылуу элем. Бул кийинкиси жолукканга чейин созулчу.

Алиса Бошьян адеп жолукканда эле жүрөгүм солк дей түштү, мен түбөлүктүү сүйүүмдү эми жолуктурганымды түшүндүм. Ага чейинки селкиге болгон  ашыктыгым тез эле өчүп жок болду. Иш анын сулуулугунда же өзгөчө бир артыкчылыгында эмес эле. Менин ага болгон суктануумду ошол кезде кандайдыр бир мага белгисиз күч башкарып турганын туйчумун. Анын көздөрү же өзүн алып жүрүү манерасы ага чейинки сулуунукунан  өзгөчө десем жаңылат элем. Жок-жок, анын көздөрү, өзүн алып жүргөнү, мурду, эриндери, мүнөзү бардыгы эле башкалардыкындай эле… Бирок эми сүйүүм чындап жалындап күйгөнүнө, түбөлүккө күйгөнүнө ишеничим чоң болчу.

Алиса Бошьян жолукканда жүрөгүм солк дей түштү. Ал ажайып сулуу болчу. Узун бойлуу, кара чачтары ийнине төгүлүп, жашыл көздөрүндө күлкү ойноп турчу. Анын көп сүйлөбөй зымырайып турганында бир сыр бардай тынчым кетчү. Өзүмдүн чачым кара болгондуктан сары чачтуу айымдарды жактырар элем, эми болсо алар көзүмө башкача көрүнө баштады. Эсимде, өзүмө бир топко таң калып жүргөнүм, Алисадай сулуу турганда мурдагы немеге кантип ашык болдум экен!

Анда мен Тбилисидеги тайежемдикинде турчумун. Кырк бешинчи жыл өтүп жаткан. Тайежем мени жакшы көрчү, ал менин апамдай эле болуп калган. Мени кечээги фронтовик катары университетке оңой эле кабыл алышкан, көп кемчиликтериме көз жумуп коюшчу. А кемчиликтерим көп эле боло турган. Филология мени өзүнө тартчу эмес, бирок мен кечээки фронтовик экендигим, андан аман келгендигим, ошондуктан мага баарын жасай берсе болот, кезектеги сулуу менден көзүн албай карайт, аны менен кечинде сейил багындагы Офицерлер үйүнө барып, танго, фокстроте, в вальсе-бостон бийлерин таманыбыз жешилгиче бийлейбиз, – деген ой менин делебемди козгоп турчу.

Ошентип жүрөгүмдү солкулдатып Алиса Бошьян пайда болгондон бир нече күн өтпөй эле мен аны тайежем менен тааныштырууну чечтим. Ага чейинкилерди да тайежеме сөзсүз тааныштырчумун, ал алардын ар бирине өзүнүн бийик баасын берчү. Бул адатка айланып калган.

– Мына, – дедим толкунда, – таанышып алгыла, бул Алиса Бошьян.

– Абдан кубанычтуумун, – деди тайежем, – ал сиз жөнүндө көп жакшы сөздөрдү айткан, тез эле таанышкым келип жүргөм…О, кандай татынакайсыз! Кириңиз, кириңиз, мен аябай кубанычтуумун…Үчөөбүз кечки тамакка отурдук. Мен улам Алиса менен тайежемди карап коём. Алар кысылбай кенен сүйлөшүп отурушту.Терезеден Тбилисинин кечи көрүнөт.Согуштун аяктаганы кандай жакшы болду!

Мен Алисаны үйүнө узатып чыкканда биртоп эле кеч болуп калган. Аны узатып кеч кайттым. Келээр замат тайежеме жолукканча шаштым. Ал идиштерин жыйнап жаткан экен.

– Кандай экен?! – кыйкырып жибергендей эле болдум. – Укмуш бекен я? Айттым эле го!.. Деги сага жактыбы? Айтсаң? Айтсаң?..

– Жакпагандачы, – деди ал башымдан сылап, – ал бир керемет экен! Кандай укмуш фигура! А көздөрүчү!.. – Ашканага кирип кайра чыкты да: – Балким мага ошондой көрүндүбү, буту бир аз ийридей көрүндү…ошол эле жерден оңдой кетти: – буттары…Балким мага ошондой көрүнгөндүр…Эми бул анча деле маанилүү эмес… Туура айтамбы?

– Ооба, – дедим мен бир аз үшкүрүп.

Ал түнү жакшы уктай албай чыктым. Уктап жатып да Алисанын буттарын көргөнсүйм. Ойлоп көрсөм бир болбогон нерсе! Ойгонгондон кийин да Алисанын буттары эсимден чыкпай койду.

Университетке келип, курсташым Катя Ломанга жолугуп калдым. Анын буттары жонуп койгондой түптүз экен. Башка курсаштарымды карасам баарынын буттары түптүз. Коридордун башында Алиса көрүндү. Жакындап келди. Мен  анын буттары ийри экенин даана көрдүм. Эми анчалык деле ийри эмес. Басканы да бир кызыктай, тайгалак жер менен келаткансып бүжүрөп басат экен.

Бир жумадан кийин жолукканда экөөбүз жөн гана баш ийкешип учурашып калдык, мен анын жанынан аудиторияга өтүп Катянын жанына отурчу болдум. Аны карап, бул эми түбөлүктүү экенин түшүнчүмүн.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.