(Айылдагы отуруштан)

Эки самаш элди эки айланып келип тоголонуп, бозо чынылар бошоп, кайра толуп, сөздөр бажылдап, көздөр жалжылдап, отуруш кызый баштаганда айыл жамакчысы Жымшык Жакеш жараңка комузун жанып-жанып алып үй ээсинин жарыясын жая салды:

Ээй, алтынчы күнү кечинде,

Мал жайланган кезинде.

Көчөбүздө адат бар,

Уюшуп иччү тамак бар.

Бир фляга бозо бар,

Беш самапал кошо бар.

Мелдешип чапчу карта бар,

Ыр кесе, бийден тарта бар.

Бүгүн ырга бар приз,

Биринчиси сюрприз,

Экинчиси чыстапал,

Үчүнчүсү самапал,

Анда эмесе ырдап кал,

Анда эмесе жыргал кал, — деп келип токтоду эле, баары дуулдап, коштоп-сүрөп кетишти;

— Оо, ап бали-и!

— Маладес Какем!

— Берешним иий!

— Сюрприз меники-и! – дешти. Салт боюнча ыр кесени үй ээси башташы керек эле, эшиктен кирген төрт жашар Эмил “Р”га тили келбесе дагы ыр билбеген атасын куткарып тургандагысы:

Ый кесе, ый кесе, ый кесе,

Оюнда күлкү тамаша.

Ый кесе, ый кесе, ый кесе

Ыйдайлы бийге жанаша, — деди эле мунусун жапырт:

— Ыры да, ыйы да жакшы экен, — деп жактырыша кабыл алышты.

Ыр билбегендер ичип ийип оңой кутулуп кетпес үчүн чоң чыныга толтура бозо куюлуп, боорсок калкытылган ыр кесе өмүр бою тоодо мал баккан, эми малдын түбүнө жеткенде түшүп келип, дыйканчылыкты өздөштүрө албай жүдөп жүргөн Өзгөрүш акеге тийди.

Ал кадимки Коргоол ырчынын обонуна салып созгондогусу:

Оо, кошуналар,

Ай төбөдөн тоголду,

Жарым кулач көмүлгөн,

Ак картөшкө жоголду.

Эй, күн төбөдөн тоголду,

Эки күрөк тереңден,

Экинчи нан жоголду.

«Элитный» эле сорту,

Жеп кеттиби курту.

Малча басып кеткидей,

Же болсочу буту.

Отуз беш жыл мал баккам,

Эмес элем уурдаткан.

Адашып нары өскөнбү,

Кала берди чыкпастан.

Эр эмгегин жер жеп эй,

Калды картөш сербейбей.

Башкадан түшкөн түшүмдү,

Налог деп “өкмөт эр” жеди эй.

Бышкан кезде буудайым,

Кезеги тийбей комбайын.

Капысынан кар басты,

Эмине гана кылайын.

Көңүлдө муңду кимге айтам,

Куйсаң куйгун уудайың, куйбайсыңбы уудайың? – деп ордунан капыстан обдула бергенде чочуп кетишип, арак толо ыстаканды колуна кармата калышты.

Колундагысын коңторгон ал ыр кезегин мончочу жигит Мойдунга берди. Ал кадимки “Чолпонумдун” обонуна салып чоздурду:

Коңшулар айтсам жарыя:

Дем алыш гана баныя.

Эгерде жаксам дайыма,

Калбайт белем байып аа.

Силерде налич акча жок,

Андыктан күндө мончо жок.

Чөнтөгүм таза, силер кир,

Күйүттү кудай билер бир.

Эгерде десем агарам,

Колуңда болсун дагараң.

Чөнтөктө болсун он сомуң,

Түйшүгүн билгин мончонун.

Жазып кой деп карышпа,

Киргизе албайм карызга.

Суу ташып, сайдан этектен.

Шай качты дүжүр эшектен.

Акча жок үйдөн жуунмай бар,

Конкуренция – таштектен.

Көзүмдүн учту отун аа,

Ырзинке жакмай ордуна.

Күй ырзинке тарсылдап,

Кир баскан денге барсын тап.

Күчүлөсөң күчүк эмес

Азыркы кез дендерден,

Дөбөт чыгат арсылдап.

Күн сайын эмес баныя,

Күйүтүм айттым жарыя.

Ай сайын гана баныя,

Арманым айттым жарыя, — деп келип, ыр кесени жанында отурган коммерсант катын Койсунга кармата калды. Ал Шакемдин “Кантым барынын” обонуна салып соктурду:

Коммерсантмын баркым бар,

Ар бириңде карызым бар.

Жалынасың, жалдырайсың,

Калбайсыңар артыман.

 

Менин дагы карызым бар,

Налог төлөр парзым бар.

Оборотум набороттоп,

Бара жатат артынан.

 

Кымбаттады жол кирем,

Ар баштыкка пул берем.

Төлөбөйсүңбү, жөлөбөйсүңбү,

Банкрот болуп баратам.

Бир байкушсуң зарылсаң,

Берип тур деп жалынсаң.

Эми мени сактап калчы,

Болуп турам банкрот, боломунбу банкрот, — деп сыздап келип токтогондо, бардыгы:

– Койкоё кийинип, тутамдап акча кармап жүрсө эле, мында эмне арман болсун деп жүргөн турбайбызбы. Көрсө мунун да көкүрөк толо арманы, банкрот деген балээси бар турбайбы, — деп шыпшынышты.

Ыр кесе клуб башчысы болуп иштеген Кулуке акеге тийди. Ал кантсе да маданият кишиси эмеспи, ыр кеседен ооз тийип:

– Кошунам Койсундун ыр кесесине жооп кылып, элдик ыр “Беш ыргайды” аткарып берейин, — деди. Иштебей жатып алып эле айлык жеген ушунда не арман болсун деген кошуналар дымырай калышты.

Беш айылга бир клуб,

Араң эле бар туруп.

Бет-бетинен кетүүдө,

Беш жеринен жыртылып.

 

Чоң айылга чоң клуб,

Ыр-күү турбайт угулуп.

Чогулуш эле болбосо,

Чоң келсе эл чогулуп.

 

Шаардан келбей шайырлар,

Шаңы жок калды айылдар.

Шайлоо дайым болсочу,

Шамшаракат шаңы бар.

 

Завклуб менин жумушум,

Заманың ушул курусун.

Зарпылат дайым зар кылат,

Заарын чачты турмушум.

Муңканып бүткөн ырдан муздай түшүп демдер, эми мектепте музыкадан сабак берген мугалим келин Мухабатка бурулду үмүттүү өңдөр. Анын “Акыркы коңгуроону” каккандагысы:

Муңкансак дагы тил безеп,

Мугалим муңу кимге эсеп.

Агарат турмуш каяктан,

Ай жылдап айлык,

Ай жылдап айлык билбесек.

Бир кезде мени дегдеткен,

Качкым бар бүгүн мектептен.

Келечек үчүн кам көрүү,

Аша албай койду “эптептен”.

Үлүңдөп барат үмүттөр,

Кыялдар ашпай, кыялдар ашпай “эх” дештен.

 

Айлыктан кымбат кийимим,

Жаңырбай койду ийиним.

Сыртыңдан турсаң кемсинип,

Чыгабы ички, чыгабы ички билимиң?

 

Каатчылык огу таамайбы,

Жазбады эже агайды.

Заманың турса ушинтип,

Көрөбүз дагы, көрөбүз дагы далайды.

Өзү молдо чалыш, бирок Кудай жолуна чындап түшө албай, мындай отуруштарда эл шарданынан кала албай арак жутуп ийип, мунусу үчүн Жараткандын алдында өзүн аябай күнөөлүү сезип, орто жолдо кыйналып жүргөн отуз жаштардагы жигит Молдокматтын ыр кесеге “Өтөрбүз да кетербиз” деген ырдын обонуна салып жооп берип тургандагысы:

Кечир бизди Кудайым,

Арак кылдык буудайың.

Туурап бир кетип барабыз,

Ийрең да буйраң суу-сайың.

 

Кечир бизди оң ийин,

Аракка дедик Оомийин.

Туурап бир кетип барабыз,

Ийрең да буйраң жол бийин.

 

Кечир мени Жараткан,

Баш тарта албай арактан.

Шардан менен шаң менен,

Тамтаңдап кетип бараткан.

Кошуналар жыргал отурушта өзүнөн өзү кыйналган ушуну көрдүк дегенсип, көз төбөсү менен карап алышып, чоң шаардан чоң окуу бүтүп келип, жумушсуздук айынан карыган ата-энесинин багуусунда калган үй ээсинин иниси Бактыбекке көңүл бөлүштү. Аның ыр кесенин бозосун шоркурата ичип, боорсогун кашык менен жеген, кабагына кар жааган түрүн көргөндө кошуналар “шаңдуу ыр чыкса ушундан чыгат” деген үмүтүнөн айрылышты. Ошондо Бакеңдин поп музыканынбы, рок музыканынбы, кобурагансыган бир обонуна салып, современныйга окшоштуруп, чоздуруп тургандагысы:

Колдордо Кытай баштык, Кытай баштык.

Жондордо кылчайбастык, кылчайбастык.

Нанга ачка, арака ток, арака ток,

Өтүүдө кайран жаштык, кайран жаштык.

 

Тырмагы жок тытынган, тытынган.

Жутарына жутунган, жутунган.

Тыпырап атсаң дагы, атсаң дагы,

Туралбайсың бутуңдан, бутуңдан.

 

Айдалбай жерлер жатат бош, жатат бош.

Айласыз айыл бекерпоз, бекерпоз.

Карчарбаң тийсе атаке, атаке.

Кетемин шаарга кайыр кош, кайыр кош.

 

Элдүү түлкү калбайт ачка, калбайт ачка,

Калды үмүт шаар жакта, шаар жакта.

Иштеймин эптеп жетсем, эптеп жетсем.

Базарда түртүп тачка, түртүп тачка.

 

Уулунун бул муңу оозгу үйдөгү карыган атасынын кайгысын козгоп кетти белем, ыр кесе сунулбаса деле озондоп жибербеспи:

Карчарба келер болсочу ээй,

Кармабай берер болсочу ээй.

Каатчылыкта кар болгон,

Карыга демөөр болсочу ээй.

 

Гумжардам бизге келсечи ээй,

Калыстык менен бөлсөчү ээй, — деп келатканда, үй ээси чыдабай кетти:

– Болду, ата болду, жетишет, сыздабаңызчы, сыздабаңызчы деги? – деп келип, конокторуна катуу тийди:

— Силер эмне, көңүл ачалы, ырдайлы деп келдиңер беле же ыйлаганы келдиңер беле! “Ый кесе, ый кесе” деп атып баарын кылган мобул, — деп төрт жашар Эмилди каарып өтүп, жымшык Жакешке кайрылды: — Эй, ырдабайсыңбы көңүл көтөрөрүнөн, тамашалуу ыр калбай калды беле? Ырда шаңдуусунан!

Жакеңен ыр качып кутулчубу “Арпанын Ала-Тоосунандын” обонуна салып чоздургандагысы:

Ардактуу менин кошунам,

Огороттон кошулам.

Арсылдап турбай анда да,

Иттин бир берсин жоошунан.

 

Кадырлуу менин кошунам,

Караңгыда кошулам.

Кызганып турбай анда да,

Күйөөнүн берсин жоошунан.

 

Сүйүктүү менин кошунам,

Соргум келет оозуңан.

Сенде да менде жубай бар,

Сактасын анын SOSунан.

Ортону шаңдуу үн, каткырык аралап отуруш жандана түштү. Бирок баятадан бери эч кимге аралашпай, мас-соосу билинбей үргүлөп отурган мугалим келин Мухбаттын күйөөсү ызырынып ордунан тура калбаспы:

– Не деп турасың, Жымшык?! “Күйөөнүн берсин жоошунан, соосунан” деп коёт. Мен сага азыр жоошту көрсөтөм, мастыкты көрсөтөм, — деп жулунганда, баарылап араң кармап калышты.

— Ой, айланайындар, ырдабасаңар койгулачы, ыр кесеңер чыр кесеге айланганы калды, иччүңөрдү ичип, тынч тарагылачы деги, — деп үй ээси үйүндөгү бүт болгон арак-шарабын ортого коё салды. Бир аздан кийин отуруш кайра шаңданды, ыр-күлкү угулду:

Дасторкон турат жайнаган,

Куюлуу арак жаймадан.

Какебиз биздин меймандос,

“Ичкиниң, ич” деп кыйнаган.

 

Арак түздү ыңгайды,

Унутулсун муң кайгы.

Кууралдын жыргап үстүнөн,

Ырдайлы, достор, ырдайлы…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.