Фалес Милетский (Биздин ээрага чейинки 640547-ж.ж.)Греция философиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, математик, астроном.

Фалес өмүр менен өлүмдүн эч айырмасы жок экенин көп айтат.

– Анда эмне үчүн өлбөй жүрөсүң? – деп сурашат андан.

– Ошол айырмасы жоктугунан, – дептир  Фалес.

*   *   *

Жашоодо эмне кыйын экенин Фалестен сураса айтат дейт:

– Өзүңдү таанып билүү.

– А эмне оңой?

– Башкаларга кеңеш берүү

– Кандай жашоо эң жакшы?

– Башкаларга сын таккан  нерселерди өзүң жасабай койсоң.

*   *   *

Фалестен сурашат:

– Бул дүйнөдөн көргөн эң кызыктуу нерсең эмне?

– Карып калган тиранды көргөм, – дептир.

*   *   *

Энесинин үйлөн деп айткан акылына адегенде Фалес:

– Апа, азыр үйлөнгөнгө эрте, – деп жүрсө, кийинчэрээк, – Апа, үйлөнгөнгө кеч болуп кетти, – деп жооп берчү экен.

♦ ♦ ♦

Солон (Биздин ээрага чейинки 635-560-ж.ж.)афиналык мыйзам чыгаруучу жана акын.

Тирүү кезинде эч кимди бактылуу деп айталбайсың.

*   *   *

Салбаган нерсеңди, алба.

*   *   *

Жаккан кеңешти бербе, жакшы кеңешти бер.

*   *   *

Буйрук бергенден мурда, аны аткарганды үйрөн.

*   *   *

Мыйзам жөргөмүштүн желесине окшош: эгер ага чабал, жеңил нерсе илинсе ал өзүнө ороп алат, эгерде күчтүү жана чоң нерсе түшсө ал торду айрып, бошонуп кетет.

*   *   *

Питтак столдо тамак ичип отурганда Солондун унчукпай отурганын көрүп сурап калат:

— Эмнеге унчукпай отурасың, айтаарга сөзүң жок  макоо болуп калдыңбы?

– Бир да макоо столдо отурганда унчукпай отура албайт,— деп жооп бериптир.

♦ ♦ ♦

Питтак (Биздин ээрага чейинки 650-580-ж.ж.) – Митилена шаар башчысы, мыйзам чыгаруучу, Лесбос аралы.

Акылдуулардын кылар иши – келе жаткан тоскоолдуктарды көрө билүү, баатырлардын иши – келген кыйынчылыктарды жеңе билүүсүндө.

*   *   *

Баарынан эмне жакшы деген суроого ал:

– Жасап жаткан ишиңди, жакшы жасоо, — деп жооп бериптир.

*   *   *

Жакшы болуш өтө кыйын.

♦ ♦ ♦

Биант (Биздин ээрага чейинки 625-540-ж.ж)Приенлак философ, Кичи Азия.

Досторуңдун талашын чечкенден көрө, душмандарыңдын талашын чечкен жакшы. Анткени биринчи учурда: бир досуң душманга айланат, экинчи учурда: бир душманың досуңа айланат.

*   *   *

Бир жолу Биант жаман адамдар менен кемеге түшүп калат. Деңизде бороон башталып, кеме ары-бери чайпала баштаганда тигилер кудайдан жардам сурап чурулдай баштаса, Биант:

– Тынчтангыла! Кудай силердин бул жерде экениңерди угуп калбасын!—деген экен.

*   *   *

Бир намыссыз адам Бианттан сурайт:

– Намыс деген эмне?

Биант унчукпай коёт. Ал анын эмне үчүн жооп бербей жатканын сураса:

– Сен өзүңө тиешелүү ишти сураган жоксуң,— дептир ага Биант.

♦ ♦ ♦

Клеобул

(Биздин ээрага чейинки VI к.)линдалык  философ, Родос аралы.

Аялыңды чоочун адамдардын көзүнчө эркелетпе жана урушпа: биринчиси — сенин акылыңдын аздыгын билдирсе, экинчиси – жиндилигиңдин билдирет.

*   *   *

Аял алсаң өзүң теңдеш жерден ал, бай жана белгилүү жердин кызын алсаң тууган эмес, кожоюн табасың.

*   *   *

Аз сүйлөп, көп тыңша.

*   *   *

Күчкө салып иш кылба.

♦ ♦ ♦

Хилон (Биздин ээрага чейинки VI к.)спартандык мыйзам чыгаруучу.

Чектен ашпа.

*   *   *

Өзүңдү таанып бил.

*   *   *

Өз ажалы менен өз үйүндө өлгөн тиран бактылуу.

*   *   *

Тилиңди оюңдан ашып кетишине жеткирбе.

*   *   *

Эң акылдуу философ акылсыз суроого жооп берүүдөн кыйналат.

♦ ♦ ♦

Анахарсис (Биздин ээрага чейинки VI к.)Скифтерден чыккан легендарлуу акылман.

Анахарсис Афинадагы Элдик жыйынга барып келгенден кийин, силерде акылмандар сүйлөп, чечимди кем акылдар кабыл алышат экен деп таң калыптыр.

*   *   *

Таң калыштуу, силерде ичкиликти той башталганда кичинекей идиш менен ичип, ашказандары толгон маалда чоң идиштерге өтүшөт экен.

*   *   *

Көп жалган дос күткөнчө, бир чыныгы дос күткөн артык.

*   *   *

Базар – бул эл атайын  бири-бирин алдоо жана тоноо үчүн курулган жай.

*   *   *

Заардуу адам көмүргө окшош: күйгүзө албаса, карала кылып булгайт.

♦ ♦ ♦

Антисфен

(Биздин ээрага чейинки 455360-ж.ж.)Горгий менен Сократтын шакирти.

Саясатка отко мамиле кылгандай мамиле жаса: өтө жакындаба — күйүп каласың, өтө алыстаба — үшүйсүң.

*   *   *

Карган адамдын катачылыгын оңдойм деп убара болбо: карт даракты көчүргөндөн майнап жок.

*   *   *

Антисфенден кандай аял алуу керек деп сурашса:

– Жакшы аял алсаң – элдин сүймөнчүгү болот, жаман аял алсаң – сага берилген жаза ошол, — дептир.

*   *   *

Антисфенден философия сага эмне берди десе:

– Өзүм менен сүйлөшкөндү үйрөндүм, —деген экен.

*   *   *

Антисфенден кайсы илим эң керектүү деп сурашса:

– Кереги жок нерселерди унутуу,— деп жооп бериптир .

*   *   *

Бирөөлөрдүн согуш кедейлерди жок кылат дегенин уккан Анисфен:

– Тескерисинче, согуш аларды ченемсиз көбөйтөт,— дептир.

*   *   *

Бир жолу жаман адамдардын аны макташканын угуп Анисфен:

– Мен туура эмес эмне иш жасап жибердим экен?— деп тынчсызданыптыр.

♦ ♦ ♦

Апеллес (Биздин ээрага чейинки IV к.)Александра Македонскийдин сүрөтчүсү.

Апеллес бүтүргөн сүрөттөрүн ачык сереге коюп, өзү картиналарынын артына жашынып алып, ары-бери өткөн элдин оюн укчу. Ал элди өзүнөн мыкты сынчы деп билчү. Бир жолу өтүкчү сүрөттөрдү карап атып, андагы өтүктүн бир түгөйүнүн ички бетинде боо таккан бир илмеги ашык тартылганын белгилейт. Эртеси анын айткан эскертүүсү менен сүрөт өзгөртүлгөнүн көргөн өтүкчү өзүн искусствонун билерманындай сезип, сүрөттөгү буттарды сынай баштайт. Жини келген сүрөтчү жашынган жеринен чыга калып:

– Өтүкчүм, сен өтүктөн өйдө чыкпа,— деген экен.

♦ ♦ ♦

Аристипп Киренский (Биздин ээрага чейинки 435-366-ж.ж.)философ,  киренаиктердин мектебинин негиздөөчүсү

Философтор башкалардан эмнеси менен айырмаланат деген суроого Аристипп:

– Эгерде мыйзамдардын баарын жокко чыгарышса – философтор гана мурдагыдай жашай беришет, —дептир.

*   *   *

Дионистин, эмне үчүн философтор байлардыкына барышат, ал эми байлар философтордукуна басып да келбейт деген суроосуна ал:

– Анткени бирөөлөр өзүнө эмне керек экенин билет, а бирөөлөр билбейт,—деп жооп бериптир.

*   *   *

Бирөө Аристиппке баласын окутуп бер деп алып келет. Акысына 500 драм сураган Аристиппке баланын атасы:

– Мындай акчага кул сатып албаймынбы!— десе Аристипп:

— Сатып ал, эки кулдуу болосуң, —деген экен.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *