Бир киши базарда бир тоголок кытты жана бир ууч чөп майдасын катарлаш коюп алып, кызыккан алуучуларга бул товарларын алтынга айлантса болорун айтып мактап жатты. Көптөр буга ишенбей, муну алдамчылык катары санап, бири сатуучуну  сөксө, кайсы бири аргасыз күлүп, тетири басты. Бирок бир маалда буга ишенген Ахмет дегени бул кереметти кантип ишке ашырса болорун сурап турду.

— Бул опоңой эле, — деди сатуучу ичинен кымылдап. – Кытты казанга саласың да отко коюп, мөлтүлдөп эриген учурда чөптү себелей салып, эки саат тынбай аралаштырасың. Болду анан бир тоголок кыт бир тоголок алтынга айланат.

Буга ишенген Ахмет кыт менен чөптү оңбогондой көп акчага сатып алып, оңой олжого туйтунгандай сүйүнүп үйүнө жөнөдү. Бирок узай элегинде эле алиги соодагер артынан кыйкырып токтотуп, шашыла жетип келип:

— Мен сага эскертем деп унутуп калыптырмын, кытты эритип атканыңда бийлеп жаткан ак аюу жөнүндө ойлосоң ишиң ордунан чыкпай калат, — деди.

— Эмне үчүн ак аюу жөнүндө ойломок элем? Аны менен ишим да жок, — деп Ахмет күлүп жиберди.

Ошентип Ахмет үйүнө келип, бүгүн укмуштай жолу болгонун, бир келесоодон алтынга айланчу кыт сатып алганын, бир гана аны ээритип жатканда бийлеп жаткан ак аюу тууралуу ойлонбошу керектигин үй-бүлөсүнө айтып, кытты казанга салып, аны отко коюп ишин баштады. Үй-бүлөсүн болсо ишке жолтоо болбоо үчүн сыртка чыгарып жиберди.

Эки саат өткөндөн кийин аялы сырттан баш багып, башын мыкчып отурган Ахметти көрүп сурады:

— Эмне болду, кыт алтынга айланбай койдубу?

— Бул дүйнөдө элүү үч жыл өмүр сүрүп, бир да жолу бийлеп жаткан ак аюу жөнүндө ойлонгон эмес элем, качан гана ал жөнүндө таптакыр ойлонбошум керек болгондо кара басып мээмден кетпей койгонун карабайсыңбы. Ал тургай казанды ачып караганымда да ал оюмдан кетпей туруп албадыбы. Кантип анан кыт алтынга айланат!- деп Ахмет өзүн-өзү башка койгулаган экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *