Диний жамааттарга бөлүнүү жөнүндө кеп кылыштан мурун ислам тарыхында мусулмандардын өз ара ажырымынын тарыхы боюнча кыскача баяндап өтөйүн. Пайгамбар Мухаммад (САВ) 632-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан учурда анын ордуна башкаруучу катары ким болору жөнүндө меккеликтер (мухажирлер)[1] менен мадиналыктар (ансарлар)[2] ортосунда талаш-тартыш пайда болот.[3] Анткени Мухаммед пайгамбардын «пайгамбарлык» милдети аяктаган болчу. Мухаммед (САВ) тирүү кезинде «пайгамбар» ошол эле учурда мусулмандардын «башкаруучусу», бизче айтканда «ажосу» жана «кол башчысы» да болгон. Бирок пайгамбар өзүнөн кийин башкаруучу катары атайын бирөөнү сөз түрүндө же жазуу түрүндө дайындаган эмес эле.

Мухажирлер менен ансарлар талашып, кеңешип отуруп тирүү кезинде ислам динин эң биринчи кабыл алган, дайыма пайгамбар менен чогуу жүргөн жана ислам дининин жайылуусуна чоң салым кошкон, бир эле мезгилде пайгамбардын кайнатасы болгон Абу Бакрды халифа (башкаруучу/ажо) шайлашат.[4] Абу Бакр 634-жылы кайтыш болгон соң анын ордуна  Умар бин Хаттаб халифа (орун басар) болот. Арийне Абу Бакр тирүү кезинде ордуна Умарды халифа дайындаган.[5]

Азирети Умар 644-жылы киши колдуу болуп кайтыш болгон соң[6] анын ордуна Азирети Усман бин Аффан кеңешчи топ тарабынан халифа шайланат. Бирок Азирети Усмандын учурунда анын кээ бир иш-аракеттерине нааразылыктар пайда болот. Усманга каршы болгондор аны халифалыктан кулатууну көздөп, бул аракеттердин натыйжасында 656-жылы аны өлтүрүшөт. [7] Анын ордуна Али бин Абу Талиб халифа болуп дайындалат. Халифа Алинин учурунда мусулмандардын ортосунда түшүнбөстүктөн бийликке нааразылыктын натыйжасында Жамал (төө)[8] деп аталган кагылышуусу болот.[9]  657-жылы Халифа Али (ра) менен Шам аймагынын ошол учурдагы губернатору Муавия бин Абу Суфйандын (ра) ортосунда Сиффин деген жерде чоң салгылашуу болуп өткөн.[10] Анткени Алинин халифалыгын тааныбаган Муавия өзүнүн халифалыгын жар салат. Кандуу согуштун эң негизги себеби, Муавиянын Алиге баш ийбегендиги жана халифалык мансапты көздөгөндүгүндө болгон.

Халифа Алинин доорундагы согуштар «ишенимдик жана саясый» агымдардын пайда болуусуна өбөлгө түзөт. Өзгөчө Сиффин согушунда Халифа Алинин буйруктарына каршы Хавариж атындагы радикал саясый агым пайда болгон.[11] Жамал/төө окуясы жана Сиффин согушу мусулмандардын ортосунда ишеним жана каапырчылык, чоң жана кичине күнөө маселеси, адамдын жеке ыктыяры жана тагдырга байланыштуу укук-шарият темаларынын айланысында талаш-тартышты пайда кылган. Кийинчерек ислам аалымдары жогорудагы окуяларга жана темаларга байланыштуу көптөгөн китептерди жазышкан.

Халифа Али (ра) 661-жылы Хавариж саясый агымынын мүчөлөрү тарабынан киши колдуу болуп шейит болот. Мындан кийин мусулман дүйнөсү династиялык башкаруу ыкмасына өтөт. Ислам дүйнөсүн Умаййа уулдары (Умаййиттер)  661-жылдан 750-жылга чейин;[12]  Аббас уулдары (Аббаситтер) 750-жылдан 1516-жылга чейин;[13]  Осмон падышалыгы 1300-жылдан 1922-жылга чейин[14] башкарып, 1924-жылы халифалык кулайт.[15]

1924-жылдан кийин ислам дүйнөсүндө мусулмандар өз алдынча көз карандысыз мамлекеттерге бөлүнө баштайт.  Бирок мусулман өлкөлөрү саясый жана экономикалык жактан Британия, Франция жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн карамагында болушкан. Саясый жана экономикалык жактан көз каранды болгон мусулман өлкөлөрдөгү кээ бир мусулмандар Батышты мактап алардын башкаруу системасы гана өз өлкөлөрүн өнүктүрө алат деп ишенсе, кээ бирлери халифалык башкарууну мактап келишкен.

Батыштын кээ бир укутук системасын кабылдаган ири мусулман өлкөлөрүндө ар кандай диний кыймылдар жана жамааттар пайда болгон. Египетте «Ихванул муслимин-мусулман туугандар»[16], Иорданияда «Хизбут тахрир саясый партиясы»[17], 1932-жылы Сауд Арабия өз башкаруусунда королдугун жар салуусу менен бирге «Ваххабийлик кыймылы» пайда болгон.[18] Индияда дийубандий мектебинен бөлүнүп чыккан «Таблиг жамааты»[19], Түркияда болсо Нуржулар, Сулайманжылар,  Гүленчилер[20] деген аталыштагы жамааттар пайда болгон.[21]

Жогоруда аты аталган диний кыймыл жана жамаатар Орто Азияда да өз иш- аракеттерин ачык жана жашыруун түрдө жүргүзүп келишет.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин өлкө ичинде диний окуу жайлар, мечиттер  жана диний уюмдар, диний кайрымдуулк фонддор ачылып, динге суусап турган элибиздин диний сабатсыздыгын жоюу боюнча өз салымдарын кошуп келет жатат. Кыргызстанда, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу дин эркиндиги кенен берилгендиктен, ошондой эле мамлекет башчыларынын да исламга болгон көз караштары түз болгондуктан, диний майрам күндөрүн эс алуу күнү деп жарыялап, айт намаздарын  мамлекеттин аянттарында окууга уруксат берилген.

Бирок дин эркиндиги десе, аша чаап кеткендер жок эмес. Кудайдын берген бул жакшылыгын билбегендер динди жамынып, кээде терс багытка үндөгөн өз максаттарын ишке ашыруу үчүн жаштарыбызды туура эмес жолдорго азгырган учурлары кездешип, атүгүл мамлекеттик органдарга да таш ыргыткандар[22]  бар экени белгилүү.

Ислам динин жайылтабыз деген мүдөө менен өлкөбүзгө чет жактан ар кандай диний тайпалар/жамааттар келген. Көпчүлүгү ханафий мазхабын жана матуридий ишенимин карманабыз деген менен алардын ортосунда да чоң айырмачылыктар бар.  Ханафий мазхабын жана маатуридий ишенимин четке каккан жана өздөрүн салафу салихиндердин[23] жолундабыз деген ваххабий/салафий кыймылындагылар да мусулмандардын ортосунда ажырымдардын пайда кылууда десек жаңылышпайбыз.

Бир адам кайсы бир жамааттан же диний кыймылдан ислам жөнүндө маалымат жана таалим алаар кезде ошол жамааттын ислам түшүнүгүн өзүнө сиңирип алат. Андан соң башкаларга таңуулап, башка диний тайпанын мүчөсү менен диний көз караштары келишпей калууда. Атүгүл фанат болуп кеткендер бири-бирин каапырлык менен күнөөлөп келет.

Эч бир мазхап, диний жамаат же тарийкат ислам динин толук түрдө чагылдырбайт!

Жамаатташуу, тайпалашуу (группага бөлүнүү) социалдык жашоодо нормалдуу көрүнүш катары болгону менен диний жаатташуу бул – адамдардын динге болгон жакшы көз карашын терс тарапка буруусуна да себеп болушу мүмкүн. «Албетте, момундар (Аллага ишенгендер) бир тууган»[24] деп Ыйык Курандагы аятта ачык айтылганына карабастан диний бир жамааттын өкүлү башка тайпадагы мусулманды көзүнүн кыйыгы менен карап, бирок бетме-бет келгенде жылмайып бирин-бири мактап, анан эле ал көрүнбөй калса артынан каралап кирген учурлар да көп кездешет. Андай жагдайларга өзүбүз да күбөбүз…

Бул өз ара ажырымдын түпкүрүндө диний тайпалардын дин түшүнүктөрүнүн, көз караштарынын жана дин жайылтуудагы методикасынын бир бирине туура келбей калгандыгы жатат.

Ислам тынчтыктын, ишеним, коопсуздуктун дини жана мусулмандарды, дегеле жалпы адамзатты тынчтыкка, биримдикке чакырат деп ишенгенибиз менен практикалык жашоодо мындай нерсе көрбөй жатабыз. Бул кемчилик исламда эмес, ошол исламды туура түшүнө албаган мусулмандардын түркөйлүгүндө болгондугу баарыбызга белгилүү.

Куран, мусулмандарды ынтымакка, биримдикке, бөлүнүп жарылбоого чакырат.[25] Биримдикте жашап жардамдашуу үчүн бизге көптөгөн аяттарында кайрылып, өз өкүмдөрүн буйруган. Мечиттерде, семинар-конференцияларда дайым бөлүнүп-жарылбоо, ынтымакта болуу жөнүндө айтылып келгени менен аны иш жүзүндө көрө албагандыгыбыз өкүндүрбөй койбойт. Тилекке каршы, мындай чакырыктар, насааттар жана жакшы сөздөр жөн гана мечиттердин ичинде айтылып калып жатканы өкүнүчтүү.

Диндин биримдикке, тынчтыкка чакырган функциясы кайда калды?

Диндеги бир туугандык, диний жамааттардын чектөөсү менен чектелип калды десек жаңылыштык болбос. Анткени жамааттар өз жамааттарынын адамдарына же аларга жакын достук мамиледегилерге жардам колун узатып, аны колдоп, көтөрмөлөп, башка катардагы мусулмандарды экинчи планга калтырат. Ар бир диний агым жана тайпалар куран жана хадистерден далил келтирип, өздөрүнүн жолу, көз карашы жана ишенимдери гана туура экендигин тастыктоого аракеттенишет.[26]

Исламда амирге/жол башчыга итаат/баш ийүүнү, диний жамааттар өздөрүнүн лидери, амири же аалымына, же иш-аракеттеринде атайын дайындалган адамдарына карата колдонушат. Мисалы, рамазан айынын аягында Айт күнүн майрамдоодо кээ бир жамаааттар муфтияттын белгилеген күнүндө эмес, башка мусулман өлкөдөгү диний лидеринин же өздөрүнүн аалымдарынын фатваларына карап майрамдашат.

Динди жайылтууда, динге адамдарды чакырууда бир эле аалымдын китеби же бир эле аалымдын көз карашы заманбап экендигин таңуулап келген кээ бир диний тайпалар, катардагы мусулмандардын дин таануудагы көз карашын бир тараптуулукка үндөп жаткандыгы жакшы көрүнүш эмес. Кайсы бир диний тайпага мүчө адам  ийгиликке жетсе аны көкөлөтө мактоо менен биздин мыкты адамыбыз же бизге нусрат[27] келди деп төш кагып келгендик бул —  мусулмандарды бөлүнүп-жарылууга алып барат.

Диний жамааттардын ачкан медреселери канчалык муфтияттын көзөмөлүндө жана бирдиктүү программанын негизинде ислам динин окутканы менен алардын сабактан сырткары убакыттарында өздөрүнүн аалымдарынын китептерин окутуусу ыктымал. Медреседе жайкы же кышкы эс алуу учурунда атайын лагерлер уюштурулуп, бир эле аалымдын көз карашын жана ошол тайпаны жактаган адамдардын китептерин окутуу жана аудио-видеолорун көрсөтүү менен да келечекте өздөрүнүн ырын ырдай турган адистерин даярдашы мүмкүн.

Кандай болсо да диний тайпалар адамдарды жакшылыкка, ибадат кылууга, адеп-ахлактуу болууга чакырып, көптөгөн адамдарды туура жолго жетелегендерине алардын коомго кылган жакшы иштери алкышка тете жана бааланууга татыктуу. Бирок диний тайпалар, келечекте коомубуздун жаат-жаатка бөлүнбөөсүн; кааласа ошого жараша усулдарын жана иш-аракеттерин өзгөртүүсү зарыл.

Кыргызстанда ишмердигин жүргүзгөн медресе же диний билим берүү мекемелери мамлекетке окутуу программаларын ачык көрсөтүүгө тийиш. Эгерде мамлекетке көрсөтүлгөн программа менен бирге жашыруун түрдө бир аалымдын эле китептерин же өздөрүнүн гана идеологиясын жактаган китептер окутулса, анда бул мусулманчылыкка да жатпайт деп ойлойм. Бирдиктүү программма кабыл алынып, бул программа стандартка коюлуп, окутууда ийгиликкке жетүүсү зарыл.

Диний жаматтардын иш-аракетин мамлекет сөзсүз түрдө ийне жибине чейин көзөмөлдөш керек деген ойдомун. Диний тайпалырды шайлоодо добуш алыш үчүн колдоо жана аларды колдонуунун кооптуу тарабы да бар болушу мүмкүн. Анткени саясый жактан колдоо көргөн диний жамаат, кийинчерек өздөрүнүн талаптарын койо башташы толук ыктымал. Коомдо адилеттүүлүктү орнотуш үчүн кайсы бир диний жамаатты колдоо эмес, жеке адамдын билими жана жетишкендигине жараша баа берилиши зарыл.

Кыргызстанда диний тайпаларга мүчө же ошол жамааттын иш-аракетин жактырган мусулмандар мамлекетти да ойлош керек. Мамлекет болбогон жерде адамдар өз динин да ээн-эркин жашай албайт, диний иш-аракет да кыла албайт. Ошондуктан ар бир мусулман динди бекем кармануу менен бирге мамлекеттик, улуттук баалуулуктарды урматтап, ошол эле учурда мекенчил болсо талаш-тартыш жана келишпестикерден оолак болор беле.

Элдияр ЖАЛИЛОВтеолог, «РухЭш» сайтынын диний эксперти

 

[1] Мухажир — Пайгамбар Мухаммаддын (САВ) учурунда мусулман болуп исламды жакшы жашоо үчүн, үй-бүлөсүн,  мал-жандыктарын жана бар байлыгын таштап Кудайдын ыраазылыгына ээ болуу максатында Меккеден Мадина шаарына көчкөн адамга айтылган.

[2] Ансар — Мекке шаарынан көчүп келген мухажирлерге материалдык жана моралдык жактан жардам берген мединалык мусулмандарга айтылган лакап.

[3] Шамсуддин Мухаммад бин Ахмад бин Усман аз-Захабий, Тарихул ислам ва вафаятул машахир валь аълаам,  Ливан, 1997-жыл, 1-том,  6-бет.

[4] Захабий, аты аталган чыгарма, 1-том, 8- бет.

[5] Захабий, аты аталган чыгарма, 1-том, 87-бет.

[6] Шихабуд дин абиль-Фалаах, Шазараатуз-захаб фи ахбари ман захаб, Байрут 1986, 1-том, 177-бет

[7] Yılmaz Öztuna, Devletler ve Hanedanlar -İslam Devletleri- (Мамлекеттер жана династиялар – Ислам мамлекеттери), Анкара, 2005, 1-том, 64-бет

[8] Ислам тарыхында Жамал окуясы деп кагылышуу Али (ра) менен Айша (ра) эненин ортосунда болгон. Бул окуяда Усманды өлтүргөн кылмышкерлерди тез аранын ичинде таап жазалоо Алиден талап кылынат жана дагы башка себептерден улам эки жактын аскерлери согушту баштап жиберет. Ошол салгылашууда Айша (ра) төөнүн үстүндө тургандыгы үчүн Жамал/төө окуясы деп аталып калган.

[9] Этхем Рухий Фыглалы «Cemel vakıası» (Төө окуясы) ДИЭ (Диянет ислам энциклопедиясы), 7- том, 321- бет.

[10]Сөнмез Кутлу, İslam Düşüncesinde İlk Gelenekçiler (Ислам түшүнүгүндө алгачкы консерваторлор /традиционалисттер), Анкара, 2002, 32- бет

[11] Абул Фатх Мухаммад бин Абдилкарим аш- Шахристаний, аль-Милал ван-Нихал, 1- том,  170-бет

[12] Йылмаз Өзтуна, аты аталган чыгарма, 1-том, 96-бет

[13] Йылмаз Өзтуна, аты аталган чыгарма, 1-том, 111-116-беттер

[14] Феридун Эмежен  «Osmanlılar» ДИЭ (Диянет ислам энциклопедиясы), 33-том, 487-бет

[15] Кемал Бейдили  «Osmanlıla» ДИЭ, 33-том, 502-бет

[16] Абдул Мунъим аль-Хафний, «موسوعة الفرق و الجماعات والمذاهب والأحذاب و الحركات اللإسلامية»,  Каир, 2005-жыл, 53-бет.

[17] Аль-Хафний, аты аталгын чыгарма, 292-бет.

[18] Мехмет Али Бүйүккара «Ваххабийлик» ДИЭ, 42-том, 611-бет. Ваххабийлик кыймылы негиздөөчүсү Мухаммад бин Абдулваххабдын (1703-1792) аты менен аталып калган. Алар өздөрүн Муваххиддер деп да аташат. Ваххабийлик кыймылы Абдулваххаб кайтыш болгон соң  Ибн Суъуддун колдоосу менен кеңири жайылган.

[19] Аль-Хафний, аты аталгын чыгарма, 232-бет.

[20] Гүленчилер 2016-жылдын июль айынан баштап аскерий төңкөрүшкө түздөн түз байланышы бар делип түрк өкмөтү тарабынан ФЕТӨ (Фетхуллах Гүлен терроррдук уюму) деп аталган.

[21] Профессор Хасан Онаттын «Türkiye’de Cemaatler ve Kimlik» темасындагы макаласы http://www.hasanonat.net/index.php/88-tuerkiye-de-cemaatler-ve-kimlik. 30. 06. 2018

[22] 2008-жылы Хизбут тахрирчилер Ноокат районунун акимчилигине таш ыргытып мамлекетке каршы чыгышкан. https://www.azattyk.org/a/Kyrgyzstan_religion/1348671.html. 15. 05. 2018

[23] Салаф — сөздүк мааниси алгач, биринчи келген, илгерки, алгачкы дегенди түшүндүрөт. Салаф, илим жана пазилеттүүлүк жагынан мусулмандардын эң алгачкы муундары сахабалар, табиъииндер жана табау табиъинндерге карата айтылат. Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) алар жөнүндө хадистеринде айтып өткөн. Муснад, Сахих Бухарий жана Сахих Муслим деген хадис китептерде алгачкы мусулмандар жөнүндө айтылган. Азыркы учурда өздөрүн салафий атагандар менен сахабалар, табиъиндер жана табау табиъииндердин ортосунда өтө чоң айырма бар.

[24] Хужурат сүрөсү.

[25] Аали Имран сүрөсү, 103-аят.

[26] Сөнмез Кутлу, Mezhepler  Tarihine Giriş (Мазхаптар тарыхына киришүү),  Стамбул, 2016, 139-бет.

[27] Нусрат — кыргыз тилине которгондо жардам дегенди түшүндүрөт. Терминдик мааниси болсо мусулмандар ийгиликке жеткен кезде Аллатан жардам келди деп билишет.

3 Replies to “Элдияр ЖАЛИЛОВ: Диний жаатташуулардын себептери”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.