Грузин эл жомогу: Акылман кызматчы

Эли өлбөстүн күнүн эптеп көрүп жатса да башын оорутуп алар жөнүндө бир да ойлонуп койбогон, жашоосун жалаң шапар тебүү менен өткөргөн падыша жашаптыр. Ага бир акылдуу адам кызмат кылчу экен. Падышанын элине болгон кайдыгерлигине күйүнгөн ал бир күнү чыдабай кетип бул акмактыгын анын бетине минтип айтып салат. — Сенин мойнуңда бүткүл элдин тагдыры турса да мамлекет жөнүндө таптакыр ойлонгон жоксуң, букараларыңа кам көрбөдүң, бул үчүн Кудай алдында жооп бересиң! Буга катуу чычалаган падыша акылдуусунган кызматчынын башын чаптырып салмай болду. — […]

Салижан ЖИГИТОВ: Акын ачкан дүйнөлөр (1-бөлүк)

Кыргыз совет поэзиясынын тарыхый фонунда Алыкул Осмоновдун акындык сөөлөтү аттын кашкасындай таасын көрүнөт. Ал эми жалпы союздук адабияттын фонуна салып караганда ал кантип калат? Ырас, Осмоновдун орусча чыккан туңгуч китеби «Мой дом» өз убагында Александр Фадеевдин назарына урунуп, дурус пикирине арзыган; анын поэзиясын сөз кадырын жакшы билген акындар Александр Яшин, Кайсын Кулиев, ошондой эле айтылуу сынчы Корнелий Зелинский бийик баалап, басма сөз бетине жазып чыгышкан. Деги Осмоновдун акындык ысмы бүткүл союздук адабий чөйрөгө, асыресе улуттук адабияттардын тарыхый-теориялык маселелерин изилдеп жүргөн […]

Кожогелди КУЛТЕГИН: Дүйшөн Байтобетов дүйнөбүздү эңшерилтип кетти

Кашкайып күлчүү. Кашкайып жылмайчу кайран киши. Ошо кашкайган күлкүсүн, кашкайган жылмаюусун жыл-айлап зорго жыйыштырып алчудай сезилчү. Анан, атаңгөрү, кашкайта ойноп салчу ролдорду! Таланттуунун башкасы – таптакыр өчпөс кашкасы эле! Бир Илястын ролу менен миллиондор үчүн жаштыктын эн белгисине (символикасына) айланганы – эмне деген өнөр, эмне деген феномен! Ооба, ошондогу биздин (кермуруттардын) ЗИЛ айдагыбызды келтирбедиби! Зилдеп сүйүп ырдагыбызды, жыргагыбызды, ыйлагыбызды келтирбедиби! Башканы кой, кийген купайкесинен жаштыктын, сүйүүнүн табы уруп турчуу го! Бийиктикке, бийиктерге, ашууларга ашыктырчу! Авариясыз чыккыбыз келчү ашууларга! Айтматовдун дагы […]

Олжобай ШАКИР: Кыргыздын кайра жаралуу доорундагы көкбөрү мааниси

«Эртегисин эстесе, Шаа колдосун деп турар. Бөрү энесин эстесе, Жал колдосун деп турар. Ата-тегин эстесе, Бай колдосун деп турар. Ынтымагын эстесе, Жар колдосун деп турар…» Ашым ЖАКЫПБЕКОВ Кайсы элдин тарыхына карабаң: мифтен, уламыштан кайгып өткөн калк жок. Мифтердин, уламыштардын негизинде улуттук философиясынын жерпайын аныкташат. Мифтерге, уламыштарга таянган тарыхый-философиянын гана тамыры тереңдеп кете берер. Башканы коюп, «Манас» эпосунда бурут деп айтылат. А түпкү маанисинде «бөрү ит» эмеспи. Ымыркай төрөлүп, денесинин бир жеринен көгөргөн так көрүнсө, көңкө кыргыздын төл сөзү бар айныксыз: […]