Кыргыз совет поэзиясынын тарыхый фонунда Алыкул Осмоновдун акындык сөөлөтү аттын кашкасындай таасын көрүнөт. Ал эми жалпы союздук адабияттын фонуна салып караганда ал кантип калат?

Ырас, Осмоновдун орусча чыккан туңгуч китеби «Мой дом» өз убагында Александр Фадеевдин назарына урунуп, дурус пикирине арзыган; анын поэзиясын сөз кадырын жакшы билген акындар Александр Яшин, Кайсын Кулиев, ошондой эле айтылуу сынчы Корнелий Зелинский бийик баалап, басма сөз бетине жазып чыгышкан. Деги Осмоновдун акындык ысмы бүткүл союздук адабий чөйрөгө, асыресе улуттук адабияттардын тарыхый-теориялык маселелерин изилдеп жүргөн сынчыларга жана адабиятчыларга, ыр ышкыбоздоруна таптакыр бейтааныш деп айтууга негиз жок.

Бирок Алыкулдун акындыгын биздин өлкөдөгү жумурай журттун баары билет деш да кыйын. Ал улуттук акындардын арасынан адеп суурулуп чыккан Пабло Тычина, Георгий Леонидзе, Самед Вургундардын бүт өлкөлүк атак-даңкына ортоктош боло алган жок. Же өзүнөн саал кичүүрөк Кайсын Кулиев, Мустай Карим, Давид Кугультинов, Расул Гамзатов сыяктуу жалпы союздук кадыр-барк да ала алган жок. Чын-чынына келгенде, анын ушу Кайсын жана Расул менен тең катар турганга бардык жагынан акысы бар эле. Албетте, эртелеп келген өлүмдүн айынан анын акындык кудурети бар көркү менен жадырап көрүнбөй, көмүскөдө жаткан чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү акыр-аягына чейин ачылбай калды.

Экинчи жактан, эң мыкты ыр-дастандары өз маалында орусчага ойдогудай сапатта которулбай, ошонун айынан кандайдыр бир жогорку сыйлыкка илинбей, жалпы союздук масштабда «дүңк» эте албай да калды. Аттиң кылчу дагы бир нерсе: анын акындык мурасы эмдигиче орусча алгылыктуу «сүйлөй» элек. Анын акындык дидаарын тасырайта ачып берген орус илимий эмгек да_жок.

Ошентсе да Алыкул Осмонов чыгармачылык духу жана деңгээли жагынан биздин өлкөдөгү улуттук ыр өнөрлөрүн жаңы бийикке көтөрүшкөн азыркы атактуу акындарга өтө жакын. Чынын айтканда, ал ошолорго муундаш, өзөк-тамырлаш, кандаш-жандаш. Кыргыз поэзиясында нукура профессионалдык даражага чапчаң көтөрүлгөн акын. Атайын жалпы жана адабий билим албаса да, татаал тарыхый шарттарда жана элеттик адабий чөйрөдө жашаса да, тырмышып жүрүп оригиналдуу чыгармачылык жол тапкан, кыйналып жүрүп жашоонун жана чыгармачылыктын эң башкы акыйкаттарын ачып алган, ооруп-сыркап жүрүп адабий эрдик жасаган чыныгы художник.

Алыкул таанымал акындык дидаарын кантип тапты? Чыныгы чыгармачылыктын жолуна кантип түштү? Кыргыз поэзиясы үчүн кандай акыйкаттарды, жаңылыктарды, дөөлөттөрдү ачып берди. Анын принциптүү адабий табылгалары менен акындык сабактары эмнеде?

Мен бу сапар ушундай суроолорго жооп берип, айтылуу акыныбыздын чыгармачылык эволюциясын жаңыча көз караштан тескеп-териштирип көрсөм деп турам. Албетте, менин байкоолорумда жана ой-пикирлеримде айрым талаш моменттердин болушу толук ыктымал. Экинчи жактан, бул макала Алыкул Осмоновдун поэзиясы тууралу жазыла турган чоңурак эмгектин кыскача конспектиси сыяктуу бирдеме экенин да эскерте_ кетем.

*   *   *

Алыкул Осмонов адабият майданына отузунчу жылдардын башында келген. А кезде биздин профессионал адабият эми эле түптөнүп, жаңыдан көгөрүп-көктөй баштаган чак. Адабият ишине аралашкандардын саны бармак менен араң саналат. Ошол бирин-экин жазуучуларыбыз деле чыгармачылыкка чындап кирише албай, адабиятка кыйыр тиешеси бар иштер менен көбүрөк алаксыган убак. Мукай Элебаев дал ошондо: «Жазуучулукту жандандырбай жана бир кесир кылып жүргөн иш: ал ар кимди өз ордуна койбогондук, бирин агартуучу, бирин чарбачы, бирин саясатчы кылып, ар бирин ар жерге адаштырып, калемин карматууга жол бербейбиз»,— деп кейип-кепчип жазган.

А кезде жазуучуларыбыз сан жагынан көп болбой, болгондору чыгарма жазууга бурчасы келбей, ошондон улам кыйла эле көбөйүп калган улуттук басма сөз органдарыбыз адабий материалдарга дайыма жутап турган. Ал эми адеп чыккан акын-жазуучуларыбыз өздөрүн ээрчип адабиятка келген жаштарды кучак жая тосуп, бардык жагынан колдоого алышкан. Ушундай шарттарда жазуучулукка талапкер жаштардын адабият майданына аралашып кетиши, жазгандарын мезгилдүү басма сөзгө жарыялашы жана китеп кылып чыгарышы анча деле тоскоолго учураган эмес.

Айтылуу «Жазуучулук баянымдагы» маалыматтарга караганда, Алыкул Осмонов адабият босогосун эч кыйналбай аттап, чыгармачылык чөйрөгө өтө тез кирип кетиптир. Ал биринчи ырын 1929-жылы Токмоктогу интернатта окуп жүргөндө жазыптыр. Ошол эле жылы Фрунзедеги педтехникумга келип кириптир, 1930-жылы сентябрда «Сабаттуу бол» газетасына туңгуч ыры басылып чыгыптыр. Анан анын ырлары газеталарга, альманахтарга, «Чабуул» журналына жарыялана баштаптыр. Ошол ырларынын аркасы менен а кездеги атанып калган акындарга таанылып, алардын оозунан жылуу сөздөр угуптур.

Бир жекшембиде Жусуп Турусбеков техникумга келип, жаңы эле там-туң ыр жаза баштаган талапкер акындын атайын чыгармачылык кечесин («мактоо жыйналышын») өткөрүптүр. Ал кечени акын кийинчерээк: «Жусун Турусбеков ошо кездеги эреже боюнча мени жалаң гана мактоого тундурду»,— деп байкалар-байкалбас муңайым юмор менен эскерген экен[1].

Алыкул адабиятка кандай эстетикалык камылга менен кирди болду экен? Мен баягы жылдары: «Осмонов бармактайынан балдар үйүндө жашап, көбүнчө орус чөйрөсүндө тарбияланган эмеспи, ошон үчүн ал орусча кичинесинен жакшы билип, орус адабияты менен эртелеп таанышты» — деген ойдо жүрчү элем. А түгүл «Фольклордук традициялардын диалектикасы» деген макаламда («Ала-Тоо» № 7, 8, 1964) тайманбай эле дал ошентип жазган экемин. Кейпи, мени ошондой ойго жекече баамдагандарым, б. а. балдар үйүндө тарбияланган кыргыздар демейде орусча мыкты билгенин көп көргөнүм түрткөн окшобойбу. Анан мен формалдуу логикадагы айтылуу эреже боюнча мамынтип ой жоруган окшоймун: «Детдомдун тарбиясын көргөн кыргыздар демейде орусча жакшы билет. Алыкул Осмонов балдар үйүндө өскөн. Демек, ал орусча мыкты билген».

Чынында Осмонов орусчага бала чагынан анча маш болбогон сыяктанат, отузунчу жылдары деле өтө мыкты билип кетпеген өңдөнөт. Мындай күнөм менин көңүлүмдө эң оболу кичинекей бир нерседен улам кылак эте түштү. Корней Чуковскийдин «Федорино горе» деген чыгармасы бар эмеспи. Анын атын Алыкул отузунчу жылдары «Федоринанын шору» деп кыргызчалатыптыр. Бул — котормочунун орусча айныбай жакшы билгенин айкындай албас. Орусчага мыкты киши аны шак эле «Федоранын шору» же «Федоранын кайгысы» деп жаңылбай которот эле. Мен ошондо дароо: «Жок, Осмоновдун эски котормолорун окуп, ошо кезде орусча кандай билгенин байкайын»,— деген ойго жетелендим.

Белгилүү го, котормочунун орусча кандай билгени ыр котормого караганда прозалык котормодон даанараак байкалат. Ошон үчүн мен, Осмонов бир кезде В.В.Вересаевдин «Жизнь Пушкина» деген китебин «Пушкиндин турмушу» (чынында «Пушкин өмүрү» деш керек эле) деп которгон экен, ошого кайрылдым. Котормону түп нуска менен салыштырып көрүп, аябай аң-таң калсам болобу! Алыкул орусча сөздөр менен сүйлөмдөрдүн маанисин жете түшүнбөй, көп жерде такыр тетири кыргызчалатып салганын көрдүм. Котормонун ар бир бетинен жок эле дегенде бирден-экиден маанилик ката таба бердим. Бул мен үчүн чоң эле жаңылык болбодубу.

Тырмактайынан балдар үйүндө тарбияланган Осмонов эмне үчүн орусчага анча жок болуп калганын билгим келип, Абдрасул Токтомушевге кайрылдым, себеби: Абыкең ошо Токмок детдомунда Алыкул менен бирге өскөн экен. А киши мага бир саатча кеп салып, иштин жайын ачык кылып берди.

Көрсө, жыйырманчы жылдары Токмокто эки «жетим үй» бар экен. Алыкул менен Абдрасул жалаң кыргыз балдар тарбияланган детдомго туш келишиптир. Аларга жалаң кыргыз тарбиячылар, кыргыз мугалимдер таалим- тарбия бериптир. Ошол таалимчилердин көпчүлүгү деле өздөрү чала сабат, «өрдөк жокто чулдук бий» дегендей кишилер экен. Анын үстүнө, а кезде эне тилибизде окуу китептер өтө аз, котормо адабият жокко эсе, орусча үйрөтчү куралдар али дайынсыз эмес беле.

Ушундай себептердин айынан Алыкул Токмок балдар үйүндө жүргөндө орус адабиятынан караманча кабарсыз калыптыр. Анысын акын өзү «Жазуучулук баянында» мындай деп ачык жазган: «1929-жылы Фрунзедеги педагогия техникумуна келип кирдим… Ошол убактан баштап Пушкин, Лермонтов, Лев Толстой, Тургенев, Некрасов, Гоголдордун аттарын уга баштадым…» Карабайсыңарбы, ал Токмокто окуп жүргөндө орус классиктеринин чыгармаларын окумак түгүл, ысымдарын эшиткен эмес экен!

Ошентип, Алыкул Осмонов кыргыз поэзиясына өзүнө муундаш акындардан кескин айырмаланган эстетикалык камылга менен деле келбептир, атүгүл орус адабиятынын байлыгынан жана тажрыйбасынан кабарсыз эле келиптир. Кичинесинде балдар үйүнө түшкөн себептүү ал элдик оозеки поэзиянын чыгармаларын, салттарын, тажрыйбасын деле анча жакшы билбей калган болуу керек. Педтехникумга келгенче анын адабияттан кабардарлыгы кыргызча (балким, казакча да?) газета-журналдарда, окуу китептерде, хрестоматияларда жарыяланган көркөм чыгармалар менен чектелген сыяктанат.

Ал эми Осмонов адабиятка кандай чыгармачылык кудурет менен кирген эле? Тактап айтканда, анын тубаса акындык жөндөмү кандай эле? Байкап калгандырсыңар, суроо абдан калтыс, опурталдуу, олдоксон коюлду. Суроонун ушундай кырынан коюлушу атүгүл, обу жоктун ишиндей да туюлушу мүмкүн. Себеп дегенде көркөм таланттын түпкү табиятын илим азырынча алаканга салгандай айкын кыла элек. Экинчи жактан, таланттын даражасын өлчөй турган кандайдыр бир аппарат да алигиче жок.

Дагы бир айтчу нерсе: бирөөнүн талант даражасын аныкташ үчүн аны башка бирөөнүкү менен салыштырып кароо талап кылынат («Акыйкатты салыштыруу аркылуу таанып билүүгө болот»,— деген эмеспи байыркы гректер). Андай кылганда бир акынды экинчи акынга каршы коюп алыш коркунучу бар. Бул болсо андан бетер опурталдуу, андан бетер обу жоктой көрүнөрү бышык. Ошентсе да, айла канча, кээде талант тууралу кеп кылуу зарылчылыгы чыгып калат.

Алыкул Осмонов өзүндө нукура акындык кудурет бар экенин мыкты поэтикалык чыгармалары менен алда качан эле далилдеп салбадыбы. Азыр анын таланттуулугуна эч ким шек келтире албайт. Ошентсе да эң алгачкы ырларынан, атүгүл, туңгуч ыр китептеринен Алыкулдун оргуштап, төгүлүп-ташып, кубулжуп турган акындык жөндөмү бары анча байкалбайт. Анын отузунчу жылдары жараткан поэтикалык чыгармалары жалпы жонунан ошо кездеги кыргыз поэзиясынын орточо деңгээлине араң-араң илинип турган, алар Токомбаев, Турусбеков, Бөкөнбаевдин ошондогу ырларынын фонунда бардык жагынан көзгө комсоо көрүнгөн. Ал ырлар оригиналдуу поэтикалык ойлорго, терең поэтикалык идеяларга, жаңыча көркөм ыкмаларга өтө жарды эле: аларда акындын турмуштук тажрыйбасы, жекече кайгы-кубанычы, ар түркүн коомдук көрүнүштөргө жана өмүрлүк таасирлерге карата жекече мамилеси ачылган эмес._

Арийне, мурдагы жана азыркы акындардын арасында өз алдынча чыгармачылык өмүр сүрө албай, өз бетинче көркөм акыйкаттар дүйнөсүн ача албай, жеке өзүнүн кайгы-шаттыгынан маанилүү поэтикалык сөздөр курай албай, куду мите сыңары чыныгы сүрөткерлердин жана катмарланган нускалуу адабий салттардын эсебинен жашап өткөндөр да бар. Алар турмуш прозасынын шыгыраган кумунан поэзиянын алтын күкүмдөрүн элеп алууга жөндөмсүз болот, чын-чынына келгенде, нукура көркөм дөөлөттөр өндүрүү алардын колунан келбейт. Алар адабияттан адабият жаратат, поэзиядан поэзия туудурат, асмандагы Ай сыңары башкалардын жарыгынан пайдаланат.

Анан алар жараткан чыгармалар ай жарыгындай жылуулук чачпайт. Бирок ошондой акындар демейде ыр жазуу өнөрүн өтө мыкты өздөштүрүп алат, ыр техникасына ашкере маш болуп алат, ошон үчүн жазган чыгармаларында оригиналдуу ой-пикирдин жана өзү тапкан көркөм акыйкаттын бүдүрү жоктугун карандай чеберчилиги менен байкатпай жаап-жаскап кетишет.

Эмне, Алыкул Осмонов да отузунчу жылдары ошондой акындардын абалында турду беле? Жок, ал анда ошолордун деңгээлине да көтөрүлө алган эмес, акындык техника жагынан деле анча алдыга озуп кеткен эмес. Анын ошо кездеги ырларында куюлушуп турган мукамдуу поэтикалык сүйлөмдөр, ой-сезимге ысык тамгадай басылган учкул саптар, чукугандай табылган адеми уйкаштар чочугандай сейрек-сейрек гана учурайт.

Жалпысынан алганда, анын көркөм ыкмалары менен поэтикалык сөздүгү көп урунуп көркүн да, баркын да кетирген буюмдай таасирсиз, ашмалтай, комсоо. Менимче, ошол ырларды окуган адабият билерманы көзү ачык олуя болсо деле алардын авторунан келечекте жакшы акын чыгат деп болжол кыла албайт эле.

Жаш чактагы ырларынын жармачтыгы, албетте, Алыкулдун тубаса акындык талантынын жармачтыгынан келип чыккан эмес. Тек а кезде акындын өмүрлүк жана чыгармачылык тажырыйбасы аз эле, жалпы жана профессионалдык билими деле тайыз эле. Ал эми тажрыйбанын жана маданияттын жардылыгы жазган чыгармаларга тамга салбай койбойт. Экинчи жактан, ошо кезде Осмоновдун чыныгы поэзия тууралу түшүнүгү бүдөмүк, жандуу эстетикалык сезими мокок, тилдик туюму (интуициясы) жакшы өнүгө элек болучу. Демек, анын нукура акындык кудурети, угуту, мүмкүнчүлүктөрү али көмүскөдө бугуп жаткан; анын жекече өмүрлүк тажрыйбасы, турмуштан алган менчик таасирлери, өзүмдүк толгонуулары, кайгы-кубанычы, ой-сезимдери поэтикалык формада козголуп чыкпай, ыр тилинде айтылбай, тереңде кыймылсыз катылып жаткан.

Баса, туңгуч жыйнактарындагы ырлар ойдогудай чыкпай калганынын башкы себебин акын өзү кийинчерээк кыраакы баамдап, «Жазуучулук баянымда» абдан туура белгилеген: «… турмуштан четтеп, шаардын тар рамкасында болуп, жалаң окуган китептер боюнча жазып калдым».

Адеп жаза баштаганда турмуштук таасирлерге караганда китептик таасирлерге көбүрөк азгырылуу, башкалар тапкан даяр поэтикалык материалдардан сокур пайдалануу, жандуу адабий процесстин орточо талаптарына ылайыктап жазуу аркандай жаш акындын башында бар болот. Бул өзү — өзүнчө бир оору, тактап айтканда, «өсүү оорусу». Бирок ал оору кээде айыкпас көнүмүш дартка айланып кетиши да бар. Күнүмдүк даңкына, чыгармалары басылып жатканына, аздыр-көптүр талантына артыкбаш дымак байлаган, чыгармачылыктын түпкү маанисин түшүнбөгөн, чыныгы адабият деген эмнелигин ачык аңдабаган, китеп чыгаргандан башка кам жебеген айрым акын-жазуучулар «өсүү оорусу» менен жабыркап жүргөнүн сезбей да калышы мүмкүн.

Ошондой абалын тымызын туюп турса да, өз адабий тагдырын тескеп-териштиргенге жана кескин өзгөрткөнгө баатырдыгы жетпей, чыгармачылыктын азаптуу ашууларын ашкандан алдыртан заарканып, өзүн утурумдук иллюзиялар менен саамайы агарганча алаксытып жүргөндөр да көп болот.

Ырас, андайлар өз убагында көп жазып жана көп жарыяланып, катуу сын укмак түгүл, кайра көкөлөтө макталып, көр оокаттын абыгерчилигин анча тартпай, башкалардан жакшы жашап өтүшү ыктымал. Бирок алар көркөм адабияттын казынасын мыскалдай асыл дөөлөт менен байыта албай, алтын мазмун менен камсыз кылынбаган кагаз акчалардай жалган дөөлөттөрдү үстөккө-босток чыгарып, кысыр чыгармачылык өмүр сүрүшөт. Ошол себептен алардын жазгандары өздөрү менен кошо өлөт, демейде өздөрүнөн да эртерээк өлүп калат. Мунун өзү жалаң чыгармачылык гана трагедия эмес, өтө оор адамдык да трагедия го, чиркин дүйнө!

Отузунчу жылдары Алыкул Осмонов да иллюзиялуу духовный дөөлөттөрдүн (ценности), жалган чыгармачылыктын, поэзия тууралу тетирирээк түшүнүктөрдүн алкагында жүргөн. Ошо кезде анын нукура поэтикалык дасмиялар жарата албаганы буга айкын далил болот. Эми ал же ошол алкакта биротоло калышы керек эле, же андан шарт суурулуп чыгышы керек эле. Азыр биз жакшы билебиз: Алыкул кыйналып жүрүп акыры чыгармачылыктын чыныгы жолуна чыккан.

Акын ушу жолго чыгышына кандай шарт-себептер (факторлор) көмөктөш болду?

Белгилүү го, акындын өз алдынча чыгармачылык жол табышы анын дүйнөнү түгөл кайра ачып чыгышы менен тең барабар. Баса, бул жалгыз эле акындын энчисине байланган нерсе эмес, ар бир адамдын парзы. Ушуга байланыштуу белгилүү советтик психолог С.Л.Рубинштейн мындай деген: «Адам индивид катары адамзатка тиешелүү билим табылгаларын ачпайт, тек гана өздөштүрөт дешет, бул, чынында, адам ошол билим табылгаларын адамзат үчүн ачпаса да өзү үчүн сөзсүз ачыш (мейли, «кайра ачыш») керек экенин гана билдирет. Адам өз мээнети менен тапкан нерсеге гана чындап ээ боло алат» [2].

Адабияттагы, асыресе поэзиядагы ачылыштар көбүнчө художниктин өзүн өзү ачышы менен шартталат. «Көркөм чыгармачылыктагы жекече жана жалпы адамзаттык тажрыйбанын балансында менчик тажрыйбага, билим башаттарына жекелеп жетүү жагына көбүрөк басым жасалат,— дейт айтылуу эстетик Ю.Борев.— Ушу мааниде алганда, ар бир художник баарын жаңыдан баштап, баарын керт башы менен ачып чыгат… Художник дүйнөнү менчик тажрыйбасы аркылуу гана аңдап тааный алат» [3].

Алексей Максимович Горький да ушу маселеге өзүнүн бир катында атайын кайрылып, адабият майданына келген киши канткенде оригиналдуу чыгармачылык дидаары менен көрүнөрүн же кантип өз үнү менен сүйлөп кетээрин мындайча аныктаптыр:

«Өзүнүн жекече — субъективдүү таасирлерин иштеп (разрабатывать) чыгып, алардан көпчүлүккө кызыктуу— объективдүү маани таап, анан өзүнүн элестүү түшүнүктөрүнө өзүнчө форма бере алган адам — художник…

Мен ишенем: ар бир адамда художниктик данек бар, эгер адам өз туюмдары менен ой-пикирлерине кылдат мамиле кылса, ал данек өнүп чыгып, көгөрүп-көктөп кетет.

Адамдын алдына: өзүнө, турмушка, адамдарга, белгилүү бир фактыга карата субъективдүү мамилесин таап, ошол мамилесин өзүнүн формасы менен, өзүнүн сөздөрү менен конкреттүү айтып берүү милдети коюлат»

Бирок жаңыдан жазып жүргөндөр чыныгы чыгармачылыктын кени өздөрүндө, өздөрүнүн менчик тажрыйбасында, жекече ой-сезимдеринде, дүйнөгө карата субъективдүү мамилелеринде экенин демейде таназар алышпайт да, китептик таасирлерге көбүрөк азгырылып, басылып чыккан чыгармаларга бардык жагынан окшоштуруп жазууга ашкере жан үрөшөт. Азыр эле цитаталанган катында Максим Горький муну да кыраакы баамдап, таамай айтыптыр: «Адамдардын көбү субъективдүү элес-түшүнүктөрүн иштеп чыкпайт; адам өз башынан кечирген ой-сезимдерге айкын жана таамай форма бергиси келгенде, ан үчүн даяр формаларды — бирөөлөрдүн сөздөрүн, образдарын, сүрөттөөлөрүн — пайдаланат да, үстөмдүк кылып турган жалпыга ортоктош пикирлерге багынып, өзүнүн эле ой-сезимдерин да куду бирөөнүкүндөй кылып формага салат». Көрдүңөрбү, жалган чыгармачылыктын түпкү табияты кайсы жерде жатат? Ал эми адабий чыгармалардын дал ушундай жол менен жасалышы орус сынында «литературщина» деп аталат. Ал термин чалыш сөз кыргызча «жасалма адабият» дегендей маани берет.

«Жазуучулук баянымда» Алыкул өзү отузунчу жылдары өтө көп окуганын атайын белгилеп өтүптүр. Анысын акындан мурас калган архивдик материалдар да[4] толук ырастайт[5]. Сыягы, ошентип тирмие окуп жүрүп ал кийин орусча дурус үйрөнүп алса керек. Менимче, ошол көп окуганы жаш акынды бир чети «жалаң окуган китептер боюнча жазып калууга» (демек, литературщинага) жетелеп келсе, бир чети ошол китептик таасирлерден бошонуу зарылдыгын сезүүгө жеткирген.

Дүйнөлүк адабияттын нускалуу үлгүлөрүнөн таалим алганы, алардын айрымдарын которгону жаш акындын жалпы аң-сезимин жана баамын кеңейтип, адабий түшүнүктөрүн айкыныраак кылып, жандуу эстетикалык сезимин ойготкон. Натыйжада, ал өз чыгармачылыгына чоочун көз менен кароого, ошондой эле жазгандарынын реалдуу баасын жана өзүнүн адабияттагы калпыс абалын түшүнүүгө белгилүү даражада мүмкүнчүлүк алган.

Алыкулдун чыгармачылык жактан өсүшүнө, асыресе, өзүн өзү аңдашына адабий таасирлер да бир кыйла чоң жардам бергени талашсыз. Ошептсе да анын өз алдынча ойлоно билген художник катары калыптанышы үчүн жекече турмуштук тажрыйбасы жана адамдык тагдыры аныктоочу мааниге ээ болгон деп тайманбай айтууга негиз бар. Себеп дегенде, «адамдын индивидуалдуу аң-сезими, дүйнөгө көз карашы, турмуштук позициялары жана дөөлөттүк (ценностный) ориентациялары жекече өмүрлүк тажрыйба аркылуу калыпка салынат; атүгүл, китептерден алынган таасирлери да жекече турмуштук тажрыйбанын негизинде туруктуу ишенимге жана установкаларга айланат»[6].

Осмоновдун жекече адамдык тагдыры башынан аягына чейин бир далай эле кыйын болгону белгилүү. Бармактайынан томолой жетим калып, бала чагында тарткылыкты дурус эле тарткан. Жетимчилик аны турмуштун ысык-суугуна бышырып, чыйрактыкка жана өз алдынчалыкка үйрөткөн; ага турмуштун татаалдыгын, жан багуунун олуттуулугун, жалаң өз күчүнө ишенүү зарылдыгын эрте тааныткан. Ошол себептен ал жашоого байланыштуу акыйкаттардын көбүн поэзия үчүн болбосо да, өзү үчүн эртелеп эле ачып алышы толук ыктымал.

Ал детдомдо жүргөндө тамак-аштан жана кийим-кечектен кыйналган-кыйналбаганын ким билет, ал эми студент кезинде бул жагынан кыйла эле жүдөгөн экен. Тартыш турмуштун айынан сабактан жетишпей, аябай чүнчүп, ооруга чалдыгыптыр; кыйналганынан окуусун таштап, каралашар жек-жаат издеп айлына барыптыр: бирок андай кишиси жогунан кайра шаарга келип, Аалы Токомбаевдин аркасы менен «Чабуул» журналынын редакциясына кызматка орношуптур[7]. «Бул мезгил менин болочогумдун чечкиндүү жылы эле,— дейт акын «жазуучулук баянымда». — Себеби, эгер журналга орношпой калсам, айылга кетмекмин…».

Демек, адеп жаза баштаганда жаш акынды карандай чыгармачылык маселелерге караганда жөнөкөй жан багуу абыгерчилиги көбүрөк кыйнаган экен. Адабий журналдын редакциясында иштеп тапкан маянасы деле аны материалдык муктаждыктан биротоло куткарбаса керек. Балким, ал ошондо көр оокаттын айынан көп жазгандыр, жазганда нукура поэзия жаратуу жагын көп ойлонбой эле жаза бергендир? Ырас, аны поэзиянын ышкысы да көп жаздырышы мүмкүн. Бирок анын көп жазып, көп которгонун жалаң гана адабиятты сүйгөнү менен, ыр жазганга ынтызарлыгы менен түшүндүрүү кыйын. Менимче, жан багуу жагдайы да аны чымырканып көп иштөөгө жана өжөр мээнеткеч болууга үйрөтсө керек.

Оригиналдуу жана котормо китептеринин удаама-удаа жарык көрүшү аны материалдык азаттан аздыр-көнтүр чыгарып, көтөрүңкү-шаңдуу нерселер (жашоо мааниси, чыныгы чыгармачылык жайы, өзүн өзү аңдоо ж. б.) тууралу ойлой башташына мүмкүнчүлүк түзгөн сыяктанат. «Адегенде… гуманитардык мүдөөлөр карандай утилитардык мүнөздө болушу мүмкүн… — дейт философ Игорь Кон. — Адам бара-бара гана, материалдык муктаждыктын кысымынан башын куткарып отуруп, кылган кызматымдын өзүндө максат бар турбайбы деген ойго келет»[8].

Албетте, жаш акындын индивидуалдуу аң-сезиминин өсүп-өнүгүшүнө, асыресе анын өзүн өзү таанышына коомдун материалдык жана духовный факторлору да зор таасир тийгизбей койгон жок. Ошондой эле анын адамдык касиеттеринин, дүйнөгө көз карашынын, профессионалдык түшүнүктөрүнүн калыптанышына ошо кездеги маданий жана адабий чөйрө да аздыр-көптүр түрткү берген, анткени, «индивиддер бирин бири дене жагынан да, духовный жактан да жарата турганы»[9] белгилүү.

Ошентсе да кайра-кайра каптаган кыйынчылыктардын, тагдыр соккуларынын, моралдык карама-каршылыктардын жана азаптардын тике таасиринен улам гана Осмонов уюткулуу турмуш акыйкаттарын керт башы менен ачып, өзүмдүк духовный тажрыйбасын, дүйнөгө жана өмүргө байланыштуу жекече көз караштарын, чыгармачылыкка карата менчик мамилесин иштеп чыккан.

Деги ал өз бетинче ойлоно билгенге, дүйнөнү өзүнчө түшүнгөнгө, оригиналдуу чыгармачылык почеркке ар кыл духовный азап-тозокторду аралап өтүп араң жеткен.

Өксүп өскөн Алыкул эр жетип, материалдык жактан ирденип алганда, акындык аты чыгып, нукура чыгармачылыктын камын ойлоп, жалпысынан көңүлү көтөрүлүп турган чагында жашчылыктын жалындуу ышкысын баштан өткөрөт. Ал акындарчасынан күйүп-бышып ашык болот, ашыгы да алгач ага жан тарткансып жүрөт. Тилекке каршы, эки жаш кошула албай калат. Оңунан чыкпаган туңгуч махабат жаш акынга өтө катуу тийип, аны оор күйүткө салат. Күйүтүн басуу үчүн ал «Жолборс терисин кийген баатыр» дастанын көшөрүп жатып которуп чыгат…

Ашкере чоң көлөмдүү Грузия дастанын бийик көркөмдүк даражада которуу бир чети эрдикке тете иш болсо, бир чети Алыкулдун акындык жөндөмүнүн ачылышына жана калеминин төшөлүшүнө кызмат кылган. Котормонун басылып чыгышынан жаш акын материалдык жагынан да, моралдык жагынан да туйтунган. Анткен менен ошондой зор чыгармачылык жеңиш деле Осмоновдун керт башын духовный жапа чегүүлөрдөн жана ички карама-каршылыктардан куткара албаптыр. Дагы эле эндекей жүргөнү, эски оорусунун күчөгөнү, жекече турмушунун жөнгө салынбаганы, оригиналдуу чыгармачылыгынын жарыбай жатканы сыяктуу жагдайлар аны согуш алдындагы жылдары оор рухий кризиске кириптер кылган көрүнөт. Ал дал ошол учурда «пессимисттик ырлардан» турган «Лирика» аттуу жыйнак даярдап, анысын кайра өрттөп ийип жүрбөйбү.

Өрттөлгөн ырлардын идеялык мазмуну жана көркөмдүк сапаты тууралу кандайдыр бир жоромол айтыш кыйын. Бирок ал ырларда акын өзү духовный кризисте жүргөн чагында башынан кечирген нравалык азаптар, күйүттөр, жан толгоолор поэтикалык формада туюнтулушу мүмкүн. Эгер кокус чын эле ошондой болсо, анда Алыкул дал ошол «пессимисттик ырланында» жекече адамдык тажрыйбасын_(таасирлерин) көркөм формада иштеп чыгууга, поэзияда өз үнү менен сүйлөөгө алгачкы далалаттар жасаган…

Ал ошол кан-жанынан жараткан ырларын эмне үчүн өрттөп таштады экен? Мунун себебин Кеңеш Жусупов негизинен акындын чыгармачылыкка олуттуу караганынан, мезгил талабын терең түшүнгөнүнөн, окурмандарын сыйлаганынан көрөт да, жалаң керт башынын күйүтүнө чыланган ырларын өрттөп салганын анын зор чыгармачылык эрдиги деп болжол кылат[10].

Беш-алты жыл мурдараак мен да ушундай деп ойлоп жүрчү элем. Жашырганда эмне, биз баарыбыз өзүбүз жакшы көргөн акындын чыгармачылык сферада кылган ар бир жоругунан кандайдыр бир бийик максаттын же өрнөктүү жосундун белгисин тапкыбыз келет, жадагалса анын өз ырларын өрттөп ийгенин да артыкчылык катары түшүндүргүбүз келет. Тилекке каршы, асыл ниеттен туулган ошондой ой жорууларыбыз кээде реалдуу турмуштун фактыларына анча жакшы коошпой калат.

Түгөлбай Сыдыкбековдун жазганына караганда, Алыкул ошол жыйнагын чыгаруу максатында басмага тапшырган экен. Бирок кайсы бир кокуй редактор андагы ырлардан идеялык каталар таап, автордун эсин эки кылыптыр. (Керт башынан өткөргөн ачуу-таттуу сезимдерин акындын ыр кылып жазганы ошол кокуй редакторго, балким, чын эле теңирден тетири көрүнгөндүр?). «Айтор, ал жолу жыйнагы жарык көрбөй калган акын тек сын угуу менен тим калбастан, узак мезгил текшерилип жүрдү,— дейт Түгөлбай Сыдыкбеков. — Дал ошол күндөрдө ал басынып, чүнчүп, түнт тартты»[11].

Экинчи жактан, ошол мезгил ченде Алыкул өмүрүндө көргөн жалгыз кызынан айрылып, алган жары менен ажырашып, катуулаган оорусунан да жабыркап, дагы эле духовный кризисте чайналып жүргөн экен. Ындын өчүргөн ушундай абалда ал ачууга алдырып (же балким, насыя айыптан чочулап?), даяр жыйнагын өрттөп ийиши да мүмкүн эле.

Көз ачырбай үстөккө-босток сабалаган тагдыр соккулары Алыкулду убактылуу мүңкүрөтпөй койгон жок. Анын ошенткенин замандашы Түгөлбай Сыдыкбеков мындайча эскерет: «Түндүн кайсы маалында үйдөн чыкканыңда акындын карааны үңкүйүп, бозоруп тепкичте отурганын, же эч дабышсыз көлөкөдөй үрөң-бараң тартып басып жүргөнүн көргөнүңдө жүрөк сыздачу. Ал көп учурда беймаал убакта ошентип жалгыз жүргөнүн адамга билдирбеске аракет кылат. Себеби: жок жерден адамдын тынчын алууну кандай жактырбаса, өзүнүн гүлгүн өмүрүндө бөйдө кайгы тартып, оор кеселге чалдыгып, жанга күйүмдүү жарсыз, эркелеткен баласыз коколой башы ушинтип басып калгандыгын адамга билдирбеске тырышат…»[12]

Нары өмүрлүк кызыктуу иши жок, нары эрки бош жана оорукчан киши башына ушундай оор мүшкүл үйгөн бойдон көпкө дейре жападан жалгыз жүрүп калса акылдан айнып, атүгүл, жандан кечип ийгенге чейин барышы да мүмкүн. Эрки бектигинен, чыгармачыл табияты жана көңүлү сүйгөн өнөрү бардыгынан гана Алыкул тоодой күйүттү чыдап көтөрүп, жанга баткан жалгыздыктан мөгдөп калган жок. Жан кашайткан кыйын-кыйын күндөрдө ага поэзия дем-кубат берип, жашоо кумарын өчүрбөй турду.

Акын кыйынчылыкка кайратын курчутуп, кабыргасын майыштыра баскан кайгы-касиретин силкип таштоого аракет кылды; нукура поэтикалык саптар жаратуудан гана жашоо маанисин көрүп, чыныгы чыгармачылык эрдикке бел байлады.

Түгөлбай Сыдыкбековдун айтуусунча, Алыкул Осмонов ошондон тартып чыгармачылыкка башкача карап, мурда жазгандарынан уялып, өзүн өзү танды: дүйнөлүк классиктердин чыгармачылык тажрыйбасын жаңы көз менен үйрөнүп, калкыбыздын фольклордук байлыгын терең өздөштүрө баштады; элдин көп кырдуу турмушу менен жакыныраак таанышуу зарылчылыгын өткүр сезип, [13] жайын-кышын эл аралап жүрдү[14].

Буга кошумчалай турган нерсе: ошол маалда акындын турмуштук-духовный тажрыйбасы жакшы эле жыйналып, дүйногө өз алдынча көз карашы жана мамилеси аныкталып, адабий билими жана ыр жазуу техникасы бийиктеп калган эле. Демек, анда олуттуу чыгармачылык кызмат өтөөгө омоктуу камылга бар эле.

Үч томдук чыгармалар жыйнагын баштан-аяк иликтеп окуганда мындай бир кызык факт баамга чалынат: 1941-жылдан 1944-жылдын аягына чейин Алыкул жарытып деле ыр жазган эмес экен. Бул аралыкта ал бар болгону бирди-жарым пьеса менен алышып, бирден поэма жана драма которуптур. Ошол үч жыл ал өзү духовный кризистен башын куткаруу процессинде, акындык багытын аныктоо жолунда, турмуш үйрөнүү убарасында, чыгармачылык чалгында жүргөн мезгил болсо керек. Анан 1944-жылдын күзүнөн тартып акындын чыгармачылык күчү кандайдыр бир сырдуү касиет даарыгандай ашып-ташып, катуу нөшөрдөй кагазга төгүлө бериптир. Ошондон баштап ал күн сайын бир-экиден ыр, үч-төрт күндө бирден поэма жазып туруптур.

Котормолору менен пьесаларын качап жазып үлгүргөнүн ким билет. Ан үчүн өмүрүнүн акыркы жылдары туташ эле Пушкиндин «Болдино күзүндөй» өтө жемиштүү болуптур. Демек, ал алты жыл бою күндүр-түндүр өксүбөй оргуштап турган чыгармачылык эргүү абалын башынан өткөрүптүр. Ошол тынымсыз эргүүнүн күчү менен аз эле убакыт аралыгында килейген үч томго араң сыйган ырларын, драмаларын, поэмаларын, котормолорун жаратып таштаптыр. Мээнеткечтик деп мына ушуну айт! Бул бай мурастын баш-аягын акыл менен тескеп көргөндө, эрксизден: «Араңжан акын мынча кудуретти, мынча кайрат-демди кайдан алды экен!»— деп таң калбаска чара жок.

Бирок чыгармачылыктагы мындай «түшүмдүүлүк» кандайдыр бир туюк сырдуу деле көрүнүш эмес — анын реалдуу эле себептери бар. Арийне, духовный кемелге келип, бай турмуштук тажрыйба арттырып, поэзияда өз жолун айныбай таап, өз өнөрүнүн устасы болуп алганда ар кандай акын жемиштүү иштей баштайт.

Биздин акын да өмүрүнүн акыркы алты жылын ошондой абалда өткөргөн. Экинчиден, бул мезгилде Алыкул иштөө режимин катуу сактап, чыгармачылык формасын бийик кармап жүргөн сыяктанат. Ошондой эле жалаң жазуу иши менен убаралануу да демейде чыгармачылык береке берери белгилүү. Айталык, кокус Алыкул керээли-кечке кандайдыр бир башка кызмат аткарып, бала-чака багуу абыгерчилигин тартып, чолосу тийгенде гана ыр чиймелеп жүрсө, балким, мынчалык арбытып жазып ийбейт беле.

Эгер биздин туңгуч акындарыбыздын көпчүлүгү адабий ишин кайсы бир айлыктуу кызматта иштөө менен айкалыштырса, Алыкул сөздүн толук маанисиндеги профессионал болгон, башкача айтканда, жалаң ырдын аркасы менен оокат кылган. Ошон үчүн ал башка нерселерге алаксыбай, күндүр-түндүр ыр (кээде драма) менен алпурушканга мүмкүнчүлүк алган.

Албетте, акындык өнөргө жан-дили менен берилгендиги да Алыкулдун көп жазышын шарттаган. Ал поэзияны жөнөкөй гана кесиби эмес, өз өмүрүнүн шериги деп, жашоо мааниси деп, өзүнүн адамдык касиеттерин жана духовный кудуретин предметтештирүү каражаты деп, эл-жерге адал кызмат кылуу майданы деп түшүнгөн. Ошол себептен анын поэзияга карата мамилеси өтө бийик:

Мен тансам жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм.

Заман кашындагы акындык парзын өткүр сезип, өзүнө өзү тойбой кейиш тартуу, боордош калкына татый турган иш кылсам деп кусалануу, өзүнө бийик талаптар коюу анын экинчи табиятына айланып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин аны коштоп жүргөн:

Мен уялам, мына мындан уялам:
Көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам.
Колун кезеп: «Жолуң болгур!» — дегенсийт
Жер шарынан күлүк учкан заманам,—

дейт ал кырк төртүнчү жыл менен белгиленген айтылуу ырында.

Ушул эле мотив анын «Жеңеме» (1945) деген ырында дагы жаңыча кайталанат. Анда акын өз айлына баргандагы бир кичинекей окуянын жайын айтат. Жеңеси он-он беш жыл калаада жүрүп келген кайнисинен кайсы кызматта иштеп жатканын сурайт. Өз ичинен «акын болдум» деп бой көтөрүп жүргөн кайнисине ал суроо аябай катуу тиет, намысын келтирет.

Жооп бербей, калп эле укпай мостойдум,
«Кандай, жеңе, журт аманбы?» — деп койдум.
«Мен-менмин» деп керген менен боюмду
Чындыгында жаман акын окшоймун.

Айда, чамда… шумкар канат жаркылда,
Деңиз сүргөн крейсердей калкылда!
Кол тие элек эчен кымбат иш жатат
Отуз жаштын тоолорунун артында.

Азыр сынчылар бир ооздон кыргыз поэзиясынын классикалык чыгармалары деп тапкан ырларын жана поэмаларын жаратып, өзүнүн акындык күчүнө бекем ишенип калгандан кийин деле ал өзүнө нааразы боло берген.

Көпкө умтулдум, бирок азга жетпедим,
Аз учурдум жакшы ырлардын кептерин;
Жаш күнүмдөн жар болушкан каламым
Бүгүн билдим алсыз калам экенин,—деп арман кылган ал 46-жылдын акырында жазган бир ырында.

Ырас, Осмонов өзүнө нааразы болуп жүрүп бу дүйнөдөн өтүп көткен эмес, ал өзү кылган эмгектин реалдуу наркын, өзүнүн акындык күчүн жакшы билген, кыргыз адабиятында өчнөс из калтырганын да айкын сезген.

Мен да адаммын, мен дагы бир акынмын,
Билинбеген көп майданын бириндей,
Бул турмушка мен да изимди калтырдым
Кичинекей, кудум шайтан изиндей,—

деген ал бир ырында. Дагы бир ырында мындай деген.

Билбес жанга өчпөс менин бийигим
Билген жанга өсөр менин тереңим.

Кээде ал моминтип да айтып жиберген:

Көзүм өткүр өчүрө өрттү караган
Өз жанымдын жамандыгын көрө алам.
………………………………………………………
Керек болсо чебердигим жетишет —
Дөңгөчкө жан, балыкка тил бере алам.

Өз күчүнө ишенүү сезими көкүрөгүнө толуп турган, өз өнөрүн биротоло бийлеп алган устат гана ушундай баатыр сөздөрдү тайманбай айта алат. Ал сөздөр эрксизден Пушкиндин «Пайгамбар» деген ырын эске түшүрөт. Анда Пушкин мындай дейт: акын-пайгамбар асмандын титиреп козголгонун, көктөгү периштелердин кайкып учканын, деңиз макулуктарынын тереңде сүзүп жүргөнүн, өрөөндөгү жүзүм бутагынын чыйрыгып үшүгөнүн даана эшите алат.

Жай адамдарга анча мүнөздүү болбогон мындай касиеттер чын эле акындарда бар болобу же алар өздөрүн элден башкача көрсөткүсү келишип калп эле мактанып коюшабы? Ырас, акындар демейде жөнөкөй адамдардан көп деле айырмаданбайт, алардын башкалардан өзгөчө, кандайдыр бир кайыптан кабары бар ыйык жан же пайгамбар кылып көрсөтүү туура болбос эле. Бирок канткен менен акын дүйнөнүн кубулуштарын жай адамдарга караганда өткүрүрөөк жана назигирээк сезет, анын жүрөгү куду сезимтал радар сыңары жөнөкөй көзгө көрүнбөгөн жана жөнөкөй кулакка билинбеген майда кыймылдарды таамай кармайт, анын учкул кыялы дегеле турмушта болбой турган элестерди жасай алат, акын атүгүл жансыз предметтердин абалына да кирип, аларга «тил» берүүгө да жөндөмдүү. Ошондуктан Пушкин менен Осмоновдун алигидей сөздөрүндө кадыресе жүйөө бар.

Акындын эки өмүрү бар, бирин өзү жашайт, экинчисин жазган ырлары жашайт деген эмеспи Алыкул. Анан, ал өзүнүн «кыйын жашап, жакшы жазганын», кыргыз адабиятына кошкон кошумчалары өлбөсүн, өзү ишке ашырган адабий эрдиктин кийинки муундарга жакшы өрнөк болорун жаземдебей көргөн:

Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,
Тээ алыстан чаң ызгыткан шаң чыгат.
Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан
Эрдигинен эчен тирүү жан чыгат.

Ушу жерде бир кызык моментти байкаса болот. Акын бир жагынан өзүнө өзү дайыма нааразы боло берет, экинчи жактан, акындык күчүнө жана өлбөстүгүнө ишенгенин ачык айтып жатат. Мунун өзүндө кандайдыр бир карама-каршылык жокпу? Мен мындан оркойгон деле карама-каршылык көрбөй турам. Аздыр-көптүр ийгиликтерине дөгүрсүбөстөн, өзүнө өзү нааразы боло бериши, өз акындык тагдырын ойлоп толгонушу, дайыма чыгармачылыктын бийик идеалдарына умтулушу Осмоновду бир чети айрым калемдештеринен кескин айырмаласа, бир чети чыныгы художниктерге аябай жакын кылат.

Ал эми чыныгы художниктин натурасы тынчы жок: тентек, адам үмүтүндөй соргок жана ач көз болот, ал бүркүт сыңары улам жаңы бийиктерди эңсейт, манчыркайт дегенди билбейт, саамайы агарганча азаптуу изденүүлөрдүн жолуна кайта-кайта түшө берет. «Жылма, шайкелең, өзүнө корстон ойчулдар жана художниктер болбойт» — деген Лев Толстой. Ал эми Горький: «Өзүнө, өз ишине нааразылыктын белгилүү үлүшү ар бир адал ниет жазуучуда болууга тийиш: ошол нааразылык азапка салуу менен бирге, анын тыным албай өсүп турушуна да аралжы болот» — деген. Демек, өзүнө өзү тойбой кайгыланышы эң оболу Осмоновдун чыныгы художник экенин көрсөтүп турат.

Баса, өзүнө нааразылык менен өз күчүнө ишенүү бири бирине кайчы деле келбейт, алар — бир эле медалдын эки тарабы. Өзүнө ишенүү сезими болбосо, адабиятка ат салып кириши, чыгармачылыкка байланыштуу түркүн- түркүн машакаттарды жеңип чыгыш, колго алган иштин өтөсүнө жетиш такыр мүмкүн эмес. Ошондой эле өзүнө нааразылык болбосо, чыгармачылык өсүш деген да жок. Чыныгы художникте бул экөө эриш-аркак айкалышып жүрөт.

Демек, Алыкул Осмоновдо анык художниктин белгилери бар экен. Ал эми художник адам өз өмүрүндө кандайдыр бир көркөм ачылыштар жасабай койбойт эмеспи. Андай болсо Алыкул бизге кандай поэтикалык акыйкаттарды ачып берди? Ал деги биздин поэзияны кандай жаңы табылгалар менен байытты?

Менимче, Осмонов баарынан мурда өзүнүн жекече ой-сезимдерин, субъективдүү таасирлерин, кайгы-касиретин ыр кылып жазып, ошонусу менен кыргыз поэзиясына жаңылык кийирди. Ушул багытта анын биринчи жазган ыры — «Бөбөккө» деген элегия (30. XI. 1944. Койсары). Ал — өзүнчө бир чек ара белгисиндей ыр. Байкаштырып көрсөк, акын ошол ыры менен чыгармачылыгынын жаңы баскычына аттап чыгыптыр; анын менчик акындык үнү менен сүйлөп кетиши да укмуштай чыгармачылык эргүү мезгилинде такай кириши да ошол ырдан башталыптыр.

Элегияда акын кандайдыр бир өзүнөн башка «лирикалык каармандын» атынан сүйлөбөйт, тек өз атынан сүйлөп, өз күйүтүн кеп кылат. Ырдын алгачкы саптарынан тун баласынан айрылган акындын жасалмасыз кайгыга батканы, бара-бара каңырыгы чын эле түтөй баштаганы айкын сезилип, жалындын илеби бар ысык буу сыңары окугандын ой-сезимин тызылдата бүркүлөт да, анан…

Өлдү бөбөк жүргөн каны токтогон
Бир жылт этип өчкөн чырак окшогон.
Учсуз жердин бир ууч куну кеткен жок,
Бети жок ай, жер уялбайт ошондон!

Бул саптары күйгөнүнөн заманасы куурулган кишинин айласыздан айткан ачуу каргышындай өзөк өрттөп, айтылып жаткан күйүттүү сезимдин реалдуулугун биротоло бекитет. Анткен менен бул элегиянын эмоциялык таасиринен окурман көңүл чөгөттүккө капталбайт, тескерисинче, ар бир өмүрдүн кымбаттыгын жана кайталанбастыгын айкын туят. Анын үстүнө, акын өзү да кайгылуу ырын кайраттуу саптар менен, өз кайгысындай кайгы башкалардын башына түшпөсө экен дегендей тилек менен аяктайт.

Ошентип, Алыкул керт башынын күйүтүнөн накта поэтикалык саптар жасай алган. Эми силер, кымбаттуу окурмандар, акылыңар менен териштирип көргүлөчү: отузунчу жылдардагы кыргыз поэзиясында жеке күйүттөн жаралган ушул сыңарындай күчтүү ыр барбы? Караштырып баксаңар, андайларды таппайсыңар. Балким, ал жылдары биздин акындар бүт бойдон жеке күйүткө малынган эместир? Жок, биздин жоон топ акындардын баары болбосо да айрымдары кандайдыр бир жакынынан (ата-энесинен, тууган-туушкандарынан ж. б.) айрылып, кайгы тартышы толук мүмкүн эле. Бирок алардын бирөө жеке күйүтүн ыр кылып жазбаптыр. Анткен менен ошо жылдары белгилүү коомдук ишмерлер (М. Горький, С. Киров, В. Куйбышев ж. б.) дүйнөдөн кайтканда, биздин акындар жалпы элдин башына түшкөн кайгыны жеке кайгысы катары кабыл алышып, бирден кошок ыр чыгарышыптыр.

Ал эми керт баштарынын кайгысын ыр түрүндө сөз кылганга батынышпаптыр. Сыягы, каңырык түтөткөн субъективдүү ой-сезимдеринен объективдүү маани таап, аны поэтикалык тилде кепчүлүккө жарыя айтса боло тургандыгы алардын капарына да келбесе керек, жеке күйүтүн поэзияга алып кирүү аларга аябай эрөөн да көрүнсө керек.

Адамдын керт башына түшкөн кайгы-касирет да поэзияга предмет боло аларын, деги нравалык күчтүү жапа чегүү да адабиятта чагылууга акылуу турмуш көрүнүшү экенин, ансыз жашоонун мазмуну да, адабияттын мазмуну да өксүп каларын дүйнөлүк классиктердин адабий мурастары айкын далилдейт. Тек гана совет адабиятынын кайсы бир тарыхый өнүгүү тилкесинде жекече кайгы-күйүт акын-жазуучуларыбыздын чыгармачылык баамынан сырткары калган экен.

Ушуга байланыштуу СССР жазуучуларынын экинчи съездинде (1954) заманыбыздын улуу художниги Александр Довженко жалындуу темперамент менен мындай деп айткан: «Жалган ниеттерге жетеленгендиктен, биз баарыбыз (балким, жалгыз Шолоховдон башкаларыбыз) өзүбүздүн чыгармачылык палитрабыздан кайгы-азапты чыгарып таштадык, кайгы-азап да бакыт менен шаттык сыңарындай эле тирүүлүктүн эң улуу акыйкаты экенин унутуп койдук. Биз аны «машакаттарды жеңип чыгуу» дегендей бирдеме менен алмаштырдык…

Татынакай, жаркын турмушка аябай ынтызарлыгыбыздан кээде биздин кыялыбызга арзып тилегендерибиз жана күткөндөрүбүз аткарылып калгандай көрүнөт да, жер бетинде адам баласы жашап, сүйүп, кубанып, чыгармачыл иш кылып турса, кайгы-азап дайыма бизди коштоп жүрө берери жадыбыздан көтөрүлүп кетет. Кайгы-азаптын социалдык себептери гана жоголот. Ал эми кайгы-азаптын күчү жалаң тышкы жагдайлардын басырыгы менен эмес, дайыма көңүл титирөөсүнүн тереңдиги менен аныкталат.

Мен эч кимди курулай жашыткан пессимисттик сюжеттерге үндөбөйм. Мен деле силерге окшоп калкыбызды жакшы көрөм, өз өмүрүм эл кызматына арналса гана мааниси бар болорун түшүнөм. Мен калктар боордоштугу жеңерине ишенем, коммунизм салтанат курарына ишенем, бирок Марска биринчи болуп учуп баратып кайсы бир аалам мейкининде жакшы көргөн тууганым же уулум апат болсо, мен анда айрылып калганымын машакаттын жеңип жатам деп айта албайм. Мен кайгы-азап тартып жатам деп айтам. Мен түнкү бакка кирип, асман мейкиндерин каргай-каргай ыйлаймын, ошондо эчкирип ыйлаганым түбүндө ашыктар өбүшчү гүлдөгөн алча дарагынан булбулду чочутуп ийбесин деп баш кийимиме бетими катамын да, көз жашымды көл кылам»[15].

Өлүм күйүтү дегениң кайгы-капанын эң бийик чекити го. Ал эми даражасы ар кандай кайгы-муңга адам өмүрү жарды эместиги да белгилүү. Чыныгы акын ошолордун баарын түгөл болбосо да эң урунттууларын көркөм сөздө чагылдырбай койбойт. Чын-чынына келгеңде жекече таасирлерин, майда-чоң турмуштук көрүнүштөргө карата реакциясын, кайгы-кубанычын ыр түрүндө эркин жана өзүнчө туюнта баштаганда гана акын жемиштүү чыгармачылык жолго чыгат. Ушул акыйкат тууралу өйдө жакта узун сабак сөз айтылды окшойт. Аны Алыкулдун акыркы алты жылдагы поэзиясы да жакшы далилдейт. Маселен, ал өзүн ушактагандарга кекенгенин «Жамандоо» деген ырга айландырган; өзүнүн жападан жалгыз ээндеп жүргөнүнө бир кыз күлүп койсо, ошол фактыдан да олуттуу ой чыгарып, айтылуу «Мага күлбө!» ырын жазган; атүгүл, кайсы бир досунан алтан каттагы: «Алым жаман, ооруп калдым сага окшоп» деген сүйлөм да аны капа кылып, «Катыңа жооп» деген татынакай ырынын жаралышына себепчи болгон.

Айтор, өз өмүрүндө кезиктирген, баамына урунган жана көңүлүн козгогон майда-чүйдө турмуштук фактылардан да, аларга байланыштуу көңүлүндө туулган өзүмдүк таасирлеринен да Алыкул накта поэзияга тиешеси бар буюмдар жасай алган. Ал бир караганга майда-барат көрүнгөн нерселерди ыр кылып жазып жатып «майда темалуулук» деген адабий илдетке анча көп деле чалдыккан эмес. Себеп дегенде ал өзү интеллектуал маданияттын кыйла эле бийик тепкичине көтөрүлгөн чоң адам болгон, ошон үчүн анын «майда-барат» таасирлерден жаралган ырларында чоң адамдын өзү, көз карашы, мамилеси айкын байкалып турат. (Ушу жерде козгой кетчү бир сөз: деги бу турмушта поэзияда айтылууга арзыбаган майда темалар жок деле эмеспи, кептин баары алардын ким тарабынан жазылганында го. Өзү майда акын килейген чоң теманы деле өз деңгээлине түшүрүп майда чечип таштайт, өзү чоң акын көзгө көрүнбөгөн майда теманы да өз даражасына бийиктетип чоң көрсөтөт).

Алыкулдун көп ырлары өмүр жана өлүмдөй «өлбөс» темаларга арналган. Ырас, булар тууралу өткөн замандын бүт чоң акындары ыр чыгарышкан. Бирок Осмонов бирөөлөрдү туураганынан ошол темаларга кайра-кайра кайрыла берген эмес.

Белгилүү го, дени-карды куландай соо адам демейде (айрыкча, жаш кезинде) өмүр менен өлүм жайын ойлоп көп деле баш катырбайт. Ал эми ооруга чалдыккан адам жаш-карысына карабай өлүмдү ойлоого аргасыз болот, өмүрдүн соо кишиге байкалбаган күлүк чабытын сергек туюп, эрксизден философчулук кылат. Алыкул бала чагынан ооруп, өлөр-өлгүчө кесел менен алпурушуп жүрбөдүбү. Ал өз оорусунун сүзөктөп кеткенин, ошо дарты акыры өзүн алып жыгарын көрүп-билип турган. Ошол себептен ал өмүр менен өлүм маселесин эрте ойлонуп, санаасын санга бөлгөн. Демек, ал бул темасын да керт башы менен ачып алган.

Соо адам үчүн отуз жаш деген эмне? Өмүрдүн гүлгүн чагы. Дене жагынан да, духовный жактан да толукшуп турган кез. Өлүм тургай, карылык капарга анча илинбеген мезгил. Бирок өмүрүнүн кыскалыгын тирүүсүндө көрүп-билип турган оорукчан Алыкулга гүлгүн отуз жаш карылыктын башы сыяктанып көрүнгөн экен. Ошон үчүн ал таанымал ырында отуз жашты атчан кылып көрсөтөт. Өзүнчө алганда «отуз жаш» деген сөз тизмеги жашаң жана шаңдуу угулса да, «боз ат минген» деген сөздөр менен айкалышканда, кандайдыр бир картаң түскө боёлуп, накта улуттук ассоциациялардан жаралган жаңы бир образга айланат. Анан ал образ «өмүр» деген абстракттуу сөзгө конкреттүү дидаар берип, анын тездигин ого бетер курч сездирет:

Ал зымырайт үстү-үстүнө камчылап,
Жетер жери, түшөр үйү барчылап.

Убакыт алган багытынан жаңылбай, бир мүнөткө тыным албай аркырап учат, ал учкан сайын адам өмүрү өлүмгө жакындай берет. Буга акын бардык жаны менен каршы чыгып, бүткүл доошу менен: «Токточу өмүр, ток- точу өмүр, токтой тур! — деп кыйкырат. Мында жаны кашайгандык да, өтүнүч да, буйрук да бар. Бирок өмүр эч кимге баш ийбейт, аны токтотуп калышка адам алсыз. Ошол себептен акын бир ирет катуу кыйкырып алып:

Тил албасаң, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур –

деп үнүн бир аз басаңдатат да, кайра кекеничтүү дымак менен минтип айтат:

Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам, карап тур.

Акындын өмүргө карата активдүү мамилеси ушинтип төрөлөт. Оор дарт жабыркатып жүрсө да, ал өмүргө жаркын кубаныч менен караган, жарык дүйнөнүн жакшылыктарына, жашоо кумарына, табият көркүнө тойбой, ач көздүк менен суктанып жашаган:

Жашоо деген бир тамшаным нерсе экен,
Кант жедимби, бал жедимби — билбеймин.

Өзү ооруса дүйнө кошо ооруп жаткандай туюу, өзү менен кошо элди да кайгыртайын деп далалат кылуу Осмоновго такыр жат нерсе, ал өз башына канчалык оор мүшкүл түшсө да, эр азаматтын сабыры жана кайраты менен көтөрүп, тышына көп чыгарбайт. Бирок поэзиясында ал өзүн өзү карагүчкө жубатып, чын эле ооруп жатса да калп эле соомун деп, чын эле ыйлагысы келип турса да калп эле күлкүм келип турат деп айтып, кур дымак көрсөтпөйт. Айрым ырларынан жаны кыйналгандан тиштене онтогону, өчүп бараткан өмүрүнө ичи ачышып, муңканганы айкын угулат.

Билбейм кандай, эмне ойдо экен катарым?
Мен өзүмдүн тагдырыма капамын.
Заманымдын керегине жарабай
Эрте кургап, муздап бара жатамын.

Бул саптарда сабыр менен араң токтоткон чыңырык, сарсанаага чыланган кусалык, ар кандай мерестин да муунук бошотуп жиберчү кайгы күчү бар.

Мен жашадым өз күнүмө таарынбай,
Кара тилек, жаман ойго багынбай.
Түк билинбей өтүп кетет окшоймун
Бир кеченин жаап кеткен карындай.

Ушундай армандуу интонациялар ырды баштан-аяк аралап өтөт. Билинбей аппак жааган түнкү кардын элеси ырдын кейиштүү колоритине жарык шоола түшүрүп, кандайдыр аруулуктун айдыңын берет. Ошентсе да жалпысынан ал ыр оор кайгынын алкагында калып жатат.

Албетте, Осмонов жер үстүндөгү ар бир тирүү жан өлүмгө кириптер экенин, дүйнөгө келгендердин баары өнүп-өчүп, алмашылып турарын жакшы билген:

Өмүр кең, соолор гүлдөр… өчөр, жанар,
Бат карып, бат эскирип, бат жаңырар.
Эмесе: бул дүйнөгө туулуу менен
Кайрадан ар адамдын өлмөйү бар.

Ушундай көз караштан улам ал кээде өлүмгө тымызын ирония менен, атүгүл бир кыйла кайдыгер караган. «Эскерме» деген ырында ал куду базарга бара турганын жай айтып жаткансып мындай дейт:

Кайтпас күнгө калкып кете беремин,
Кайсы күнү тагдырыма кез келсе.

Бирок өлүм жанына чындап келгенде, ал өлүмгө кайдыгер карап тура алган эмес. Бар болуп туруп, анан кайра жок болуп калуу ага дүйнөдөгү барып турган адилетсиздик катары сезилген. Ал мындай адилетсиздикке ынана албай, көнө албай, бүткүл жаны менен каршы чыгат:

Баары өзгөрөт, баары өчөт дейт турмушта.
Мен өзгөрбөй, өчпөй койсом не болот?
Өчөр күнүм үйгө бара жатканда
Токмок жактан келбей койсом не болот?
Токмокко жөнөйм,
Таттуу коонун тандап жейм.
Миң жыл бою
Кайра үйүмө бир келбейм.
Айт, кимдин карзы бар?

Бу саптар бир караганга айыпсыз тамаша сыңары сезилиши мүмкүн. Аларды акындын оригиналдуу фантазиясынын өзүнчө бир тентектиги катары кабыл алса да болот. Алар бир кур жаш баланын кыялына же сөзүнө да окшошуп кетет. Эмнеси болсо да ал саптар таптакыр адаттан тышкары айтылган. Бирок ошол адаттан тышкары шарттуу-поэтикалык форма аркылуу акын жүрөгүн тынымсыз өйкөп, санаасын санга бөлүп жүргөн олуттуу оюн жана ыймандай сырын айткан.

Деги Алыкул Осмонов соңку өмүрүндө өлүм акыйкатын чымыркана ойлонуп жүрүп өткөн. Так төбөсүндө кылга илинген кылыч баштанып салаңдап турган ажалы анын оюн өлүм маселесине кайра-кайра жетелеп келе берген. Ар бир адам сыяктуу эле а да өлүмдөн заарканып корккон, өлө турганын ойлой-ойлой жаны кашайган, өлгүсү келбей кыял-акылын далбасалатып да көргөн. Анан ушулардын баары анын ырларында айкын из калтырган. Бирок Алыкул көп узабай көз жумарын алдын ала көрүп турса да, ажалдан заарканганын ныгыра басып, ноюбас кайрат жана тынымсыз эмгек менен жашаган; турмушка жайдары мүнөз менен карап, жалпы элибизге замандаш жана тагдырлаш экенине канааттанып өмүр сүргөн, өзүнүн өлбөс бойдон калышын эңсеп, өлбөстүккө алып барчу жолдорду издеген. Ооба, өлбөстүк тууралу ой анын көңүлүн дайыма уялап жүргөн.

Сүйлөр сөз: өнөр кууган саякатың
Узарткан сапарыңды өлбөс бактың,
Дал ошол бактың турган көл боюнда
Бир турса кичинекей менин атым.
Ызаттап мрамор ташка тамга баскан
Эстүү журт арбагыңды кадырлашкан
Сага окшоп көл боюнда атым турса,
Эмне арман?.. Муштумдай бир кара таштан.

Ал Пржевальскийге арналган ырында ушундай тилек кылган. Улуу саякатчыга коюлган эстелик акынга өлбөстүктүн бир жышааны катары сезилген. Атүгүл, ал өлгөн адамдан мурас калып, аны эске салган бардык нерселерден өлбөстүктүн кадыресе белгилерин көргөн. Маселен, «Жактырдым» деген ырында ал Жапар аттуу койчунун мүрзөсүнөн анын улактарын көрүп, бир саамга ыраматылык койчуну куду тирүүсүндөй элестетип кеткенин жай гана баяндап берет да, анан ушул кичинекей турмуштук фактыны дароо өз тагдырына байланыштырып, мындай бир күтүүсүз тыянак чыгарат:

Мейли түндө, мейли бешим, күүгүмдө
Жанар күнү башка түшкөн күнүмдө
Мен өзүмчө өлбөс күн деп эсептейм
Бир тирүү жан тепсеп турса үстүмдө.

Ушул ырларынын көркөм логикасына үңүлүп көрсөк, Осмонов өлбөстүктүн ишенчиликтүү гарантиясын адамдын көпчүлүк үчүн жасаган эрдигинен, жер үстүнө калтырган эмгегинен көрүп жатат. « Баса, акын дагы бир ырында ачыктан ачык эле минтип айтат:

Анда калган күзгү сонун күндөрдү
Мени өлтүрбөс эмгегимдей сагындым.

Алыкул Осмоновдун өмүргө жана өлүмгө карата жалпы акындык мамилесинде муңайым акылмандык, басмырт оптимизм, чыныгы кайрат бар. Акын ушул багыттагы мыкты ырлары менен кыргыз поэзиясынын философиялык деңгээлин бир кыйла бийиктетип кетти. Ал ошондой эле өзүнүн поэтикалык мурасчыларына өлүм деген ойлонбой кое турган маанисиз нерсе эмес экенин, өлүм тууралу да олуттуу ой жүгүртүп, өлбөс ыр саптарын жаратса боло турганын таасын көрсөтүп кетти. Баса, дал ушул жерге Твардовскийдин бир пикири тим эле эп келе калганы турат.

Александр Твардовский бир макаласында кыстаган турмуштун, күндөлүк мээнеттин, ыбырсып бүтпөгөн оокаттын айынан көпчүлүк адамдардын өлүм жөнүндө абстракттуу ой жүгүртүшкө чолосу деле тийбестигин, андай философиялык ойлор көр оокаттан бейгам кишилердин гана энчиси экенин айтып келип, мындай бир терең бүтүм чыгарат:

«Ырас, эртеңки ырыскынын камын деле жебеген далай кишилер «баарыбыз өлөбүз, баарыбыз көргө барабыз» дегендей көнүмүш сөздөрдү ооз учунан ойлонбой айтышат да, өздөрүнүн акыр бир күн күм-жам болору толук реалдуу экендигин чындап ойлошпойт, ойлошсо да, түпкүлүгүндө качып кутулбас өлүм келсе, жок эле дегенде өзүбүзгө ыңгайлуу убакта келет дегенсип тоотмоксонго салышат. Мындай ойсуз-камсыз адамдардын арасынан кээ бир кырдаалда, асыресе өлүм реалдуулугу сыноочу саатта ажалдан айбанча калчылдап коркуп, андан баш куткарыш үчүн баарына, а түгүл чыккынчылыкка кылчайбай бара тургандар да чыгып калат. Албетте, мен муну менен өлүм жайы оюнан кетпеген кишилер дайым эле өлүмдү ойлонбогондордон жакшыраак болот деп айткым келбейт. Бирок өмүрүңдө аттап өтө албас акыркы чек бар экенин ачык-айкын билгениң жана кайрат менен аңдаганың, бу дүйнөдө жасаганың жана жасай турганың үчүн коом менен өз уятыңдын алдында жоопкер экениңди сезгениң (эгер, булар жашоо кумарың жана кишилерге деген мээримиң менен айкалышып кетсе) өзүн өзү алдаганга жана сараң берилген өмүрдү ойлонбой зарп кылганга караганда татыктуураак позиция эмеспи»[16].

Акырында айтчу нерсе: Осмоновдун дүйнө, өмүр, өлүм жөнүндөгү ырлары өз тагдырына байланыштуу жазылганда гана кадыресе күчтүү чыгып, нукура поэтикалык касиет ала алган. Ал эми ошол темалардын тегерегинде абстракттуу философчулук кылганда, анын калеминен «Алданба», «Толкуйт да кайра басылат», «Дүнүйө» дегендей сезим даарыбаган, карандай насаатка шыкалган, позицияга кыйыр тиешеси бар ырлар чыккан.

«Көркөм сөз маселелери» китебинен,»Кыргызстан» басмасы» 1982-ж.

Уландысы мында>>>>>>>>>>>

[1] Алыкул Осмонов. Чыгармалар жыйнагы. том 2, 8-бет.

[2]Вопросы психологии. 1955, № 7, 34-бет.

[3]Ленинское наследие и литература. XX века. М., 1969, 135—136-беттер

[4] Горький А. М. Полн. собр. соч., т. 29, 259—260-беттер.

[5] Жусупов Кеңеш. Ыр сабындагы өмүр. Фрунзе: 1974, 10—11-беттер.

[6] Буева Л.П. «Социальная среда и сознание личности». М.; Политиздат, 1968, 202—204-беттер.

[7] Токомбаев А. Эстеликтен. Китепте: Акындын элеси, Фрунзе: Мектеп, 1965, 6—7-беттер.

[8]Кон И.С. Социология личности. М., 1977, 358-бет.

[9]Маркс К., Энгельс Ф. Соч., том. 3, Зб-бет.

[10]Жусупов Кеңеш. Ыр сабындагы өмүр. Фрунзе: Мектеп, 1974, 27-бет.

[11]Акындын элеси. Фрунзе: Мектеп, 1965, 21-бет.

[12] Ошол жерде, 21-бет.

[14] Акындыи элеси. Фрунзе: Мектеп, 22—23-беттер.

[15] Довженко А. Собр. Соч. т. 4, М.: Худож. лит. 309-бет.

[16] Твардовский А. Статьи и заметки о литературе. М., 1973, 61-бет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.