Болот Шер боюнча Конгантиевдер менен Акылбек Жапаровдун жалган жалаасы эмнеден чыкты?

2010-жылы 6-апрель окуясында Талас шаарында митингчилердин ур-токмогуна кабылган Молдомуса Коңгайтиев Убактылуу өкмөт козгогон кылмыш ишинде анын ошол кездеги иш-аракеттеринде кылмыш курамы болгон эместиги туурасында соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы аны расмий түрдө акталды деген маалымат таркаары менен Кyrgyztoday.кg маалымат булагына «Молдомуса Конгантиевдин агасы Камбаралы Конгантиев 7-апрелде Убактылуу өкмөт тарабынан КР Ички иштер министри болуп дайындалган милициянын отставкадагы капитаны Болот Шерниязовго (Болот Шер) жалынып барып, инисин Таластан барымтадан аман алып чыгып берүүсүн суранган. Болот Шерниязов ал кызматын $150 миң долларга баалаган. Акчасы жок […]

Украин эл жомогу: Коркконго кош көрүнөт

Кичинекей чабак балык Клопик өзүнүн бош убактысында деңиз түбү менен сейилдеп, анын жашоочулары менен таанышканды жакшы көрүүчү. Анын үстүнө деңиздин түбүнөн көп кызыктуу буюмдарды табууга болот эле. Бир жолу ал өз үйүнөн батыш тараптагы жээкке жакын аймакты аралап келүү үчүн жөнөдү. Бул жерден осминог Вольт экөө деңиздин табышмактуу үстү жагынан түшкөн абдан кызыктуу буюмдарды көп табышчу. Ал компас, якордун сыныгы, жылтыраган жез тыйын сыяктуу табышмактуу нерселер адамдарга тиешелүү болгондуктан деңиз түбүндө жашаган жаныбарлардын кызыгуусу менен таңгалуусун абдан жаратчу. Бул жолу […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Бешик ырын бешик гана жарата алат

Филология илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык Айтматов академиясынын академиги, тил теориясы, лексикология, грамматика, көркөм чыгарманын тили, стилистика, кеп маданияты жаатындагы адис, жазуучу Бейшебай Усубалиев Нарын районунун Оттук айылында туулган. Учурда Махмуд Кашгари – Барскани атындагы Чыгыш университетинин Эсенгул Ибраев атындагы журналистика жана коом менен байланыш кафедрасында профессору. 300гө чукул илимий эмгектин, “Түркүк”, “Кѳз”, “Түтүн”, “Түн” аттуу прозалык жыйнактардын автору. «Түтүн», «Түн»  аттуу жыйнактары Кыргызстан Жазуучулар союзу тарабынан жылдын мыкты китеби деп таанылган, «Кызык», «Шишек» аттуу аңгемелери «Кыргызстан маданияты» гезитинин; “Гарбочок” […]

Кыргыз тарыхы: Макелек Өмүрбайдын “илимий” жоромолдору

1-макала Тарых – тактыгы менен айырмаланган илим. Тарыхнаамалык түрмөктө бул ирет КЭРдеги калемгер Макелек Өмүрбайдын илимий чындыкка коошпогон айрым жоромолдору жөнүндө кеп козголот. Биринчи бөлүм. “Платон досум – бирок…” Илим чөйрөсү улам жаңы маалыматтар, улам жаңы табылгалар аркылуу байып турат. Кыргыз тарыхы деле так ушундай тармак. Кыргыз тарыхына таандык жаңы маалымат делген нерселер улам талданып жатканы демейдеги эле көрүнүш. Албетте, “жаңы” делген кээ бир маалыматтар салыштырма изилденип келгенде “фолк-хисториге” таандык, б.а. эч кандай фактологиялык негизи жок эле ойдон чыккан жоромолго […]

Мезгил ИСАТОВ: Жылдар – кубалашкан толкундар

ЭССЕ Бир күн Мен адам болбойм. Жарымы түш жашоодо. Бул санат Өлүмдү сурады менден… Дубалдагы саатты карап, “Бүгүнкү күн да кетти” дептирмин. Ошондо сааттан корктум. Сааттын жебеси жылат. Чыкылдаган үнү мээме сайылгандай шаштырып, алактатып жиберет. Кайда шашабыз, билбейм. Шашсаң деле жетпейсиң. Баарынын соңу бир го. Мен шашпайм… Мен сыяктуу көп нерселер ордунда. Сааттын жанындагы сүрөттө илинип турам. Төрт чарчы жыгач ичинде мына-мына мени көргөнү бирөөлөр келчүдөй тынч бөлмөдөн тынчтыкты издей баштадым. Ушул сүрөттө калыптырмын. Кетенчиктеген көз караштарым да кошо илинүү. […]

Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын адеби – Жөндүүлүк

Ааламдашуу доорунда ар бир эл өз нарк-сөөлөтүн өксүтпөй сактап калышы үчүн, оболу, өзүнүн барк-дөөлөттөрүн терең аңдап-таанып, алардын жаралуу жана калыптануу жолунун мыйзам ченемдүүлүктөрүн кылдат өздөштүрүп, алардын өрүштүү көрүнүштөрүн күнүмдүк жашоо-турмушунда кеңири колдоно билиши зарыл. Мында адептик асылнарктардын тарыхын жана табиятын маданий өңүттө таанып-билүүгө бөтөнчө орун таандык. Адатта, маданиятты коомдогу көркөм кунары бийик, эмоциялык таасири күчтүү рухий жана материалдык дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, өздөштүрүү жана жайылтуу системасы катары карашат. Тарыхый-маданий өңүттөн алганда, тигил же бул дөөлөттүн жаралышы коомдук талап менен аныкталат. Талап […]

Үмүт АСАНОВА: Таза аң-сезим жана бекем үй-бүлө – бекем мамлекет

«Ар бир нике мамлекеттин керегине жараш керек» (Платон) Япондук аялга кайрылып, суроо беришет: — Сиз эмне үчүн мамлекеттик жумуштарда иштегенге аракет жасабайсыз?   Япондук аял жооп берет: — Анда балдарымды, күйөөмдү  ким карайт? Мен өзүмдү да жакшы алып жүргөнүмө убакытым да, чолом да жетпей калат да…  «Ар бир бактылуу үй-бүлө бири-бирине окшош, бактысыз үй-бүлөлөр өз алдынча бактысыз» деп жазган улуу орус жазуучусу Лев Толстой. Бактылуу же бактысыз үй-бүлө деген түшүнүктөрдүн көрсөткүчтөрүнө эмнени киргизебиз? “Бактылуу үй-бүлө” деген аныктама кулакка жагымдуу, кайсы бир […]