2010-жылы 6-апрель окуясында Талас шаарында митингчилердин ур-токмогуна кабылган Молдомуса Коңгайтиев Убактылуу өкмөт козгогон кылмыш ишинде анын ошол кездеги иш-аракеттеринде кылмыш курамы болгон эместиги туурасында соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы аны расмий түрдө акталды деген маалымат таркаары менен Кyrgyztoday.кg маалымат булагына «Молдомуса Конгантиевдин агасы Камбаралы Конгантиев 7-апрелде Убактылуу өкмөт тарабынан КР Ички иштер министри болуп дайындалган милициянын отставкадагы капитаны Болот Шерниязовго (Болот Шер) жалынып барып, инисин Таластан барымтадан аман алып чыгып берүүсүн суранган. Болот Шерниязов ал кызматын $150 миң долларга баалаган. Акчасы жок Конгантиевдер өздөрү жашап жаткан квартирасын күрөөгө коюп, Өмүрбек Бабановдун банкынан $150 миң доллар карыз алышкан. Ошондон кийин гана министр Болот Шерниязовдун жигиттери Молдомуса Конгантиевди Таластан Бишкекке аман-эсен жеткирип берген. Кийин Конгантиевдер квартирасын сатышып, Өмүрбек Бабановдун карызынан кутулуп жана ошол, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Бабановдун “Республика” партиясына иштеп беришкен» деген маалымат таркатылды.

Бул туурасында 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөт мүчөсү, КР Ички иштер министри болуп турган Болот Шерден тактаганыбызда, мындайча жооп узатты:

«Адегенде логикалык суроо коюп көрөлүчү: 6-апрелдин түнү колума кишен салынып, коопсуздук кызматынын абагына жеткирилсем. Бакиевдердин кандуу бийлигинен канчалаган кырчындай жаштардын өмүрү кыйылып, өлкөдө кооптуу кырдаал орноп турганда – кандай адам саясый кызыл кулактык кылууга барат эле?! Мен ошол убакта Конгантиевдерден 150 миң доллар сурай турган акыбалда белем, ошого абийирим барат беле?! Өзүм эки жолку инсульт алганыма карабай Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин милдетин аркалоого туура келип турган мезгилде – Молдомуса Конгантиевди аман сактап калууга жасаган аракетим үчүн соодалашуу акылга сыйар ишпи?» – деп жооп кайтарган коомдук ишмер Болот Шерден мындай жалган жалаа үчүн Конгантиевдерди сотко бересизби деген сурообузга жообу: «Адамдын сот абийири деген болот. Эгер Конгантиевдин жүрөгүндө абийир болсо, менин дарегиме карата айтылган жалааны өзү жокко чыгарат деген ойдомун. А мүмкүн божомол-дөдөмөл менен нанын таап жеген журналисттердин фантазиясынан чыккан каралоо болсо, муну да Конгантиевдер өздөрү жокко чыгарууга тийиш», – дейт.

Кyrgyztoday.кg жарыялаган ушул эле маалыматта «…ошол 2010-жылы 6-апрелде Таласта айтылуу Акылбек Жапаровду барымтага алышканда аны бошотуу $200 миң долларга бааланып, ал акчаны Жапаровдун туугандарынан Болот Шерниязовдун жан сакчысы Нияз деген жигит келип алып кеткени«туурасындагы маалыматты да жалган жалаа деп билдирди. «Бул маалыматты да Акылбек Жапаровдун өзүнөн тактап алгыла, мага ал 200 доллар бергени чын бекен? 8 жылдан бери «Атамекен» партиясынын мүчөлөрүнө мародерлук боюнча бир да фактыны мойнубузга коё албаган Атамбаевдин аракети бүтүп, эми ушулардыкы калдыбы?!» – деди Болот Шер.

«РухЭш»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *