Абдыкерим МУРАТОВ: Түркия үчүн Кыргызстандын билим берүү тармагы сынак полигонубу?

Биздин өлкөдө 1992-жылдан бери иштеп жаткан жана планетадагы эң зобололуу университеттерге кирүүгө жана дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаша алган миңдеген бүтүрүүчүлөрдү окутуп-тарбиялап чыгарган, мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” билим берүү мекемелерине асылуу ар кандай өнөктүктөрдүн алдында от ала калат. Президент Сооронбай Жээнбеков апрель айында Түркияга расмий сапар алдынан ушундай болгон. Режеп Тайип Эрдоган бүт бийликти колго алып жаткан ушул тапта да ошол маселе көтөрүлүп атат. Сентябрда Түркия башканы Кыргызстанга келгенде бул маселе дагы коюлат шекилдүү. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат мырзанын […]

Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын башаты – Мекен

«Топурактан жаралганбыз, топуракка барабыз» деген элдик түшүнүктүн төркүнү эл тамыры менен жер тамыры киндиктеш экендигин шоораттап турат. Кыргыз баласы туулган жерин ата мекеним, ата журтум, ата конушум деп, жердин ээсин аталар деп түшүнгөн. Ошондуктан, уул балдарда мекенди, эл-жерди коргоочулук сапаттар тарбияланган. Жоокерчилик замандарда элибиз маркумдардын сөөгүн бөтөн жерге калтырбай, өз жерине алып келип жашырышчу экен («Өгүздүн (огуздун) өлгөн жерине өкүр»). Айылдан узап баратканда же ага келатканда адегенде арбактарды эсте деп, мүрзөнү айылдын кире беришине, же секиге, көрүнүктүү жерге коюшчу экен. […]

Михаил Зощенконун балдар үчүн жазган аңгемелеринен

Акылдуу жаныбарлар *   *   * Пилдер менен маймылдар аябай акылдуу болот дешет. Бирок башка жаныбарлар деле келесоо эмес. Мына, карагылачы, мен кандай акылдуу жаныбарларды көргөнүмдү айтып берейин. Акылдуу каз Бир каз короодо сейилде жүрүп бир сындырым каткан нан таап алды. Ал нанды тумшугу менен чокулап, майдалап жегенге аракеттенди. Бирок нан ушунчалык кургап калган экен, каз аны майдалай албай катуу убара чекти. Бүкүлү жутуп жибергенге батынган жок, балким андай кылса каз ден-соолугуна зыян кылмак. Казга жардам кылып, нанды майдалап берүүнү чечтим. […]

Габриэль Гарсиа МАРКЕС: Менин муң-зарлаш шуркуяларым

Кириш сөз ордуна Улуу сөздүн устаты, алп жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин эң акыркы чыгармасы тууралу адабият айдыңында али көп сөз боло элек. Айтылар сөздөр алдыда болсо керек. Нобель сыйлыгынын лауераты, дүйнөгө магиялык реализм багытындагы улуу чыгармаларды берген колумбиялык алп жазуучу Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылы”, “Полковникке эч ким кат жазбайт”, “Патриархтын күзү” сыяктуу шедеврлери менен аздыр-көптүр адабиятты түшүнөм дегендер тааныш чыгар. Маркестин бул повести 2004-жылы испан тилинде басылып чыгат. Китеп жазуучунун 20 жылга созулган тыныгуусунан кийинки жазылган алгачкы (1985-жылдан баштап ал […]

Салижан ЖИГИТОВ: Акын ачкан дүйнөлөр (2-бөлүк)

<<<<<<<<<<<<<<<Башы ушул шилтемеде «Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн» дегендей, кайсыл гана акын ашыглык жайынан сөз козгобойт! Ыр жазгандардын сырдаштык лирикадан кыйчалыш өткөнү кемде-кем эле табылса керек. Алардын бир даары чын эле сүйүү отуна күйүп тургандан ыр чыгарат, сүйгөн жарына деген жаркын мээримин, ар кыл ой-сезимдерин, тарткан азаптарын, күйүттүү армандарын илептүү ыр саптары аркылуу жарыя айтат. Бирок кээ бир акындар өздөрү сүйүү машакатын башынан өткөрбөсө деле, ашыглык сезиминен ичи элжиреп же буулугуп турбаса деле ошо чындап күйгөн акындарга таасирленип ыр жаза […]