Кириш сөз ордуна

Улуу сөздүн устаты, алп жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин эң акыркы чыгармасы тууралу адабият айдыңында али көп сөз боло элек. Айтылар сөздөр алдыда болсо керек. Нобель сыйлыгынын лауераты, дүйнөгө магиялык реализм багытындагы улуу чыгармаларды берген колумбиялык алп жазуучу Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылы”, “Полковникке эч ким кат жазбайт”, “Патриархтын күзү” сыяктуу шедеврлери менен аздыр-көптүр адабиятты түшүнөм дегендер тааныш чыгар.

Маркестин бул повести 2004-жылы испан тилинде басылып чыгат. Китеп жазуучунун 20 жылга созулган тыныгуусунан кийинки жазылган алгачкы (1985-жылдан баштап ал эскерүүлөр китебин гана жазып калган) чыгармасы эле. Повесть дүйнөнүн көп тилдерине которулган. Орус тилиндеги котормосу (Людмила Синянская) 2005-жылы “Онлайн” басмаканасында басылып чыгат.

Бул китеп – сүйүү тууралуу. Бүт өмүрүн аялдар менен болгон жеңил-желпи байланыштарга коротуп, а бирок жан дүйнөсү солк этпестен бул дүйнөдөн өтүп бараткан адамдын сүйүүсү жөнүндө. Жашоосунун акыркы күндөрүндө ага келген сүйүү – ажайып жана кайгылуу, ал анын жашоосун маани-маңызга толтурат, кадимки эле жөнөкөй нерселердин керемет жактарын ачып көрсөтөт жана кесибинин муздак аспабына айланган өлүү денесине жылуу илеби менен жан киргизет.

Ошондой эле бул китеп карылык жөнүндө. Дал ошол каалоолор күчүндө, бирок күч түгөнүп бараткан кез тууралу. Бул маалда адамга акыркы акылмандык, жашоонун эң сонун жаркыраган жактарын, өмүрдүн ташбоордугун, кайрылып келгис күлүктүгүн жашырып-жаппай, ачык, кандай болсо ошондой, алдамчы кыялдарсыз көрө билүү жөндөмдүүлүгү келет.

ПОВЕСТЬ

— Ал мындай жаман адаттан алыс болушу керек болчу, — деди аял короолош жашаган кары кишиге. — Уктап жаткан аялдын оозуна колун салбаш керек жана ушуга окшогон нерселерди кылбаш керек.

Ясунари Кавабата, “Уйкудагы сулуулардын үйү”

Токсон жашка толгон күнү өзүмө өзүм белек кылууну чечтим, ушул күнү жаш өспүрүм кыз менен махабаттын лаззаттуу түнүн өткөрөм. Эсиме жашыруун жолугушуулар үйүнүн ээси Роса Кабаркас түштү, ал ар дайым колуна “жаңы”, бузула элек кыз келип түшөрү менен бул тууралу боорукер эски кардарларына билдире турган. Мен анын бул адепсиз сунуштарына азгырылчу эмесмин, ал болсо менин жашоо эрежелеримдин тазалыгына ишенчү эмес. “Адеп – бул болгону убактылуу иш, — дечү ал заар жылмайып, — мезгили келгенде буга өзүң ынанасың”. Роса менден жашыраак эле жана ал тууралу көп жылдардан бери кабар уга элек болчумун, андыктан ал өлүп калган болушу деле мүмкүн. Бирок телефон түтүгүнөн угулган анын үнүн ошол замат эле тааный койдум жана эч кандай алдын алып сүйлөп олтурбай мындай дедим:

— Бүгүн сага “ооба” деп жооп берем.

Роса үшкүрүндү: — Эхх, менин кайгылуу акылманым, жыйырма жылга жоголуп кетесиң дагы, мүмкүн эмес нерсени суроо үчүн гана кайрылып келесиң. Бирок кайра кызматы эсине түштү көрүнөт, мага бир нече эң сонун деп эсептеген бийкечтерин сунуш кылды, бирок алардын баары пайдаланылгандар эле. Мен өзүмдүкүн бербедим, бул сөзсүз аруу кыз болушу керек жана дал бүгүнкү түнү табылышы керек. Роса чочулап сурады: “А сен эмнени сезгиң келип жатат?” – “Эчтекени, — дедим мен, дал оорулуу жериме тийген анын бул суроосуна, — эмнени жасап, эмнени жасай албасымды өзүм жакшы билемин”.

Ал кебелбестен туруп, акылмандар баарын билем деп ойлоорун, бирок баарын билбестигин эскертти: “Жер жүзүндө калган жалгыз Бийкечтер булар – август айында ушул белгинин астында төрөлгөндөр. Эмнеге мага эртерээк кабар бербедиң?” — “Эргүү айттырып келбейт”, — дедим мен. “Бирок күтүп тура алат да”. Роса дайым баарын ар кандай эркектен жакшы түшүнчү. Ал жок дегенде эки күн берүүнү суранды. Мен ага жок, болбойт деп, менин жашымда бир күн бир жылга татырлыгын олуттуу үн менен эскерттим. “Болбосо болбойт, — деди ал олку-солкулуксуз, — бирок эчтеке эмес, атүгүл кызыктуу да болуп баратат шайтан алгыр, мен сага бир сааттан кийин коңгуроо кыламын”.

Мен муну айтпасам деле болмок, себеби баары ансыз деле айдан ачык, мен көрксүз, тартынчаак жана кары кишимин. Бирок мындай болууну каалабастан, баары теңирден тескери деген түр көрсөттүм. Бүгүнкү таңдан баштап чындап эле кандай экенимди аныктап алууну чечтим. Муну Росе Кабаркаска болгон демейдегидей эмес коңгуроодон баштадым. Анткени, бул мен азыр гана түшүнгөндөй, жаңы жашоонун башталышы эле. Адатта бул жашта, көпчүлүгү эбак жер жазданып калышат эмеспи.

*   *   *

Мен  өмүр бою Сан Николас сейил багынын түштүк тарабындагы кооз ак сарай сыяктуу салынган үйдө аялсыз жана байлыксыз жашап келдим, бул жерде ата-энем жашап жана өлүштү, мен дагы ушул жерде өзүм төрөлгөн керебетте жалгыздыкта, шашылбай жана ооруну сезбестен өлүүнү каалачумун.

Менин атам бул үйдү XIX кылымдын аягында арзандатып сатуудан пайдаланып сатып алган экен, төмөнкү кабатты италиялыктарга берип, ал эми экинчи кабатты алардын кызы, Моцарттын чыгармаларын эң сонун аткарган, көп тил билген бийкеч Флорина де Диос Каргамонтос менен бактылуу жашоо үчүн өзүнө энчилептир. Бул аял эң сулуу жана эч кимде жок касиетке ээ аял эле. Ал менин апам болучу.

Гипстен жасалган түркүктөрү бар, тактайлары шахмат чиймелери салынган флорентия оюулары[1] менен кооздолгон бул кенен жана жарык үйдүн айнектелген төрт эшиги үйдү тегерете курчап турган балконго чыга турган, апам март айынын кечтеринде ал балконго италиялык бөлөлөрү менен махабат арияларын ырдоо үчүн чыгыша турган. Балкондон Сан Николас сейил багы, Христофор Колумбдун чиркөөсү жана айкели көрүнчү, андан арыраак жээк бойлой шарап сакталчу жер төлөлөр, алардын артында улуу Магдалена дарыясынын чалкып жаткан аймагы бар. Бул үйдөгү жалгыз ыңгайсыздык — кечке дейре ар бир бөлмөгө баш багып чыгуучу күн эле, андан качып, түшкү дем алышта кайнап ысыган караңгылатылган бөлмөдө азырак болсо да уктап алганга аракет кылып, бардык терезелерге парда тагып чыгууга туура келет.

Отуз эки жашымда жалгыз калып ата-энем уктоочу бөлмөгө көчтүм да китепканага кирүүчү эшикти ачып менин жашоомо керексиз нерселердин баарын сата баштадым, көрсө пианола менен китептерден башкасынын баары керексиз экен.

Кырк жыл бою мен “Диарио де‑ла‑Пас” гезитинде жергиликтүү калкка дүйнөлүк жаңылыктарды жеткирип жүрдүм. Бүгүн ошол кесибим үчүн берилчү пенсияны алып, өлбөстүн күнүн кечирип келем; латын жана испан грамматикасын үйрөткөнүм үчүн дагы бир аз каражат төлөшөт, жарым кылымдан ашуун  жазып келаткан жекшемби күнкү  музыка жана театр жөнүндөгү кабарларым үчүн дагы бир аз тыйын-тыпыр аламын.

Мен эч качан жазгандан башка иш менен алек болбодум, бирок менде буга өзгөчө жөндөмдүүлүк же шык деле жок, драматургиялык композициянын мыйзамдарын дээрлик билбеймин, бул ишке киришип алганымдын себеби, турмушумда окуп чыккан көптөгөн китептердин таасиринен улам өз күчүмө ишенгендигим болду. Орой айтканда, мен – тукумдун мыкты касиеттеринен куржалак калган бир байкушмун, эгерде менин ушул эскерүүдө айтылчу улуу махабатым болбосо, артымда калган муунга калтырар эчтекем да болмок эмес.

… Өзүмдүн туулган күнүм тууралу дайымкыдай эле эрте мененки саат 5те эстедим.  Бүгүнкү кылар жалгыз жумушум, “Диарио де‑ла‑Пастын” жекшемби күнкү саны үчүн жазылчу макалам. Өзүмдү бактысыз сезишим үчүн сөөктөрүмдүн зыркырап ооруганы, арткы тешигимдин ачышканы, үч айга созулган кургакчылыктан кийинки күндүн күркүрөгөнү жетиштүү эле. Мен кофе даяр болгуча жуундум, андан кийин аарынын балы кошулган таттууланган кофе ичип, маниоки унунан жасалган эки токоч жедим да жибек костюмумду кийдим.

Макаланын темасы, албетте, менин токсон жылдыгым эле. Мен эч качан өз курагым тууралу ойлонбогом. Канчалаган суулар акты… канча кыш, канча жаз…

Бала чагымда адам өлүп баратканда жанында турган жакындарын уят кылып, чачтарындагы биттери жаздыкка чуркап чыгары жөнүндө уккамын. Бул мени катуу таңгалдыргандыктан мектепке барарда чачымды устара менен кырдырып салдым, андан калган түктөрдү иттерди жуундурган ачуу самын менен жышып жуучумун. Башкача айтканда, мендеги уяттан коркуу сезимдери бала чактан өлүм тууралу түшүнүктөргө караганда жакшы өнүккөн.

Бир нече айлардан бери юбилейлик макалам өткөн жылдар үчүн кайгыруу эмес, тескерисинче, карылыкты даңктоо болот деп ойлоп жүргөм. Өзүмдү качантан бери кары сезип жүргөнүмдү ойлоно баштаганымда, кечээ жакынкы эле күндөрдөн бери экен. Далым ооруп, дем алууга кыйын болгонунан дарыгерге барганымда кырк эки жашта элем. Дарыгер болсо буга маани берген жок: “Бул сиздин жашыңыз үчүн нормалдуу көрүнүш”, — деген жыйынтык чыгарды ал. – “Мындай болгондо, — деп ага каяша айттым, — менин курагым нормалдуу эмес”. Дарыгер мени аягандай жылмайып койду. “Философ экениңизди көрүп турам”, — деди ал.

Ошондон тартып, ар бир күнү жаңы оорулар менен ойгоно баштадым, жылдар болсо өтүп жатты. Кээде өлүм эшик каккылап жаткандай сезилип, бирок эртеси эле соо болуп каласың. Дал ошол кездери ким бирөө мындай деп калды, карылыктын биринчи белгиси адам өзүнүн атасына окшошо баштайт. Андай болсо мен түбөлүк жаш болууга буйрулганмын го деп ойлочумун ал кездери, себеби аттыкындай болгон сүйрү жаагым атамдыкына да, Рим императоруна окшогон апамдыкына да окшобойт. Мунун себеби, адам өзүндөгү биринчи өзгөрүүлөрдү адегенде эч байкабайт, ал өзүн көпкө дейре ичинен көрүп жүрө берет, ал эми башкалар андагы бул өзгөрүүлөрдү биринчи болуп байкашат.

Элүү жашымда эс тутуум жайында болбой баратканын байкап, карылык келгенин түшүнө баштадым. Көзүмдө турган көз айнекти издеп, үй ичин үч көтөрчү же көзүмдөгү көз айнекти байкабастан душ кабыл алчу болдум. Бир жолу мен буга чейин түштөнгөнүмдү унутуп калып, экинчи ирет түштөнүпмүн жана бир жума мурун айткандарымды досторума кайталаганда алардын тынчсыздануусун байкадым.

Кумарлануу жаатындагы карылык анчалык тынчсыздандырбады, себеби менин мүмкүнчүлүктөрүм жалгыз эле менден эмес, аялдардан да көз каранды эле, алар качан жана кантип каалаганды билишет. Бүгүн мага сексендеги жаш балдардын  токсонго барганда мындан бешбетер болорун билбестен бул туурасында дарыгерге чуркап баргандары күлкүлүү, токсонго чыкканда бул маанисиз болуп калат, бул сенин али тирүү экендигиң үчүн төлөм. Турмуштун салтанаты мына мында, карылардын эс-акылы керексиз нерселерди эске сактабайт. Цицерон муну бир эле сөз менен айтып койгон: “Байлыгын кайда катканын унутуп койгон бир да чалды көрбөдүм”.

Ушундай эскерүүлөр менен кол жазмамды аяктаганымда августтун күнү сейил багындагы бадам дарактарына нурун чачып, кургакчылыктан улам бир жумага кармалган почто пароходу кыйкырып, порттогу каналга келип токтоду. Айласыздан ойлондум, мынакей, менин токсон жашым сүзүп келди. Эмнеликтен экендигин эч качан билбесем керек, бирок жанымды алсыратып бараткан эскерүүлөргө каршы турар амал издедимби, айтор менин юбилейимдин урматына буркан-шаркан түшкөн түн уюштуруп берүүгө жардам берүүсүн суранып, Росе Кабаркаска чалдым.

Мен көп жылдардан бери денем менен бир пикирде, классикалык музыкаларды угуу жана сүйүктүү латын авторлорунун китептерин окуу менен жашап келгемин, бирок ошол күнү менде ушунчалык бир башкача сезимдерди эңсөө пайда болгондугунан муну Кудайдын белгиси деп түшүндүм. Телефондогу сүйлөшүүдөн кийин жазууга да колум барбады. Асма төшөгүмдү китепкананын күн тийбеген жерине илип коюп, ага жата кеттим, ал эми көкүрөгүмдү жан кыйнаган күтүү кыса баштады.

Мен ар тараптуу таланты бар, элүү жашында кагынма оорусунан каза тапкан эненин эрке баласы элем, атам болсо абдан чынчыл жашаган жана согушка чекит койгон Неерланд келишимине кол коюлган күнү өзүнүн жесирлик төшөгүндө каза тапкан.

Мен бир да аял менен бекер жатып көргөн эмесмин, кандай аял болбосун, мейли ал сойку болбогон күндө да акчаны сөзсүз алууга мажбур кылчумун. Жыйырма баш жашымдан баштап, күндөлүккө өзүм мамиле түзгөн ар бир аялдын атын, жашын, жолугушкан жерибизди жана ал аялдар тууралу кыскача маалыматты сөзсүз жазып жүрдүм. Элүү жашка караганымда тизмемде беш жүз он төрт аялдын аты-жөнү жазылыптыр. Алардын кээси менен бир гана жолу жолукканым да ырас. Андан кийин жазууну токтоттум, себеби чарчап калчу болдум. Өзүмдүн адеп ченемдерим бар эле. Эч качан көпчүлүк катышкан же эл алдында кошулушууга катышпадым, жеке жашоомдун сырларын эч ким менен бөлүшпөдүм жана жаштайымдан адамдын ар бир окуясы жазасыз калбашын билчүмүн.

Жашоомдогу жалгыз таңгаларлык байланыш туруктуу Дамиана менен болду. Ал канында индия каны бар, бекем жана жапайы чалыш кыз эле. Мен жазып жатканда ал мага тоскоол болбос үчүн үй ичинде жылаңайлак басып жүрүчү. Эсимде, кире бериш бөлмөдө илинген асма керебетте жатып алып китеп окуп жатканмын, ошондо кокусунан көзүмө эңкейип алып кир жууп аткан Дамиананын жылаңач балтырларын чалдыкты. Каным кайнай түшүп, ага жетип барып, артынан эле шалбарын тизесине чейин шыпырып жиберип, артынан көзөп жибердим. “Ай, сеньор, — аянычтуу үн менен шыбырады кыз, — бул жак кирүү үчүн эмес, чыгуу үчүн”. Кыздын денесин калтырак басып турса дагы, чыдап берди. Аны кордогонум үчүн өзүмдү жаман сезип, адаттагыдан эки эсе ашыкча төлөп бермей болдум, бирок ал буга макул болбоду, андыктан айлык маянасын көбөйтүп, ага кошумча айына бир жолу ал кир жууп жатканда артынан пайдаланып турмай болдум.

Бир жолу ойлонуп олтуруп, бул төшөк арифметикасы менин адашкан жашоом тууралу китепке бекем негиз боло аларын сездим, ошондо оюма китептин аты асмандан түшкөндөй келе калды: “Менин муң-зарлаш шуркуяларым…”. Менин элге белгилүү жагымда эч кызыктуу нерсе жок эле, атасы да, энеси да жок жетим бала, катардагы журналист, өңүмдүн ушунчалык серттигинен карикатуристтердин сүйгөн каарманы болчумун. Кыскасы, жоголгон жашоо, ал жашоо апам мени испан тили жана чечендиги сабагында олтуруп жазган мектеп жашоосу тууралу жылнаамамды “Диорио-де-ла-Пас” басмасы басып чыгарар бекен деген ой менен он тогуз жашымда жетелеп барган күнүмдөн башталган. Ал жазганымды гезиттин жекшемби күнкү санында директордун ийгилик каалаган баш сөзү менен жарыялашты.

Жылдар өтүп, апамдын ошол жана андан кийинки жети макаламды жарыялоосу үчүн акы төлөгөнүн укканымда уяттан кыйналууга кеч болуп калган эле, ал убакта менин жума сайынкы гезиттеги тилкем канатын жайып баштаган, мындан сырткары, мен жаңылыктарды жазып, музыка сынчысы да болуп калгамын.

Бакалавр даражасын жана артыкчылык дипломун аларым менен дароо эле бир убакта үч коллежде испан, латын тилдеринен сабак бере баштадым. Мен жакшы билими жок начар мугалим элем, балдарды да сүйчү эмесмин. Алар үчүн тийген пайдам бирөө эле болчу, аны да жыгач сызгычтын жардамы менен жасачумун: алар менин сабагымдан жок дегенде ыр саптарын үйрөнүп чыгуулары тийиш.

Турмуштун мага бергени мына ушулар гана болучу, андан көп нерсени жасоого өзүм деле аракет кылбадым. Сабактардын ортосунда жалгыз түштөнүп, андан кийин саат алтыда редакцияга келчүмүн. Редакция жабылгандан кийин, кечки саат он бирден баштап менин чыныгы жашоом башталчу. Жумасына эки же үч жолу сөзсүз Кытай кварталында түндү өткөрчүмүн, атүгүл эки жолу жылдын кардары наамын алгамын. Жакын ортолуктагы “Рим” кафесиндеги кечки тамактан кийин кайсы бир жашыруун эшиги бар сойкулар үйүнө кирип кетемин. Ал жакка жапайы кумарымды кандыруу үчүн барып жүрсөм, кийинчерээк бул ишим саясый жаңылыктарды сойкулар менен бөлүшкөн саясатчылардын тамырын тартуу үчүн да керек болду. Ошол эле жерден, анан кайдан болмок эле, өзүмдүн бойдок жашап жүргөнүмдүн себебин билдим, көрсө, мен өспүрүм эркек балдарды сүйөт экенмин. Бирок бул айың кепти ошол замат унуттум, себеби мен тууралу көптөгөн жакшы сөздөр да айтылат экен.

Менин жашоомдо эч качан жакын досторум болгон эмес, ал эми болгондору Нью-Йоркто калып кетишкен. Башкача айтканда, өлүшкөн, себеби менимче адашкан жандар өз катасы үчүн жанын жебеш үчүн алардын жандары дал ошол шаарга учуп кетишет деп ойлоймун. Пенсияга чыкканымдан кийин жумуштарым азайды, жума күндөрү түштөн кийин макаламды гезитке алпармай, дагы башка олуттуу иштерим бар, алар “Белль Артес” шаарындагы концерттерим, Көркөм искусство борборундагы сүрөт көргөзмөсү, ал жерде мүчө-негиздөөчүмүн, Коомдук жакшыртуу коомундагы дарстарым, анан дагы “Аполло” театрындагы тасмаларды көрсөтүү сыяктуу олуттуу иштер. Жаш кезимде айдын батканын байкоого мүмкүн болгон жана капысынан төккөн нөшөрдөн улам өпкөнүн кагынуусуна учуроочу ачык асман алдындагы кинотеатрларга барчумун. Бирок кинолордон да артыкча мени бир тасманын белет баасындай болгон, же андан да арзан, же таптакыр эле бекерге беришкен түнкү чымчыктар кызыктырар эле. Кыскасын айтканда, кино көрүү менин ишим эмес.

Өмүрүмдө төрт жолу гана саякатка чыктым, отуз жашка чыга элегимде Картахену де-Инди-астагы Оюн гүлдөрүнө бардым жана бир жолу Сакраменто Монтьелдин сойкулар үйүнүн салтанаттуу ачылышына катышуу үчүн дээрлик бир түн бою сүзүп жүрүп олтурдум. Үй тирилигиме келчү болсок, мен тамак ылгабайм жана аз жеймин. Домиана картайганда ал тамак жасаганы келбей калды, ошондон тартып менин туруктуу тамагым редакция жабылгандан кийинки “Рим” кафесиндеги картошкадан жасалган нан болуп калды.

Ошентип, токсон жашка чыгар алдымда, Роса Кабаркастын коңгуроосун күтүп отуруп, түштөнгөн жокмун жана окууга да көңүл коё албадым. Түштөн кийинки саат экилерде тозоктун отундай ысыкта чегирткелер озондогон сымал чырылдай баштап, күн ачык турган терезелерге жакындап келди, аргасыздан асма торумду үч ирет орун которууга мажбур болдум. Мага дайым менин туулган күнүм жылдын эң ысык күнүндөй сезилер эле жана буга үйрөнүп да калгамын, бирок ошол күнү ысыкты көтөрүүгө эч  чарам болбоду. Саат төрттө Пабло Казальсанын аткаруусундагы Иоганн Себастьян Бахтын виолончель үчүн жазылган алты сюитасын угуу менен өзүмө келүүгө аракет кылдым. Мен бул чыгармаларды музыкадагы эң акылман чыгармалар деп эсептеймин, бирок адаттагыдай мени тынчтандыруунун ордуна, алар бул ирет таптакыр эле көңүлүмдү чөгөт кылышты.

Ошентип, токсон жашка толор күнүмдүн алдында Роса Кабаркастын телефон чалуусун күтүп жатып, китеп окуй албай койдум. Чак түштө куйкалаган күнгө чыдоо кыйын болгондугунан асма төшөгүмдү үч жолу жылдырууга мажбур болдум. Үргүлөп кеткен жанымды Роса Кабаркастын колдураган үнү бузду. “Аңкоолордун ар дайым жолу болот, — деди ал. – Мен сага сенин оюңдагыдан да жакшы жөжөнү таап койдум, бир гана жери, ал араң эле он төрт жашта”. – Эчтеке эмес, жалайыгын алмаштырып коём, — деп тамашаладым. “Сага эчтеке эмес, мага түрмөнүн үч жылын ким төлөп берет?”

Эч ким эчтекеге төлөгөн эмес, ал өзүнүн түшүмүн секелектердин эсебинен жыйноочу, алар алгачкы кадамын анын кол алдынан башташчу, Роса алардын ширесин сыгып бүткөндөн кийин чебер сойкуга айланып, ал жерден чоң турмушка кадам ташташат. Роса Кабаркас эч качан жазана төлөчү эмес, себеби анын үйүнө жергиликтүү бийлик ээлери да келишчү. Андыктан анын кечиккен дооматы менден көбүрөк акча өндүрүүнүн гана амалы болчу. Бул маселени чечип алган соң, мен анын үйүнө саат ондо келмей болдум. Ага чейин ал кыз кичүү инилеринин курсагын тойгузуп, оорукчан апасын уктатып коюуга үлгүрүшү керек эле.

Төрт саат калды. Бул аралыкта менин жүрөгүм катуулап сого баштады. Убакытты өткөрүү үчүн жуунуп, кийине баштадым. Кечки окуяга карата асемдүү кийиндим. Үстүмдө ак бөздөн тигилген костюм, крахмалданган жеңи, көк сызыкчалары бар көйнөк, кытай жибегинен тигилген галстук, айтор колдон келишинче жасандым. Мени сараң дешет, себеби менин канчалык жакыр экендигимди эч ким атүгүл элестете да албайт, чынын айтсам бул түн үчүн да төлөй алышым күмөн болчу. Ага деле караган жокмун. Акча деген каалоо болсо табылат эмеспи.

Көчө сергип, кечки шамал жүрө баштады. Кечки шаардын жашоосу башталды. Кечки онго аз калганда такси кармадым дагы айдоочудан кайда барарымды билбей калышы үчүн Жалпы көрүстөнгө айдоосун буюрдум. Күзгүдөн тиктеген айдоочу бырс күлүп жиберди: «Анчалык коркутпаңыз акылдуу мырза, Кудай мага сиздей тирүү болууну буюрсун». Биз көрүстөндүн тушунан машинадан чогуу түштүк, айдоочу кайтарар майда акчасы жоктугунан “Мүрзө” деген кичинекей ашканага кирип чыкты. Биз эсептешип бүткөн соң айдоочу олуттуу тартып, мындай деген кеңешин берди: “Этият болуңуз дон, Роса Кабаркастын үйү азыр такыр мурдагыдай болбой калган”. Аны менен макул болуудан башка чарам калбады.

Мен кедейлер жашаган аймакка кирдим. Баягы эле күнгө какталган кум төгүлгөн көчөлөр, жонулбаган жыгач менен жабылып, эшиктери ар дайым ачык турган үйлөр. Бирок бул жердин жашоочулары жымжырттык жана тынчтык эмне экендигин унутуп калышкан. Көпчүлүк үйлөрдө жума күнкү салтанат өкүм сүрүп, музыканттар барабандары жана тарелкалары менен үйлөрдү жарып жиберчүдөй дүңгүрөтүшөт. Ким болбосун 50 сентаво үчүн каалаган үйүнө кирип, чери жазылгыча ырдап, бийлеп, жапайы кумарын кандырып чыга алат. Сылаңкороздоно кийинип алган жаным уялганымдан жер астына кирип кетүүгө кайыл болуп бараттым, бирок мени үйүнүн алдында үргүлөп олтурган кынжыйган негрден башка эч ким деле байкабады.

— Кудай колдосун, урматтуум, — деди ал мага чын дили менен. – Бактылуу кошулушуу каалаймын!

Эмне деп жооп кайтармак элем? Ыраазылык гана айтуум керек. Барар жериме жеткиче демимди алыш үчүн үч ирет жолдо токтодум. Ошентип олтуруп мен бараткан көчөнүн аягы жыш өскөн мөмө дарактарына айланган жерде жайгашкан Роса Кабаркастын сойкуканасына кирип бардым. Бул баягы Роса Кабаркас эмес болчу. Илгери бул абдан айлакер, сезгич, андыктан эң белгилүү аял эле. Анын алп дене мүчөсү үчүн биз ага өрт өчүрүүчүлөр кызматынын сержанты деген наам да бермек болгонбуз. Өз аймагындагы махабат өрттөрүн тездик менен өчүрүүгө маш болуп бүткөн бул аял жалгыздыктан денеси чүрүшкөн кактай болуп, үнү ичкерип, карыган секелек кызга окшоп калыптыр.

Мурдагы Росадан анын берметтей тизилген тиштери гана калып, ал тиштеринин бирин алтын каптатып коюптур. Роса 50 жыл чогуу жашаган күйөөсүн жерге берип кара кийимчен экен, аз келгенсип түйшүктүү ишине жардам берген жалгыз уулу да каза болуптур. Жандуудан көгүш тарткан ырайымсыз көздөрү гана калыптыр, бул көздөргө тигиле тиктеп Росанын такыр өзгөрбөгөнүн байкадым…

(Уландысы бар)

Орусчадан оодарган Назгүл ОСМОНОВА

[1] Таштан жасалган оюулар, бир гана нускасы бар өзгөчөлүү автордук иш болуп саналат, бул искусство биздин кылымга чейин эле өнүккөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.