Салижан ЖИГИТОВ: Акын ачкан дүйнөлөр (2-бөлүк)

<<<<<<<<<<<<<<<Башы ушул шилтемеде

«Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн» дегендей, кайсыл гана акын ашыглык жайынан сөз козгобойт! Ыр жазгандардын сырдаштык лирикадан кыйчалыш өткөнү кемде-кем эле табылса керек. Алардын бир даары чын эле сүйүү отуна күйүп тургандан ыр чыгарат, сүйгөн жарына деген жаркын мээримин, ар кыл ой-сезимдерин, тарткан азаптарын, күйүттүү армандарын илептүү ыр саптары аркылуу жарыя айтат. Бирок кээ бир акындар өздөрү сүйүү машакатын башынан өткөрбөсө деле, ашыглык сезиминен ичи элжиреп же буулугуп турбаса деле ошо чындап күйгөн акындарга таасирленип ыр жаза беришет. Ушундай жагдай Расул Рамзатовдун бир ырында күйдүргү юмор менен ташка тамга баскандай көрсөтүлгөн экен. Ал ырдын кара сөздөгү эркин баяндамасы мындай.

Бир акын үйүндө отуруп алып сүйүү ырын жазмак болуптур да, өзүн өзү күч менен күүлөндүрүп ыр саптарын таба баштаптыр; бир маалда — өтө эргип кеткен белем! — толкунданган доошу менен: «О, жаным, издейм сени, кайдасың сен?» — деп кыйкырып ийиптир. Бу табышка акындын аялы — бечара, өмүр бою күйөөсүнөн жан жыргатар сөз уккан эмес го,— аябай сүйүнүп кетип, жаркылдап кирип келиптир да: «Эмне дейсиң, жаным, мен мында элемин»,— деп кашына туруп калыптыр. Ошондо акын ачуусу келгенден кумсарып: «Саксайбай бас нары, сени ким чакырды?» — деп бакырып кое бериптир…

Көрдүңөрбү, бирөөгө жалындап ашык болбой туруп эле «кандайдыр бир сүйүү ырын жаратса болот. Андай ырлар жандуу адамдын жандуу ой-сезимдеринен атылып чыкпастан, дүйнөлүк же улуттук поэзиядагы «махаббат» лирикасы деген жанрга тиешелүү мазмундук стереотиптердин (үлгүлөрдүн) негизинде жаралат да, даяр поэтикалык ыкмалардын жана каражаттардын жардамы менен кураштырылат. Эгер акын чебер болсо, андай ырлар тим эле ашыглыктан күйүп-бышып, түтөп-түтөп, жанып-жалбырттап турган абалда жазылгандай да көрүнүшү мүмкүн. Поэзиядагы жалган-чынды ажыратпаган окурмандар жана акындар ошол сыяктуу ырларда катылган ой-сезимдер жандуу адамдыкы эмес, жалпы бир жансыз «лирикалык каармандыкы» экенин айра тааныбай, ошолорго деле таасирлене бериши ыктымал.

Туңгуч махаббат сезимдери ойгонгон курагында Алыкул Осмонов калеми кадыресе төшөлө элек талапкер акын эле. Ошол себептен го, өзүн жаштык зээри учуруп турган чакта ал көңүлдүн күндүр-түндүр өрөпкүткөн жалындуу ой-сезимдерин ыр формасында илебин өчүрбөй туюнтуп бере албаптыр. Эгер ашыглык жайын козгоп анча-мынча ырлар жазса, демейки сырдаштык лирикада илгертен бери үстөккө-босток кайталанып келаткан жалпы сөздөр менен «элдикине окшоштуруп» жазыптыр.

Биздин акын чыгармачылык жактан чындап дасыккан маалында кыз-келиндер менен мамилелешип жүрсө да, бүткүл эси-дартын ээлеп алган, көңүлүн элеп-желеп ээлендирген, жанын катуу бейпайга түшүргөн нукура сүйүү туйгуларын башынан өткөрбөгөн сыяктанат. Андай дегенимин себеби: анын ошо кездеги арзуу лирикасында махаббат машакаттарына байланышкан мотивдер көбүнчө сүйүшкөн чакты эскерүү, өткөн сүйүүнүн оош-кыйыштарын анализдөө, жаңы сүйүү кумарын самоо түрүндө гана жолугат.

Маселен, «Сүйүүнүн түрлөрү» аттуу ырында акын бир эле учурда эки кыздын (көрүшкөн сайын бири «кызарган», бири «кумсарган» эки кызды) сүйүп калганын, акыры «кумсарганына» үйлөнүп, «өмүрлүккө жаңылганын» айтат; «Сүйүү жана мен» дегенинде да башынан өткөн үч жолку ашыглыктын үчөө тең өкүнүчтүү аяктаганын элестүү, кайманалуу, күйүттүү саптар менен баяндап берет; ал эми «Сүйөм десең», «Сүйдүм сени», «Кыздын сүрү», «Секидеги жапыс там» аттуу ырларында айдан ачык түрдө да, кыйыр шекилде да махаббат ышкысын күсөгөнүн туюндурат.

Аталган туундулардын бир даарында акындын жандуу ой-сезимдери толкуган жүрөгүнөн көлкүп чыгып, ылайыктуу ыр калыбына салынып, дурус эле кооз жана таасын айтылган; бир даарында жанагыдай эле ой-сезимдер бири бирине жуурулушпай, жарашыктуу ыр алкагына чөгөрүлбөй, ортосаар көркөм даражада берилген. Чынында өйдөкү ырлардын дурусун да, бурушун да кыргыз сырдаштык лирикасынын бийик үлгүлөрүнөн деп тастыкташ кыйын. Бирок бир жакшы жери: ал ырлар Алыкулдун жекече өмүр түйшүгүнөн, менчик сүйүү тажрыйбасынан, субъективдүү ич кайрыктарынан кайнап чыккан.

Баса, Осмонов жеке өзүнүн атынан гана эмес, бирөөлөрдүн («лирикалык каарман» деген неменин) наамынан да бир топ ашыглык ырын жараткан. Буларга «Түп суусу», «Келсем жоксуң», «Боз бала», «Ай, Жамийла, Жамийла», «Менин колуктум», дегендер мисал. Көпчүлүк окурмандарга таанымал жана айрым адабиятчыларды ашкере курсант кылган ошол ырлардын бир-экөөндө эмнелер айтылганын эске түшүрүп көрөлү.

Катуу келдим — минген атым кара тер.
Сүрдү кең Түп, тайыз жериң кайсы жер?
Жол көрүнбөй, күүгүм кирип баратат,
Аркы өйзүңө тез өтөйүн, кечүү бер!

Айтылуу «Түп суусу» ушундай башталат. Андан кийин лирикалык каарман аркы өйүздө өзүнүн «колхоз кызы Канымкүлдөй жары» барын билдирет, анын ашык кылчу сапаттарын учкай мүнөздөп өтөт, көксөгөн жары «бу кайдагы эмгек күнү жок неме» деп өзүн теңсинбей жүргөнүн баса көрсөтөт, акырында «колхоз кызы Канымкүлдүн дарты үчүн колхозуна мүчө болуп албасам» деп оолугат.

Ал эми «Келсем жоксуңда» болсо дагы бир лирикалык каарман өзүн жалбарып (кат менен) айылга чакырган сүйгөн жарын издеп барып, үйүнөн таппай, катуу кейишке малынганын жарыя кылат, ошо кейигенин айтып жатып ыр арасына бакты-таалай менен махаббаттын жолу өңгүл-дөңгүл, оош-кыйыш, өйдө-ылдый болору тууралу учкул сөз саптарын кыстара кетет, бирок ашыгы «миң сүйүүгө барабар» келген «жазгы айдоонун камын көрүп кеткенин» билип, көксөсү сууйт да, чексиз кубанычка термелет.

Бул ырлардан акындын жаңыча көркөм аң-сезими бар экени поэтикалык идеяны өзүнчө көркөм ыкмалар менен таасирдүү туюнтууга усталыгы ачык байкалат. Үстүртөн караганда, аларда анчалык деле кынтык жоктой, жакшы ырларга мүнөздүү белгилердин баары бардай. Бирок тереңирээк караганда, алардын мазмундук уюткусу жасалма ой-сезимдерден куралганы айныбай баамга урунат. Акын тек гана сөз менен тамашалашып, адаттан тышкары көркөм ыкмаларды тапканга чебер экенин демонстраңиялап өтөт.

Менин болжолумда, ал ырлар акындын көңүлүндө кайнап турган чыныгы ашыглык сезимдеринин күчүнөн эмес, эң оболу кыркынчы жылдары жалпы советтик махаббат лирикасында өкүм сүргөн поэтикалык салттардын таасиринен жаралган сыяктанат. Эски окурмандардын эсинде бардыр: а кездеги көп эле ырларда сүйүү темасы бүт бойдон өндүрүш менен, коомдук пайдалуу жумуш менен, эмгек күндүн же аздыгы менен байланыштуу чечилчү эмес беле. Ошол мезгилде «мен сени бетиң сулуу, кашың кара, пейлиң сонун болгону үчүн сүйбөйм, эпкиндүү иштегениң, көп эмгек күн тапканың, эл кызматына мыкты жараганың үчүн жакшы көрөм» дегендей мотивдер аркайсы акындар тарабынан арбын эле айтылды бейм.

Жалпы союздук поэзияда, асыресе орус поэзиясында арааны жүргөн мындай тенденция элүүнчү жылдардын башында борбордук адабий сында четке кагылганы бештен белгилүү. Тилекке каршы, Алыкул Осмонов өзү аздыр-көптүр таасирине азгырылган лирикалык агым биротоло какшып бүткөнчө бу дүйнөдөн жүрүп кетпедиби.

Алыкулдун калеми төшөлгөн кезиндеги лирикасында коомдук эмгекке байланышпаган сүйүү маселесине карата, айрыкча, ашыглык объектине (аялзатына) деген адамдык жана акындык мамиле кандай ачылганын караштырып көрүү да өзүнчө бир кызык.

Дароо эле белгилеп өтүү зарыл: Осмоновдун махаббат ышкысына жана ак жоолуктар журтуна карата жалпы позициясы негизинен жалаңгат, жөнөкөй, бир беткей эмес, татаал, бурум-бурумдуу, карама-каршылыктуу. Керт башынан кечирген ашыглык дарттарын ырга кошуп, жеке өмүрүндө ымалалашкан кыз-келиндер жайынан сыр черткенде акын кээде сүйүүнүн чын эле кишилик сезим же реалдуу психологиялык кубулуш экенине күнөм санап жиберет, бүтүндөй аял аттуу элбиреп-делбиреп сүйгөнгө арзыбаган пенделер дегендей ойлордун башын кылтайтат.

Маселен, чакан гана «Сүйүү кыял» аттуу жармачыраак ырында махаббат түшүнүгү турмушта тамыры жок жалган элес («тек гана бир кыял нерсе») катары сыпатталат; «Жүйөлүү сөз» деген насыятчыл ырында гөзөл жандардын кадырга жетип сүйө албасы, түпкүлүгүндө «сүйүү деген эссиз нерсе» экени жар салынат; «Сулууга» деген эң күчтүү ырында отуз жаштын артында «жаш кездердей ынак сүйүү жок экени», «ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экени» белгинелет да, баштагы кадырлаш жарга бир чети бетке чапкандай ызалуу, бир чети түзүк эле орой кине коюлат: «Канча болсо сенин жибек көйнөгүң, дал ошончо жүрөгүңдө сүйүү бар». Арийне, мындай ырлардан ашыглык акыйкатын ашкере жерип-тануу, аялзатын кадимкидей жек көрүү пафосу түтөп-күйүп тургансыйт.

Ал эми бирин-экин сырдаштык ырында Алыкул мындан да нары барып, жыныс аралык байланыштардын нускалуу көркөм сөздө жар салынбай турган жактарын козгоп иет, кыз-келиндер жайын саал-паал адепсизирээк (циничный) ырдап коет. Маселен, «Жок, ал маяк эмес» дегенинде акындын дал өзү болбосо да лирикалык каарманы сүйүшүү майданында өзүнүн маяк сыңары түндө күйүп, күндүз өчүп каларын, ымалалаш келинин калп эле «сүйөм» деп алдап жүргөнүн, кыскасы, өзүнүн терс маанидеги жигитчилик эрдигин мактаныч менен жашырбай айтат; дагы бир «Мен да олтурам, күйөөң сенин жаныңда» деп башталган аты жок ырында лирикалык каарман кайсы бир аяшынын күйөөсү карап турганда дегеле ала жип аттабас жандай көрүнүп, күйөөсү көздөн тайганда өзүнө (ошо лирикалык каарманга) уят-сыйытсыз жабыша кеткенин баяндайт да, аяшына андай акылсыздык кылбоо жагын эскертип насыят айтат.

Алыкулдун арзуу лирикасындагы өйдөкүдөй мотивдерден улам Карл Маркстин жаш чагында жазган бир пикири эрксизден эске түшөт. Ал пикирдин маани-маңызын биздин тилге текстме-текст төкпөй-чачпай которуп берүү азырынча кыйыныраак. Тек, анын ток этер жери жалпак тилге салып кыргызчалатканда мамындай.

Эркектин аялзатына карата мамилесин адамдар (асыресе, эки адам) арасындагы байланыштын эң шыдыр, эң зарыл, эң табигый-тубаса формасы деп атоого болот. Кишинин ким экени ургачыга (жана сүйүүгө) кандай караганынан эле билинет. Тактап айтканда, аялга жасаган мамилесинен эле адамдын жалпы маданий деңгээли канчалык экени, башка адамга муктаждыгы канчалык даражада нукура адамдык касиет алганы, табигый-жасалмасыз жүрүм-туруму канчалык адамгерчиликтүү сапатка жетишкени, жеке өзүнүн канчалык өлчөмдө коомдук жаныбарга айланганы ачыктан ачык көрүнөт[1].

Эгер ушундай позициядан туруп караса, Осмоновдун айрым сырдаштык ырларында ачылган аялга карата мамилеси, демек, жалпы адамдык сапаттары жана маданий деңгээли анча бийиктеп деле кетпегендей байкалат.

Акыйкатта ал ырлардын бир даарын Алыкулдун калемине деги бир ыраа көргүң келбейт. Башкаларды ким билсин, ушу менен өзүм акын көз жумгандан көп убакыт кийин жарык көргөн «Мен да олтурам, күйөөң сенин жаныңда» деген ырды адеп окуганымда аябай ирээнжий түшкөмүн. Себеп дегенде ал ыр менчик альбомго да жолотпой турган пас тартма ыр экен.

Ырас, аталган ыр акын өзү баштан өткөргөн же көргөн-билген конкреттүү фактыдан улам жазылса керек. Андай фактылар бу жаман-жакшысы аралаш турмушта анда-санда бир жолуккан көрүнүштөрдөн эмес. Бирок күнүмдүк тиричилик майданында кезиккен окуялардын, адам өмүрүндөгү өйдө-төмөн фактылардын, акын көңүлүн уялаган ой-санаалардын баары эле поэзияга сүрөттөө предмети боло албайт, ыр менен жарыя айтканга арзый бербейт.

Лирикалык поэзияда ачык-айрымдык, ак жүрөктүк, сырга жоомарттык кылгандын да өлчөлүү чеги болот. Менимче, «Жок, ал маяк эмес» жана «Мен да олтурам, күйөөң сенин жаныңда» деген ырларда айтылган фактылар көпчүлүккө ыр менен жар салынчу нерселер эмес. Бир ырында ишенчээк жубанды карагүчкө «сүйөм» деп алдаганын жашырбай ырга айландырган акындын («болбосо лирикалык каармандын») экинчи ырында дегеле адеп сактамыш болуп калганында, андан да «эссиз аялга» ашмалтай мораль окуп ийгенинде канчалык жалган сопусунуу, канчалык текебер мамиле бар!

Албетте, айрым ырларында аялзатын урматтабай сөз кылганын Осмоновдун жеке өмүрлүк тажрыйбасындагы кээ бир кейиштүү моменттер менен түшүндүрүүгө мүмкүн.

Биографиялык маалыматтарынан белгилүү эмеспи: акын биринчи чындап сүйгөн кызына жетпей калган, каалашып баш кошкон жары менен оту күйүшпөй ажырашкан, кийин деле ашыглык жана үй-бүлө куруу жагынан жолу болбой жүрүп дүйнөдөн өткөн. Мындай ыңгай- шарт анын махаббат маселесине, атпай ак жоолуктарга, конкреттүү кыз-келиндерге карата көз караштарын белгилүү даражада субъективдүү, бир жактуу, адилетсизирээк кылбай койгон эмес, ал эми ошол көз караштар кээ бир ырларына тамгаланбай да калган эмес.

Дагы бир эске алчу нерсе: Алыкул өзүнүн жан дүйнөсүндө көбүрүп-жабырган менчик ой-санааларын жана сезим-туюмдарын, өзүнчө кабыл алган турмуштук таасирлерин, дүйнөнү жекече аңдап билүүдөн чыгарган түшүнүктөрүн, жалпы тирүүлүк кубулуштарына карата субъективдүү мамилелерин ырга айландыруу жолунда оригиналдуу акындык дидаарын айныбай тапкан эмеспи. Бирок ушу багыттагы чыгармачылык аракеттери кээде аны мерчемдүү чектен нары карай ала качып, демейде жабылуу бойдон көңүлдө купуя калчу пендечилик иштерин жана сырларын ырдап жиберүүгө дегдеңдетип сүйрөп кеткен өңдөнөт.

Кайриет, Осмоновдун арзуу лирикасы башынан аягына чейин азыр эле сөзгө алынгандай поэтикалык туундулардан куралбайт, ошондой ырлар акындын аялзатына жана сүйүү маселесине карата объективдүү мамилесин да чагылдырбайт.

Арийне, кыска өмүрүндө турмуштан көп азап тартса да, сүзөктүү оорудан кутулбай көп жапаа чексе да, бала-чакасы жогунан арманга малынса да, айтор, тирүүлүккө тиртеңдеп карагыдай, тагдырга кадыресе таарынгыдай, үмүтсүздүккө белчесинен баткыдай абалда жүрсө да, Алыкул өз поэзиясында көңүл чөктүрмө, ындын өчүрмө, күдөр үздүрмө мотивдерди атайын берилип ырдаган эмес. Керт башынын күйүттөрү жана арыз-арманы бир катар ырларынан орун тапса да, ал көпчүлүк чыгармаларында өз жанынын кайгайынан өйдө көтөрүлүп, жарык дүйнөнүн жыргал-шаттыктарын, эл турмушунун жайдары көрүнүштөрүн, тирүүлүктүн машакаттуу бактысын, адам өмүрүнүн өлбөс акыйкаттарын эргип-эргип күүгө салган.

Дал ушунун сыңарындай эле өз өмүрүндө махаббаттан көп ирет шаабайы сууган, кыз-келиндерден жарытылуу опоо көрбөгөн акын айрым сырдаштык ырларына өттөй ачуу ызасын төгүп жиберсе да, дегинкиси жыныстык катнаштарда духовный касиет барын танганга жеткен эмес, ынак сүйүүнүн реалдуу мээр-шапкатынан түңүлгөн эмес, ак жоолуктарга карата калыс жана ызаттуу мамилесинен таптакыр кол жууган эмес.

Жылаан таштап, заар төгүп, чачып от
Эрк сеники шылдың кылмак, ойномок,
Бирок түшүн, акылы кем жаш сүйүү,
Ошентсе да сенден көңлүм калган жок!

Билем: анын туш тарабы терең жар,
Өзү зоока туш жете албай болгон зар…
Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн,
Мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар.

«Сүйүү жана мен» деген ыр мына ушундай саптар менен аяктайт. Мында акын өзүнүн жекече ыза-таарынычын унуткандагы, дүйнөгө калыс жана түз пейли көз менен карап тургандагы махаббатка карата чыныгы позициясын таасын билдирет.

Ал эми поэтикалык ойдун көркөм калыпка түшүрүлүшү жагынан кынтыксыз иштелген «Аялга» деген ыр өйдөкү эле саптардын логикалык уландысы сыяктуу кабыл алынат:

Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп.
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан
Чыккым келет жанып чыккан таш болуп.

Сүйгүм келет миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет сүйгөнүмө жалынып.
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.

Көпкөк асман жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып,
Ал кыяндан өтөр элем кыйналбай,
Бир көз караш кубатыңды жамынып.

Бул ыр, балким, улуттук поэзиябыздагы махаббат темасына арналган ырлардын эң күчтүүсүдүр. Балким, ал мүлдө дүйнөлүк болбосо да, жалпы советтик сүйүү лирикасынын маржан мончогундагы дагы айдың көрүнгөн ажайып бир данадыр. Кантсе да анда ашыглыктан багы ачылбай жүргөн адал ниет адамдын тула боюн чатыраткан дымактуу жан кумары, көңүлүнө мелт-калт толгон сүйүү кусалыгы, аялга деген нукура адамдык ызаты жана акындык мээрими бар.

Белгилүү го, ашкан кубаттуу ашыглык ышкысы, эгер ал жаңырыктаган жооп туудурбай жана бактылуу марага жетпей калса да, ар кандай тирүү жандын демейде мелмилдеп жай аккан өмүрүн кирген дайрадай күргүштөтүп жиберет; жай убакта үргүлөгөнсүп жүргөн көңүлүн канат байлагандай көкөлөтүп чыгарат; жашоо маанайына жаңыча сапат, акыл-сезимине өзгөчө өткүрлүк, көздөрүнө бөтөнчө кыраакылык берип коет. Кудуреттүү махаббат шарапаты даарыганда гана киши тирүүлүктүн сонуркаткан көркүн жана тамшандырган мазасын бүткүл жан-тени менен сезип-туят; өзүн өзү унуттурган ынтызарлык ышкысына батып, аң-сезими менен жүрүм-турумун тушаган чидерлерден азат болот; өзүнүн жакшы касиеттерин жалбырт-жалбырт жандырып, жасалмасы жок табигый кишилик маңызын сыртына чыгарат. Ошон үчүн улуу акын Александр Блоктун: «Ашык болгон жанды гана айтса болот адам деп»,— деген саптарында уюган акыйкат бар.

Алыкул да «Аялга» деген ырында бир аялзатын өзүмдү өзүм унутканча берилип сүйсөм деген, аны да куду өзүм сыңары мажнун кылып сүйдүрсөм деген, сүйүүнүн жыргал-кууралын ашык жарым менен кошо тартсам деген, ошону, менен адамдык улуу сезимге туйтунсам деген, тирүүлүктүн бийик чабытына канат сермесем деген, ачуу-таттуу таалайга бай толукшуган өмүр сүрсөм деген шакардай кайнаган көңүл зарын, тилек-арзуусун, духовный эңсөөсүн өлчөмүнөн ашып да кетпеген, кемип да калбаган ыр саптарына чөгөрө алган экен.

Махаббат карым-катнашын жалаң коомдук эмгек менен байланыштыргандарын эсепке албаганда, Осмоновдун сырдаштык ырлары өзүнчө бир туташкан ырааты бар лирикалык циклге биригет. Ал эми сөзгө арзыбас бир-экөөн көз жаздымында калтырганда, ошол циклга кирген ырлардан автордун сүйүүгө жана аялга карата мамилеси дайыма бир калыпта калбай, улам өзгөрүп, такталып, арууланып отурганы байкалат.

Акын жыныстык ышкынын жана ак жоолуктун адам өмүрүндөгү чыныгы маанисин, кымбат баасын, бийик кадырын ачык-айкын аңдап түшүнүүгө карама-каршылыктуу (диалектикалык) жол менен келген, бактысыз сүйүү тажрыйбасынан туулган бир беткей пендечилик көз караштарын жана терс эмоциялык ал-абалын улам жеңип отуруп келген. Ошондой жаңыча түшүнүгүнүн ток этер жери «Дагы аял жөнүндө» деген соңку ырларынын биринде чегине жеткире таамай да, кыска да айтылган:

Аял сүйдүм, бирок ичтен кектедим,
Арам ойлоп арамдыктан кетпедим,
Жаманынан көңүлдү эзген оору алып,
Жакшысынын кадырына жетпедим.

Анткен менен колум ачык, мен кенен,
Жүз кайталап дагы аялга баа берем:
Аял деген —
чаалыккан көсөм,
сайдырган берен,
бактыдан тайган жигитке
Кемибеген, кебелбеген бир мекен!

Мүшкүлдүү өмүр сүрүп, көп тарткылык тартып, кыз-келиндер мээриминен чекеси жылыбаса да жарык дүйнөгө кек сактабаган, заарын чачпаган, кастарын тикпеген эстүү киши гана ушундай адилет сөз айтышы мүмкүн, айтканда да ушундай жөнөкөй, даана, салмактуу айтышы мүмкүн. Бир чети өйдөкүдөй ыр духовный деңгээли жогору турган, өз алдынча ойлоно билген, өз өмүрүнүн оош-кыйыштарын катуу тескеп-териштирип үйрөнгөн, өз кылган-эткендерине сын көз менен тике карай алган, баарынан да өзү тууралу акыйкаттардын эң ачуусун түз айткандан жалтайлабаган чоң сүрөткердин тунук акылынан, жоомарт көңүлүнөн, адал ниетинен гана чыгышы ыктымал.

Кантсе да «Дагы аял жөнүндө» Алыкулдун махаббат жана аялзаты темасына байланыштуу көп жылдык чымырканган ой толгоолорунан кристаллданган каухар таш сыяктуу жарк-журк этип, күйүп-бышкан жүрөктөн атылып чыккан мурдагы сырдаштык ырларына жаңыча шоола түшүрүп, башкача маани берип турат. Эгер, ушул ажайып ыр жазылбаса, акындын ашыглык лирикасы жалпы жонунан карандай эмоцияга алдырган чогоол, өксүк, кыска акыл кишинин бир өңчөй ызалуу муң-зарындай кабыл алынып калмак.

*   *   *

Баятан бери жакшы эле кайта-кайта айтылды окшойт: жеке өмүрлүк тажрыйбасынын турпагынан, өз жан дүйнөсүнүн жарыгынан, өз ой-сезимдеринин булагынан азыктанганда гана акындын поэзиясы оригиналдуу шекил алып көктөп чыгат. Бирок өз ырларынын идеялык мотивдерин, уюткулук материалдарын, эмоция- лык боёкторун жалаң гана керт башына тиешелүү се- зим-туюмдардаи, көцүл кайрыктарынан, ой-санаалардан «казып» ала берсе, алардан башка эчтеме менен такыр иши болбосо, ар кандай акын акыры жүрүп чыгармачылык туюкка такалышы мүмкүн, жазгандарын ашкере субъективдүү кылып алышы мүмкүн. Демек, чыныгы чыгармачылык жолго түшкөн акын, эгер, ал өз поэзиясын калктын калың катмарына энчилеш кылам десе, жеке адамдык тагдырына, күн көрүү машакаттанына, кайгы-кубанчына байланышкан тематикалык чөйрөдөн өйдө көтөрүлүп, көнчүлүктүн коомдук түйшүктөрүнө ортоктош, мүдөөсүнө мүдөөлөш, санаасына санаалаш, ырысына ырысташ, муңуна муңдаш болууга тийиш.

Арийне, ар кандай акын как эткен каргасы жок аңгыраган ээн аралда жападан жалгыз жашабайт. Ал жамагаттын бир мүчөсү, көп элдин бир өкүлү. Материалдык дөөлөттөр өндүрүү процессине тикелей катышпаса да, ал демейде үйү белен, курсагы ток, кийими бүтүн жүрөт; кара жумуштан биротоло башын куткарып, карандай акыл эмгеги менен алпурушканга, каяктагынын баарын ойлоп кыял терметкенге, атүгүл, арзыбас нерселерге маашырканып ыр жазганга мүмкүнчүлүк алат. Мындай даражага жеткеи үчүн ал жалпы коомго, эң оболу карапайым дыйкандарга жана жумушчуларга милдеткер болот.

Эгер акын өзүнүн ушундай ал-абалын айкын түшүнсө, жүрөгү менен терең сезсе, анда ал өз чыгармаларында жалаң керт башынын жөн-жайын кайлагандан калың элдин кайгы-шаттыгын ырдаганга өтпөй кое албайт. Дүйнөлүк ыр өнөрүнүн узак тарыхынан чайкалып чыккан бул акыйкат Осмоновдун акындык тажрыйбасы аркылуу дагы бир жолу ырасталат.

Адеп калем кармаган чагынан, айрыкча, чыгармачылык баралына барган маалынан баштап Алыкул акын катары өз доорунун орчундуу маселелерин өгөйлөгөн эмес, калк тиричилигинин катуу-жумшагынан жана ысык-суугунан чоочуркаган эмес, жөнөкөй мээнеткечтердин күн өткөрүшүнө, тагдырына, ой-санаасына, сүйүнүч-күйүнүчтөрүнө далысын салган эмес. Ал өз заманынын коомдук турмушундагы окуялар менен жаңылыктардын баарына колунан келишинче аралашып, күйүмдүү кызыгыш менен карап, тике же кыйыр түрдө ыр менен жооп кайтарып, дайыма олуттуу акындык мамиле жасаган. Баарынан да ал жөнөкөй эмгекчилердин бүт коомду (демек, өзүн кошо) кийиндирип-тоюндуруп, кыймылга келтирип, алдыга жылдырып турганын жан-дили менен күчтүү туюнуп, эс-акылы менен таасын аңдаган. Ошол себептен анын поэзиясында чордондуу темалардын бири эмгек темасы, ал эми жакшы көргөн каармандары эмгек адамдары болгону бекеринен эмес.

Арийне, эмгек темасы Осмоновдун жекече табылгасы эмес. Эмгек адамдары жөнүндө да ал биринчи жазган эмес. Эмгек темасы атам замандан бери эле элдик оозеки поэзияда жана көркөм адабиятта иштелип келатат. Ал эми эмгекти азаттыкка чыгарган социалисттик өлкөнүн адабиятынан ал тема эң негизги жана ардактуу орун алып, совет жазуучулары тарабынан кең-кесири иштелип чыккан. Бирок Осмонов ал темага бирөөлөрдү сокур ээрчигендиктен же коньюктуралык ниеттерге азгырылгандыктан кайрылбай, өзүнүн жекече турмуштук тажрыйбасынан, накта турмуштун өзүнөн чыгып, жекече духовный изденүүлөрүнүн натыйжасында өз алдынча келген. Анын эмгек жана эмгек адамдары жөнүндөгү ырларынын кайталанбас оригиналдуу, ишенимдүү, күчтүү чыгышынын эң түпкү себептери дал ушунда.

Белгилүү го, Осмонов өмүрүнүн соңку он жылга жакынын негизинен карапайым колхозчулардын жана жумушчулардын арасында өткөргөн. Албетте, калемгердин эмгекчи калк арасында жөн гана күн өткөрүп жүргөнүндө эч кандай артыкчылык деле жок. Дайыма эмгекчи элдин ичинде жүрүп, бирок анын санаасын жана ой-тилегин, эмне менен дем алып жатканын билбей калышка да болот. Кеп элдин арасында жөн гана жашашта эмес, кандай жашашта эмеспи. Осмонов карапайым эмгекчилердин арасына кокустан туш келген конок катары эмес, сырдана өз кишиси катары кирип, алардын кайгы-шаттыгын кошо бөлүшүп, жамандык-жакшылыгын кошо тартышкан. Акын эмгекчи элдин ички дүйнөсүн, идеалдарын жана инстинкттерин өтө терең билгени да биринчи иретте ушуну менен түшүндүрүлөт.

Мисалга, бештен белгилүү «Бригадирдин кыялын» алып көрөлү. Ал ыр жай чилдеде өкүм сүргөн кургакчылык белгилерин сүрөттөө менен, ошондой катаал табигый шарттан улам бригадир чалдын аябай убайымга батканын маалымдоо менен башталат. Ал эми экинчи төрт сапта кайдан-жайдан ала булуттар чогулуп капыстан кара нөшөр жаап ийгени айтылат.

Бригадир чаап түштү үйүнө.
— Эт сал! — деди аялына сүйүнө.
— Жамгыр — байлык, жамгыр — дөөлөт, казына
Мунум калппы айланайын дүнүйө! —
Дейт да күлөт, мага карап жылмаят.
Ал кайгырган эл энеси жерди аяп.
Адамзатка марттык эмей эмине
Кандай күчтүү, кандай сулуу табият!

Көрүп турасыңар, ушул ырда кичинекей бир турмуштук факт жөпжөнөкөй көркөм ыкмалар менен, жөпжөнөкөй сөздөр менен жай гана баян кылынат, атүгүл, каарманча кайдыгер баяндалып жаткандай сезилип кетет. Бирок ал ыр окуган кишинин баамына кармалбай, көңүлүнө мээрим чөгөрбөй койбойт. Анткен себеби, анда акындын кичинекей турмуштук фактыга карата жекече мамилеси гана эмес, бригадир менен кошо жер бетин куйкалаган саратанга капаланганы, нөшөрлөнгөн жамгырга жетине албай сүйүнгөнү, каарманынын убайымы менен кубанчына чын жүрөктөн ортоктошуп кеткени бар. Мындай ыр дыйкан адамдын ой-санаасын жана сезим-туюмун өзүнүкүнөн кем билбеген акындын калеминен гана жаралышы мүмкүн.

Карапайым эл менен ниеттеш жана жан бирге жашаган акын дүйнөгө элдин көзү менен назар салып, ар кандай нерсени элдик эстетиканын өлчөмдөрү менен ченейт. Ошол себептен ал алачыгы менен чапаны тер жыттанган коончудан, спецовкасы сырга чыланган орой сөздүү малярдан, колдору туурулган кызылчачы келинден чыныгы сулуулукту табат; плотниктин ар бир сүргөн сүрүндүсүн, дубалчынын кызыл-кызыл кыштарын, дыйкандын жөнөкөй кетменин баарынан кымбат көрүп ырга кошот.

Ал эмгекчи адамдардын турмушун, салт-санаасын, кылган жумушун, тиричилик өзгөчөлүктөрүн чын пейли менен жакшы көрөт, терең ынтызарлык менен көтөрө чалып ырдайт, кээде сөздүн оң маанисинде идеализация да кылып жиберет. Алсак, колхозчулардын жер айдашын, чөп чабышын, орок орушун, мал багышын, буудай сапырышын, жыйын-терим бүткөндө бозо ичип дуулашын, тандырдан үзүлгөн нандын ысык жытын, жайылган сууга термелген аштыктын шуудурашын — теги койчу, колхоз турмушундагы кыймыл эткен көрүнүштөрдүн баарын ал чыныгы поэзия деп кабыл алат. Атүгүл, колхозчулардын өмүр сүрүшүнө чындап көз артып, ичи элжиреп тамшанат:

Аттиң өмүр, арман өмүр көп түрлүү
Таалайга чак өлчөмү бар бөлүмдүү,
Болор элем кырманына корукчу
Эгер болсо айтканыма көнүмдүү.
Ай, чын эле болбогондо эмине
Колхозчулук кандай кызык, көңүлдүү!

Ал эми жумушчулардын турмушун кызыктарга жана кереметтерге, бир башкача буюмдарга жана адамдарга толгон өзүнчө бир сырдуу дүйнө кылып көрсөтөт:

Көрүү керек аманчылык бар чакта
Ким кызыкса сулуулукка, гүл бакка.
Таң калтырып чыгышка аккан суулары
Жумушчу аттуу бир дүйнө бар биз жакта.
Колдору алдуу, аяктары басарман
Жүргөн жери жамандыктан тазарган.
Сакалдуусу Ваня, Сергей аталып
Кары өмүрлөр ушул жакта жашарган.
Барга ташып, жокко моюн бербеген.
А дөөлөттүк таразасын теңдеген.
Бирин бири: кыздар, балдар аташып
Карылыктын айлына бир келбеген.
……………………………………………………

Алыкул оголе көп ырында карапайым адамдарга тамчы суудай жасалмалыгы жок бийик урмат менен мамиле кылып, чын көңүлдөн чыккан асыл сезимдерин жолдогондон арыбайт. Бирок ал ошол сезимдерин билдиргенде дүңгүрөгөи салтапаттуу сөздөргө кайрылып кыйкырбайт, урмат-сыйын улам-улам ачык декларация кыла бербейт, тек гана анын кызылчачы келин же коончу, мурап же жылкычы, маляр же плотник жөнүндөгү жөнөкөй ырларынан аларга карата ызат жана адамдык мээрим шоолаланып турат.

*   *   *

Өзүнө өмүр, тил, ырыскы берген бир боор калкын жерип, ага кайдыгер караган адамдар бу дүйнөдө өтө эле сейрек болсо керек. Айрыкча, акындар эч качан анте албайт. Алыкул Осмонов: «Мен— кыргыздын акыны» деп көкүрөккө сыйбаган мактаныч менен айткан. Ал өз элинин өткөндөгү тарыхына каңырыгы түтөгүчө кайгырып, азыркы бактылуу тагдырына аябай кубанып, жаркын келечегин ойлоп таттуу кыялдарга баткан; анын өз комузу сыяктуу бир караганга жөпжөнөкөй, бирок «айтып болгус өнөрү бар» экенин, жайдары мүнөзүн, айкөл пейли, мейманчыл жосундарын, нускалуу үрп-адаттарын, бактыга текеберсип бой көтөрбөгөн, кайгыга чүнчүп басынбаган карапайым адамдарын жанындай жакшй көрүп, ызат кылган, ырга кошкон.

Анткен менен анын жакшы көрүшүндө жана ызатында бир беткей көтөрө чалуу, жалган патриотчулук, сокур кулдук уруу, жаман менен жакшысын ажыратпай суктана берүү караманча жок. Ал өз элине чоочун көз менен реалдуу карап, анын жашоо ыңгайындагы, кулк-мүнөзүндөгү, салт-санаасындагы терс көрүнүштөрдү кыраакы баамдай алган; маданияттуу жаңы турмушка биротоло өтүшкө жолтоо кылып жаткан адаттарын эрээн көрбөй жүргөн улутташ туугандарын ошолордон эртерээк кутулууга чакырган.

Ырас, анын чакырыгы кээде (айталык, «Бешбармак», «Атбашы» деген ырларында) түздөн түз насыятчыл мүнөз алып, ошонун айынан эмоциялык жугумун бир далай күчсүздөндүрүп койгон. Деги Осмонов карандай дидактикага кайрылса эле, анын айтайын деген ою дайыма кургак акыл айтууга айланып, ойдогудай таасир бере албайт калат. Акындын чакырыгы жылаңач насаат шекилинде эмес, поэтикикалык ой жүгүртүү түрүндө айтылганда гана каалагандай таасир калтыра алат. Мисал катары «Уйдун тили» деген ырын көрсөтүүгө болот.

Белгилүү эмеспи, кыргыздар мал жандуу калк, төрт түлүгүн түгөл жакшы көрөт, бапес менен багат. Ошентсе да, жашырганда эмне, бодо малга саал ороюраак, саал ырайымсызыраак мамиле кылуу бизде көп учурайт. Албетте, малдардын жаткан айкөлүнө кылган мындай мамиле Осмоновго теңирден тескери көрүнгөн да, аны кадыресе олуттуу ойго салып, кадыресе олуттуу сөз козгоого мажбур кылган.

Ырынын башында акын уйдун сүтүн ичерде үнүбүзгө ырайым кирип, жумшак-сылык чыгарын, уй майына кирерде жети атасына жеткире мактаарыбызды эске алат, анан чөп саларга келгенде чоң кепшемин кызганып чөпчөңдөрүбүздү, жайытта жайына койбой айдаганыбызда өңкүлдөп чуркап калса «өлөт ал, арам маңка!» деп сөгөрүбүздү, сөккөндө тилибизден заар чачырап турарын айтат, ырдын аягын мындай деп бүтүрөт:

Чай бергенге май берген,
Кой бергенге тай берген,
Деп кубанта сүйлөгөн
Биздин кыргыз март эле;
Жарыктык уй канетсин
Жакшы сөздөн кем беле?
Ушул кыял, ушул сыр
Кырсык болуп пейилге
Тармак жайып жүрбөсүн
Тамыр салып тереңде?

Бул ыр окуган кишини сөзсүз ойго салып, өзү көп байкап жүргөн көнүмүш көрүнүшкө дароо жатыркаган сөз менен каратат, анын чын эле орой жана ырайымсыз экенин сездирет.

Осмонов негизинен лирик болсо да, керек жерде каардуу сатирик абалына да көтөрүлө алган. Ал «Өлүп-тирилгендер» аттуу поэмасында кыргыз айылдарында дагы эле аздыр-көптүр өкүм сүргөн эски ырым-жырымдарды жана салттарды шылдыңдын жалындуу оту менен куйкалаган. Ал эми «Казакбай» деген ыры назик иронияга, күйүттүү какшыкка толтура.

Өзү айдабай бирөөдөн сурап алган картошканы бир кадактан май кошуп «алдап» жеген, күзүндө өз эгинин арзан сатып жиберип, жазында кайра кымбат сатып алган Казакбайды акын аябай капыялап, анан бир азга олуттуу боло калат:

Кечээ келген кавказ туугай элдер бир далай
Мейманчылап келгенине карабай,
Бакча айдады, заңгырагаы үй салды
Чарбасы да сенден мыкты, сенден бай.

Ушинтип Казакбайдын ар-намысына тийиштик кылат да, анан күйдүргү иронияга өтөт.

Алда сенин эпчил өскөн каадаң ай,
Жыртык тамың жыртык бойдон, Казакбай!

Жаңы турмушка өткөнүбүзгө көп убак болсо да, оокат кылгандын жайын оңдуу билбей, маданияттуу жаңыча жашаштын көзүн жакшылап таба албай жатканыбызга анын жаны ачып, ары келет. Ошол себептен ал ырдын аягында:

Айтар сөздүү айтуу керек калп айтпай:
Элдер жаман

Же биз жаманбыз, Казакбай! —

деп чындыкты тайманбай эле тике бетке чабат.

Белгилүү го, улуттук сезим өтө назик, арчыл, ызакор келет. Муну айкын билген акын кез-кезде, аябай күйүп-бышканда гана өйдөкүдөй бетке чабарлык кылган. Ал эми калган учурда ал улуттук салтыбыздагы жаңы замандын духуна кайчы келген жорук-жосундар жайын кылдат, так (ийкем) менен айткан. Жок, ал жөн эле айтып койбостон, кандаш туугандарын ошол жорук-жосундар туурасында өзү менен кошо жай ойлонуп көрүүгө чакырып, сырдаштык интонация менен айткан:

Абаке ай, кечээ күнкү биз жеген эт,
Андай эт, майга оронуп күндө келет.
Кандайдыр биз билбеген күчү бар бейм
Ыксырайм, уйкум келет… уйкум келет…

Урушпа, сага бир кеп айткым келет,
Ал этти парыз бекен күндө жемек?
Жаштардын кол-аягы ичке болуп
Кыздарга кайдан бүткөн одоно бет?

Кейибе, эмнени айтып дөөдүрөйт деп,
Эт жемек өнөр бекен күндө тердеп?
Касымкул неге жалкоо, билесиңби,
Дале жок «ана келет, мына келет».

Максат жок эт жебегин, аба демек,
Мен жүрөм күчүбүздү дайым чеңеп;
Таарынба, чычалаба ачык сөзгө
Эмне үчүн биздин элдер борпоң делет?

Муну айтам, эгер берсең мага кезек:
Орустун көп даамына руксат этсек,
Кара көз, чымыр дене көркүн алып
Бир сонун гүлдөр элек, гүлдөр элек…

Кой дебейм, эмне берсең өзүңдө эрк,
Менде жок эт жебейм деп кесирленмек…
Өзүмчө бир байкаган сырымды айттым,
Негедир уйкум келет, уйкум келет…

Калың китепкөйлөргө бештен белгилүү экенин билсем да, өйдөкү анча узун деле, кыска деле эмес ырды толук келтирбей коё алганым жок. Мунун биринчи себеби: кара сөз менен кайталап айтканда ырдын мазмуну өтө эле пас тартып кеткидей; бир чети анын гранит таштай чулу бүткөн сын-сыпаты (структурасы) айрым строфаларын жулуп цитата кылганга моюн сунчудай эмес. Экинчиден, менин «Уйкум келетке» байланыштуу айта турган бирин-эки эскерүүлөрүм бар. Ал эми ошол жекече эскермелеримин ырдын маани-маңызын ачып бергенге аздыр-көптүр жардам көрсөтүшү ыктымал.

Илимде илгертен дайын: бир элдин жашоо ыңгайындагы жана социалдык психологиясындагы терең тамырлаган жакшы-жаман моралдык нормаларды, турмуштук түшүнүктөрдү, каада-салттарды, дагы башка өнөкөттөрдү ошол элдин өкүлдөрү демейде эне сүтү менен кошо кан-тенине сиңирет, баарын тең шектенбей кабыл алып, сокур ээрчий берет, ошолордон сонун, ошолордон артык эчтеме бу дүйнөдө жок дегендей ишенимге байланат. Демек, «ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө» деген акылман кеп тегин жерден чыккан эмес.

Өзгөлөр канткенин ким билет, ушу мен өзүм, кыргыздын бир кыйынсынган интеллигент кулуну, өмүрүмдүн бир топ белесине чейин өз улутумун өткөн-кеткенине, тиричилик жагдайына, каада-салт мамилелерине деги бир өгөйлөп караган эмес экемин. Тестиер чагыман борбор шаарыбызга келип окуй баштасам да, жогорку окуу жайынын акыркы курстарына баргыча айылдык чөйрөнүн каныма сиңген түшүнүктөрүнөн жана өнөкөттөрүнөн алыс узап кете албапмын, коомдук эмгектен тышкаркы турмушунда, б. а., карандай оокат-тиричилик (бытовой) сферада көпчүлүк улутташтарым жолдогон ата мурас эрежелер, жол-жоболор, үрп-адаттар, жөрөлгөлөр башка элдердикинен өйдө деп ынанып келипмин.

Атүгүл, биздин кыргыздан кыйын эл жок дегендей баёо ойду да көпкө чейин көңүлүмдө алдейлеп жүрүпмүн. Көрсө, ошолордун баары менин элеттик аң-сезимиме, каныкпаган көздөрүмө кабат-кабат тартылган иллюзия (жалган элес) пардалары экен. Ал пардалар акыл-эсим менен көздөрүмөн кыйлага барып сыйрылып түшпөдүбү. Алардын сыйрылып түшүшүнө борборубуздун интериационалдуу жамаатына бала чагыман аралаш жүргөнүм, орусча илимий жана көркөм адабиятты системасыз көп окуганым, бөлөк тилдүү тели-теңтуштарым менен ачык-айрым баарлашканым, улутташ студент курбуларым менен өңгөч айрылгыча талашып-тартышканым, тиги чоң борборго окуп кеткен жана эртелеп «европалашкан» классташтарым менен кызуу пикир алмашканым, кыргыздын жашоо таризин башкалардыкына салыштырып талдап көргөнүм, биздин үрп-адаттарыбызга жана өнөкөттөрүбүзгө өзгөлөр кандай карарын байкаштырып бакканым сыяктуу ички-тышкы себептер көмөкчү болду.

Жашырганда эмне, кан-теним менен кошо бүткөндөй иллюзияларыман мен дурус эле кыңырылып, кыйналып, бүлүнүп атып айрылып отургансыдым. Ошентсем да жүрө-жүрө өз элимин демейки турмуш-тиричилигине, каадалуу расмилерине, дагы башка улуттук өзгөчөлүктөрүнө жаңыча көз менен карап, алардын баары азыркы заманга ылайык, акылга сыйымдуу, калетсиз туура экенине шек санай баштадым.

Дал ошол маалда капыстан «Уйкум келет» жарык көрүп калды.

Ал ыр согуш жылдарынын аягында (1944) жазылып, бирок өз убагында бир жерге басылбаптыр, баса, 1948-жылы жаралган «Казакбай» деле басма сөз бетин көрбөптүр). Сыягы, биздин айрым сынчылар кылдан кыйкым таап турган кыйчалыш мезгилде улуттук сезимге жана арга тийчү бетке чабар ырларын көп жыйнагынын бирине киргизгенден эстүү акын айбыкса керек.

Ал-аңгыча Алыкулдун керт башына эртелеген өлүм, поэзиясына кечеңдеген оомат келбедиби. Маркумдун зоболосу бат эле көтөрүлүп, атак-даңкы дүңгүрөй түштү. Өмүр баркы менен чыгармачылыгына көп сандаган диссертанттар (илимий наам алабыз дегендер) аарыдай жабышты. Жазгандарынын жакшы-жаманы ылганбай мактала берип, акындын ысмы токочтонгон урмат-сый шоолалары менен, ашкере аздек-таазим гүлчамбары менен курчалды.

Ошондой жүйөөлүү-жүйөөсүз мактоолордун шарданында «Уйкум келет» жарык көрсө, ага басма сөз бетинде өгөйлөп караган, кылапат айткан, чычалап арданган бир киши табылган жок.

Башкаларды ким билсин, адеп жарыялаганда «Уйкум келет» мени адаттан тышкары толкундатып, маашыркантып, таңдандырып, чечекейимди бир чеч кылган. Ал мага дүйнөдөгү ырлардын туу чокусундай, кайталанбас улуусундай, телегейи текши мыктысындай көрүнгөн. Сыягы, ал ырдын мазмундук духу менин ошо кездеги көңүлүмдө баккан ой-санааларыма, сынчыл көз караштарыма, козголоңдуу маанайыма шайкеш келип калса керек, (айтпасам адилеттик кылбай коёрмун: ал ырга ошо кезде менден бетер маашырканып, кийин бир макаласында көтөрө чалып мактаган адабиятчы Камбаралы Бобулов болгон).

«Уйкум келет» азыр мага адеп окуганымдай укмуш да, кынтыксыз да көрүнбөйт. Анын таза «техникалык аткарылыш» жагынан өксүктөрүн, асыресе кээ бир саптары, сөз айкалыштары, уйкаштары ойдогудай чыкпай калганын көрүп-билип турам. Ырдагы поэтикалык ойдун мындан да күчтүү, таасирдүү, кылдат туюндурулушу мүмкүн нерседей сезилет. Ырдын идеясындагы айрым моменттер да талаш маселедей туюлат. Тактап айтсам, мен эски убакта деле, жаңы доордо деле биздин улуттук аш-тамагыбыз бир өңчөй болгонун тана албайм, бирок атпай кыргыз балдарынын күн сайын табак-табак эт жей бергенине анча ишене бербейм. Мага элибиздин кулк мүнөзүнөн, жүрүш-турушунан, кылган-эткенинен орун алган кай бир урунттуу белгилердин келип чыгышы жалаң гана эт жей берген менен байланыштуу дегендей ой да кыйла эле бир беткей сыяктанат.

Ошентсе да «Уйкум келетке» карата менин мээримим, ызат-сыйым эмдигиче эскире элек. Мен аны, атургай, Осмоновдун ойчулдук өзгөчөлүгүн түшүнүү үчүн өзүнчө бир ачкыч сыяктуу ыр деп эсептейм, себеби, андан өз авторунун тунук акылы бары, маданий деңгээли жогорулугу, өз алдынча ойлоно билгени, катарлаштарынын көбүнө караганда дүйнөгө жаңыча серп салганы, улуттук аң-сезимдин (самосознаниенин) жаңы баскычына көтөрүлгөнү өзгөчө айкын байкалат.

Ырдын мазмунунан сезилип турбайбы: акын өз калкын жан-дили менен жакшы көрөт, ага жалаң гана жакшылык каалайт, анын айрым кедери тартма өнөкөттөрүнө күйүп-бышат; өз улутташтарынын өнүккөн элдерге теңелип оокат кылганын, маданияттуу жашоо ыңгайына байырлаганын, башкалардан кем калбай келечекке арыштаганын чын пейилден көргүсү келет. Ошол себептен ал кыргыз турмушуна жана салт-санаасына кирген ар бир жаңылыкка (мейли, кичинекей эле жаңылык болсун) акындык назарын түшүрүп, сүймөнчүлүк менен ырга кошот.

Айталык, бир кыргыз чалдын кошуна орус калкын туурап эркек кашка торпогун уйга берилчү ат менен чакырганы биздин салтка кошулган өтө чоң, мааниге бай, принциптүү жаңылык деле эмес. Кадыресе кичинекей, бир аз жылмаюу туудурган турмуштук факт. Бирок ошол фактыны Алыкул «Жаңылуу» деген ырында дегеле бир чоң окуя, олуттуу жаңылык сыңары жетине албай маашырканып, ичи элжирей толкундап кеп кылат. Ал эми «Коммунизм колхозу» деген ырында алма менен жүзүмдү, сабиз менен пиязды, дагы башка жер-жемиш менен жашылчаны көп эктирген Билаалы башкармага абдан ыраазы болот, ошол айылдын жаңы тукуму «көктү» көп жеп чоңойгон балдары балбан, чыйрак, сулуу чыкканына сонуркайт.

Албетте, кыргыз поэзиясында баштараак анча козголбогон мындай темаларга Осмонов кокусунан эмес, өз калкынын тарыхый тагдыры жана азыркы ал-абалы, жаңы турмуш жолундагы табылгалары, этектеп кармаган каргашалуу үрп-адаттары тууралу далай жыл чымыркана ой-санаа тартып жүрүп келген. Баса, өлөрүнө жакын акындын жумушчу темасына кайра-кайра кайрылганын да ошол багыттагы тынымсыз ой жүгүртүүлөрдүн натыйжасы деп кароого болот.

Чынында да ал темага Алыкул кандайдыр бир адабий же башка коомдук таасирлерге жетеленгенден эмес, өз алдынча дүйнө таануу, ойлонуу, изденүү процессинде келип кабылган өңдөнөт. Сыягы, акын кандаш-жандаш калкынын жаңырган тагдырындагы, жашоо ыңгайындагы, аң-сезиминдеги, өз кадырын аңдап билишиндеги сапаттык өзгөрүүлөр улуттук жумушчу табынын жаралышына жана калыптанышына байланыпттуу болорун айкын түшүнгөн шекилди.

«Көркөм сөз маселелери» китебинен,»Кыргызстан» басмасы» 1982-ж.

1964—1975-жылдар

[1] Маркс К., ЭнгельсФ. Из ранних произведений. М., 1958, 587-бет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *