Грузин эл жомогу: Жаман кабар

Бир кедейдин эки кызы болуптур. Бой жеткенде алардын бирөөсү дыйканга тиет, экинчиси кумарачы устага турмушка чыгат. Бир топ убакыт өткөндөн кийин кедейди аялы кыздарына жиберет. — Барып кыздарыңдын жашоосун көр. Кандай көйгөйлөрү бар, эмнеге сүйүнүп, кайсыга күйүнүшөрүн билип кел. Кедей дыйканга турмушка чыккан биринчи кызына келип ал-жайын, жашоо-тиричиликтерин сураса күйө баласы ыйлап ийчүдөй болуп арманын айтат. — Көрүп турбайсызбы, быйылкы аптаптын күчүн, тимеле куйкалап баратат. Бир жумага чейин жамгыр жаабаса өлдүк! Бүт эгин күйүп кетет! Алар менен коштошкон кедей кичүү […]

Михаил Зощенко: Башкаларга караганда акылдуурак мышык

Бир кожойке иштери менен алыс кетип, ашканасында мышыгын бекиткен боюнча унутуп коюптур. Мышыктын эмчектен чыга элек чиедей үч мый-мыйы бар болучу. Камакта калган байкуш мышыктын курсагы ачып, желининен сүт чыкпай калды. Ал жегидей бир нерсе издеп, ары-бери шимшилеп көрдү. Бирок ашканада эч нерсе жок болуп чыкты. Мышык андан ары узун коридорго чыкты. Ал жактан да тумшугуна илине турган нерсе таппады. Бир бөлмөнүн тушуна келгенде эшиктин ары жагындагы тамактын жагымдуу жытын сезе койду. Эми мышык эшикти тырмалап ача баштады. Ал бөлмөдө […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Гулен-Эрдоган талашын түрк туугандар өздөрү чече беришсин

«Сапат» (мурдагы «Себат») мектептерин жапкыла деп талап кылганга Түркиянын акысы барбы? Дал ушул түрк лицейлери Кыргызстандын орто билим тутумун дүйнөлүк деңгээлге жеткире өнүктүрүүгө болорун көрсөтүп, далай идиректүү улан-кыздардын жолу ачылгандыгы талашсыз чындык.  Ырас, буларга бизде ар кандай сын айтып, жазылган, жаап, жок кылыш керек дегендер да болгон. Бирок мезгил сыноосунан татыктуу эле өттү. Ырас, окутуу баасы колу жукалар үчүн кымбат. Бирок билим сапаты ошол чыгымды актагыдай болбосо, базар шартында кардарлар азайгандан азайып отуруп, бул лицейлер тез эле жабылып калмак. Булар […]

Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын энчиси – Эмгек, эргүүсү – Өнөр

Адам болуп жарыкка келген соң, «кара жанды багуу», «эл катары күн көрүү» – моюндагы парз. Бирок бул абал адамды алымсындырбай, аны андан да бийик, анданда асыл мүдөө куштарланткан кезең болот. Ал дымак адам жашоосун аруулантып, ажарлантып, адам көөнүн тазартып, көңүлүн көкөлөтүшү да, же анын турмушун азапка айландырып, түгөнбөс түйшүккө салышы да мүмкүн. Мына ушундай адамдык абыгер өмүр кечирүүнүн ар түрдүү деңгээлин кыргыз дүйнө таанымы «эмгек» жана «өнөр» деген эки түшүнүк менен аныктаган. Анын биринчисинин мааниси «жумуш», «түйшүк», «аракет» деген түшүнүктөргө […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Алыкулдун “Жибек кийген эрке кызы”,  же адамдын адамдык трагедиясы

Адабий сын,  адабият таануу Өзүнүн турган турпаты менен табышмактуу да,   сырдуу да жана татаал да кубулуш — бул текст болуп саналат.   Ошондуктан айрым окумуштуулар тексттин табият-дүйнөсүн лингвистикалык космос деп атап,  демек,  космоско теңеп,  адамзат жашап турганда, ал изилдене берерин белгилеп жүрүшөт.  Текст ар кыл болору белгилүү, ошолордун ичинде көркөм текст өзгөчө орунда турат, мунун сыры “түгөнгөн сайын түтөй” бергендигинде жатабы дейм.  Чындыгында эле, нукура көркөм чыгарманы изилдеп аягына чыгуу мүмкүн эмес, аны улам-улам иликтеген сайын,  улам бир жаңы өңүтү ачылып, […]

Тынчтыкбек Чоротегин: “Байкелик” кысымга алууга орун жок

Тарыхчы, педагог Тынчтыкбек Чоротегин “Сапат” агартуу мекемесинин айланасындагы уу-дуу сөзгө карата үн катты. Кыргыз тарыхы дайыма тарыхый коңшу-колоңдор, тектеш элдер менен тыгыз карым-катнашта өнүккөн. Мындан ары да дүйнөлөшүү жүрүмү уламдан-улам күч алганына карабастан, дурус коңшулук жана тектеш элдер менен боордоштук алакалар Кыргызстан тарабынан үзүрдүү улантылат деп ишенем. Бирок ишенич — бир нерсе, ошол ишеничти жүзөгө ашыруу үчүн жигердүү аракет кылуу — башка нерсе. Кыргызстан бийлиги ар дайым өлкөнүн эгемендигине шек келтирчү жагдайларды кылдат иликтеп, көрүнбөс жиптен тордолгон кылтактардан алыс болууга […]

Олжобай ШАКИР: Кыргыздын кайра жаралуу доорундагы көкбөрү мааниси (2-макала)

1-макала ушул шилтемеде>>>>>>>>> Бир эле кыргызда эмес, дүйнө жүзүндө эл энчисине айланып кеткен мурастар канча, маселен: «элдик ыр», «элдик күү» болуп. А түпкүлүгүндө ал мурастарды жалпы эл жараткан эмес, тек эл ичинен чыккан бүрөө-жарымдын гана авторлук чыгармасы кийин элдик болуп аталып калганы… Ошол элдик ыр, элдик күүлөрдү шаңшытып оркестрге салсаң да элдик бойдон кала берет түбөлүк. Көкбөрү тарыхы да ошол сыңары элдик дөөлөт-мурас, элдик өнөр катары эл энчиси бойдон жашай берет. Тек, ага жаратмандык мээнетин жумшаган эр-азаматтар чыкпаса, көкбөрүнүн бүгүнкү […]