Адабий сын,  адабият таануу

Өзүнүн турган турпаты менен табышмактуу да,   сырдуу да жана татаал да кубулуш — бул текст болуп саналат.   Ошондуктан айрым окумуштуулар тексттин табият-дүйнөсүн лингвистикалык космос деп атап,  демек,  космоско теңеп,  адамзат жашап турганда, ал изилдене берерин белгилеп жүрүшөт.  Текст ар кыл болору белгилүү, ошолордун ичинде көркөм текст өзгөчө орунда турат, мунун сыры “түгөнгөн сайын түтөй” бергендигинде жатабы дейм.  Чындыгында эле, нукура көркөм чыгарманы изилдеп аягына чыгуу мүмкүн эмес, аны улам-улам иликтеген сайын,  улам бир жаңы өңүтү ачылып, бажырайып чыга берет.

Мунун айкын далили – чыгаан акыныбыз Алыкул Осмоновдун баарыбызга аттын кашкасындай таанымал «Жибек кийген эрке кыз» аттуу ыры.   Алдын-ала эскерте кетчү бир жагдай: көркөм образдын табиятын ачып берүү максатында аталган ырга адабиятчы С.Жигитов да өз кезегинде кеңири талдоо жүргүзүп,  эмне үчүн ушул ырды тандап алгандыгын баса белгилеген эле: «… ал ыр Осмоновдун өзүнө гана таандык дүйнөгө мамилесин айкын билдирген,  китептик же фольклордук чыгармалардын таасиринен эмес,  нукура турмуштук таасирлерден улам жаралган,  бардык чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн жумшап жазган ыр.

Ал – чыныгы поэзиянын мыкты үлгүсү,  элге кеңири маалым ыр; экинчи жактан,  ал ыр эч кандай өтмө маанидеги эмес,  дээрлик предметтик маанидеги жөнөкөй сөздөр менен жазылган. Кыскалык жайы да бар. Ошон үчүн анализ кылууга бир топ ыңгайлуу”. Мен бул пикирге кошулуу менен, максатыма ылайык,  төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурмакчымын: 1) ырдын табышмактуулугу,  б.   а., акындын айтайын деген негизги оюн (чыгарманын идеясын), сүрөттөлүп жаткан предметке карата автордун мамилесин аныктоонун өтө татаалдыгы,  сөздөрдөгү семантикалык кыймылдын (маанилик катмарланыштын) оңойлук менен колго кармалбастыгы; семантикалык жылыш менен поэтикалык ойдун өз ара карым-катышы; 2) ырдын көркөмдүк сыры,  же карапайым (образсыз) сөздөрдөгү купуя сыр, татаалдык, сөз менен образдын карым-катышы; 3) семантикалык жылыш, татаалданыш боюнча автор менен кейипкерлер кебинин ортосундагы айырмачылык. Анда ырга кулак төшөйлү:

Жамгыр жаады,  жамгыр жаады шатырап,
Күн күркүрөп,  чарт-чурт этип чатырап,
Шуу-шуу эткен легковойдун бооруна
Балчык тийип,  жамгыр суусу чачырап. 

Жибек көйнөк сулууча кыз энтелейт
Жамгыр кантсин,  жаба куюп эркелейт,
«Ай булганды,  ай бузулду көйнөгүм,
Жайдын жааны жаабай койсо эмне?» — дейт. 

Too алдында колхозчу ата кубанат,
Жай булуту үстү-үстүнө куралат.
«Дан көбөйүп, эрке кызым кулпуруп
Жибек көйнөк кийсе экен, »
— деп суранат.

Өйдөкү эки суроо өз ара тыгыз байланышып, бир-бирин толуктап тургандыктан, экөөнү эриш-аркак кароону ылайык таптым. Аталган маселелердин тегерегинде, өзгөчө экинчи суроо боюнча С.Жигитов да кеңири ой чаргытып,  терең илик жүргүзүү менен,  бир кыйла омоктуу ойлорун айткан эле. Мен анын айткандарын кайталап отурбай,  маселени башкачараак өңүттөн карап,  көркөм кептин көп сырларынын бирин ачып берүүгө далалаттанайын.

Өзүбүз күбө болгондой,  ырда негизинен жамгыр жөнүндө айтылат,  б. а.,  «ырдагы эң негизги образдык «клетка» – жамгыр,  анын образдуу көрүнүшү баштан-аяк аралап өтөт».

Бирок ошентсе да,  жамгырдын туюмдуу образы ырдын биринчи сабагында (строфада),  өзгөчө анын башкы эки сабында эле түзүлүп калгандыгын танууга болбойт. Биз ушул эки сапты окуганда эле, көнөктөп төгүп жаткан жамгырга кабылабыз,  шөлбүрөп суу болуп жаткансып,  денебизди жыйрып,  ичиркенип кетебиз. Буга андагы тилдик каражаттар өзгөчө өбөлгө түзгөн,  бул жагынан алганда,  чу дегенде эле табыш тууранды сөздөр баамга урунат,  атүгүл башкы саптарды табыш тууранды сөздөрдүн өзгөчө бир жыйындысы катары караса болот: шатырап + күн күркүрөп,  чарт-чурт этип+чатырап.   (Албетте,  табыш тууранды сөздөрдү мындайча жыш колдонуу ички муктаждык – жамгырдын элесин ары реалдуу,  ары туюмдуу берүү зарылчылыгы – менен шартталат).

Баарыбызга маалым,  мындай сөздөрдүн жөнөкөй гана жыйындысы өзүнөн-өзү эле кайсы бир кубулуштун (айталы,  жамгырдын) толук кандуу элесин бере албайт,  алар кайсы бир кубулушка,  процесске баш ийип,  алар менен чырмалыша ширелишкенде гана өз максатына жете алат. Бул жагынан алганда,  жамгырдын доошун билдирген шатырап сөзү жаады сөзү менен жуурулушуп,  ал аркылуу экөө бирдей жамгыр сөзү менен ширелишип,  жамгырдын жандуу элесин көз алдыбызга тартат. Муну менен катар кайталанма ыкмасы (жамгыр жаады,  жамгыр жаады) буга кошул-ташыл болуп, жамгырдын мукам-ыргагын берүү менен,  жамгырга бизди ого бетер ишендирип салат. Ал эми экинчи сап («Күн күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап») жамгырдын «элес-туюмун андан ары терендетип,  дагы элестүү,  дагы туюмдуу кылуу менен» бирге момундай жүктү да аркалап турат: 1) жамгырды конкреттештирет,  б.а.,  ал акырын дыбырап жааган жөнөкөй гана жаан эмес, ал эми асманды кара булут каптап,  күн күркүрөп жатканда көнөктөп төгүүчү жамгыр; 2) бул сап аркылуу (албетте,  биринчи сап менен ширелешип) көнөктөгөн жамгырдын гана эмес,  ошол учурдагы бүтүндөй айлананын,  табийгаттын туюмдуу элеси тартылат.

Үчүнчү жана төртүнчү саптар бизди табият кубулуштарынан,  процесстеринен реалдуу турмушка алып келет – жамгыр шатыраган доошу,  күркүрөп, чарт-чурт эткен күн аркылуу гана эмес,  балчык тийип булганган легковой аркылуу да көз алдыбызга тартыла калат. Ушул эле маалда дагы бир тууранды сөз (шуу-шуу эткен) биресе жамгырдагы (жамгыр шаштырган) легковойдун доошун,  биресе адамдардын маанайын таасын берип,  андагы дагы бир «кем-карчты» толуктайт. Ошентип,  жамгыр өзүнүн бүтүндөй төрт дүйнөсү менен көз алдыбызга тартылды,  тартылганы ушунчалык,  бул сабактан жамгыр сөзүн чийип салсак деле,  жамгыр экени айкын болуп турат.

Эми момундай суроо таштайлы: мына,  биз жамгырдын өзүн көрдүк,  ага суктандык же денебизди жыйрып ичиркендик,  мындан не пайда таптык,  не ыракат алдык,  деги мында жүрөк менен кошо мээни да козуй ала турган дарамет-күч барбы, же акын болгону жамгырдын табигый сүрөтүн тартууну гана көздөгөнбү? Буга жооп берүү үчүн ырдын кийинки сабактарына өтөлү.

Жамгырга көнгөн жаныбыз экинчи сабактын биринчи сабында эле жамгырдан энтелеп качып келаткан, жибек кийген сулууча кызга капысынан жолугуп, бир аз дабдаарый түшөбүз жана дал ушул кыз аркылуу акын өзүндө кандайдыр бир купуя сыр бар экенин кыйытканын боолголойбуз. Ал эми экинчи сапты мен (албетте,  биринчи сап менен кошо алганда) сүрөтчүлөр үчүн не бир табылгыс чыгармачылык гүлазык дээр элем,  анткени алар аркылуу кыз өзүнүн бүтүндөй турган турпаты менен маңдайыңа жадырап тура калат,  саптардын ар бир сөзү кыздын сырткы ырай-пешене, келбетинен тартып ички дүйнөсүнө чейин аңтарып-ачып бергенсийт. (Кызык, акын кыздын сырткы кебете-кешпирин,  кийимин, мүнөзүн аки-чүкүсүнө чейин санап отурбай,  «жибек кийген сулууча кыз» – деген сыпаттоо менен чектелсе деле,  биз негедир мына ушундай иллюзияга кабылабыз.)

Мына, жибек көйнөгү наристе этине чыпталган,  салааланган чачтарынан жамгыр шорголоп, андан энтелеп качып келаткан кыздын элеси. Бирок бул үстүртөн эле ушундай. Үңүлө карай келсек, ал жамгырдан качпай эле,  тескерисинче, татына көйнөгүн наристе колу менен калкалап, чаба жааган жамгырды беттеп баратат,  жамгыр канчалык шөмтүрөтүп суу кылбасын,  ылайга чылап көйнөгүн булгабасын, баары бир ал жамгырды жек көрө албайт,  буга кудурети жетпейт. Кыскасы,  ал – көзгө көрүнбөс,  кулакка угулбас,  кандайдыр бир ыйык сезимден тарткынчыктап (ага бул сезимди жамгыр ыроолоп отурбайбы — адам менен табигаттын байланышы кандай гана татаал да, кандай гана табышмактуу десең),  ошол аркылуу өзүнүн күн нурундай туптунук аруулугун ай-ааламга чачыратып бараткан бейкүнөө кыз.

А.Осмоновдун саптары аркылуу мына ушундай татына кыз көз алдыбызга тартылат,  анын сырткы кейпине караганда,  ички дүйнөсү бажырайып даана чыга келет. Дал ушул жерден акын жыландын башын кылтыйта баштайт: Бул сапта жамгыр кубулат,  ал эми дыбыраган да,  көнөктөгөн да жамгыр эмес,  ал – жандуу жамгыр, адам сындуу эркелей алган, болгондо да кимге эркелешти билген жароокер жамгыр. Дааналап  айтканда,  бул сапта жамгыр өзүнүн нарк-насилинен жарым-жартылай ажырап, психологиялык касиетке ээ болот, кыздын жан биргесине айланып (кыз менен жамгырды ажырата албайсың,  ички дүйнөсү жагынан алганда, экөө коёндой опокшош эгиз),  анын ички дүйнөсүн аңтарып берүүгө зор өбөлгө түзөт жана ушул эле аркылуу өзүнүн да ички дүйнөсү ачылат.

Ошентип, кызды акын эмес, жамгыр ачат; бул жерде жамгыр өзүнүн акактай тунук ички дүйнөсү менен көңүл чордонунда уюп калат. Мында автор эки сөзгө (кантсин, эркелейт) айрыкча жүк артып, өзгөчө басым койгону айкын болуп турат, анткени бул экөө тең психологиялык уйгу-туйгуну берүү касиетине ээ эмеспи. Арийне,  мындай эки жаркын сүрөттү (жамгыр менен кыз) тарткан соң ырга чекит коюуга акындын толук акысы бар эле. Бирок алар бизди канчалык эргитип, сезимибизди кытыгылаганы менен,  оюбузду анча козута алмак эмес,  биз ой (поэтикалык) жагынан кыйла эле өксүп,  өкүттө кала бермекпиз.

Муну бизден жакшы түшүнгөн акын жана да ошол билинбеген,  али белгисиз поэтикалык ойдун кан-жанынан сыгылып чыккан муктаждык ырды андан ары улоого мажбур болгон. Үчүнчү сабакта жаанга шөмтүрөгөн сулуу кызыбыз жок болот да,  анын ордун жамгырга барпаңдап кубанган колхозчу ата басат. Бирок кыз менен ата бир-биринен таптакыр ажырап кетпейт,  ажырап кете да алмак эмес,  анткени ортодо баягы жамгыр бар. Мына ушул жамгыр жана көзгө илинбеген ипичке карама-каршылык кыз менен атаны бириктирип турат.   Биригүү төмөндөгү жөнөкөй жана жайытылган антитезалар аркылуу берилет:

Үчүнчү сабак боюнча менин назарымды өзгөчө бурган жагдай – мына бул: акын негедир жамгыр сөзүн колдонбойт, анын ордун «Жай булуту үстү-үстүнө куралат» – деген бүтүндөй бир сүйлөм ээлейт, ошентсе да биз жамгырдын шаанисин туябыз, атүгүл бул саптар аркылуу жамгырдын уламдан улам күчөп бараткандыгы элестелет. Бул жагдайга байланыштуу момундай бир закондуу суроо туулбай койбойт: эмне үчүн жамгыр сөзү колдонулбаган, бул чылгый стилистикалык (бир сөздү улам-улам кайталай берүүдөн атайылап качуу) муктаждыктан,  же уйкаштык зарылдыгынан (салыштыралы: кубанат – «уралат – суранат) келип чыкканбы, же бул кандайдыр бир кокустуктан жаралганбы? Албетте, уйкаштык да,  стилдик муктаждык да белгилүү бир деңгээлде роль ойногон чыгар,  бирок  өңгөгө билбейм,  мага ал кокустуктан,  болгондо да аң-сезимдүү кокустуктан (кокустук – бул зарылдыктын көрүнүшү эмеспи) жаралгандай туюлат.

Тактап айтканда, ал уйкаштыктан да, стилдик муктаждыктан да эмес, баарыдан мурда, автордун психологиялык ички туюм-маанайынан жана ырдагы поэтикалык жалпы метафоранын талабынан сызылып чыкканбы дейм. (Баса,  стилдик максатта эле болсо,  анда жамгыр сөзүнө синонимдеш сөздү,  ал эми уйкаштык себепкер болсо,  куралат сөзүнөн бөлөктү табуу автордун колунан оңой эле келмек экенин ким тана алат). Колхозчу атага канчалык жан тартып,  зор сүймөнчүлүк менен караса да,  аны көкүрөгүндө бөпөлөп,  канчалык даңктагысы келсе да, баары бир көөдөнү көрөгөч акын наристеге бүт төрт сырын төгүп эркелеген жароокер, аруу жамгырды («жамгыр» сөзүн) тажрыйбасы мол,  турмуштун аки-чүкүсүн билип,  көр тириликтин көйгөйүн тартып калган колхозчу атага ыроолоого дити барбаган көрүнөт,  ыроолосом эле жамгырдагы аруулуктан кол жууп каламбы деп чочуласа керек, бул аркылуу кыз менен жамгырды – экөөнү бирдей аяса керек.

Экинчи жактан, дыйкан атанын маанайына да «жамгыр» сөзү дал келбегенсийт, жамгырды береке, байлыктын булагы катары караган (же ороюраак айтканда,  жамгырга көр тириликтин көзү менен караган) атанын ой-санаасына,  маанайына жамгыр, баарыдан мурда, өзүнүн табигый нурк-насилинде керек,  ошондуктан ал үчүнчү сабакта өзүнүн адамдык касиетинен биротоло кол жууп,  эгинди сууга кандырып, данга марытуучу асмандан төгүлгөн суу катары гана көрүнөт. Ошондой эле дыйкандын тилек-ниетине ылайык бир кыйла күчөтүлгөн,  «каарданган» кейпинде да берилет: Жай булуту үстү үстүнө куралат.

Ушул үчүнчү сабактын акырына чыккан соң мага момундай бир күтүүсүз,  жаңы ой капысынан өзүнөн өзү эле кылт этти,  ал ой – жамгырдын кайдыгерлиги.   Ооба, жамгыр баарына кайдыгер: бирөө сүйүнүп,  аны алдейлеп жатабы,  же жек көрүп,  тилдеп жатабы – ага баары бир,  атүгүл топон суу алып кетсе да,  лам деп койбой асмандан төгүлүп, өзүнүн негизги озуйпасын аткара берерине шек жок.   Бирок жамгырдын кайдыгерлиги — бул акындын кайдыгерлиги эмес,  тескерисинче,  анын кайдыгерлиги айкынды бейпайга салары (толкундантып тынчсыздандырары) бышык, өйдөкү ырда да акын кайдыгер боло алган эмес,  боло да алмак эмес,  анткени тээ туңгуюктан бүлбүл жанган поэтикалык метафоранын шооласы көрөгөч акынды мындай жөндөм-кудуреттен ажыратып таштаган.

Кыскасы,  табигаттын кайдыгер бир берекеси акынды улам делөөрүтүп,  улам азгырып,  ушунусу менен чыйралтып отуруп,  биз сөз кылып жаткан жаркын ырды жаратууга мажбурлаган.

Ошентип, мен ырды, максатыма ылайык, кыскача талдап өттүм.   Кимибиздин болбосун көз алдыбызда мына булар калары бышык: жамгыр – сулуу кыз – колхозчу ата. Үчөө чырмалыша жуурулушуп келип,  жалпы,  бүкүлү бир поэтикалык маанини (образды,  идеяны) жаратты. Жок,  үчөө эле эмес экен,  булардан сырткары дагы эки элес башын кылтыйтып турбайбы, алар – акын жана окурман. Демек, бешөө болду: жамгыр — сулуу кыз — колхозчу ата – акын — окурман, булардын ичинен акыркы экөө кыйыр түрдө гана катышат,  атүгүл окурман катышпай калышы да толук ыктымал.

Эми негизги жана конкреттүү бир суроо таштасамбы дейм: ыр мени толкундата алдыбы,  толкундатса, эмнеси менен? Баса,  бул ырды мектепте да,  жогорку окуу жайында да далай жолу окуп, далай талдоого катышып,  мугалимдерибиздин пикирлерин укканбыз жана өзүбүз да түшүнгөнүбүздү айтып бергенбиз. Бирок чындыкты айткан жакшы,  бул ыр мени анда анча деле толкундата алган эмес, идеясы кулакка жедеп жат болгон кадыресе ырлардын бириндей эле кабыл алганмын, атүгүл сырткы техникасы (уйкаштык,  ыргак ж.   б.) жагынан өз мезгилиндеги ырларга салыштырганда жармачыраак да көрүнгөн,  ошондуктанбы, Алыкул десе эле жөн эле көкөлөтө беришет турбайбы деген түпөйүл ойдо калгам.

Бүгүн болсо биресе поэзия күйөрманы, биресе адис катары үңүлө окуп,  толкунданып отурганымды жашыргым келбейт,  дааналап айтканда,  ыр мен үчүн кандайдыр бир жаңы, сырдуу ачылыш болуп отурат. Арийне, бул жаңы ачылышты, анын сырын чыпчыргасын коротпой айтып берүү өтө оор,  бул менин колумдан келбейт, ошентсе да чамама жараша жеткирүүгө аракеттенейин,  бул үчүн С.Жигитовдун пикирине кайрылып, ага таянууга, керек болсо, бул белгилүү сынчы менен талашып-тартышууга туура келип отурат.

Белгилүү сынчы образдын өзү эле ой (идея) экенин, көркөм чыгармадагы образдуу идеяны логикалык түшүнүктөр менен берүүнүн өтө татаалдыгын,  б.а.,  анын логикалык түшүнүктөргө оңойлук менен сыйбастыгын адилеттүү белгилеп келип,  талданып жаткан ырдын образдык маанисин бир канча вариантта көрсөтөт: «Акын жайкы жамгырдын эгинге пайдасын, береке алып келерин, жамгырдын жандуу элесин берейин деген. Акын жамгырга көйнөгү бузулган кыздын жайкы жамгырдын эгин үчүн зор маанисин түшүнбөгөнүн көрсөтүп, кыздын дыйкан атасынын береке төккөн жамгырга кубанганын берген. Акын карапайым эмгек адамынын жакшы ниеттерин,  ак тилектерин айткан.

Акын бактылуу өскөн эрке кыз менен анын мээнеткеч дыйкан атасынын жамгырга карата мамилесин сүрөттөп берген. Акын эрке кыздын эссиздигин,  атасынын акылмандуулугун көрсөткөн». Муну менен катар ал мындай логикалык түшүнүктөргө негизделген сүйлөмдөрдү дагы созо берүүгө мүмкүн экендигин,  атүгүл ырды баштан-аяк кара сөз менен кайталап чыгууга туура келерин,  бирок «ошондой формулировкалардын, анализдердин, кайталап айтып берүүлөрдүн баары жеке-жеке менен деле, чогуусу менен деле Осмоновдун алиги ырынын бүткүл идеялык-эстетикалык байлыгын бере албастыгын» да таасын белгилеп,  мунун себебин да айкын түшүндүрөт: «Канткен менен «Жибек кийген эрке кыздагы» негизги образ (көркөм идея, поэтикалык ой) сымаптай мөлтүлдөп,  кармалбас назик ассоциацияларга толуп, катмарланып, ар кыл сырлары менен кубулуп турбайбы. Ошондуктан ал ырда логикалык түшүнүктөргө мүнөздүү түз сызыктуулук, бир маанилүүлүк, чектелгендик,  сенектик жок». Сынчынын пикиринен улам мен момундай бир-эки жагдайга айрыкча назар бургум бар:

1) Көркөм чыгарманы кабылдап, аны түшүнүүнүн объективдүү жана субъективдүү шарттары болот эмеспи, б. а., өзүнүн жеке тажрыйбасына,  билимине,  курагына ж. б. карата ар ким ар кандай кабылдап,  ар кандай баалайт (буга байланыштуу бир эле адам бир эле чыгарманы ар кайсы курагында ар башка кабылдашы толук ыктымал),  ошондой эле буга ал жашаган коом,  тарыхый шарт,  учур да өз таасирин тийгизбей койбойт. Мына ушул өңүттөн алганда,  биз ушуга чейин аталган ырдын негизги идеялык мазмуну катары көбүнчө сынчынын акыркы вариантын (эрке кыздын эссиздигин, атасынын акылмандыгын) бетке кармап келдик жана бүгүн да кармабай коё албайбыз.

Албетте,  мунун сыры айтпаса да түшүнүктүү: бизде,  социалисттик коомдо,  эмгек адамы сөзсүз даңкталууга тийиш, ал туура гана ойлонуп,  туура гана иштейт деген жобо кан-жаныбызга жедеп сиңип калган эле жана бул азыр да каныбызда ойноп турат. Сынамакка «кана, бул ырдын идеясын айтып берчи?» – деген соболду окуучуга да,  студентке да узатып көрөлүчү,  экөө тең ордунан шак тура калып,  эч такалбай эле куду биздей сайрап кирет: «Бул ырда акын эрке кыздын эссиздигин,  жамгырдын маанисин билбей, көйнөгүм булганды деп кейигенин,  атасынын эмгегин баалоого дарамети (акылы) жетпегенин, ал эми атасынын ак ниет,  эл камын ойлогон мээнеткеч,  жамгырдын пайдасын билген чыныгы дыйкан,  эл уулу экенин көрсөткөн». (Кызык,  биз колхозчу атасы сөзсүз эле эрке кыздын өз атасы болууга тийиш деп кабылдап алыптырбыз, а чынында ал чын эле эрке кыздын өз атасыбы,  же жөн эле колхозчу атабы (абстракттуу атабы) – бул ырда анча айкын эмес экен).

2) Ырды «чыныгы поэзиянын мыкты үлгүсү» катары баалоого эмне себепкер болгон,  б.а.,  аталган ыр сынчыны эмнеси менен толкундантты экен? Баарыдан мурда, сынчыны Осмоновдун карапайым эле сөздөр аркылуу нукура образдуу ойду айткандыгы, өйдөкү идеяларды техникалык жактан (ырдын образдык структурасы,  композициялык жактан уюштурулушу, стилистикалык өзгөчөлүктөрү,  поэтикалык ыкмалары) зор чеберчиликте бере алгандыгы толкунданткан жана ал акындын мындай чеберчилигин ары түшүнүктүү, ары кеңири далилдеп берген.

Мындан сырткары,  сынчы көркөм кептин экинчи бир касиет-өзгөчөлүгүн да көз жаздымда калтырбаган, тактап айтканда, сүрөттөлүп жаткан кубулушка карата автордук мамиле (баа) жөнүндө да кеңири сөз кылып, акын өз мамилесин табышмак бойдон калтырса да (муну да чеберчилик катары карайт,  буга мен да кошулам),  баары бир анын симпатиясы толугу менен колхозчу ата тарапта экенин,  бирок ушул эле маалда ал кызды айыптап, жек көрбөгөндүгүн,  мыскылдабаганын,  атүгүл анын жаштыгына жана айыпсыз эркелигине билинер-билинбес суктана  (алдын мен атайы сыздым, мунун сыры кийин ачылат — Б.У.) карарын белгилейт да,  мындай бүтүмгө келет: «Ал эми жалпы ырдан жашоонун түпкү маңызын терең түшүнгөн,  турмуштун жана табияттын баамга араң урунган кооз кубулуштарын да өткүр сезе алган, адал эмгектин кудуретин жана кадырын жакшы билген,  карапайым мээнеткеч кишилерди чын пейилден ызаттаган, дүйнө жана өмүр жөнүндө басса-турса ой жүгүртүп жүргөн адамдын сабырдуу,  кыраакы,  акылман көз карашын сезип-туюуга мүмкүн. Ал көз караштын тамгасы ырдын формалык касиетине да айкын басылган.  »

Ошентип, өйдөкү идеялар менен катар сынчы ырдын жалпы маанисинен мына ушул ойчул, кыраакы адамды да сууруп чыгат, сезими эргип, толкуп-ташат.   Арийне, белгилүү сынчы мени бул толкутту, эргитти деп ачык жарыя кылбайт (балким, максатына жараша, мындай суроонун тегерегинде атайлап ой чаргытпаган да чыгаар), бирок ыр турган турпаты (идеясы, сырткы техникасы,  кыраакы адамы ж. б.) менен анын ой-сезимине бүлүк салгандыгы макаланын жалпы духунан белгилүү болуп отурат. Көркөм чыгарманын ким эмнесине эргип-толкуйт – бул ар кимдин өз иши, а мен «Жибек кийген эрке кызды» окуп чыккан соң, жадыбалдай жат өйдөкү идеяларды жеке-жеке алып да, баарын жуурулуштура карап да, сынчы сууруп чыккан сезимтал адамды кыялымда жаратып алып да,  ырдагы карапайым сөздөргө өзгөчө кунт коюп да,  негедир анча эргип толкундай албай койдум.

Албетте, ыр менин ой-сезимимди козутпай койгон жок,  мен деле эргип,  ойго баттым, бирок ырда эмне айтылыптыр деп суроо таштап,  өйдөкү идеялардын улам бирин ичегидей чубап чыга баштаганда эле ыр өзүнүн көркөмдүк кунарынан ажырап,  кургак информацияга айланып кетти. Эгерде идеяларды кургак саноо менен чектелсек, кайсы ыр болбосун мындай тагдырга туш болору белгилүү эмеспи, бирок андай жосундан өйдөкү ыр мен үчүн өзгөчө кыйроого учурады.

Анан мен өзүмө өзүм мындай суроо коюуга аргасыз болдум: карапайым сөздөр менен берүү,  жамгырдын туюмдуу элеси,  өйдөкү жаркын идеялар (жаркын эмес идея болбойт эмеспи!) ырдын идеялык-көркөмдүк дараметин ушундай бийиктикке көтөрө алат беле? Бул суроо мени поэтикалык ойдун жаӊылыгы,  б.а.,  ойдун метафоралуулугу жөнүндө ой чаргытууга мажбурлады. Ошондо мен метафора — бул сөз маанилерин жөнөкөй гана ооштуруу эмес экенин,  а,  баарыдан мурда,  ал — дүйнөнү иликтөөнүн жаңы ыгы,  дүйнөнү башкача,  жаңыча кабылдоо,  көрө билүү экенин дагы бир жолу баса белгилеп, белгилүү сынчы башын кылтыйтуу менен чектелген мобул суроолорго өзгөчө көңүл бурууга аргасыз болдум: Акын жамгырдан эмнени көрөт? Ушундай эле кыздан эмнени көрөт да,  колхозчу атадан эмнени көрөт,  б.а., булар кандай метафоралык касиетке (поэтикалык мааниге) ээ? Анда кеп оролу мына ушулар жөнүндө.

Алыкул «Жибек кийген эрке кызды» кандай максатты көздөп, же эмнени айткысы келип баштаганына,  жазганына азыр пайгамбарлык кылуу өтө кыйын,  атүгүл акындын өзү деле (көзү тирүү болсо) бул суроого чала-чарпыт гана жооп кайтара алмак.   Балким,  ал чын эле көнөктөп төккөн жамгырга кабылып,  дүйнө-өмүрдүн кадыр-баркын мыкты билген ары акылман, ары сезимтал жана өз заманынын патриоту катары жамгыр береке-байлыктын бир булагы экенине көзү жетип,  аны чыныгы дыйкандын көзү менен карагысы келгендир,  ал эми дыйкан атанын образын терең ачып берүү, таасирин арттыруу үчүн эки ортодо эрке кыз өзүнөн өзү эле чыга калгандыр, кыскасы, акын ак ниет, мээнеткеч колхозчу атаны даңктоого, ага карата өзүнүн жылуу сезимин билдирүүгө чындап эле кара жанын карч урган чыгар?

Сынчыга кошулуп,  биз да ушинтип айтууга толук акылуубуз,  анткени ырда мунун баары (жамгыр, эрке кыз, колхозчу ата) бажырайып даана көрүнүп турбайбы. Бирок айткысы келүү менен айтылган ой дайым эле шайкеш келе бербейт,  дал ушул шайкеш келбей калуу айрым учурда көркөм кепке өзгөчө бир ажар,  кудурет-күч тартуулап,  анын купуялуулугун (көркөмдүгүн десек да болот) ого бетер арттырат. Мына ушул өңүттөн алып караганда,  жамгыр,  эрке кыз жана колхозчу ата – үчөөнүн тең образы биздин көз алдыбызга канчалык элестүү,  туюмдуу тартылып турса да, өйдөкү чыгарманы жамгыр жөнүндөгү ыр деп бир беткей айтууга негедир ооз барбайт.

Ыpac, көшөгөнүн бери жагында ушул үчөө ээрчишип,  өз ара чырмалышып оюн коюп жүрүшөт,  бул баарыбызга белгилүү,  муну Эшмат да, Ташмат да опоңой эле көрүп-билип турат,  бирок көшөгөнүн артында сымаптай мөлтүлдөгөн,  кол менен көзгө,  жүрөк менен мээге оңойлук менен илинбеген поэтикалык метафора жаткандыгын кантип тана алабыз. Эгер биз муну элес албай, атайылап (же башыбыз жетпей) көз жаздымда калтырып,  ырдын көркөмдүк-идеялык дөөлөтүн кадыресе жамгырга гана байлап, өйдөкү идеяларды чубап чыгуу менен гана чектелсек, анда «Жибек кийген эрке кыз» өзүнүн көркөмдүк-эстетикалык касиетинен караманча кол жууп,  кургак информациянын гана кейпин кийип калат.   Кыскартып айтканда, ырдагы поэтикалык метафора – бул жамгырдын байлык булагы экендиги да эмес, эрке кыздын акылсыздыгы, колхозчу атанын акылмандыгы да эмес, а турмуш менен тагдырдын бир шылдыңы, дааналап айтканда, адам аттуунун адамдык бир трагедиясы. Дал ушул трагедия жүрөгүңдү болк эттирип,  сезиминди кытыгылайт,  мээңди эзип,  санаага чөгөрөт.

Анда мындай трагедия ырда чын эле камтылганбы,  же жокпу; эгер камтылса,  ал камдайча бышып-жетилген – бул суроону далилдеп көрөйүн. (Албетте,  далилдөө учурунда бул эки суроону аралаш эле карамакчымын).

Мен муну (трагедияны), баарыдан мурда, жамгырдан көрөм, дааналап айтканда,  акын бүтүндөй ички күйүтүн,  арыз-арманын жамгырга төккөн.   Ооба,  реалдуу жамгыр ырды баштан-аяк өрдөп өткөнсүйт,  бирок үңүлө карасак,  биз жамгырдан биринчи сабактын аягына чыгып-чыкпай эле кол жууп калганбыз,  анткени аны белгилеген сөз (жамгыр) экинчи сабактын башкы саптарында эле семантикалык жылышка кабылып,  бири-бирине чатыша чырмалышкан,  карама-каршы көп маанилүү сөзгө айланып кеткен эле.

Бул жагдай, өз кезегинде,  кыз менен ата сөзүнө да өз таасирин тийгизген,  б.а., алар да семантикалык жылышка учурап,  маанилери боюнча катмарланып татаалданууга дуушар болгон, ошондой эле булардагы семантикалык жылыш (карама-каршылык), тескерисинче,  жамгыр сөзүнүн маанисиндеги катмарланууну (карама-каршылыкты) ого бетер терендетүүгө өбөлгө түзгөн. Бул жерде кимдин болбосун назарын өзүнө бурбай койбой турган момундай бир жагдай бар: жамгырдагы семантикалык жылыш аталган сөздөрдүн гана эмес,  акындын ниет- маанайынын да катмарланып татаалдануусуна алып келген,  бул болсо акындын образына өз таасирин тийгизип,  атүгүл аны өзгөртүп (карама-каршы,  белгисиз,  олку-солку абалда калуу), ырдагы поэтикалык ойдун табышмактуулугун бир кыйла арттырып таштаган.

Ким билет, акын колуна калем аларда да сынчы белгилеген идеяларды жеткирсем деп ниет кылгандыр, атүгүл ыр жазылып бүткөндөн кийин да айтчуларымды (демек, өйдөкү идеяларды) айтып,  тилегиме жеттим деген ойдо калган чыгар? Ошентсе да ал ырды куроо процессинде да,  куралгандан кийин да чиеленишкен карама-каршы ойлорго кабылып (көркөм чыгарма даяр бойдон эле балп этип жерге түшө калбайт эмеспи, анын жаралышы — түмөн түйшүктүү эң татаал процесс),  өңгө түгүл,  өзү үчүн да табышмактуу кандайдыр бир керемет поэтикалык ойду айта баштаганын,  кийин чын эле ошентип айтып алганын өзүнүн ички туюмунда элдир-селдир болсо да сезген көрүнөт. Буга ынануу үчүн ырдын аталышына кайрылалы.

Акын ырга атты качан (баштаганда элеби,  же бүткөндөн кийинби) койгонун азыр так аныктоо колубуздан келе бербес, бирок ошентсе да,  ал мага ырды ийине жеткире иштеп чыгып,  анан ат койгондой,  койгондо да түмөн түйшүккө батып,  ырды кайра-кайра окуп, миң ойлонуп, миң толгонуп отуруп ыроологондой (ырды жазгандан да ат берүү кыйынга тургандай) туюлат. Баарыбызга маалым,  ат кокусунан коюлбайт,  ат менен көркөм тексттин ортосунда бир-бирин шарттаган өтмө катар тыгыз семантикалык байланыш бар,  ал (ат) канчалык конкреттүү болсо да,  баары бир метафоралуу (чыгарманын аты,  б.а., чыгарманын атын билдирген сөз же сөз айкашы,  же сүйлөм өзүнүн нурк-насилинде көп маанилүү,  катмарлуу болот эмеспи) келет, тактап айтканда, турган турпаты менен жыйрылган пружинаны эске салат,  улам барган сайын «пружина» жазылып отурат да,  аттагы купуя сыр акырындап айкын боло баштайт.

Демек,  сымаптай мөлтүлдөп,  өңгө түгүл, өзүнө да купуя бойдон калып отурган метафоралык ой Алыкулга тынчтык бербей, түмөн түйшүккө салган,  акыры ырда башкы орунга береке-байлыктын бир булагы жамгыр да эмес,  акын акылман,  мээнеткечтиги үчүн көкөлөтүп даңктоого ниеттенген колхозчу ата да эмес, капысынан эле өзүнүн эрке кызы чыга калганын моюнга алууга аргасыз болгон да,  ырга өзгөчө көңүл бөлүп,  өзүнүн ички күйүтүн дал ушул кыз аркылуу төгүүгө милдеткер экенин жүрөгү менен да, акылы менен да баамдаган.   Ошентип,  ырга «Жибек кийген эрке кыз» деп ат койгон,  чынын айтканда,  койгон эмес,  а ыроологон. Ырдын аты мени мобул эки негизги нерсеге өзгөчө назар бурууга мажбурлап отурат: 1) Аттын өтө конкреттүү коюлушу,  кыздын кийми менен мүнөзүнө айрыкча көңүл бөлүнүшү; 2) Эрке сөзүндөгү катмарлануу,  анын жаңыча ыраң-түс алышы. Мунун ар бирине өзүнчө токтолоюн.

Акындын көңүл чордонунда кыз турат дедик,  бирок жөнөкөй кыз эмес: а) жибек көйнөк кийген; б) эрке кыз турат. Демек, акынды кыздан мурда анын көйнөгү менен эркелиги тынчсыздандырат,  ошондуктан аларга атайы басым коёт,  бул аркылуу кыздагы кандайдыр бир ыйык касиет жөнүндө кыйытып,  чу дегенде эле кыз сөзүнүн семантикасында кыймылдын (жылыштын) пайда болушуна өбөлгө түзөт. Ал эми эрке сөзү жалпы элдик тилде негизинен оң  да,  терс да баага ээ экендиги белгилүү: ыгы менен эркелөө,  жапакеч-жароокер (оң); ыксыз эркелөө,  эрке талтаң, эссиз (терс).

«Жибек кийген эрке кыздагы» эрке сөзүндө бул эки баанын тең,  шооласы (нюансы) бар,  карым-катышка (дыйканга,  кызга,  акынга ж.   б.) карай бирде тигиниси,  бирде мунусу башкы орунга чыгып,  кубулуп турат.   Бирок поэтикалык метафорадан сызылып чыккан дагы бир катмар бар,  б.а.,    ал (эрке) ушундай эле кайчы баага ээ болуп,  ошол эле маалда экөөнөн бирдей кол жууп,  муну менен катар өзүнүн түпкү (реалдуу) мааниси менен аныкталгычынан (кыз) да ажырап,  конкреттүү бир жандыктын (кыздын) жаш,  тажрыйбасыз,  бейкүнөөлүүлүгүн,  же,  тескерисинче,  эрке талтаң,  эссиздигин гана эмес,  а жалпы эле (абстракттуу) табигатты,  дүйнө-өмүрдөгү бейкүнөөлүктү,  периштелик менен тунуктукту белгилөөгө өтөт.

Айтор,  эрке сөзү менен бейкүнөөлүк,  тунуктук,  периштелик сөздөрү маанилик жактан жалпылыкты түзүп,  бир-бирине барабар болуп калат: эрке-бейкүнөөлүк (периштелик тунуктук).   Ошондой эле буга кошул-ташыл жибек сөзү да өзүнүн түпкү маанисинен ажырап,  дал ушул маанилер (тунуктук,  бейкүнөөлүк,  периштелик) менен өз ара жуурулушуп кеткендей туюм калтырат.   Арийне,  ырдын артында жашырынган сырды аттын өзү жалгыз таптакыр чечмелеп бере албайт: ырды (көркөм текстти) дыкаттык менен окуп чыгып,  маани-маңызын терең түшүнгөндөн кийин гана аттын көп маанилүүлүгү,  анда катылып жаткан сыр ачыкка чыгышы ыктымал.

Ачыкка чыгыштын деңгээли ар кандай болот,  айрымдары бүтүндөй төрт сырын жайып таштаса,  кээ бири (көбүнчө толук кандуу чыгарма) ачыкка чыккандай көрүнгөнү менен,  бүдөмүк бойдон эле кала берет,  кыскасы,  чыгарманын аты ошол чыгарманын өзү сыяктуу эле көп маанилүү: өзүн оңойлук менен ачып бербейт,  кайсы мааниси башкы орунда экени бүдөмүк бойдон калат жана ар ким өз деңгээлине жараша кабылдап түшүнөт.

Айтмакчы,  өйдөкү ырда деле акын адегенде таза,  жылаңач идеяларды катар-катар тизип алып,  жазылчу ырымдын атын мындайча коёюн да,  андагы бул сөздү мындай,  тиги сөздү тигиндей мааниде колдоноюн деп алдын-ала ниет кылбаса керек,  акынды эргитип,  колуна калем алууга дуушарланткан жалпы бир ой болсо болгондур,  бирок чырмалышкан идеялар чыгарманын жаралуу процессинде пайда болгондугу кашкайып эле көрүнүп турбайбы.   Ушундан улам чыгарманын атында жашырынган сыр кайдан жана кандайча пайда болот,  анын жаралышын көркөм тексттеги кандай өбөлгөлөр шарттап турат,  көркөм текстте кантип реализацияланып,  кантип чечмеленет,  акырында аттагы купуялуулук («Жибек кийген эрке кызды» айтып жатам) адам аттуунун адамдык трагедиясы менен кандайча байланышып,  өз ара жалпылыкты түзүп турат деген мийзамдуу суроо туулбай койбойт.

Эми жамгырга чындап кайрылууга кезек келди окшойт.   Анда «Жибек кийген эрке кызда» деги реалдуу жамгыр барбы? Бар да,  жок да.   Бар,  анткеии акын жамгыр тууралуу жазды,  жамгырдын туюмдуу элесин көз алдыбызга тартып,  айрымдарыбыздын кыялын көккө серпилтти,  айрымдарыбызды ичиркентти; жок,  акын жамгырды жазып жатам деп (чын эле жамгыр жөнүндө жазып жатпады беле) ойлоду,  бирок ушул эле маалда жамгырдан бөлөк нерсени жазып жатты,  бүткөндөн кийин да жамгыр жөнүндө жаздым деп биресе кудуңдап сүйүндү,  биресе буга толук ынанды.   Бирок ошол эле учурда жамгыр жөнүндө эмес,  өзү ойлобогон,  ниеттенбеген бөлөк бир нерсени жазып алды.

Ошентсе да акын жам­гыр жөнүндө жаздым деген ишенимде калды,  бирок ары жактагы көзгө көрүнбөгөн сырдуу бир нерсе өзүнүн кубаттуу нурлары менен жамгырды жутуп алып жатты.   Кыскасы,  жамгыр ошо көнөктөп төгүп жаткап кейпинде эле өзүнүн табигый нурк-насилинен ажырап,  кандайдыр бир ыйыктыкка айланып кеткен эле,  дааналап айтканда,  жамгыр — бул жаратылыштын бир кубулушу эмес,  табигый кубулуш эмес,  а ал — бейкүнөөлүүлүк,  тунуктук жана периштелик.   Мына ушул бар жамгыр менен жок жамгыр бир эле маалда эриш-аркак жашайт,  өз өкүмүн жүргүзөт,  ушунусу менен поэтикалык ойдун табышмактуулугун,  карама-каршы касиетин ого бетер тереңдетип,  анын кеңири,  терең ачылышына өбөлгө түзөт жана бизди ойго түртүп,  баш катырууга мажбурлайт.   Жамгыр мындай керемет касиетке кандайча ээ болуп калды? Бул үчүн ырдагы сөздөрдүн баш катырган карым-катышына,  мамилесине токтолоюн.

Чиеленишкен,  өтмө карым-катнаш катары мына буларды көрсөтсө болот: а) Адамдаштырылган,  адамдык касиетке ээ болуп,  адам кейпин кийген,  адамдай жандуу жандык (периштелик,  тунуктук),  демек,  ал (жамгыр) кыз менен да,  колхозчу ата менен да карым-катышта боло алат: жамгыр — кыз,  жамгыр — колхозчу ата б) Кыз менен колхозчу атанын карым-катышы өтмө катар,  көп кабат: 1) алар жамгырга табигаттын бир кубулушу катары карап,  ушундай мааниде карым — катышта болот: кыз — жамгыр (суу),  колхозчу ата — жамгыр (суу); 2) өйдөдө белгилегендей,  жамгыр кыз менен колхозчу атадай эле ой-сезимге эгедер (поэтикалык табылга) жандык,  демек,  мындай жаатта алганда да,  карым — катышта болууга акылуу: кыз – жамгыр,  (периште),  колхозчу ата — жамгыр (периште).   в) Булар өз ара жуурулушуп кетип,  дагы бир карым-катышка өбөлгө түзөт: кыз- жамгыр (суу+периште),  колхозчу ата — жамгыр (cyy- периште).   г) Бул карым-катыш,  өз кезегинде,  оңойлук менен көзгө илинбеген дат бир карым-катнашты пайда кылат: кыз — колхозчу ата,  колхозчу ата — кыз.   д) Мына ушундай көп катмарлуу,  татаал,  баары жуурулуша келип,  бир учурда кыймылга келүүчү (реализациялануучу) карым-катыштар жыйыидысынан негизги карым-катнаш -автордун карым-катнашы (мамиле,  баа)— жаралат: акын — жамгыр (суу),  акын — жамгыр (периште); акын кыз (тажрыйбасыз,  жамгыр баркын түшүнбөгөн),  акын кыз (периште,  байкуш),  акын — колхозчу ата (тажрыйбалуу,  жамгыр баркын түшүнгөн),  акын — колхозчу ата (байкуш).

Акындын карым-катнашы (мамиле-баасы) улам барган сайын катмарланып татаалдана берет,  анткени жамгыр,  кыз,  колхозчу ата — үчөө тең кубулуп,  бири экинчисине өтүп,  татаалдангандан татаалданууга дуушар болот.

Жамгырдын керемет касиетке ээ болушу дал ушундай катмарланган карым-катнаштан жаралган.   Ал (ээ болуу) ырдын экинчи сабагында башталган эле,  б.а.,    анын периштелик касиети адегенде ушул жерде ачылат.   Биз жакшы билебиз,  анда кыз менен жамгыр кездешет,  жок,  тескерисинче,  жамгыр менен кыз кездешет экен.   Бирок жамгыр кызды көрөрү менен эле,  анын аруулугуна тизе бүгүп,  өзүнүн табигый нурк-насилинен кечип салат да,  кыз менен жуурулушуп кетет,  экөө эгизге айланат.   Демек,  жамгыр менен кыз эмес,  периште менен периште жолугушкан болуп чыгат:

== жамгыр — периште,  кыз — периште.

 

Ушул эле маалда өзүнүн периштелигин туюуга кудуретсиз кыз жамгырдагы периштеликти да туя албайт,  ошондуктан кызга караганда ары сезнмтал,  ары акылдуу жамгыр периште бойдон калат да,  кыз периштеликтен байкушка айланып кетет: жамгыр – периште — кыз (байкуш).

Үчүнчү сабакта жамгырдын периштелиги ого бетер айкын болот,  тереңдетилет,  анткени жуурулушуп эгизге айланган жамгыр (периште) менен кыздын (периште) мамилеси чорт үзүлүп,  бырын-чырыны чыгат да,  теңирден тескери мамилеге айланат.   Буга колхозчу ата себепкер болот.   Ал жамгырдын периштелигин туя албайт,  өзү да периштеге айлана албайт,  анда периштеликтин ныпым да белгиси калбаган (кыз жамгырдагы,  өзүндөгү периштеликти туя албаса да,  анда периштелик касиет бар эмес беле!),  мындай карым-катнашты төмөнкүдөй берсе болот:

Бул карым-катнаш,  өзгөчө үчүнчү карым-катнаш биз мойнубузга оңойлук менен ала бербеген бир айбыбызды ачып таштайт,  дааналап айтканда,  ал адам аттуунун баарына таандык адамдык трагедияны (байкуштукту,  шордуулукту) сууруп чыгат. Айтайын деген оюмдун чордонун дал ушул байкуштук түзгөндүктөн,  мен ага кеңири токтолууга тийишмин.

1) Атанын байкуштугу: ал жамгырдан болгону мол түшүмдүн булагын,  эрке кызына көйнөк таап берүүчү каражатты гана көрө алат,  ал периштеликке көр тирилик,  куу тур- муштун көзү менен гана кароого кудуреттүү,  анткени турмуш көйгөйү,  жаш курак (муну сынчы тажрыйба деп берип жатпайбы) аны куу турмушка толук көз каранды кылып,  кадам жылдырбай биротоло тушап таштаган,  байланбоого анын кудурети жетпеген (адам ушундай шордуу эмеспи).   Демек,  ата сөзүндөгү периштелик менен асылдыкты да көрө албайт,  ал бир кезде ушул жамгырдай эле периште,  асыл болуп жаралганын туюуга кудуретсиз,  анткени аны бул ыйык касиеттен жаш курак менен куу турмуш эчак ажыратып салган,  «балалык аны таштап кетпей эле,  ал балалыкты таштап кетүүгө» аргасыз болгон.   Ошондуктан үчүнчү сабакта жамгыр өзүнүн табигый насилине кайтып келип,  колхозчу атанын маанайы менен жуурулушуп,  каарданып отурбайбы: Жай булуту үстү-үстүнө куралат. 

2) Кызпериштенин байкуштугу: бул периште жамгыр -периштеге өтө жакын.   анткени экөө тең периште,  бирок ушул эле маалда кыз анын периштелигин туюуга кудуретсиз,  эркелетип жатса да билбейт.   Бул эркеликтин айынан эмес,  чын-чынына келгенде,  кыз эрке эмес,  же,  дааналап айтканда,  адам баласынын эркеси эмес,  а табигаттын,  Жер-эненин эркеси,  ал жаратылышка (өзүнүн түбүнө) өтө жакын турат,  дал ушул үчүн жамгырдагы периштеликти билбейт.   Ал эми жамгыр кыздан акылдуураак (же акын акылдуураакпы!),  анткени ал – Жер — эненин табигый,  таза эркеси,  ал — жаратылышка өтө жакын гана эмес,  а анын өзү,  жам­гыр-бул жаратылыш,  Жер-эне.   Ошентип,  өзүнүн периштелигин туя албаган кыз-периште жамгырдын да периштелигин билбейт,  периштеликтин кадырына жете албайт,  анткени периштенин периште үчүн баркы жок.   Кыз күнөөсүз күнөөлүү,  мындай болбой коюуга кудурети жетпейт,  ал жамгырдан болгону көйнөгүн булгоочу балчыкты гана көрөт,  жамгыр береке,  байлык булагы экени менен тумтак иши жок,  көйнөгүм эле булганбаса экен дейт,  ал- ушунусу менен периште,  периштелер гана ушинтип күйүп-быша алат.

Ооба,  бул үчүн кызды байкуш деп кемсинтүүгө,  аёого кымындай да акыбыз жок,  бирок ырдын үчүнчү сабагында ары тажрыйбалуу,  ары сезимтал,  дүйнө-өмүрдүн ак-карасын ажырата алган колхозчу ата капыл-тапыл эле сороюп чыга калып жатпайбы.   (Ушу жерде дагы бир байкоомду кыстара кетейин.   Менимче,  колхозчу атаны акын жедеп аргасы түгөнгөндө кошкон,  анткени жамгырдын береке-баркын даңктоону көздөгөн акын ырдын экинчи сабагында капысынан кызга жолуккан да,  жамгырдан айрылып калган,  бул жагдай,  акын өзү мойнуна алгысы келебесе да,  анын оюн (идеяны) башка нукка буруп кеткен.

Ошондо өжөр акын айтканынан кайтпай көгөрүп,  анда эмесе мынакей деп,  колхозчу атаны бетине калкалап,  өзүнөн өзү коргонгон,  бирок колхозчу ата акынга жардам бермек турсун,  тескерисинче,  анын башка нукка бурулган идеясын ого бетер буруп,  тарам-тарам кылып таштаган.   (Анда жамгырдан энтеңдеп качып келаткан кыз кандай барат? Үйүнөбү? Жок.   Ал үйүнө бара албайт,  барууга кудурети да жетпейт,  ал түз эле колхозчу атага баратат,  баратканда да эки колун көтөрүп алып,  өз ыктыяры менен баратат.   (Бул трагедия эмей эмне!) Кыз — бул келечектеги колхозчу ата,  бирок колхозчу ата келечектеги кыз боло албайт.   (Бул трагедия эмей эмне!)

Кыз кимден качып баратат? Жамгырданбы? Жок.   Ал Жер-энеден качып баратат,  ал эми адам жаратылыштан канчалык алыстаган сайын,  өзүнүн периштелигинен ошончолук кол жууй баштайт,  демек,  кыз өзүнөн өзү качып баратат,  өз түбүнөн качып баратат.   (Бул трагедия эмей эмне!) Кыз муну билбейт,  периштелиги менен билбейт,  бирок кандайдыр бир кереметтен кол үзүп баратканын акылы болбосо да,  жүрөгү менен ошол эле периштелиги аркылуу туят.   Ошон үчүн мен өйдөдө «ал (кыз) жамгырдан качпай эле,  тескерисинче,  татына көйнөгүн наристе колу менен калкалап,  чаба жааган жамгырды беттеп баратат,  жамгыр аны канчалык шөмтүрөтүп суу кылбасын,  ылайга чылап,  көйнөгүн булгабасын,  баары бир ал жамгырды жек көрө албайт,  буга кудурети жетпейт», — деп айтып жатпаймынбы.

Ооба,  жамгыр жамгыр бойдон кала берер,  периште бойдон кала берер,  а кыз кыз бойдон кала албайт,  аны келечекте тажрыйбалуу колхозчу ата күтүп турган болот,  ал каалайбы же каалабайбы,  баары бир колхозчу атага айланып,  экөө жуурулушуп кетет.   (Бул трагедия эмес бекен!) Андан да кыз өзүнүн жана жамгырдын периштелигин туюуга кудуретсиздиги үчүн гана эмес,  а туюуга үлгүрбөй туруп,  колхозчу атага өтүп кеткендиги үчүн да байкуш болуп жатканын карабайсыңбы! Эми айткандарымдан улам жаралган катмарланууну (карым-катнашты) схема түрүндө чагылдырууга мажбур болуп отурам,  анткени аны сөз менен түшүндүрүү колдон келбейт экен:

 

Өйдөгүлөргө күбө болгон соң,  жүрөгүң канап,  санаага чөкпөй койбойт экенсиң.   Чын эле адам,  өңгөсүн айтпай эле коёюн,  өзүнүн периште экенин өмүр бою чындап таанып-биле албай өтөбү? Мына,  сени ырдагы кыз деп коёюн,  б.а.,    периштесиң,  анан өзүңдүн периштелигиңдин кадырына жетүүгө кудуретсизсиң,  деги эле периштеликти аңдоого акылың жетпейт.   Болуптур,  бул «күнөөңдү» тажрыйбасыздыгың,  турмуштун ак-карасын айра албагандыгың,  кыскасы,  көктүгүң үчүн кечирип коёлу дейин.   Ал эми акылың толуп чатырап,  турмушту семичкедей чагып калганда,  эмне үчүн колхозчу атанын кейпин кийип калып отурасың? Же периште кезиңде периштеликтин баркын билбесең,  билмек түгүл андан өз ыктыярың менен айрылып калсаң,  же белиң бекчейип калган курагыңда периштеликти аңдоого (жүрөгүң менен туюуга) кудуретиң жетпесе,  атүгүл бул түк оюңа келбесе,  анда ким күнөөкөр? Өзүңбү? Куу турмушпу? Куу турмуш башка бирөөнүкү эмес,  өзүңдүкү (Адамдыкы) да! Башың катат!

Ал эми периштеликти аңдай албоо-бул анын кадыр-баркын түшүнбөө дегендик да,  демек,  адам баласы өз баркын өзү билбей жүрүп өтүп кетет экен да.   Ушуларга жүрөк канатып отуруп,  акыры буларды жыйынтыктоочу зор соккуга урунасың: жаш курак каардуу сот экен,  анын сурагына эч ким туруштук бере албайт экен; ал эми куу турмуш андан да өткөн каардуу сот экен,  буга да эч ким туруштук бере алчудай эмес.   Анан адамдын колунан келбеген эч нерсе жок деп чамгарактап жүрүп эле өзүңдүн периштелигиңди туя албаган бойдон периштеликтен ыктыярдуу түрдө айрылып калсаң жана бул балакетиң айныбас мийзам болсо,  анда мындан өткөн трагедия бар бекен! Жерди таанып-билүү үчүн аны бейишке айландыруу керек эмеспи,  ушул сыяктуу эле өзүңдү таанып- билүү үчүн өз кадырыңды билип,  аны көкөлөтүшүң керек да.  Мына ушуларды ойлонот экенсиң,  ойлонуп-ойлонуп отуруп,  бу дүйнө-өмүрдүн маани-манызына,  өзүңдүн нурк-насилиңе такалбай койбойт экенсиң.   Ырда камтылган адамдык трагедиянын (поэтикалык метафоранын) кудурет-күчү ушундабы дейм.

Жогору жакта чиеленишкен катмарланууну (карым-катышты) абдан көп келтирип,  ага атайы кеңири токтолдум,  анткени ансыз көзүн жылтыратып түпкүрдө жаткан,  сымаптай мөлтүлдөп көзгө илинбеген поэтикалык метафорага жетүүгө болбойт эле.   Эми мына ошол карым-катнаш эмнени жаратат жана ал эмненин натыйжасында ишке ашат? Мында бири экинчисине жөлөк-таяк болуучу өз ара өтмө катар байланышкан момундай бир процесс бар: карым-катнаш — бул сөздөрдү семантикалык жылышка алып келет,  бирок  ушул эле маалда сөздөрдө семантикалык жылыш болгондугу үчүн гана,  карым-катнаш жүзөгө ашат.   Ал эми семантикалык жылыш — бул сөздүн (кеңири алтанда,  тилдин) эстетикалык функциясы,  б.а.,    анын поэтикалык кудурет-күчү.

Андыктан ордун тапкан,  мээлеген бутага таамай тийген сөз — бул жаркын образдын жаралышы дегендик.   (Бул — өзүнчө бир чоң маселе,  ошондуктан ушуну менен гана чектелсемби дейм).   Арийне,  «Жибек кийген эрке кызда» ар бир сөздүн салмагы,  көтөргөн поэтикалык жүгү бар,  бирок баарына өз-өзүнчө токтолууга чама-чаркым жетпегендиктен,  мен негизгилерин гана иргеп алдым: жамгыр,  кыз,  колхозчу ата,  жибек,  эрке.   Ал эми булар өз ара кандайча байланышып,  бири экинчисине өтүп,  кайсы бир кырдаалда жуурулушуп кетсе,  кайсы бир учурда бет карашпай карама-каршы болуп каларын,  ошондой эле бир сөз да энантиосемиялык касиетке (карама-каршы мааниге) ээ болуп,  ал маанилер да бири экинчисине өтүп тураарын,  кыскасы,  миң кубула татаалданып,  көп маанилүү сөзгө айланаарын өз көзүбүз менен көрдүк.

Ушундан улам момундай бир жагдайды дагы бир жолу эскерте кетким келет: өйдөкү маанилер (айталы,  бир эле сөздүн бир нече мааниси) биринчи сен чык,  анан мен чыгайын деп кезектешип реализацияланбайт,  баары бир эле маалда чокмороктошо кыймылга келет.   Бул-биринчиден.   Экинчиден,  бир эле сөздүн тигил же бул мааниси өзүн толук ачып көрсөтө албайт,  толук ачып көрсөтөйүн деп жатканда эле (б.а.,    жарымын көрсөткөндө эле) экинчи мааниси сорок этип чыга калат.   Муну сөздөгү тыбыштардын айтылышына окшоштурсак болот,  мисалы,  сүйлөп жатканда биз сөздөгү тыбыштарды бирден терип айтпайбыз (анда сөз куралбайт),  бир тыбыш толук айтылып бүтө электе эле,  экинчиси башталат.   Мисалы,  тоо сөзү тоо түрүндө айтылбайт,  а тоо (тоо) түрүндө айтылат.   Көркөм кептин бир сыры (татаалдыгы) мына ушунда да     жатат.

Эми ары оор,  ары талаштуу суроого өтөйүн.   Ал — акындын сүрөттөлүп жаткан окуяга карата жекече мамилеси (баасы).   Бул аркылуу,  сынчы С.   Жигитов белгилегендей,  акындын «жекече адамдык касиеттери,  интеллектуалдык жана эстетикалык деңгээли,  оригиналдуу акындык ой жүгүртүшү да айкын байкалат».   Анда өйдөкү ырда акындын мамилесн кандайча берилген: кимисине боор тартып,  кимисин жектейт?

Албетте,  чыгаан акын катары Алыкул өзүнүн жекече мамилесин балп эттире ачык билдире салбайт,  бул (мамиле) көркөм тексттин образдык тканынан сызылып чыгууга тийиш.   Ошондой эле муну бир эле ыр аркылуу да аныктоо өтө кыйын,  ушул темада жазылган башка чыгармаларына да кайрылуу зарыл.   Бул жагдайды жакшы түшүнгөн сынчы акындын жалпы эле жамгыр жөнүндө жазылган ырларына кайрылып,  алардагы мотив «Жибек кийген эрке кызда» да кайталанганын белгилейт.   Дааналап айтканда,  А.   Осмонов жамгырга дайыма эмгекчи адамдын көзү менен карарын,  өйдөкү ырда да акындын симпатиясы толугу менен колхозчу ата тарапта экендигин көрсөтүп,  бирок ушул эле маалда акын кызды жекирип жектебей тургандыгын,  ага жеңил ырайым менен мамиле кыларын айтат.   Чын эле ушундайбы? Буга жооп берүү үчүн адегенде төмөнкү схемаларды алдыңарга тартмакмын:

Б) Ооба,  бир караган адамга сынчынын өйдөкү пикиринде эч кандай кынтык жоктой туюлат.   Чындыгында эле,  момундай жагдайларды көңүлгө түйгөндө,  ал эч кандай калпыстык кетирген эмес: 1) Ар кайсы кубулушка ар ким (ар бир акын) ар башка көз менен карайт эмеспи,  андыктан Алыкулдун жамгыр жөнүндө жазылган башка ырларынын баарында чын эле бирдей мотив кайталанышы да толук ыктымал,  анан ошол эле мотивди «Жибек кийген эрке кызга» көчүрө салууга неге болбосун? 2) Эгер биз автордук мамилени поэтикалык метафорадан издебей,  а көркөм тексттеги сүйлөмдөрдүн,  сөздөрдүн тике маанилеринин суммасынан издесек,  анда сын­чынын пикири ого бетер ажарына чыга түшөт.

Бирок мен сынчынын пикирине толук кошула албайм.   Албетте,  кайсы бир акындын бирдей тематикадагы ырларында бирдей мотив кайталанаарын мен деле тана албайм,  ошентсе да,  акын же жазуучу бир чыгармасы менен өлүп,  экинчиси менен тирилип турууга милдеткер болгон соң,  ар бир ырга өзүнчө мамиле кылуу зарылбы деп ойлойм.   Эми  кеп мында деле эмес,  а мына мында — өйдөдө көркөм кептин (чыгарманын) табияты туура эмес талкуулангандыгында,  аны кадыресе кептен айрып турган өзгөчөлүк (касиет) эске алынбагандыгында. Эгерде биз көркөм чыгармадагы сүйлөмдөрдүн,  сөздөрдүн тике маанилеринин суммасын гана көркөм чыгарма катары карай турган болсок,  анда ал чу дегенде эле көркөмдүк кунардан ажырайт,  көркөм чыгарма болуудан калып,  кургак информацияга айланат да,  биз кургак (таза) идеяларды чубап чыгуу менен алектенип калабыз.

Биринчи схемага назар буралы: үчөө тең (мен ушул сөздөр менен гана чектелдим,  а чынында буга ырдагы бардык сөздөрдү кошууга болот) тике мааниде колдонулду,  кыз менен колхозчу атанын тикеден-тике мамилеси эске алынды,  демек,  мындан көркөм чыгарма эмес,  а турмуштук бир ка­дыресе окуя жаралат: «Асманды кара булут чулгап,  күн күркүрөп,  жамгыр жаап жаткан эле.   Ушул жамгырга кыз менен колхозчу ата капысынан кабылып калыптыр.   Кыз турмуштун даамын тата элек эрке экен,  жамгырдын пайдалуу экенин билбей,  «жаабай эле койбойбу,  көйнөгүм булганып калмай болду» — деп тыртаңдады.

Колхозчу ата эл деп,  жер деп кара жанын карч урган ары мээнеткеч,  ары акылман адам эле,  жамгыр береке-байлыктын башаты экенин түшүнүп: «Дагы жааса экен,  эгин кеп болуп,  кызымдын курсагы ток,  жибек көйнөгү көп болсо экен»- деп кубанычы койнуна батпай сүйүндү».

Бул өңдүү информацияны уккан соң, ,  ким болбосун аа,  акын дыйканга оң,  а кызга терс (же бейтарап) мамиледе болот да деген бүтүмгө келери бышык.   Арийне,  көркөм чыгарма кандайдыр бир нерсе (жамгыр,  кыз,  колхозчу ата ж.б.  ) жөнүндө баяндайт,  муну эч ким танбайт,  бирок анын жаны поэтикалык метафорада жаткандыгын,  дал ушул аркылуу эстетикалык жүктү аркалаарын кантип унутуп коё алабыз.

Көркөм чыгармадагы сөз — бул кадыресе эле сөз эмес,  ал,  баарыдан мурда,  көркөм образ,  мына,  экинчи схемага (мен схеманы өтө жөнөкөйлөтүп келтирип отурам) назар салалычы,  бир да «соо» сөз жок,  баары семантикалык жылышка дуушар болуп,  катмарланып татаалданууга кабылган,  бир-бири менен өтмө катар байланышып,  өзүнчө эле бир татаал,  кыйма-чийме карым-катнашты жараткан…

Мына дал ушул татаал процесстин туундусу катары поэтикалык метафора аста-секин башын кылтыйтат,  демек,  биз автордук мамилени (бааны) биринчи кабаттан гана эмес,  а,  баарыдан мурун,  экинчи кабаттан издөөгө милдеткербиз.   Жогоруда айткандарды,  поэтикалык метафораны эске алсак,  «Жибек кийген эрке кыздагы» автордук мамилени жалпысынан чаңырык-чакырык түрүндө элестетсек болот.   Мен аны үчкө бөлүп көрсөтөр элем:

1) Кызды ушул (периште) бойдон калууга чакырып чаңыруу,  баары бир бул бойдон кала албастыгына чаңыруу.

2) Атанын ушул деңгээлге (периштеликти түк унутуу,  ар нерсеге көр тириликтин көзү менен кароо) жеткенине чаңыруу,  кызды дал өзүндөй кейпке жеткирерине (жана да кыз мындай деңгээлге аргасыздан,  өз ыктыяры менен жетерине) чаңыруу.

3) Адам аттуунун бул адамдык трагедиясы дүйнө-өмүрдүн айныбас мыйзамы экенине чаңыруу.

Ушундан улам акындын симпатиясы кай (ким) тарапта деген суроо туулбай койбойт.   Буга кесе,  так жооп берүү өтө кыйын экен,  ошентсе да,  мага акындын көңүл чордонунда колхозчу ата эмес,  жибек кийген эрке кыз тургандай,  акын кызга өзгөчө көңүл буруп,  күйпөлөктөп үйрүлө түшүп (ырдын аталышын дагы бир жолу эске сала кетели: «Жибек кийген эрке кыз»),  ага симпатиясын арткандай,  артканда да анын келечек тагдырына каңырыгы түтөп,  ашкере аягандай туюлат.   «Кыздын жаштыгына жана айыпсыз эркелигине суктана карайт»,  — деп сынчы абдан таамай белгилейт,  бирок дал ушул суктануунун өзүндө аёо да,  каңырыгы түтөө да жатпайбы.   Ооба,  автордук маанай (мамиле) ырдын бүтүндөй тулку боюна сиңип  кеткен,  кунт коюп окусак,  «Жибек кийген эрке кыздын» жалпы духунан аёо менен каңырык түтөөнүн илеби уруп турат.   (Кыскасы,  акын колхозчу атага боор толгоп,  аны көкөлөтүүгө канчалык жан далбас кылса да,  баары бир ырдагы поэтикалык метафорадан сызылып чыккан талап-муктаждык акындын ниет-тилегине кедерги болгонсуйт: биздин көз алдыбызга колхозчу атадан мурда кыз тартылат,  колхозчу атага караганда биз кызга боор тартып,  жакын тутабыз,  анткени акын анын бүтүндөй төрт дүйнөсүн аңтарып берип таштаган эле).

Ошентип,  акын кызга өзгөчө боор тартуу менен,  автордук мамилени ал аркылуу берип,  болгон күйүт-арманын ал аркылуу төгөт.   Мунун себеби айтпаса да белгилүү: кыз-периште,  бирок ал муну билбейт,  жамгыр да — периште,  кыз муну да билбейт,  анан да кийин кыз ушул эле бойдон колхозчу атага айланып кетет — кыз байкуш муну да билбейт.   Айтор,  кыз колхозчу атага караганда өтө оор,  орду толгус жоготууга учурайт.   Ушундай мааниде алганда,  акын колхозчу атага кайдыгер карап,  бейтарап мамиледе болгондой туюм калтырат,  колхозчу атанын азыркы деңгээлге жеткенине анын өзү айыптуу эмес экенин сезип,  колхозчу атаны аягансыйт,  бирок ал жетерине жетип,  жоготорун жоготуп жаны тынган дегендей ойдо болгонсуп,  ага анча деле күйпөлөктөбөйт.

Дегинкиси,  ырды окуганда автордун өзү,  ички уйгу-туйгусу,  мамилеси кыз аркылуу берилгендей таасир калтырат.   Ал эми үчүнчү чаңырыктын доошу өтө катуу,  мында акындын конкреттүү бир кишиге (кызга,  колхозчу атага ж.б.) эмес,  а бүтүндөй дүйнө-өмүргө,  жашоого,  адам аттууга болгон мамилеси камтылган.   Бул оңбу,  же терспи? Муну акын табышмак бойдон калтырат,  окурманым,  дүйнөнү менин көзүм менен карап көрчү,  ага кандай баа берээр экенсиң; өзүңдү да карап көрчү,  бейпайга түшүп,  өзүңдү жеңүү жөнүндө ойлонууга кудуретиң жетээр бекен дегендей сырдуу тымпыят.

Эми үчүнчү сурообузга келели.   Бул маселе өзүнчө кеңири иликтөөнү талап кылгандыктан,  мен өйдөкү ырдан улам гана буга кыскача токтоло кетүүнү эп көрүп отурам.   Автордук кепте сөздөр маани жактан катмарланып татаалданууга дуушар болоруна,  бул аркылуу автордун сүрөттөлүп жаткан предметке карата жекече мамилеси берилээрине далай жолу эле ынандык көрүнөт. Ушундан улам мындай катмарланууга автордук кеп гана учурайт,  а кейипкер кеби андан сырткары калат экен деген бүтүмгө келүүгө болбойт.

Каармандардын кебинде да семантикалык жылыш,  катмарлануу болбой койбойт,  буга далил катары өйдөкү ырдагы кыз менен дыйкандын кебин келтирели.   Кыздын кебинде объективдүү-тилдик маани (жаан жаабай эле койбойбу,  көйнөгүм булганып калмай болду) менен катар анын аң-сезиминин деңгээли,  б.а.,  жаштыгы,  тажрыйбасыздыгы,  периштелиги жөнүндө да кошумча информация берилсе,  дыйкандын кебинде тике мааниден (жаан дагы төксө экен,  эгин мол болуп,  кызым жибек көйнөк кийип кулпурса экен) бөлөк да дыйкандын мээнеткечтиги,  турмуштун ак-карасына көзү жетип калгандыгы,  куу турмушка биротоло байланып,  ага баш ийип бергендиги,  айтор,  аң-сезиминин деңгээли тууралуу да кошумча кабар берилди.

Автордук кеп менен кейипкерлер кебинде маанилик катмарлануунун жалпылыгы мына мында: экөөндө тең эле субъектинин (бирөөндө автордун,  бирөөндө кейипкердин) сырткы дүйнөгө карата мамилеси берилет.

Ал эми айырмачылыгы катары муну көрсөтсө болот: 1) Автордук кептеги маанилик катмарлануу аркылуу анын (автордун) чындыкка карата жекече пикири,  мамиле-баасы берилсе,  каармандар кебиндеги маанилик катмарланууда автордук мамиле берилбейт,  а кейипкерлердин аң-сезиминин деңгээли,  сырткы дүйнөгө карата көз карашы,  баасы,  кайсы чөйрөгө (диалект) таандык экендиги берилет.   2) Автордук кепте сөздөрдөгү маанилик катмарлануу,  көбүнчө атайын,  алдын ала ойлонулган,  автор тарабынан таанылып-билинген болсо,  каармандар кебинде ал эркке баш ийбеген,  алдын ала ойлонулбаган мүнөзгө ээ,  б.а., мындай катмарлануу кейипкердин өзү тарабынан алдын ала ойлонулбайт,  аңдалып билинбейт.   Ошондуктан көркөм чыгарманын идеялык мазмунун берүүдө ав­тордук кептеги катмарлануу башкы,  чечүүчү ролду ойнойт.

Ырды талдоону жыйынтыктап жатып,  оюмдун өзөгүн түзгөн поэтикалык ойго дагы бир жолу атайы кайрылып кетким келет.   Поэтикалык ойдун жаңылыгы катары оригиналдуу ойду гана эсептөө туура эмеспи дейм,  менимче,  эски эле ойду жаңыча айтуу да — бул жаңылыкка кирет.   (Атүгүл деги эле жаңы (оригиналдуу) ой,  идея деген болбосо керек деп да ойлоп кетесиң,  анткени азыр жаңыдай,  эми эле айтылгандай туюлган ой тээ атам заманда эле кимдир бирөөлөр тарабынан башкача формада айтылган болуп чыгат.) Сөз башында эскерткендей,  даяр чыгарма деген болбойт,  бүткөн чыгарманы ар ким өз алдынча кайра жаратат,  атүгүл автор да өзүнүн бүткөн эле чыгармасын улам окуган сайын кайрадан жарата бериши да толук ыктымал.   Демек,  кимге болбосун чыгарма бүкүлү бойдон эле таасир этпейт,  анын жаралуу ыгы,  каражаты,  техникасы,  айтор жаралуу механизми да зор таасирге ээ.   Ошентип,  форманын өзү мазмунга өтөт,  айланат.

Буга байланыштуу мен өйдөкү ырдагы поэтикалык метафоранын оригиналдуугу дегенде анын берилиш (курулуу) оригиналдуулугун да эске алып жаткандыгымды белгилей кетмекчимин.   Бул — биринчиден.   Экинчиден,  поэтикалык ой (идея) деген оңойлук менен колго илинбейт,  толук кандуу көркөм чыгарма дайыма алдамчы келет,  мен мына буларды айттым деп жеңил-желпи ойлорду үстүнө калкытып коюшу мүмкүн.

Муну «Жибек кийген эрке кыздан» деле көрдүк го,  ошо үстүнө өзүнөн өзү эле калкып турган,  Эшматка да,  Ташматка да аттын кашкасындай белгилүү болгон идеяларды чубап чыгып,  белгилүү сынчы да жаңылып отурбайбы.   Ошондуктан сынчы поэтикалык ойду бүкүлү кароодон баш тарткан,  б.а.,    ырдын көркөмдүк дөөлөтүн поэтикалык ойдон эмес,  анын бир гана каражатынан (сырткы формасынан) көргөн жана буга өзгөчө көңүл буруп,  тамшануу менен кеп кылган.

Чындап келгенде,  анда чыныгы поэтикалык ой жөнүндө сөз жок,  ал таза идеялар кандайча куралганын (кирпичке салыштыралы: алар кандайча коюлганын) айтат,  а идеянын ички мазмуну тууралуу негедир ооз ачпайт.   Канчалык чеберчилик менен кынасаң деле,  кирпичтериңдин өздөрү борпоң болсо,  эртең эле күү этип урап түшпөйбү.   (Сынамакка өйдөкү идеяларды жеке-жеке да,  жуурулуштура да карап,  аны студенттерге же окуучуларга канкакшап түшүндүрүп,  анан «карагылачы,  бул ыр чыныгы поэзиянын үлгүсү» деп көргүлөчү,  силердин айтканыңарга жок дегенде бир студент же окуучу кадимкидей эргип толкундап,  аталган ыр чын эле поэзиянын үлгүсү экенине ишенээр бекен?) Мына ушундан улам,  поэтикалык метафорага байланыштуу көркөм чыгарманын дагы бир сырын айтсамбы деп турам.

Көркөм чыгарманы ким жаратат? Акын менен жазуучубу? Жок,  аны акын же жазуучу жаратпайт,  ал булардын туундусу (продукциясы) эмес,  көркөм чыгарма — бул Кайыптан бүткөн керемет.   Мына,  мен ушуну жазып жатам дейсиң,  бирок башканы жазып жаткан болосуң; мен муну жазып салдым деп дердейесиң,  бирок дагы эле таптакыр башканы жазып таштаган болосуң.   Анан эркиңе баш ийбеген соң,  баш ийгенсип туруп эле,  өз билгенин кыла берген соң,  атүгүл акырын билдирбей сени өзүнө көз каранды кылып алган соң,  Кайыптан бүтпөй,  неден бүткөн дейм да.

Пенде катары кимибиз болбосун эки дүйнө (бул дүйнө,  тигил дүйнө) менен байланышта болуп,  аларды баштан кечирсек,  акын же жазуучу катары үч дүйнө (бул дүйнө,  тигил дүйнө,  белгисиз дүйнө) менен байланышта болот окшойбуз,  бул акын-жазуучулардын эңги-деңги жүрүм-турумунан,  мүнөзүнөн да айкын сезилип турат.   Бул дүйнөнү тикеден-тике башыбыздан кечиребиз,  тиги дүйнөнү жок дегенде эле кыял-фантазиябыз аркылуу боолголоп билебиз,  элес-булас көз алдыбызга келтире алабыз,  ал эми үчүнчү дүйнө биз үчүн таптакыр туңгуюк,  таптакыр белгисиз.

Ошондуктан поэтикалык ой үчүнчү дүйнөдөн,  белгисиз дүйнөдөн,  жаралса керек деген бүтүмгө келүүгө аргасыз болом,  дааналап айтканда,  белгисиздик жана Кайыптан бүткөн нерсе дегенибиз — булар поэтикалык ойбу деп боолголойм.   Кайыптан бүткөн керемет болгон соң,  поэтикалык ой улам-улам кубулуп,  мөлтүлдөп,  оңойлук менен карматпайт экен,  бирок адам болгондон кийин акылың мененби,  жүрөгүң мененби,  айтор,  аны туюуга милдеткер экенсиң.   Бизди дал ушул поэтикалык ой белгисиз дүйнөдөн жаралып,  Кайыптан бүткөндөй туюлган керемет ой — толкутат тура.   [Поэтикалык ой демекчи,  мен муну даанараак ачып берүү максатында бир аз чегинүү жасай кетейин.   Кийинчерээк поэзиябызда далай жаркын чыгармалар жаралды,  жаралып да жатат.

Мен алардын ичинен Омор Султановдун «Чарчоонун жүзүнчү ыры» аттуу ырлар түрмөгүн бөлүп көрсөткүм келет.   Түрмөктүн поэтикалык сыры көптүр,  бирок ал мени,  баарыдан мурун,  өзүнүн поэтикалык метафорасы менен титиретти.   Аталган түрмөк да адам аттуунун адамдык трагедиясы жөнүндө кыйытат жана ал башкачараак өңүттөн каралат.   Адамдын шору,  трагедиясы — бул анын өлө тургандыгында эмес экен (туулдуң — өлдүң да),  а анын мындан өткөн быкыйында — чарчай тургандыгында тура.   Жөнөкөй эле чарчай тургандыгында эмес,  жакшылыктан,  ырыс-дөөлөттөн да чарчай тургандыгында экен.   Анан аргаң түгөнүп,  бу адамың неге тоёт,  нени жактырат,  деги бу адамда аң-сезим барбы дейсин,  акырында бу адамың неге мынча шорлуу дейсиң.

Ошентип жүрүп-жүрүп отуруп,  бу жолу да өзүбүздүн нурк-насилибизге урунабыз: канткенде жок дегенде жакшылыктан чарчабоого кудуретибиз жетип (адам болгон соң,  кудай берген мээ,  ак-караны ылгай ала турган акылың болгон соң,  ушу болбогон нерсе колуңдан оңой эле келбейт беле!),  адамдык нурк-насилди (адамдын көздөгөнү,  зарлап тилегени жакшылык го,  анан андан неге чарчайбыз,  баарыдан да,  чарчап кайда барабыз?!) сактап калабыз дейсиң…]

Ошентип, бир ырга карата,  жаманбы-жакшыбы,  жекече пикиримди айттым.   Айткандарымдын баары туура деп эч кимге таңуулагым келбейт,  минтүүгө акым да жок.   Бир гана айтарым: «Жибек кийген эрке кыздын» келечеги али алдыда,  болочоктогу адабиятчы-эстетиктер бул ырга өздөрүнүн,  өз заманынын көзү менен карашып,  Алыкул айтууга ниеттенбеген,  бирок ырда капысынан эле айтылып калган дагы далай сырларды чубап чыгаар.   Анда аларга ак жол тилейли…

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.