Бир кедейдин эки кызы болуптур. Бой жеткенде алардын бирөөсү дыйканга тиет, экинчиси кумарачы устага турмушка чыгат. Бир топ убакыт өткөндөн кийин кедейди аялы кыздарына жиберет.

— Барып кыздарыңдын жашоосун көр. Кандай көйгөйлөрү бар, эмнеге сүйүнүп, кайсыга күйүнүшөрүн билип кел.

Кедей дыйканга турмушка чыккан биринчи кызына келип ал-жайын, жашоо-тиричиликтерин сураса күйө баласы ыйлап ийчүдөй болуп арманын айтат.

— Көрүп турбайсызбы, быйылкы аптаптын күчүн, тимеле куйкалап баратат. Бир жумага чейин жамгыр жаабаса өлдүк! Бүт эгин күйүп кетет!

Алар менен коштошкон кедей кичүү кызыныкына барат. Күйө баласынын короо толо кумара жасаганын көрүп, аны далысынан таптап мактайт:

— Иштермандыгыңа баракелде! Буюрса, базарга чыгарып, жакшылап сатып алсаң, кыштан кор болбой чыкчудайсыңар.

— Кандай десем, терди төгөрүн төктүк, жасачу кумараларды жасадык. Эгер ушундай аптап бир жума кармалса сиз айткандай береке болот. А эгерде жаан жаап жиберсе, өлдүк! Бүт жасаган эмгегим текке кетет!

Кабак-кашын бүркөгөн күйө балдарынан жакшы сый көрбөгөн кайната да үйүнө капалуу келет. Анын бул кебетесин көргөн аялы  коркуп кетип сурайт:

— Кабагыңан тимеле кар жаап турат ко. Деги кыздар аман-соо бекен?

— Аманы аман, соосу соо, бирок жаан жаабаса жаман кабар улуу кызыңдан келет, жаачу болсо кичүү кызыңдан ошондой эле кабар аласың, камына бер, — деген экен кембагал.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.