Михаил Зощенко: Башкаларга караганда акылдуурак мышык

Бир кожойке иштери менен алыс кетип, ашканасында мышыгын бекиткен боюнча унутуп коюптур. Мышыктын эмчектен чыга элек чиедей үч мый-мыйы бар болучу. Камакта калган байкуш мышыктын курсагы ачып, желининен сүт чыкпай калды. Ал жегидей бир нерсе издеп, ары-бери шимшилеп көрдү. Бирок ашканада эч нерсе жок болуп чыкты. Мышык андан ары узун коридорго чыкты. Ал жактан да тумшугуна илине турган нерсе таппады. Бир бөлмөнүн тушуна келгенде эшиктин ары жагындагы тамактын жагымдуу жытын сезе койду. Эми мышык эшикти тырмалап ача баштады.

Ал бөлмөдө уурулардан аябай корккон жалгыз бой аял жашачу. Аял терезенин жанында отуруп алып май токоч жеп отурган. Эшик кылдырай баштаганда ал калтырап коркуп кирди. Аңгыча эшик акырын ачыла баштады, аял коркконунан кыйкырып жиберди:

— Ой, ким бул?

Эч ким жооп берген жок.

Уурулар экен деп ойлогон аял, терезени ачып короого секирип түштү. Дагы жакшы, ал жинди катын биринчи кабатта жашачу, эгер жогорку кабатта болгондо буту-колун же башка жерин сындырып алмак. А азыр болсо бир аз этин оорутуп, мурдун бир аз жарып алганы эле жетиштүү болду. Аял короонун кароолчусун таап ээрчитип келгиче, биздин мышыгыбыз эшикти жумшак таманы менен түртүп ачып кирди да, терезенин тактайында калган төрт май токочту жеп тоюп алып, кайра ашканадагы балдарына кайтты.

Аял менен кароолчу келсе — бөлмөдө эч ким жок. Кароолчу бекер эле убара кылганына ачууланып, аялды болушунча сөгүп алып жолуна түштү.

Аял ордуна келип отуруп, калган май токочторун жейин деп таппай калды. Ал май токочторду жеп алып, корккон кезде унутуп калдымбы деп ойлоду да, ал түнү ачка бойдон уктады. А эртең менен үйдүн кожойкеси келип мышыкка өз убагында тамагын бере баштады.

Акылдуу маймылдар

Бул эң кызык окуя зоологиялык бакчада болгон эле.

Бир адам тордун ичинде отурган маймылдарга тийишип, шылдыңдай баштады.

Ал чөнтөгүнөн момпосуй алып чыгып маймылга сунду. Маймыл колун сунуп момпосуйду алайын дегиче тиги ага карматпай кайра алып кетти. Ал муну бир нече ирет кайталады.

Анысы аз келгенсип маймылдын сунулган алаканын бир топ эле оорута чаап да жиберди. Анан маймыл таарынды — эмне үчүн аны урат дейм да.

Ал тордун тешигинен колун созуп, шамдагайлык менен тиги кишинин башындагы тумагын жулуп алды да, тебелеп, ушалап, тиши менен жулкулдатып тытмалай баштады. Киши кыйкырып, кароолчуну чакырды. Ошол кезде башка бир маймыл анын артынан кол салып, кемселинен бекем кармап алды.

Кишинин ачуу чаңырыгы жаңырды. Биринчиден, ал коркуп кетти, экинчиден, тумагына ичи ачышып жаткан, үчүнчүдөн, кемселим айрылат деп чочулады, төртүнчүдөн түшкү тамактын убагы келип калган, аны болсо коё бербей кармап жатышат. Ал кыйкыра баштаганда тордон үчүнчү маймыл жүндүү колдорун арбаңдатып чыгарып, анын чачынан, мурдунан алды.

Эми тиги киши чындап жүрөгү түшүп алаңдап, чаңырыгы баштагыдан да өзгөчө чыкты.

Аңгыча кароолчу да жетип келди. Ал:

— Батыраак кемселиңди чечип жиберип, бери кач, антпесең маймылдар бетиңди тытып, мурдуңду жулуп алышат, — деди.

Тиги кемселин чечип жиберип, бошонуп чыкты. Аркасына жабышкан маймыл колундагы кемселди тордун ичине сүйрөп алып, тиштегилеп тыткылап кирди. Кароолчунун кемселди алууга аракетинен майнап чыккан жок. Ошол кезде кудай жалгап маймыл кемселдин чөнтөгүнөн момпосуй таап алып жей баштады. Башка маймылдар да момпосуйду көрүп жетип келишип, тегерете отуруп алып момпосуй жегенге киришишти. Кароолчу маймылдар таштап салган тамтыгы чыгып айрылган тумак менен кемселди таяк менен илип чыгып ээсине берди.

Кароолчу тиги кишиге:

— Сиз өзүңүз күнөөлүсүз, маймылдардын жинине эмнеге тиесиз. Дагы жакшы, мурдуңузду жулуп албаганына шүгүр деңиз. Болбосо түшкү тамакка мурду жок бармаксыз!

Ошентип тиги киши тамтыгы чыккан тумагын, айрылып уйпаланган кемселин кийди да, адам күлөрлүк кызык кебетеси менен, шылдыңдап күлгөн элдин каткырыгын коштоосунда үйүнө түшкү тамакка жөнөп кетти.

Үлгүлүү бала

Илгери Ленинградда Павлик деген кичинекей бала жашаптыр. Анын апасы бар эле. Жана атасы болгон. Чоң апасы да бар болчу. Булардан тышкары алар менен Бубенчик аттуу мышык да жашачу. Эртең менен атасы жумушка кетет. Апасы да кетет. Павлик чоң энеси менен калчу. Чоң энеси аябай карыган эле. Ал креслого отуруп алып уктаганды жакшы көрчү. Ошентип атасы кетти. Апасы да кетти. Чоң энеси креслосуна барып отурду. А Павлик жерге отуруп алып мышыгы менен ойноп кирди.

Мышыгын эки арткы бутуна тургузайын дейт. Мышыгы болсо тургусу жок. Улам кыңкыстап мыёлоп жата калат. Аңгыча эле эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Чоң энеси менен Павлик эшикти ачууга жөнөштү. Келген почточу экен. Ал кат алып келиптир. Павлик катты:

— Атама өзүм берем, — деп катып алды.

Почточу кетти. Павлик кайра мышыгы менен ойноону улантмак болгон. Бирок караса эле — мышыгы эч жерде жок. Павлик чоң энесине кайрылды:

— Мына сага номер, чоң эне, биздин Бубенчигибиз жоголду.

Чоң энеси:

—Жана биз эшикти почточуга ачканда , сыртка чыгып кетсе керек.— десе, Павлик айтат:

— Жок, аны жанагы почточу алып кеткен окшойт. Ал мага калп эле кат беримиш болуп, менин үйрөтүлгөн мышыгымды уурдап алды. Ал жеткен мытайым почточу экен.

Чоң энеси мыйыгынан жылмайып, тамашалай сүйлөдү:

— Эчтеке эмес, эртең почточу кайра келет, ага катты кайра берип, мышыгыбызды алып келип бер дейбиз, —деди да, креслосуна отуруп уктап калды.

А Павлик болсо пальто менен топусун кийди да, катты колуна кармап сыртка жөнөдү. “Азыр эле, —деп ойлоду ал, —катты почточуга берем да, мышыгымды кайра алам”

Павлик короого чыкты. Караса, короодо почточу көрүнбөйт.

Павлик андан ары көчөгө чыкты.  Көчөнү аралап арылап жөнөдү. Караса, көчөдө да почточу көрүнбөйт.

Аңгыча бир сары чачтуу аялдын үнү чыкты:

— Ой, карагылачы, кипкичинекей бала көчөдө жүрөт! Апасынан адашып калса керек. Болгула, тезирээк милиция чакыргыла!

Тез эле ышкырыкчан милиционер жетип келди. Аял ага кайрылды:

— Караңызчы, беш жаштагы эле бала көрүнөт, адашып кетиптир.

Милиционер баланын колундагы катты көрүп:

— Аа, колунда кат бар экен, ал катта баланын үйүнүн дареги болуш керек. Катты өзү менен алганы жакшы болуптур, азыр окуйбуз да үйүнө жеткизип коёбуз.

– Америкада ата-энелери балдарынын чөнтөгүнө атайлап эле дарегин жазып салып коюшат экен, —деди тигил аял. Ал Павликтин колунан катты алып окумак болуп колун сунду. Анда Павлик айтат:

— Сиз эмне тынчсызданасыз? Мен кайда жашарымды жакшы билем.

Аял баланын такылдап сүйлөгөнүнө таң кала түштү. Ал тургай толкунданганынан көлчүккө кулап түшөрүнө аз калды. Эсин жыйып:

— Карагылачы, кандай тың бала экенин. Андай болсо айтсынчы, кайда жашайт экен.

— Фонтанка көчөсүнүн сегизинчи үйүндө жашайм.

— Ого, чынында эле тың бала экен, жашаган жерин билет турбайбы, — деди милиционер каттагы даректи карап көрүп.

Аял Павликтен сурады:

Атың ким? Кимдин баласысың?

— Менин атам шоопур. Апам дүкөнгө кетти. Чоң энем болсо креслодо уктап отурат. Менин атым Павлик, —деди Павлик.

Милиционер күлүп:

— Бул тартынбаган, үлгүлүү бала экен, чоңойгондо милициянын башчысы болот болуш керек, — деди. Аял милиционерден баланы үйүнө жеткизип коюуну суранды.

— Кана, кичинекей жолдош, кеттик үйгө, — десе, анда Павлик айтат:

— Колуңузду бериңиз, мен сизди өзүмдүн кооз үйүмө алып барайын.

Милиционер күлүп жиберди. Аял да күлдү.

— Бул бала чындыгында эле мыкты экен, баарын билгени аз келгенсип, мени өз үйүнө ээрчитип баргысы келгенин карабайсыңбы. Бул бала чоңойгондо сөзсүз милиция башчысы болот. Ал Павликке колун берди да, экөө жетелешип үйгө жөнөштү. Павликтиктин үйүнө жаңы эле жетишкен, караса апасы келатыптыр. Апасы Павликтин көчөдө жүргөнүн көрүп таң кала түштү да, аны көтөрүп алып үйүнө кирди. Үйдөн бир аз урушуп мындай деди:

— Ай, акылы жогум, көчөгө эмне үчүн чыгып кеттиң?

Анда Павлик:

— Мен почточудан Бубенчигимди алайын дегем, Бубенчигим жоголуп кетти, аны почточу эле алды.

— Жинди болбочу!  Почточу сенин мышыгыңды эмне кылмак эле. Тигине мышыгың, шкафтын үстүндө жатпайбы.

— Мына сага номер. Карагылачы, менин үйрөтүлгөн мышыгым кайда чыгып алганын, —дейт Павлик сүйүнүп.

— Акылы жогум, сен аны аябай кыйнасаң керек, ошон үчүн сенден качып шкафтын үстүнө жашынып алган да.

Аңгыча чоң энеси ойгонуп кетти.

Эч нерседен кабары жок чоң эне Павликтин апасына айтып жатпайбы:

– Бүгүн Павлик тентек кылбай тыптынч отурду. Мени бир дагы жолу ойготкон жок. Ал бүгүн момпосуй жегенге татыктуу.

— Ал бүгүн момпосуйга эмес, бурчка мурдун такап тургузуп койгонго татыктуу, мен аны көчөдөн ээрчитип келдим.

Чоң энеси таң калгандан оозу ачыла түштү:

– Мына сага, номер.

Аңгыча атасы да келип калды.

— Буга бүгүн момпосуй бербей, бурчка тургузуш керек, ал көчөгө чыгып кетиптир.

Чоң энеси баланы урушмак болуп оозун жаңы ачканда, ал атасына катты бере койду. Атасы катты карап:

— Бул кат мага эмес чоң энеңе келиптир.

Чоң энеси көз айнегин тагынып катты окуп кирди.

— Москва шаарындагы кичүү кызым төрөптүр, —деди чоң энеси кубанып.

— Ал тартынбаган бала болот болуш керек, чоңойгондо сөзсүз милициянын башчысы болот деп ойлойм, —деди Павлик.

Анын сөзүнө баары күлүп калышты да, түшкү тамакка отурушту. Биринчисине күрүч шорпо эле. Экинчисине — котлеттер, үчүнчүсүнө кисель берилди. Бубенчик шкафтын үстүнө отуруп алып Павликтин тамак жегенин биртопко карап отурду. Бир кезде чыдабай, ал дагы тамак жегиси келди. Анан шкафтан комодко, комоддон стулга, стулдан жерге секирип түштү. Павлик ага бир аз шорпо, бир аз кисель куюп берди.

Мышык ошого эле ыраазы болду.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.