1-макала ушул шилтемеде>>>>>>>>>

Бир эле кыргызда эмес, дүйнө жүзүндө эл энчисине айланып кеткен мурастар канча, маселен: «элдик ыр», «элдик күү» болуп. А түпкүлүгүндө ал мурастарды жалпы эл жараткан эмес, тек эл ичинен чыккан бүрөө-жарымдын гана авторлук чыгармасы кийин элдик болуп аталып калганы… Ошол элдик ыр, элдик күүлөрдү шаңшытып оркестрге салсаң да элдик бойдон кала берет түбөлүк. Көкбөрү тарыхы да ошол сыңары элдик дөөлөт-мурас, элдик өнөр катары эл энчиси бойдон жашай берет. Тек, ага жаратмандык мээнетин жумшаган эр-азаматтар чыкпаса, көкбөрүнүн бүгүнкү ооматы болот беле, жокпу?

Албетте, ошол элдик мурас кылымдардан бери сүрмөтоп, аламан байге, башаламандыктар менен коштолсо да жок болбой сакталып келгенине шүгүр. Анын элдик болуп калганы ошол. Арийне, көкбөрүнүн тартиби, эрежеси жок үчүн бул оюндун кызуусу далай ыр-чырга, талаш-тартышка илгертен бери себеп болуп келгени дайын. Баарыбыз бала кезден билебиз, көкбөрүнүн кызуусу менен кырсыкка кабылгандар көп болорун. Оюнчулар эле эмес, көрүүчүлөр тебелендиде калчу. Ал тургай сүрмө тобу менен куушкан көкбөрүчүлөр оюндун кызуусуна киргенде айыл-кыштактарды аралап кетип казан-аяк, бала-бакыра, кемпир-чалдарды тебелетип кеткен оюнчулар болгон. Кашааланган зымдарга чалынып жыгылган атчандар андан…

Тайказан деген түшүнүк да жок эле. Бала күнүмдөн эсимде: эки тараптын оюнчулары тегерете таш тизип койгон чек болор эле. Белгиленген ошол чекке оюнчу улакты таштаар замат, эки жааттын ызы-чуусу башталчу. Себеби оюнчулар тиякка удургутуп, биякка удургутуп чаап өткөн сайын баягы тегерете тизилип белгиленген чектеги муштумдай таштар ат туягынан туш-тушка чачырачу. Андан да кокую: судья дегени болчу эмес. Топтун арасында ким аксакал болсо, калыс кепке ошону чакырышчу. Көзүнөн карыгып жаш аккан ал аксакал оюн жүрүшүн толук көрбөсө да, кайсы тараптагы топ катуурак догурунуп, катуурак омуроолоп чуу көтөрсө, жеңишти ошол тарапка оодара салып четке чыга берчү. Көкбөрүнү биз ошонүчүн дүйнө элине спорттун эң кызыктуу түрү катары тааныта албай келдик…

А бүгүн көкбөрү оюну дүйнө жүзүнө көчмөн элдердин флагманы болуп таанылып калды. Бирок кантип таанылды? Агер азыркы эрежелер киргизилбегенде: көкбөрүнүн ооматы таанылат беле, дүйнө элине шоораты угулмакпы? Жок. Тарыхый энчибизди башкалар колдон сууруп кетишмек. Себеби эрендердин эр оюну көкбөрү те кылымдардан бери Азия аймагынын элдеринде ойнолуп келгенин да унутпайлы. Ооганстан, Пакистан, Иран, Индия, Кытай, Монголия, Орусиянын Батыш Сибиринен тартып айрым араб малекеттеринде да ойнолуп келгени менен, бирок бул оюндун бирдиктүү эрежесин, тартибиз болбоптур. Арийне, муну Кыргызстан гана дүйнөлүк спорт оюндарынын нормасына салып, өз энчисин өзүнө каттата алды!

Мурда оюнчулар арасындагы чыр-чатактар ырбаганда камчы менен биринин башын экинчиси айра чаап, азыркыдай тайказан жок үчүн ар кимиси ар кандай ойноп келгени кимге жашыруун? Мерчемделген жерди бири камчы менен ченесе, бири аркан менен ченеп, улак белгилүү чекке жетпей ыргытылды же ашып кетти деген талаш чыгып, бул оюндун адилеттиги жок үчүн совет доорундагы катуу тартип менен көкбөрүгө тыйуу салынган эмеспи.

Азыр болсо мөрөй талаш тайказанга түштүбү, бүттү, упай ошол тараптын эсебинде. Оюнчулар да тайказанга түшкөн упай эсебин көрүп, ынанып турат. Мына ушул оюн эрежесин акыры тартипке, эрежеге салган коомдук ишмер Болот Шер кылымдардан бери келаткан эрендердин эр оюнун эл энчисине кайрып келгенин адилеттик үчүн, тарых үчүн баса белгилей кеткенибиз ашыкча болбос.

Жогоруда дүйнө жүзүндө «элдик ыр», «элдик күүгө» айланып кеткен мурастар туурасында кеп кылганым ошондон. Ошол элдик мурастардын да өз кезегинде авторлору болгон сыяктуу, «Көкбөрү» федерациясын Эларалык спорт федерациянын конгрессинде расмий каттатууга белсенип, аталган оюндун эреже-тартибинен тартып, тайказанына чейин ойлоп тапкан Болот Шерге алкыш. Андыктан көкбөрү өнөрүн улуттук оюн деп билсек, тай казандын автору Болот Шер деп тааныганыбыз ийги. Канткен менен байыркы ата-бабаларыбыздан калган оюндун эрежесин ойлоп таап, эларалык спорт деңгээлиндеги мыйзам ченемдерге ылайык жол-жобосун иштеп чыгып, акыры тартипке салды…

Бирок эң өкүнүчтүүсү: акыркы 15 жылдан бери «Көкбөрү» федерациясынын жетекчилерин алмаштыруу саясатка ооп кеткени. Болгондо да эң жогору жактан. Маселен К.Бакиевдин учурунда «Көкбөрү» федерациясынын жетекчилигине өз чөйрөсүнө жакындардын бири Молдомуса Конгантиев келгенден тарта мурдагы эларалык деңгээлде абройго жеткен бул уюмдун иши кийинчерек республика аралык мелдештерди да тыңгылыктуу деңгээлде уюштура албай калганына жамы журт күбө. Кийин Канат Исаев, андан соң Алмазбек Атамбаевдин эң жакын кишиси Икрамжан Илмиянов «Көкбөрү» федерациясын жетектеп турганда ушу турган казак боордоштор менен тынгылыктуу беттешүүлөр болдубу?!

Аныгында, бүгүнкү күндөгүсүнө караганда 1998-жылдан тарта көкбөрү мелдеши бир гана кыргы-казактын ортосунда уюшулбастан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Ооганстан, Россия, Индия, Иран, Монголия өлкөлөрүнөн бери көкбөрү тартышкан командалар келип, байге фондунун эсеби 3 миллион сомду чапчыганы эле аталган оюндун даражасын дүйнөгө дүңгүрөттү эле. Кана азыр, көкбөрү оюнунун ошондогудай шаратап-шаасы, шоорат-шоусу угулабы?.. Кайдан! Азыр көкбөрү командалары майдаланып кетишкендей…

«Көкбөрү» федерациясынын негизделгенине быйыл туура 20 жыл толот. Ушул 20 жылдык тарыхынын урматына быйыл кандай даражада оюн көрө алабыз? Эрендердин эр оюну көкбөрү туурасындагы макалабыздын соңунда элдин каймагы саналган интеллигенция өкүлдөрү «Аалам» гезитине (№13. 18.02.2005-ж.) көкбөрүнүн маани-маңызын чачырата айтып бергенине көңүл төшөп көрсөк…

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: акын

— Көкбөрүнү кайра тирилткендердин башында Болот-Шер турду. Алгач буга бышкыргандар, ышкыргандар болду. Кооку баштар «өлгөн Көкбөрүнү өз жайына койгун» дешти. Болот-Шер көгөрдү. Көгөрмөйүн кызыл-тазыл бойдон жүрө берет, кызыл жаян болуп. Манаска чейинки, андан кийинки бабаларыбыз да ушинтип болбосту болтурарда, толбосту толтурарда Жердей түнөрүп, Көктөй көгөргөн. Көгөрүп атып көктө болсо — көктөн эңип түшүп, көрдө болсо — көрдөн сүйрөп чыккан. Болот-Шер ошентти. Көкбөрүнү көрдөн сүйрөп чыкты. Көрсө, төрдө Жатар Көкбөрү, элде жатар Көкбөрү көрдө жаткан экен. Болот-Шер сүлдөрү калган Көкбөрүнү сүйрөп олтурул, басмайылын — Батышка, чылбырын — Чыгышка, ооматын — Оруска, кылымын — Кытайга сунгузду, кыргызга эстелик тургузду. Эми аны урчоку кылбай улап кетмей гана калды. Эрдикте күбө болбойт дешет. Эгер эл муну эрдик деп бааласа, анда аны жасаган Болот-Шерге ырахмат!

Ашыраалы АЙТАЛИЕВ, КР эл артисти: — Унутта калган өнөрдүн учугун улап, башын бириктирип берген ушул жигитти кыргыз эли көкөлөтүп алаар жердебиз. Качанкы бабалардын унутта калып бараткан көкбөрү оюнун мынчалык дүйнөгө көкөлөткөндүн өзү оңой иш эмес. «Ийгиликтин ээси көп» дегендей, муну бир ушул Болот баштабаганда, көкбөрү дегенди биз азыр жомок катары гана небере-чөбөрөлөрүбүзгө айтып калышыбыз мүмкүн эле.

Тууганбай АБДИЕВ, КР эл артисти: — Ушуңдай эр-азаматтар гана улуттун байыркы касиетин сактап калбаса, биз улут катары каада-салтыбыз менен тарыхыбызды унутуп калчу улуттун бирине айланып баратабызбы деп корком. Кийинки муундагылар көкбөрү өнөрүнүн таржымалын Б.Шерниязовсуз унутуп калышы деле мүмкүн эле, мына ошол жок болуп кетер оюнду бүгүнкүдөй бийиктикке көтөргөндүгү үчүн биз аны Манастын кырк чоросунун бири сыяктуу улуттун эр-азаматы деп билебиз.

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, КР эл акыны: — Көкбөрүнү илгертен казак-кыргыздар эле билчү. Азыр ал Болоттун демилгеси жана ишкердиги менен эл аралык спорттук чоң оюнга айланып кетти. Демек, көкбөрүнү азыр дүйнө эли билди жана ар бир улут аны өздөрүнчө өнүктүрө баштады. Бирин-экин улутка гана тиешелүү болуп келген бул уникалдуу өнөрдү дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, «эл аралык» деген түшүнүккө чейин жеткирүү оңой түшүнүк эмес. Мунун өзүндө чоң патриоттуулук сезим жатат жана бул кыргыз элинин абийири, даражасы.

Рамис РЫСКУЛОВ, КР эл акыны: — Кыргызды дүйнөгө тааныткан бир Айтматов болду… Чыңгыздан кийин эле Болот Миңжылкиев, Сүймөнкул Чокморов, эң акыркысы Төлөмүш Океев болду. Эми карап тургула, көкбөрүнү көкөлөткөн Болот Шерниязов баарынан ашып түшөт. Илгери мен көк чимкирик балдарга аралашып, эшек минип улак тартышчу элем, чоңдор «сумасшедший» оюн дешип, тыюу салган саясат жүрө баштаганда улак тартышмай менен кошо эшектердин да тукуму үзүлүп барып токтогон. Мага окшогон улакчылар ошондон кийин акын болуп кеткенбиз. Эгер азыр көкбөрүчүлөрдүн күчтүү командаларынын бири мени да кошуп алышса, стратегиялык тактика мындан да туура болмок, дүйнө кыргызды ошондо тааныйт!

Салижан ЖИГИТОВ, филология илиминин доктору, профессор: — Улутка жапакеч Шерниязовдордун чыныгы патриот экенин коомчулук жакшы билип калды. Баары эле «аганы көрүп ини өсөт» болбосун турмушта көрүп атабыз. Азыр кыргыздын бечара аристократия чөйрөсү тапкан-ташыганын жалаң тойлорго жумшаса, алардан айырмаланып, Шернияздын тукумун улагандар эл деп жанын сабап жүрүшөт.

Бексултан ЖАКИЕВ, КР эл жазуучусу: — Кыргыз жигиттеринин намысын ойготуп, эр жүрөк, тайманбас болууга тарбиялап аткан бул жигиттин бардык далалаты мени өтө кубандырып жүрөт. Адегенде качанкы тыюу салынган көкбөрүнү эл аралык спорттун деңгээлине жеткирген эрдигине сыймыктансам, кийин ата-бабаларыбыздын тарыхын тааныр иш сапары менен Алтай жергесине чыгармачыл интеллигенциянын бир топ өкүлдөрүн өз чөнтөгүнөн алып барып келгенине андан бетер сыймыктандым. Кыргыздын сезимин ойготор мындай иштерди жасаш ар кимдин эле колунан келип атабы?! Улуттук өзгөчөлүгүбүзгө жаңы өңүттөн караган мыңдай көсөм жигиттерибиз азыр өтө эле жетишсиз. Мен ашкере улутчулдукту жактыра бербейм, бирок Болот Шерниязов өңдүү улуттун улуттук балуулуктарын терең түшүнө билген эр-азаматтардын катары көбөйсө деп Кудайдан тилейм.

Түгөлбай КАЗАКОВ, композитор:

— Эр жигитиң көп болсо, эркиндигиң мол болор. Бири — бийликтин кулу, бири — байлыктын кулу, бири — арактын, бири — тамактын кулу болуп турганда элдин уулу шыр эле көзгө керүнөт. Бирок андай өзү сүйгөн уулдарды Теңир бизге өтө эле аз берет (баркына жетпейт деп коркот окшойт). Ошолорун бири — Болот-Шер. Ал мактанганды жаман көрөт. Эч кимге каралашпаса деле көрдө жаткан көкбөрүнү өргө тартканы үчүн тарыхтын бир бүктөмүн алып түшмөк. Бокени болсо улут келечеги, ар-намысы; таланттардын таштанды тагдыры уктатпайт турбайбы. Максат жолунда өтө көк экен. Мындай жигиттер улуу дөөлөттөрдүн гана алдына таазим этишет. Аларды күчкө салып баш ийдирем деген өтө макоо кишинин иши, бөрү баласын ит кылам дегендей эле кеп.

Болоттой жигиттердин качан болсо ашуусу бийик, кечүүсү терең болот. Бирок ошол катаал жолдо аларды Атажурт үчүн жан кыйган ата-бабаларыбыздын, азаматтардын арбактары колдоп жүрөт экен.

Мамасалы АПЫШЕВ, жазуучу:

— Болот Шерниязовдун адеп көкбөрү тууралу идеясын мынчалык бийиктикке чейин көтөрүлөрүнө көпчүлүк ишенген эмес. Айрым көзү жетпегендер бул идеясын шылдыңдап да чыгышкан. Акыры жүрүп принципиалдуулугу менен баарын жеңди. Кыргызды дүйнөгө таанытар мындай патриоттор улуттун пайдасына абдан керек. Азыр улуттук кайра жаралуу доорунда жаңы муундагы мындай бекем принципиалдуу саясатчыларды эл өзү бекем колдобосо, азыркы ыплас саясат жүргүзгөндөр менен кармашуу кыйын! Мен Бокени жаңы муундагы саясатчылардын анык лидери деп санайм.

Чоппонбек АБЫКЕЕВ, жазуучу:

— Азыр улуттук ар-намысты ойготор иштерди жасап аткандардын эң көрүнүктүүсү — Болот Шерниязов экенин танууга болбойт. Улуттук кызыкчылыкты керт башынын кызыкчылыгынан өйдө койгон мындай адамды элдин кызматына пайдалануу үчүн ак тилегибиз менен ак батабыздан башка эмне бар? Калганы өзүндө жетиштүү: акыл десе акылы, билим десе билими бар.

«Аалам» гезити (№13. 18.02.2005-ж.)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.