Тарыхчы, педагог Тынчтыкбек Чоротегин “Сапат” агартуу мекемесинин айланасындагы уу-дуу сөзгө карата үн катты.

Кыргыз тарыхы дайыма тарыхый коңшу-колоңдор, тектеш элдер менен тыгыз карым-катнашта өнүккөн. Мындан ары да дүйнөлөшүү жүрүмү уламдан-улам күч алганына карабастан, дурус коңшулук жана тектеш элдер менен боордоштук алакалар Кыргызстан тарабынан үзүрдүү улантылат деп ишенем.

Бирок ишенич — бир нерсе, ошол ишеничти жүзөгө ашыруу үчүн жигердүү аракет кылуу — башка нерсе. Кыргызстан бийлиги ар дайым өлкөнүн эгемендигине шек келтирчү жагдайларды кылдат иликтеп, көрүнбөс жиптен тордолгон кылтактардан алыс болууга далалат кылууга тийиш деп ойлойм.

Негизи, либерал демократиялык мамлекеттер тарабынан бирөөлөргө кысым жасоо аракеттери жокко эсе. Тигил же бул мамлекетте авторитардык режим чыңдала баштаса, андай мамлекеттеги режим өз өлкөсүнүн ичинде гана эмес, сырткаркы чөйрөдө да өкүм сүйлөөгө далалат кылып калат.

Муну биз пост-ельциндик Орусиянын мисалында мыкты үйрөндүк. Советтер Биримдиги ыдырап жаткандагы КМШ боюнча шериктеш өлкөлөргө берген убадаларын унуткарып, бул мамлекеттин авторитардык режими Днестр бою, Кырым, Чыгыш Украина, Абхазия, Түштүк Осетия сыяктуу аймактарда жикчилерди колдоп келди.

Аз гана жерден Түштүк Кыргызстанда жикчилик очок түзүлүп кала жаздаган алааматтуу учурдан бери 8 гана жыл өттү.

Маркум Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда да коңшуларга карата текебер мамиле байкалган. Эми жаңы президент Шавкат Мирзиёевдин либералдаштыруу саясаты кеңири тамыр жайып, мунун аркасында Өзбекстан коңшулары менен да таптакыр жаңы карым-катнаш сересине чыгып, өзбектерди гана эмес, Борбордук Азиядагы тарыхый коңшуларын да кыйла ыраазы кылууда.

1990-жылдардын башында Түркия демократиялык жүрүм жаатында пост-советтик Борбордук Азиядагы жумурияттарга салыштырмалуу ат чабым алдыда болчу.

Эми, соңку жылдары бул өлкөдө авторитаризмдин карааны калдайып чыга келди. Айрым саясат таануучулар бул кубулушту “эрдоганчылык” деп атай башташты. Мен расмий Анкаранын “Сапат” агартуу мекемесине каршы кастар тигишинин башкы себебин ушундан көрөм.

Кыргызстан — эгемен мамлекет. Ал өз өлкөсүндө агартуу системасын кандай куруш керектигин өзү гана чечет. Түркиядан келип толук ыйгарым укуктуу элчи болуп иштей баштаган Женгиз Камил Фырат (Cengiz Kamil Fırat) мырза, менимче, абдан эстүү жигит. Ал Мехикодо 1970-жылы туулган, Батышта таалим алган, Европа Биримдигинин аймагында иштеп келген дипломат адис.

Дал ушул элчинин оозу менен “Сапат” мекемесинин ордуна Түркиянын “Маариф” (“Агартуу”) фондуна таандык жаңы жана акысы арзаныраак окуу жайларын ачуу сунушунун Кыргызстан тарапка айтылышы — бул саясый режимдин буюртмасынын аткарылышы болду; бирок элчи мырза чын жүрөгүнөн бул сунушту колдобосо керек деген жеке оюм бар.

Кылым башынан бери эки ирет элдик ыңкылап уюштурган кыргыз улуту калыптандырган азыркы бийлик өлкөдөгү демократиялык баалуулуктардан эч баш тартпайт жана тышкы саясатында ар кандай авторитардык өлкөлөрдүн “байкелик” (түркчө – агабейлик, орусча “старший брат” катары) сунуштары боюнча көз карандысыз, өз алдынча чечим чыгарууга кудуреттүү деп ойлойм.

Ал эми Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин түздөн-түз көзөмөлүндө жана Кыргызстандын ички стандарттарына ылайык таалим-тарбия иштерин уюштуруп жаткан “Сапат” мекемеси ырааттуу реформалардын натыйжасында Кыргызстандын ички агартуу системасынын органикалык бир бөлүгү болуп калды.

Учурунда Чыңгыз Айтматовдун батасын алган бул агартуу мекемеси азыр да эл аралык агартуу системаларынын сынактарында көптөгөн таланттуу тарбиялануучуларынын ийгиликтери аркылуу Кыргызстандын туусун желбиретип, өлкө зоболосун көтөрүп келет.

Түркия биздин өлкөбүз үчүн ар дайым боордош элдин мамлекети катары өнөктөш бойдон кала берет. Айдыңдык (секулярдык) Кыргыз Республикасы да Түркиянын ички иштерине кийлигишпейт.

Дал ушундайча ички иштерге өз ара кийлигишпөө саясаты эки боордош мамлекеттин турмушунда кандайча жүзөгө ашырылып жаткандыгын даана аныктоо үчүн кыргыздын “Сапат” агартуу мекемеси лакмус кагазынын ролун аткарат десек жаңылышпайбыз.

 

14 Replies to “Тынчтыкбек Чоротегин: “Байкелик” кысымга алууга орун жок”

  1. Сапат билим беруу мекемелери Кыргызстанда эле эмес буткул дуйно жузундо он жактары менен гана таанылып жургонун баарыбыз билебиз. Турк элчиси айткандай «коркунучтуу » мекеме болсо 170 тен ашуун олко жаппайт беле.Бирин экин кедей коз каранды олколор гана жаап калгандары эн сонун эле иш жургузуп жатышат го. Эрдоганчылар оз оюн бизге тануулап жанталашкандан коро мээлерин бир сергитип алса болмок экен

  2. Бизге белгисиз бир маариф мектебин ачып беребиз деп бул турк элчиси эмне эле жанталашып жатат.Ойлоп коргулочу мекендештер.Булар бизге корсотмо бергенге,уйротконго ,оз ойлорун тануулаганга кандай акысы бар. Биз эркин ой жугурткон эгемен элбиз. Тынчтыкбек Чоротегин мырза эн сонун пикир айтыптыр.Этият бололу мекендештер, оз кызыкчылыгын коздогон митаимдардын тузагына тушуп калбайлы.

  3. Кыргызстан — эгемен мамлекет. Ал өз өлкөсүндө агартуу системасын кандай куруш керектигин өзү гана чечет.

  4. Элчи мырза туура эмес сүйлөп жатат..Кыргыздар эч качан баш ийип жашаган эмес..жашабайт да..уят эле элчинин айткан сөздөрү…

  5. Мамлекетибиз өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон кийин,башка мамлекеттин ички саясий иштерибизге кийлигишүүсү акылга сыярлык иш эмес. Бирөөнүн даярдап жаткан тамагына көз салуу туура эмес. Мамлекеттин билим берүү мекемесинин көзөмөлүндө мыкты, дүйнөлүк стандартка жооп бере турган деңгээлде билим берип жаткан мекемени Маариф көзөмөлүнүн астына өткөрүп берүүбүз чоң жаңылыштык. Мен билген «Сапат» билим берүү мекемеси 26- жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жатат. Буйруса дагы мамлекетибиз үчүн зор салымдары кошкон уул- кыздары өстүрөт деген үмүтүм чоң. Ушул убакка чейин лицейде тарбияланып туура эмес жолдо жүргөн уул-кыздарды көргөнүм жок. Сылык-сыпаа ар тараптуу билимдүү, дайыма жардам берүүгө даяр уул-кыздарды көрдүм.

  6. Жакшыны жакшы деш керек, жакшыга жакшы мамиле кылыш керек. 25 жылдан бери жаш муундарды татыктуу тарбиялап остургон САПАТ лицейлерине таазим.

  7. Мамлекетибиз өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон кийин,башка мамлекеттин ички саясий иштерибизге кийлигишүүсү акылга сыярлык иш эмес. Бирөөнүн даярдап жаткан тамагына көз салуу туура эмес. Мамлекеттин билим берүү мекемесинин көзөмөлүндө мыкты, дүйнөлүк стандартка жооп бере турган деңгээлде билим берип жаткан мекемени Маариф көзөмөлүнүн астына өткөрүп берүүбүз керек. Мен билген «Сапат» билим берүү мекемеси 26- жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жатат. Буйруса дагы мамлекетибиз үчүн зор салымдары кошкон уул- кыздары өстүрөт деген үмүтүм чоң. Ушул убакка чейин лицейде тарбияланып туура эмес жолдо жүргөн уул-кыздарды көргөнүм жок. Сылык-сыпаа ар тараптуу билимдүү, дайыма жардам берүүгө даяр уул-кыздарды көрдүм.

  8. Кыргызстан эркин мамлекет,кандай билим берүү мекемесин ачат,жабат өз эркинде,ал өз өлкөсүнүн жараандарынын гана кызыкчылыгында болуусу керек. Сапат ББМ көп жылдан бери ишин эң мыкты деңгээлде аткарып келет,аны бүтүргөн окуучулардан көрүп жатабыз. Ушул убакытка чейин бир зыянын көрө алдыкпы,албетте жок.Өлкөнү жакшы жагынан таанытууда,жаштардын туура тарбия алуусуна,илим билимдин өнүгүүсүнө зор салым кошууда. Ал эми бир мамлекет башка мамлекеттин ички саясатына кийлигишүүсү ал өлкөнү сыйлабастыгы деп түшүнөм.

  9. Багымсыз олко болгонубуздан кийин, биздин жеке эле билим беруу тармагына эмес. Олкобуздун иштерине киришкени ото туура эмес жана болбойт.

  10. Эрдогандын жана аны пардоонун ары жагында башкаргандардын буюртмасы менен түзүлгөн жанагы «Maarif» деген фондунун түзүлгөнүнө эки-үч жыл гана болду.Буга чейин Туркияда бир гана мектеп ачкан жок!Анын башкаруучулары жалан мамлекеттик мекемелерде иштеген министр, депутат жб адамдар.Анын ички түзүлүшү жашыруун.Башкаруу органына дайындалган адам өмүрү өткөнчө ошол кызматта калат!ТРда бир да мектеп ачкан эмес дегенбиз.Ооба.Себеби анын бир гана милдети бар.Бул милдет — уставында ачык көрсөтүлгөн: Чет мамлекеттерде ТРнын атына мектеп ачуу! Ушул жерден Түркчө билгендер окуса же окутса болот..http://m.turkiyegazetesi.com.tr/egitim/527082.aspx
    Бирок ушул мектеп ачууну нөлдөн эмес, Сапатка окшогон мектептерди, ошол өлкөнүн бийлигине пара берип же кандайдыр бир жол менен алдап жаптырып, кайра эле ошол мектепдерди ачтыруу-ачуу жолу менен жүргүзөт! Баардыгы фактысы менен бар..Маариф ушуга чейин нөлдөн баштап бир да мектеп ачкан эмес.Анан дагы бир жери, Эрдоганчыл бийликтин тилин алып, 20 жылдан ашык жылдардан бери иштеп келе жаткан Сапатка окшош мектептерди жапкандардын көпчүлүгү Африка, Азиядагы бир канча гана кедей, өлкөсү кысым менен башкаоылган мамлекет. А Европа жб демократиялуу мамлекеттер Сапатка окшогон мектептерди Маарифке бергенди кой, анын кагаз түрүндө ачылганына дагы жол бербейт!Дагы бир жери, Сапат мектептери толугу менен динге берилген же такыр алыс жүргөн мектептер эмес.Ал эми Маарифте болсо, ал-Каида, Салафит сымал радикал көз карашка ээ, же болбосо таң калыштуусу, кичине эркек балдарды зордуктаган адамдардан да иштейт! Маариф, мугалимдерин мыкты университеттерден бүткөндөрдөн тандабайт.Көпчүлүгү, мамлекет тарабынан берилген ири өлчөмдөгү акча менен кошо ТРдагы маянасын да алат. Маариф — Түркияда жакшы түрдө акча таба албаган жана сыноолордон өтө албаган адамдарга тез арада байыйм деп барып иштеп акча табуунун жолу! Дагы бир жери, ТР мамлекетинин ушуга чейин бир нече мамлекетте Бишкектеги мамлекеттик Анадолу кыз жана балдар лицейине окшош мектептери иштеп келатат. ТР мамлекети алардын санын артырып, сапатын жакшыртуунун ордуна эми барып ар кайысы мам.ги Сапатка окшогон даяр мектептерди басып алып, даяр окуучулар менен иштешкени, анын ниетинин мектеп ачуу эмес, Сапат мектептерин жаптыруу экенин көрсөтөт.Ойлон Кыргыз!

  11. Эми калайык журт турктордун озунун созундо кайсы даракта момо болсо ага таш ыргытылат. Сапат 25 жылдан бери иштеп жемишин берип кадырман журттун купулуна толуп келген. Бир «айыбы» эч кайсы сайасий коз караштын таламын талашпагандыгы болгон. Анан тануулап эле «мени жакта»» мени жактыр» дей бергендей жосунду кандай жооруса болот? Бул сапаттын коз карашына дал келбейт анткени сапаттын дуйнолук коз карашында адамды бир кана адам болгондугу учун суйуу жатат. Сайасатта атаандаштык бар сени жактап атаандашына жаман корунушу керекпи? Азыркы тапта деле мин будомук иштен кийин оз элинин жарымынын ишенимин «алган» тузумду колдоп тиги «жарым» менен ырк бузуу керекпи? Анан деги эле адам кимди жактыраарын озу чечеби акыры? Бул бир жагы экинчи жагы эгер ошончо эле мектеп ачкын келип атса Кыргыз жери кенен келип ачабер. Чын конулунон болсо. Жок конулун башка болуп бир нерсеге жамына турган болсон Кыргыз айтмакчы конулу жок катындын кот бергени курусун болот ко . Жакшылык кылсан соодалашпай пейил кутпой кыл. Эгер чындап бизге куйгон тууган болсон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.