Белорус эл жомогу: Жуунганды жаман көргөн Чыйчый чычкан жөнүндө

Бар экен, жок экен, өткөн чакта жуунганды аябай жаман көргөн чычкандын Чыйчый деген баласы болуптур. Аны ата-энеси жуунтмак болуп камына баштаганда эле чыр салып ыйлап, бакырып-өкүрүп сыртка качып чыкчу экен. Ал тургай достору менен көлгө түшүп ойномок тургай, сууну көргөндө жаа бою качып жакын барчу эмес дешет. Ошентип кайрадан жай келип, күн ысып, баардык балдар кубанычтуу кыйкырышып көлмөгө түшүп жатышса бир гана Чыйчый аларга алыстан көз жүгүртүп, ийининин оозунда кара шалтак кир болуп топурак менен ойноп отурду. Күн көлгө ырахаттана […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер — VII

Мир Ашыраалы уулу, (1951-2013) Ата теги: Тагай бий-Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Атабай-Мендеке-Андагул-Бердике-Адей-Мамыркан-Жылкыбай-Ашыраалы-Мир. 1986-жылдары Мир совхоздун курулуш цехинде экспедитор болуп иштеп калды.  Бир күнү совхоздун директору Кешикбаев Асылжан 2 чоң автомашина бөлүп берип,  Мирге Токмоктон тактай алып келүүнү тапшырды.  Машиналарды совхоздун кеңсесинин алдына коюп, Мир бухгалтерияга кирип, доверенность алмак болду.  Совхоздун башкы бухгалтери Мукан: — Мурунку алган довереносторго отчет бермейинче жаңысын бербейм, — деп тырышат.  Канча жалынса да болбой койгондуктан директорго киришке туура келет. — Мукан доверенность бербей жатат,  эмне кылайын?- десе,  совхоздун парторгу,  профкому […]

Аман САСПАЕВ: Эски жолдо

АҢГЕМЕ Эртең мененки күн жадырап тийип турган шашке мезгилде Койсун чоң эне абышкасына кадала кетти. Самоордун керинейин үйлөп, чаң ызгыган күлдөн бети-башын тырыштырган кемпир: – Эмне деген жакшылык… Даяр немени, – деп сарай жакты карап койду. Кыязы, иш мындан да эртерээк козголгон өңдөнөт. Абышка сарайдын үстүнөн тепкич аркылуу түшүп келатты. Үстүндө желбегей жамынган кара чийбаркут чепкен, башында кыргызча шырыма ак топу. Ал жерге түштү да илинүү турган «сур жоргонун» жүгөнүн көздөй илбиди. Жашы сексенден ашкан карт, саал эңиш тартып, чебердеп […]

Мусулман санаттарынан: Сопучулдук

Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет, агер ооздон гана чыкса, ал куйма кулакка да сиңбейт. Ал-Сухраварди Сопу – бул күнгө табынсыз күн, ай менен жылдызга да табынбаган түн. Ал – барга көппөс, жокко чөкпөс. Абу ‘л-Хассан ‘Али ал-Харакани Сопу Кудайдын кылганынын баарына ток пейил, Кудай да сопунун кылгандарынын баарына ыраазы. Абу Сайд ибн Аби-л-Хэйр Сопулар какыр-чикирдин баары ташталса да кереметтин баарын өстүргөн жерге окшош. Жунайд Байыса да кедей кейиптенип жүргөндүк нукура сопулуктун белгиси. Ал бийликке жеткен күнү булуттуу көктүн астында, атакка […]

Амирбек АЗАМ уулу: Расмий Анкаранын кылтагындагы Кыргызстан

Кыргыз чиновниктеринде төтөн “балалык оорусу бар”. Демейде биринчи жетекчинин сунушун “аткаруу керек” деп түшүнүшөт. Мисалы, мурдакы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборунун чатагына байланыштуу Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда ачыктан ачык эле Кытай элчисине жакпаган кадам жасап, мартабалуу дипломатка ыкрар көрсөтпөлү, аны капа кылып албайлы деп лап эттирбеди?! Түркиянын жетекчилигинин атынан сүйлөгөн элчи Женгиз Камил Фыраттын  “Сапат” (мурдакы “Себат”) тарамына таандык мектептердин ордуна өкмөттүк “Маариф” фондуна караштуу жана жакшы каржыланган мектептерди ачуу “сунушун” айткан интервьюну окуп жатып, али уйдун жаңы […]