Амирбек АЗАМ уулу: Расмий Анкаранын кылтагындагы Кыргызстан

Кыргыз чиновниктеринде төтөн “балалык оорусу бар”. Демейде биринчи жетекчинин сунушун “аткаруу керек” деп түшүнүшөт. Мисалы, мурдакы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборунун чатагына байланыштуу Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда ачыктан ачык эле Кытай элчисине жакпаган кадам жасап, мартабалуу дипломатка ыкрар көрсөтпөлү, аны капа кылып албайлы деп лап эттирбеди?!

Түркиянын жетекчилигинин атынан сүйлөгөн элчи Женгиз Камил Фыраттын  “Сапат” (мурдакы “Себат”) тарамына таандык мектептердин ордуна өкмөттүк “Маариф” фондуна караштуу жана жакшы каржыланган мектептерди ачуу “сунушун” айткан интервьюну окуп жатып, али уйдун жаңы жампасындай, табы кача элек жогорудагы окуя жадымда жылт этип жанды. Арийне, Түркиянын элчисинин береги сунушту өткөрүү үчүн бар дипломаттык өнөрүн пайдаланып, ар кандай деңгээлде иш жүргүзөрү, атүгүл айрым жүлүнү бош чиновниктерди “бал сөз менен чөргөп”, президент С.Жээнбековдун  чөйрөсү менен да жылуу-жумшак иштешери калетсиз. Эмне дегенде француз ойчулу Буастын “Дипломатия – бул параддык формасын кийген полициядай эле нерсе” деп айтканы бар. Дипломатиянын мындай эрежеси жана оюну кексе дипломат Женгиз Камил Фырат мырзага тааныш болуш керек.

Минтип айтууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын өзүн кой, бүтүндөй Азия, Жакынкы Чыгыш, Европа, Америкага чейин барып, ийгиликтүү иштеп жүргөн мектеп системасын расмий Анкара эркин экономиканын жолоюна салып, атаандаштык жолу менен муунтуп, Кыргызстандын билим берүү салаасынан чыгарып салуу сунушу толук негиз берет.

Ушул жерден 1990-жылдардын башындп мурдакы “Себат” мекемесине таандык алгачкы мектептерди ачууга аз да болсо түздөн-түз кол кабыш кылган адам катары бир нерсеге токтоло кетмекчимин. Ошондо келген жигиттердин баары “жеткен мекенчил”, Түркия үчүн жана түрк элдеринин өнүгүүсү үчүн жашоонун ачуу-таттуусуна чыдоого даяр экенин көрүп айран таң калгам. КПССтин Саясый Бюросу баштаган коммунисттер ошо кездеги идеологиялык термин менен айтканда: «элдин алдыңкы отряды» болгону менен, аларда бүгүн өз өлкөсүндөгү авторитардык бийлик тарабынан гүлөнчүлөр деп жерилип жаткан жигиттердей идеалисттик дух жок экенин түшүнгөм.

Бирок да, ошо 90-жылдардын башында боордош кыргызстандыктарга эл аралык деңгээлде билим берген мектеп системасын түзөбүз деп келген жигиттердин билим деңгээли, дүйнө таанымы биздин мугалимдерге, интеллигенцияга салыштырганда бир кыйла төмөндөй көрүнгөн мага. Лекин, жана белгилегенимдей, бийик руху, көздөгөн ишинин үстүнөн өжөрлөнө иштей билүүсү — аларды максатына жеткирди (Ырас, түрк мектептеринин жетишкендиктери  тууралу сөз кылганда ал жерде өлкө боюнча, эң алды, колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдары жана эң жөндөмдүү, акылы зирек окуучулар чогулганын, ал балдар кадимки мектептерде окуса, мыктыларынын эл аралык олимпиада, сынактарга катышарына эч ким кепилдик бере албасын унутпашыбыз керек).

Буга “Сапаттын” мектептеринин бүгүнкү кадыр-баркы, тарбиялануучуларынын эл аралык сынактарда такай байгелүү орундарды жеңип келүүсү айкын далил. Мындай мектептерди кыл жип менен муунтууга макул болуу — соңку жылдары президенттик инститту “султандык”  башкарууга айланткан (бул Батыш талдоочулары менен саясатчыларынын сыпаттамасы) жана Ататүрк негиздеген плюралисттик коомду тарам-тарамга бөлүп, дүниябий жолдон буруп бараткан Режеп Тайып Эрдогандын саясатын таануу катары кабыл алынмак: эл аралык коомчулук тарабынан.

Деги эле билим берүү тармагын, өзгөчө, жаш муунду тарбиялоону колдон чыгарган жана бөтөн колго тапшырып салган бийлик бир күнү улут насилинен айрылаары жана Атажуртубуздун келечеги жаш муунду тарбиялоого багыңкы (көз каранды) экени талашсыз. Ушул эле Кыргызстандагы түрк мектептеринин мисалын карап отуруп, эмне постсоветтик эрктүү Кыргызстандын жетекчилиги республикадагы мыкты мектептердин базасында алдыңкы жана заманбап усулдар менен окуткан мектептерди эмнеге түзгөн жок деген суроо жаралат.

Андай стратегиялык кадамга баргандын ордуна президент Акаев тушундагы бийлик Бишкек, Каракол, Ош жана башка жерлерде жатак жайлуу мектептерди түркиялык агартуучуларга текейден арзан баада кармата беришкен. Ошону менен Бишкектеги атактуу №5-мектеп, Нарындагы Чкалов мектеби, Оштогу В.Н.Терешкова атындагы мектеп-интернаттай мыкты жана өлкөгө өрнөк болчу мектептердин баркы төмөндөтүлүп, биздин мугалимдердин аброю, бай тажрыйбасы шылдыңга калган. Мына ошол академик президент жана анын “тезек кургабай алмашкан” өкмөт башчылар билим берүү багытындагы карманган сокур саясаттын кесепетинен бүгүн мектептерден мечиттер көп болуп, Жусуп Баласагын атындагы көзгө басар Кыргыз Улуттук университети жаман тондуу кембагалдай абалда турат.

Ушундан улам, атактуу француз флиософу Вольтердин “Ким билимдүү болууну каалабаса жана билимдүү болгонго татыктуу болбосо, өз элин билимдүү кылганга күч жумшабайт” деген акылман кеби эске түшөт.

Прага шаары

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

  1. Акаев заманында деле турк мектептерине атаандаш мектеп тузуу аракеттери болгон. мисалы 5-мектепти улуттук компьютердик гимназия статусун берип шаардык департаменттин карамагынан чыгарып министирликке туз баш ийдирип мектеп жетекчилерин министириликтин тиешелууадистерин озу менен президенттик учака салып москвага алып барып тажырыйба топтогула днп дем шык берип окуу програмаларын кыргыз билим беруу академиясынын окумуштуулар кеншинде бекиттирип окуучулардын мыктысын бут региондордон чогултуп келгиле деп мектеп жетекчилерине иш сапар уюштуруп мугалимдерди тандап алгыла депшарт коюп ишти жакщы эле баштаган.премерь министирибиз АПАС аке жеке каыл алып бишкекте кыргыз тилинде окуткан 67-Дохновскийдин мектебиндей мектеп уюштургула колдоп берейин аймактардагы мыты мектептерди сактап калууну кауу эле талап кылган..бирок министирилик иштей албай койгон.келген жетекчилер мектеп эмне экенин деле бичу эмес.ал эмес мектепти тейлеген орун басары политехти буткон автомобилисть да иштеди.министириликте мыкты кадрлар кетип тынды.анан кунубуз себатка тушпогондо кантти.

  2. Эми Амирбек туура жазган, баары эле жогору жакты карап турушат, алар эмне дейт деп. Буга себеп, Биз али Чыныгы маданияттулука жете элекпиз,
    анын ичинде Чыныгы улут болуп да калыптана элекпиз. Илим-билим деңгээли боюнча да Түрктөр бизден төмөн турат. Бир гана артыкчылыгы аларда Акча бар- анан алар Кыргыздарды иштетип -ЖЕңИШКЕ жетип жатат .Анан да алар БҮТ түрк тилдүү элдерге бийлик кылгысы келишет!! Кыргыздар кыргыздарга иштегенге мүмкүндүк бербейт, себеби кыргыздар Пара бербейт -Түрктөрдөй. Бир эле мисал , КӨРГӨЗМӨНҮ (ВДНХ) Эркин соодага берип коюшту -Түрктөргө, алардын эч бир экстра чайлары жок болсода- алар бечара жаш Кыргыз кыздарды малайдай иштетишет- А биз көз жумуп жүрөбүз. Эмне үчүн Индустарга( индустарда дүйнөдөгү жакшы чайлар бар!!! бербейт, себеби алар ТҮРКТӨРГӨ окшоп пара бербейт. Эмне үчүн эски (эң сонун жерди) аэропортту Турктөргө берди?
    Али Кыргызстандын алдыга өнүгүү жөнүндө ачыкайкын максаты-жок. Эски Совет доорундагы дөңгөлөк менен жылып келе жатат- Сынба араба сынба деп!!!