Бар экен, жок экен, өткөн чакта жуунганды аябай жаман көргөн чычкандын Чыйчый деген баласы болуптур. Аны ата-энеси жуунтмак болуп камына баштаганда эле чыр салып ыйлап, бакырып-өкүрүп сыртка качып чыкчу экен. Ал тургай достору менен көлгө түшүп ойномок тургай, сууну көргөндө жаа бою качып жакын барчу эмес дешет.

Ошентип кайрадан жай келип, күн ысып, баардык балдар кубанычтуу кыйкырышып көлмөгө түшүп жатышса бир гана Чыйчый аларга алыстан көз жүгүртүп, ийининин оозунда кара шалтак кир болуп топурак менен ойноп отурду. Күн көлгө ырахаттана түшкөн балдарды назик сылап эркелетип, Чыйчыйдын төбөсүн куйкалап, өзүн көл-шал кылып тердетти.

Бир кезде Чыйчый чыдабай кетип көлөкөлүү токойду аралап, күндүн ысыгынан качып, көңүлсүз түрдө өзүнүн жалгыздыгына ызаланып басып жүрдү. Бир кезде катуу шамал болуп, заматта асманды кара булут чулгады. Чагылган чартылдап, күн күркүрөсө да коркпогон Чыйчый асмандан тамган жамгыр тамчыларын көргөндө жүрөгү түшүп үйүн көздөй качып жөнөдү, бирок аны алыс узатпай кара нөшөр чакалап куйгансып төгө баштады.

Байкуш Чыйчый улам бир бактын түбүнө корголоп, жазы жалбырактарды жамынса деле болбой жамгыр үстүнөн төгүлүп, бир кезде жерден да суу өйдөнү карай көтөрүлүп, бат эле агызып кетчүдөй болуп айлана көл-шал болуп чыкты. Дагы жакшы, Чыйчый жапыз өскөн бадал бутагына жабышып, сууга чөгүп кетпей жанын сактап кала алды. Оо бир далайда барып жамгыр токтоду, кайрадан күн жаркырап тийип, айлана тынчыды. Ошондо жамгыр токтосо эптеп үйүнө жетип, ата-энесине эркелегиси келип отурган Чыйчый төмөндөн күн нуру чагылышкан көлмөдөн жамгыр суусуна киринип тазара түшкөн өзүн көрүп тааныбай кала жаздады.

“Суу деген абдан жакшы болот турбайбы”,- деп ойлогон Чыйчый мурунку жуунбай суудан качып жүргөн кезин эстеп уялды. Анан төмөндөгү тунук көлмөгө секирип түшүп ары-бери сүзө баштады. Сууга түшкөн да өзүнчө ырахат экенин билип, өзүнчө жыргалга батты, денеси сергип, өзүн жеңил сезди.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *