Антон ЧЕХОВ: Үй-бүлөнүн атасы

АҢГЕМЕ Адатта мындай учурлар картадан биртоп уттуруп же аябай ичкендин эртеси, дене-башы тырышып турган кездерде болот. Степан Степаныч Жилин ал күндөрү көңүлү чөгүңкү тартып ойгонот. Кебетеси кетип, уйпаланып, ушаланып, кубакай жүзү бирөөгө же бир немеге таарынган адамдардыкындай тырышып калган. Ал жайма-жай кийинип, муздак суудан бир чөмүч ичет да, бөлмөлөрдү кыдырып ары-бери баса баштайт. – Бул эшикти кандай айбан ачык таштаганынын билгим келет? – деп күңкүлдөйт ал жиндене, халатынын этегин кымтылай басып баратып, түкүрүнө. – Алгыла бул кагазды! Бул жерге эмне […]

Кош келдиң диктаторлук: Эрдоган кандай бийлик орнотту?

Эрдоган жана «Ак» партиясынын кантип бүгүнкү абалга келип калганын Түркиянын жакын тарыхында карап көрүү туура болсо керек. 2002-жылы Эрдоган өкмөткө келгенде түрк саясаты жана элдин абалы бираз башкача болчу. Түрк эли XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап “оң” жана “сол” болуп идеологиялык катмарга бөлүнүп баштаган. Оңчулдар динге, улутчулукка жакын, “мухазафазакар” деген элет калкы болчу. Солчулар Осмон империясынын доорунда падышадан бийлик талашкан “Иттихат ве тераки” деген идеологиялык фракциядан келип чыгышкан. Кийинчерээк Ататүрктүн доорунда “Кемалист” деп аталып калышкан. Калктын 20-25 пайызын солчулар түзөт. Булардын […]

Орозбек МОЛДАЛИЕВ: Биздин жаш муундарды ким тарбияласа — баары бирби?

Дагы кимден сабак алалы? «Мамлекеттин мугалимге мамилеси – бул мамлекеттин күчтүүлүгүн же чабалдыгын далилдей турган мамлекеттик саясат» — деген Отто фон Бисмарк. Ал көрөгөчтүк менен түптөп кеткен Германия эки дүйнөлүк согушту башынан кечирип, бирок мамлекеттүүлүгүн сактап эле калбастан, азыр эң кубаттуу өлкөлөрдүн алдынкы сабында. Анын «Согушта ийгиликти эки фактор чечет: жаңы үлгүдөгү мылтык жана мектептин мугалими»- деп айтканы да актуалдуу бойдон калып жатпайбы. Бизде болсо бийлик «кандай ыкмалар менен билимдүү адамдарды тарбиялап чыгарабыз», деген маселени чечүүгө баш оорутпай, «кимдерге окуттура […]

Үмүт КУЛТАЕВА: Мамлекеттик эгемендүүлүктү билим берүү эгемендиги гана бекемдей алат!

Билимсиздердин мамлекети болууга мүмкүнбү? – деген суроо бери болгондо акылсыздын, андан катуу айтканда, дөдөйдүн суроосу экенин мектеп окуучусу ойлонбой айтат. Биз эгемендүү мамлекет болгондон бери өзүбүздүн улуттук билим берүүнүн пайдубалын түптөй алдыкпы? Адегенде, Америка университети ачылды. Кол чаап кубанып, кучак жайып тосуп алдык. Албетте, анын жакшы жагын эч ким танбайт. Балдарыбыз ал жакка өтүү үчүн тил билүүгө умтулду. Билим сапатында өзгөрүү, жаңылануу   аздыр-көптүр тамыр байлап, урпактардын ой жүгүртүү масштабы кеңейди. А бирок акыркы натыйжа эмне болду? Ошол эле Америка университетин […]