Эрдоган жана «Ак» партиясынын кантип бүгүнкү абалга келип калганын Түркиянын жакын тарыхында карап көрүү туура болсо керек. 2002-жылы Эрдоган өкмөткө келгенде түрк саясаты жана элдин абалы бираз башкача болчу. Түрк эли XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап “оң” жана “сол” болуп идеологиялык катмарга бөлүнүп баштаган. Оңчулдар динге, улутчулукка жакын, “мухазафазакар” деген элет калкы болчу. Солчулар Осмон империясынын доорунда падышадан бийлик талашкан “Иттихат ве тераки” деген идеологиялык фракциядан келип чыгышкан. Кийинчерээк Ататүрктүн доорунда “Кемалист” деп аталып калышкан. Калктын 20-25 пайызын солчулар түзөт.

Булардын идеологиялык түпкүрү; дин менен мамлекеттин башкаруу ситемасы бөлүнүшү керек деген светтик жашоону жактайт. Солчулардын бир чети да марксист-ленинист идеологияга барып такалат. Алардын көпчүлүгү шаарда отурукташкан. Солчулдар 1920-жылдардан баштап өкмөттө туруп, аткаминер жана жаңы бай буржазия катмарын түптөшкөн. Дээрлик бир кылым бою, башкача айтканда, 2000-жылдарга чейин Түкияны дал ушул солчулдар башкарып турган. Маданий ишмерлер, бай бизнесмендер, генералдар, сот, прокурорлор — дээрлик аксөөктүн баары ушул солчулардан чыкчу. Солчул болбогон үй-бүлө мүчөлөрүн аскер жана сот системасына деги эле жолотушчу эмес. Ал эми аскердик гарнизонго диндар кишини такыр киргизишчү эмес.

Ушул кызыктай абал Эрдогандын партиясынын өкмөткө келип калышынын эң негизги себеби болду. Тажаган элеттик эл, өзүнө окшоп диндар көрүнгөн, айылдан чыккан бирөөгө (Эрдоган жана партиясына) шайлоодо добушун берди. Парламенттеги 550 креслонун 370ин алган Эрдогандын “Ак” партиясы бийликке келди. Программасында Евробиримдикке кирүү интеграциясын тездетүү; күрттөрдүн абалын жакшыртуу (эне тилинде билим алуу ж.б.у.с), кишинин жеке укугун, мал-мүлк укугун кеңейтүү; сөз эркиндигине маани берүү; жарандык тең укуктуулук сыяктуу эл эңсеп турган талаптар бар болчу.

Эрдогандын  өкмөттөгү алгачкы иштери

“Ак” партия өкмөткө келээри менен Евробиримдикке мүчө болуунун бирден-бир шарты болгон Копенгаген критерийлерин дароо аткарууга киришти. Албетте, көпчүлүгү динге жакын элеттиктер “Ак” партиянын бул аракеттерине эбегейсиз колдоо көрсөтүп турду. 2007-2009-жылдары өлкөдөгү “ылымык” аба, экономикага да таасирин тийгизбей койбоду. Элдин жашоосу оңолду, түрк товарлары Африка, Европа, Америка, Ыраакы чыгышка чейин сатылып, экспорт болуп көрбөгөндөй өстү. Мыйзамдар ЕБ стандарттарына төп келтирилип кайрадан оңдоп-түзөлтүлдү. 2010-жылдары жогорку көрсөткүчкө чыкты десек жаңылышпайбыз.

Жаңы өкмөткө келген жылдары “Ак” партия азыркыдай бир кишинин эрки менен башкарылбайт болчу. Партиянын түптөөчүлөрүнөн Бүлент Арынч, 2007-жыл президенттике шайланган Абдуллах Гүл, Абдуллатиф Шенер сыяктуу түрк саясат тарыхында салмагы болгон кишилердин пикирлери көз, караштары сөзсүз түрдө партиянын негизги программасына жана стратегиясына таасир тийгизет эле. Партиялаштардын бири-бирине болгон мамилеси программаны пландуу түрдө ишке ашырууга да күч берип турган.

Тоскоолдуктар

Түшүнүктүү болсун үчүн түрк коомундагы идеологоялык бөлүнүүнүн мурас катары атадан балага өтөрүн айтып өткөнүбүз оң. Атасы солчул-социалист болгон кишинин баласы да ошол идеология менен жашайт. Үй-бүлөдө динге жакын кишилер болсо, ал үй-бүлөдөн солчу-социалист чыгуусу чанда гана кездешет.

Ал ортодо солчул идеянын локомотиви болгон армиянын генералдары байма-бай Эрдогандын партиясын жабуу же өзүн премер-министр, кийинчерээк президент болтурбай коюу үчүн ар кыл амалдарды аткарышты. Жадагалса, он жылда бир адатка айланган аскердик төнкөрүштү да бир канча жолу жасоо пландары ишке ашпады. Генералдардын интригасын бузуу полициядагы оңчул группаларга жүктөлдүбү, айтор, полиция армиянын эң жогорку команда башчысын камаганга чейин жетишти.

Түрк полициясы көбүн эсе элеттиктерден куралган түрк улутчулдугуна,  динге да жакын болуп кетет. Солчул комунист-социалистердин баар ала албаган же алардын купулуна толбогон, башкача айтканда, солчулдар кире албаган министирлик болчу. Эрдоган бул абалды өтө кылдаттык менен пайдаланды. Полиция кызматкерлери менен армиянын саясый күчүн азайтканга чейин чогуу иштеди. Аркасындан колдоп туруп берди.

Диктаторлук аракеттер

2010-жылкы референдумдан кийин Эрдогандын алдында алсыз оппозиция, саясый мизи кайткан армия жана күчтүү полиция бар болчу. Бирок Эрдоган эңсеп жүргөн президенттик башкаруу системасын ишке ашыруу үчүн бул жетишсиз эле.

Туркияда коомдун кан тамыры болгон диний жамааттарды колго алуу менен гана негизги максатын – президенттик башкарууну орундата алмак. Алгач, кичи жамааттарга мамлекеттик тендерлерди берди, айрымдарын  министирликтерден жогорку макамдарга отургузду. Жамааттар Түркиянын өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) фундаментин түзөт. Ар кайсы максатты көздөгөн ӨЭУлардын дээрлик көпчүлүгүндө жамааттар менен байланышы бар. Чоң жамааттардын өзүнө баш ийдирүү 2012-жылы башталды. 2013-жылы “кызмат жамааттынын университеттерге даярдоо курстарын жабабыз” деген сөздөр менен күч алды.

Чоң жаңжал кантип чыкты?

Баса, он жылдан ашык бийликте турган Эрдогандын жакындары байыды, өзүнчө шаарчаларда бөлүнүп жашап калышты. Чоң-кичине тендерлердин дээрлик баары “Ак” партиячы кишилерге гана бериле баштады. Чиновниктер калкка тиешелүү маанилүү көйгөйлөр менен иштебей калды. ЕБ менен болгон интеграциялык сүйлөөшүүлөр солгундап кетти. Партия ичиндеги “оордугу” бар деген Эрдогандын достору дээрлик баары четтетилди. Коррупция көрсөсткүчтөрү өстү.

2013-жылы 17-декабрда Эрдоган өзү колдоп турган прокурор жана полициядан биринчи соккуну жеди. Ошол жылдары сот жана прокуротура ЕБ станддарттарына ылайык эч кимге баш ийбеген өзүнчө бийлик болчу. Прокурорлор 2013-жылы 17-декабрда Эрдогандын баласы Билал менен байланышы болгон жалпы суммасы 100 милиард долларга жеткен коррупциялык иш козгоду.

Ички иштер министринин баласы (Барыш Гүлер), Чөйрө министринин баласы жана экономика министринин баласы кошулуп, 89 киши уюшкан кылмыштуулук жана коррупция деген айып менен таң эрте кармалды. Ызы-чуунун баары ошондон башталды. Эрдоган биринчи эле болуп кызмат жамаатын күнөөлөп чыкты. Анткени кызмат медиа органдары бул коррупцияга каршы күрөштү колдоп чыккан болчу.  Ирандык 27 жаштагы Реза Сарраф аттуу бизнесмен Эрдоганды баш кылып, бир канча министирлерге миллиондогон долларларды пара катары бергени прокурордун иш козгоосуна себепчи болгон. (Реза, Американын Иранга каршы эмбаргосуна тиешелүү кылмыш иши менен 2016-жылы АКШда кармалган. Ал окуялардын баарын 2017-жылкы Нью-Йорктогу сотто күбө катары айтып берген)

Күнөөкөр-душман жаратуу

Эрдоган 17-декабрдагы прокурорлордун козгогон ишин сынга алып, кызмат жамаатын прокурорлорду колдоп чыкка үчүн күнөөлөп баштады. Артынан полициядан 50 миң кишини “жамаатчы” деген айыптоо менен дароо кызматтан алдырды. Мындан сырткары, 10 миңге жакын сот, прокурорлор иштен бошотулду,  5 миңдейи камалды. Полициядагы башкармалыктардын баары алмаштырылды. Ошол кездеги Стамбул губернатору иштен бошотулуп, кийинчерээк камалды. Бир канча губернатор да кошо камалды. Полициянын чалгындоо башкармалыгынын дээрлик баары камакка алынды. Полициянын лицейи, жогорку мектеби жабылды. Кыскасы, полиция бутка тургус кылынып тизгинделди. Иштен кеткендердин орду “Ак” партиячыл кишилер менен толукталды.

Натыйжада, кызмат жамааты “эң башкы душман” деп жарыяланды. Коомчулук бул абалды “жамаат-Акп урушу” деп баалады. Эң кызыгы — прокурор-сот, полициядагы кишилер өзүлөрүн жамааттан экенин айтышкан да жок, буга эч ким далил да сунбады.

“Төңкөрүш” кимге пайда алып келди?

2010-жылдан бери өкмөттүк медиа органдарында байма-бай айтылып келинген “Президеттик башкарууга” жетүү үчүн, кезекте мизи кайтканы менен колунда курал кармаган, унчукпаганы менен ичинен Эрдоганга тиш кайрыган армиянынын “абалын оңдоп-түзөтүү” керек болчу. Анткени түрк армиясы дагы да болсо НАТОнун эң күчтүү экинчи армиясы. Ошондой эле солчу-социалистерге идеологиялык жакындыгы менен Эрдоганды эң кооптондурган орган болчу.

2016-жылы 15-июлда Түркия Республикасы таарыхында адатка айланган, орточо ар он жылда бир кайталанган аскердик төнкөрүш болду. 15-июл күнү түн ортосу Эрдоган түз эфирге чыгып “төнкөрүштү жамаат уюштурду» деп айтып чыкты. Эртеси Фетхуллах Гүлен төнкөрүштүн жамаат менен тиешеси жок экенин, далилденсе Түркияга кайтууга даяр экенин, төңкөрүштү иликтөө үчүн көзкарандысыз эл аралык изилдөө жүргүзүлсө колдоп чыгарын айтты.

Натыйжада, жамааттын миңге жакын окуу жайы, он беш университети, 1 миңге жакын ӨЭУ (өкмөттүк эмес уюмдар) жабылды. Булардын кээси төнкөрүшкө чейин эле жабылган болчу.  Жамаат “террорчу” деп аталды. Жамаатка караштуу Азия банкы мамлекетке өттү. Жамаатты колдогон ишкерлер камалды, бизнестери конфискация кылынды. Жыйынтыгында өкмөт 15 милиард доллардык бизнести алып койду.

Жыйынтыгында…

200 миң киши мамлекеттик кызматтан айдалып, 70 миң киши камалды. Алардын 18 миңге жакыны аялдар. Ал аялдардын 800гө жакынында эмчекте балдары менен камалды. 18 миң аялдын көпчүлүгү хиджапчан. Баса, аялдардын жарымынан көбү эч жерде иштебеген үй кожейкелери. Себеби полиция күйөөсүн издеп үйлөргө барып таппай, аялдарын кармап кете берген.  Өкмөт тарабынан жарыяланган “Өзгөчө абал” мыйзамсыздыкка жол берген. 15-20 жылдан бери жок болуп кеткен «түрмөдө кыйноо кесепети» кайра келди. Кыйноонун айынан жүздөгөн кишилер түрмөлөрдө өлүп кетти (450гө жакын киши). Экономика кризистик абалга кептелди. Түрктөр Европадан качкын макамын алуу үчүн массалык түрдө кезекке туруп калышты ..

Түрк элчиси эмнени кылтыйтты?

Түрк элчиси Женгис Камил Фырат Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатканы айкын. Түркия үчүнчү дүйнө өлкөсү болуп калды. Демократия жолунан чыгып кетти. Эки жылдан бери конституциясыз «өзгөчө абал» менен башкарылууда. Ушундай өлкөнүн элчиси Кыргызстанга акыл үйрөткөнгө моралдык укугу барбы деген суроо туулат?

Сауд Аравия, Пакистан, Косово, Казакстан, Азербайжан ж.б. тоталиттардык башкаруу менен жетектелген өлкөлөрдөн мыйзамсыз адам уурдоолор менен да коштолуп келаткан түрк элчиликтеринин абалы дурус эмес.

Элчи мырза, «Азаттыкта» берген маегинде “Себатты бүтүргөндөр Ала-Арчадан тик учак менен ЖКны аткыласа эмне кылат элеңер?”, “Бир мугалим чыгып өзүн куралдуу күчтөргө командачымын деп дайындап алсачы”, деген суроо салыптыр. Менин айтаарым, Түркияда мугалимдер чыгып парламентти аткыладыбы? Же мугалим өзүн командачы дайындадыбы? “

Түркиядагы төңкөрүшкө катышкандар түрк куралдуу күчтөрүнүн гана аскерлери болгон. Төнкөрүшкө катышы болгон  аскерлердин чөнтөгүнөн «гулендин жолунда» деген мүчөлүк билети чыктыбы? Төңкөрүшкө катышы бар катардагы аскер же офицерлердин баары Түрк куралдуу күчтөргө өмүр бою кызмат кылган, өзүлөрүнүн эле аскердик окуу жайларда билим алган, кадрдык аскерлер болчу. Арасында бир да мугалим же бизнесмен болгон эмес. Төнкөрүшчүлөрдү колдоп бир да мугалим, ишкер же жөн эле пенде көчөгө чыккан эмес.

Элчи кызмат жамаатын Түркияда терордук уюм катары катталганын айтты. “Терордук уюум” деген атка конуу оңой эмес. Ал үчүн бир жерди жардырып, резонанс жаратуу зарыл эмеспи? Мамлекетке, калкка катуу зыян келдиби. Элге билим берүү эмес, элдин үрөйүн үркүтүү маанилүү беле? Дагы суроо туулат: Гүлен жамааты терорчулук кылып каерди жардырыптыр? Кимди өлтүрүптүр? 70 миңге жакын жамаат мүчөсүн камап жатканда, жок дегенде бир киши полицияга каршы кол көтөрүптүрбү?

Түркия ушул жылдын 24-июнунан тарта парламенттик республика эмес, парламенттин укуктары кыскартылып президенттик өлкө болду. Президентке эбегейсиз укук берилди. Эми ал өкмөттү өзү куруп, өзү башкарат. Мурда өкмөт парламенттин ичинен чыкчу. Депутат болбогон кишилер өкмөткө кире алышчу эмес. Саясаттагы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин тең салмактуулугу бузулуп, оордук президентте топтолду. Акыркы беш жылдан бери бир кишинин колунда бейрасмий топтолгон укуктар, эми расмий түрдө президентке өттү. Баса, Эрдогандын шайлоодон кийин президентикке келип биринчи эле буйругу театрларды жаабуу болду.

Мындайда «Кош келипсиз диктатор!» деш керекпи?

Нурлан ТАГАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.