Бакытбек АБДУЛЛАЕВ: Түркия сунуштаган «Маариф» фонду тууралу эмне билебиз?

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Камил Женгиз Фырат кечээ жакында“Себат” же азыр “Сапат” деп аталган мектептер боюнча талаптарын кыргыз тарапка бергенин айтып, кыргыз бийлигинин чечимин күтүп жатканын билдирди. “Сапат” мектептеринин ордуна  мамлекеттик “Маариф” аттуу фондун сунуштап, фонддун камкорчулар кеңешинин төрагасы Түркиянын билим берүү министри экенин билдирди. Мына ошондуктан кыргыз коомчулугу көп биле бербеген бирок атын тез-тез уга баштаган “Маариф” фонду тууралу маалыматтарды талдап чыгып, бөлүшүүнү туура көрдүм. Түркия сунуштап жаткан “Маариф” фонду тууралу кыргыз коомчулугу эмне билет же эмнени билбейт? Аталган фонддун […]

Грузин эл жомогу: Кудайды коркуткандар

Бир жолу эки кембагал жер сугарып жүрүп, караңгы киргенде талаа четиндеги көк шиберге келип тамактанышты, анан ар кайсыны сүйлөшкүчө чалкасынан жата кетишти. Алардын бири чалкып жаткан талаага көз жүгүртө берип: — Эх, эгер бул талаа меники болгондо жалаң эшек багат элем! — А менин асмандагы жылдыздар канча болсо ошончо коюм болсо ээ! – деп кыялдана кетет. — Сен анчалык көп койду кайда жаят элең? Менин талаамабы? Анда менин эшектерим ачка калышабы? – суроо жаадырып жиберди биринчи кембагал. —  Эмне сенин […]

Искендер ЖУМАБАЕВ: Коогалуу мезгилдин акыны

1. «Чабуулчу» таптын жаалдуу жоокери Аалы Токомбаев кыргыз жазма адабиятынын пайдубалын коюшкан төл башы калемгерлердин бири. Ансыз улуттук адабиятыбыздын тарыхын, калыптануу жолун элестетүүгө мүмкүн эмес. Акындын чыгармачылык мурасы өтө бай жана көп кырдуу. Көркөм адабияттын дээрлик бардык жанрларын камтыган бул бай материал өзүнүн терең жана адилет изилдөөчүлөрүн күтүүдө. Арийне, бир гана чакан макалада калемгердин чыгармачылыгын ар тараптан камтууга мүмкүн эмес. Ошондуктан бул ирет А.Токомбаевдин лирикалык поэзиясы жөнүндө гана сөз болот. Ушул жанрдагы чыгармаларын талдоо аркылуу биз акындын чыгармачылыгынын идеялык өзөгүн […]

Шабданбай АБДЫРАМАНОВ: Жаңы дүйнөнүн ачылышы

АҢГЕМЕ Жай түнү улам салкын тартып тереңдеп баратат. Түн коңур. Кыштак тыптынч. Ар кай жерден аңк-аңк этип үргөн иттин үнү угулуп, кайра дым болуп тынып калат. Түнкү мунарыкта асман түпкүрүнө найза болуп сайылган мырза теректердин кылда учтары акырын жорткон жел менен саал ары-бери оолжушуп, сан-миң жалбырактары алда бир сырды шыбырашкансышат. Бир туруп акырын жааган жамгырдын шыбыртына окшоп кетет. Сакен кырка тизилген мырза теректердин бирине жөлөнгөн калыбында дүмпүйгөн бактуу короону беттеп үнсүз турат. Далысы менен теректин кабыгынын терең жарыктарын, анын салкындыгып […]

Михаил ЗОЩЕНКО: Коркок Вася

АҢГЕМЕ Васянын атасы темир уста эле. Ал устаканада иштечү. Ал аяктан така, балка жана балталарды жасачу. Ал күн сайын устаканасына өзүнүн аткөлүгү менен барчу. Анын жакшы бир кара аты болор эле. Эртең менен аны арабага куруп айдап алып, кечинде гана кайтчу. Анын уулу алты жашар Вася, арабаны айдаганды жактырчу. Атасы, мисалы, арабадан түшүп, үйгө башбагар замат, Вася арабага шак секирип чыгат да, токойдун четине чейин барып келчү. А атасы, алибетте, ага уруксат берчү эмес. Анын кылганын ат дагы жактырчу эмес. […]

Орозбек МОЛДАЛИЕВ: Конгантиев боюнча “тогуз токоч баабедин” айтылды…

Кыргыздар бир жагымсыз нерсеге дуушар болгондо, кырсыктан, балээден кутулганда “тогуз токоч баабедин” аташчу. Анан ылайыгы келгенде садага сары улак чабышчу.   Бул жолу да кезектеги мерчемдүү ишти жүзөгө ашыруу убактысы алдын ала жакшы ойлонуштурулган: саясаттан  чаалыккан Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочуларга жолугууга даярданышып, эл болсо ЖЭБдин коррупциялык «негизги жана көмөк чордондорунан» чубалгыдай чубалган иштер менен алаксып турганда Молдомуса Конгантиевдин 2010-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 305 статья б.2 жана 316 ст. 1б. («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») боюнча козголгон кылмыш «иши айыпталуучунун аракеттеринде […]

Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын медери – бала

«Балалуу үй – падышалуу үй». Бул макал элибиздин бала жана анын коомдогу орду тууралу кеменгер ой тыянагы десек болот. Биз анын кызматчысыбыз. «Вазир жакшы – хан жакшы» деген нусканын төркүнү ошол жакта. Демек, падыша жакшы болуш үчүн, биз жакшы болушубуз керек. Бирок бүгүн коом да, бала да, ага кызмат көрсөткөн тармак да оору. «Биринчи байлык – ден соолук» деген менен, дал ошол билим берүү тармагы баланын ден соолугун да, жан соолугун да көп жагынан өксүтүп жатканын тана албаспыз. Демек, аны […]