Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Камил Женгиз Фырат кечээ жакында“Себат” же азыр “Сапат” деп аталган мектептер боюнча талаптарын кыргыз тарапка бергенин айтып, кыргыз бийлигинин чечимин күтүп жатканын билдирди. “Сапат” мектептеринин ордуна  мамлекеттик “Маариф” аттуу фондун сунуштап, фонддун камкорчулар кеңешинин төрагасы Түркиянын билим берүү министри экенин билдирди. Мына ошондуктан кыргыз коомчулугу көп биле бербеген бирок атын тез-тез уга баштаган “Маариф” фонду тууралу маалыматтарды талдап чыгып, бөлүшүүнү туура көрдүм.

Түркия сунуштап жаткан “Маариф” фонду тууралу кыргыз коомчулугу эмне билет же эмнени билбейт? Аталган фонддун билим берүү тажрыйбасы кандай жана кандай максаттарды көздөйт?

«Маариф» билим берүү фонду 2016-жылы июнь айында курулган. Фонд тууралу мыйзам кабыл алынарда Түркияда талаш-тартыштар менен коштолгонун байкоого болот.

Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган бул фонд аркылуу дүйнөнүн 160дан ашык өлкөсүндө иш алып барган Фетхуллах Гүлендин жактоочуларына тийешелүү мектептердин “Түрк мектеби” статусунан ажыратуу жана аларга альтернатива катары Түркия мамлекеттик мектептерин ачуу максатын белгилеген.

Республикалык Эл Партиясынан (CHP) ошол кездеги депутат Профессор Гайе Услуэр, “Эгерде бул фонд мугалимдерди даярдоону максат кылса, анда 1981-жылы түптөлгөн Билим берүү министрлигинин алдындагы Улуттук Билим берүү Фондун (MEB Vakfı) кайталаган дагы бир фонд ачуунун канчалык зарылчылыгы бар? Бул фонд аркылуу бийлик башка бир максаттарды көздөп жатканы айдан ачык”, – деп өз оюн билдирет. “Билим берүү министрлигининин чет мамлекетте жүргүзө алчу ыйгарым укуктары бул фондко өткөрүлүп берилбеши керек.

Бул фондду куруу менен бийлик өз жамаатын курууну пландаганы көрүнүп турат. Фонд жетекчилигине дайындалган адам 72 жашына чейин иштей алат деген пункту көп нерсени билдирет. Бул мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдык принциптерге такыр туура келбейт. Мындай болбошу керек. Билим берүү саясатын Министрлик эмес эле, бийликтин диний бутагы болгон фонддор (TÜRGEV, Maarif) ишке ашыра турган доорго баратабыз. Светтик билим берүү системасынан кол жууганы турабыз. Мамлекет тарабынан каржыланып бирок жеке фонддой адамдарды ишке алуусу канчалык туура? Жарандардын салыгы менен каржыланган фонд мамлекеттик бюджетти каалагандай коротуу укугун, саясый бийликтин диний көз карашына  кызмат кылган жана бийлик партиясына (компетенттүүлүгүнө карабай) гана жакын адамдарды дайындоосу бийликтин кол баласы болорунан шек жок”, — дейт Гайе Услуэр.

Мугалимдиктен келген дагы бир депутат Хилми Йаражы: “Сайсый бийлик сот жана прокуратура системасын өзүнө гана көзкаранды кылгандай билим берүү тармагын да өзүнө каратып алуу аракетинде. Бардык мамлекеттик органдар өздөрүнө жакын адамдарды жайгаштырганына карабай, эми Билим берүү министрлигине да ишенбей, бул фонд аркылуу башкарат. “Маариф” фонду Эрдоган айткандай чет мамлекеттердеги Фетхуллах Гүлендин мектептерине альтернатива катары мектептер ачууну же аларды фондго өткөрүп алуу максатын гана көздөгөн жок. Андай максаты болгондо, 1981-жылы түптөлгөн Улуттук Билим берүү Фонду (MEB Vakfı) аркылуу ишке ашырса болбойт беле? — деген суроого жооп жок. Себеби, бул “Маариф” аркылуу бийлик өзүнүн саясый диний жамаатын куруп, текшерүү укугу берилген Министрликти четте калтырууну көздөп жатат. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү соттор сыяктуу бийлик алмашкан учурда да иштей берет, жада калса 72 жашына чейин иштей алат деген пункт киргизишти. Бул фонд мамлекеттик органдарга параллел эмеспи? Африка мамлекеттеринде да мындай көрүнүш жок”,- деп каршы чыккан.

Африка өлкөлөрүндө “ачылган” мектептер

“Маариф” фондунун камкорчулар кенешинин да, директорлор кеңешинин да  төрагасы бир адам – Бирол Акгүн. Түрк элчиси Фырат Женгиз айткандай, камкорчулар кеңешинин төрагасы Билим берүү министри эмес. 12 кишилик комкорчулар кеңешинин экөөсү гана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү. Фонд төрагасы Бирол Акгүндүн маалыматы боюнча, фонд курулгандан бери 83 өлкө менен мамиле түзүлүп, 40 өлкөгө филиал ачып, директор дайындалган. Ошондой эле 2 жылда 22 өлкөдө 108 “мектеп ачканга” жетишкен. 22 өлкөнүн көбүндө (Африка өлкөлөрү) Фетхуллах Гүленге тиешеси бар мектептерди “Маариф” фондуна “өткөрүү” аркылуу жетишкен.

Алар Мавритания, Жибути, Мали, Сомали, Чад, Нигер, Жаңы Гвинея, Конго, Сенегал ж.б өлкөлөр. “Маариф” фонду өз каражатына мектеп сатып алган же курган жерлерди карай турган болсок, көбүнчө түрк диаспоралары жашаган АКШ (4 мектеп), Косово (6), Грузия (4), Босния (4), Македония (4) сыяктуу бир канча өлкөлөр экен. Түрк диаспоралары болбогон жерде өз каражатына мектеп ачышы күмөн жаратат. 108 мектептин 22си гана түрк диаспоралар жашаган жерлерде ачылып, калган 86 мектеп Африка өлкөлөрүндөгү Ф.Гүленге тиешелүү мектептерди тартып алуу менен “ачылган”.

Кыстара кетчү болсок, убагында Түркиянын өзүнүн элчилиги жок Африка өлкөлөрүндө Гүлен кыймылына тиешелүү жеке мектептер ачылган. Түркия мамлекети ал мектептерге финансылык жардам көрсөткөн эмес. Эми жеке менчик экенине карабай түрк бийлиги Африка өлкөлөрүндө ал мектептерди жергиликтүү мамлекеттик жетекчилердин колу менен мүлк ээлерине эч кандай компенсация төлөбөстөн, мыйзамсыз жолдор менен тартып алды. Бул болсо 1948-жылы кабыл алынган Адам Укугунун Жалпы Декларациясынын 17-беренесине каршы келет. Ал мындай дейт: «Ар бир адам жеке менчикке өзү, ошондой эле башкалар менен бирге мүлккө ээ болууга укуктуу. Эч ким өз мүлкүнөн ээнбаштык менен ажыратылууга тийиш эмес.»

“Маариф” фонду мектеп ачып-ачалбай калган кээ бир өлкөлөр

  • Малави өлкөсүнүн жетекчилери Түркия чындап Малави элине жардам бергиси келсе Гүлен кыймылына тиешелүү мектептерди өткөрүп албай, өзүнчө мектеп куруу сунушун беришкен. Мектептерге сунушталган мугалимдеринин чет өлкөдө сабак өтүүгө жетиштүү квалификацияга ээ эмес экени маалым болгон. Ошондуктан “Маариф” фонду бул өлкөдө мектеп ача албай калганы айтылат.
  • Буркина Фасо өлкөсүнүн жетекчилери да “Маариф” фондунун жетекчилери менен жолугушууда жаңы мектеп салынчу жерди сунуштагандан кийин сүйлөшүүлөр токтотулган жана андан бери жылыш болгон эмес.
  • Нигерде 10 мектепти фондго өткөрүп жатканда “окуу акысы төмөндөтүлөт жана мугалимдердин айлык маянасын көтөрөбүз” деген убадасы сөз жүзүндө калган. “Маариф” фонду мектептерди өз жетекчилигине алгандан бери мектептер тууралу жаман кабарлар жайылып, аброю түшө баштаган.
  • Малиде Гүлен кыймылынын мектептери “Маарифке” өткөрүлгөнү менен азыркы учурда соттук териштирүүлөр уланып жатат. Мектептердин мүлктөрү жеке менчик ээлерине таандык болгондуктан эл аралык укук иштеп иштебегенин убакыт көрсөтөт. Ал арада мектептеги билимдин деңгээли түшүп кеткенин жергиликтүү коомчулук айтып, нараазы боло баштаган. Парламент жыйынындагы талкууда министр Tiéman Hulbert Coulibaly’ге оппозициялык депутаттар “Канча жылдан бери бул мектептерде өзүңөрдүн балдарыңар билим алып келишет. Анда башта өзүңөр жана балдарыңар “террорист” экенин мойнуңарга алган болосунар”,- дегенде министр “Бул айыптоолор Түркия Президенти Эрдоган жана өкмөтүнө таандык”,- деп жооп берген.
  • Афганистанда Түрк генконсулу менен бирге куралчан адамдар Кызмат кыймылына тиешелүү мектептерди басып алган учурда ата-энелер комитетинин башчысы Абдулшүкүр Дадрес катуу каршы чыгып, “Куралчан адамдар мектепти мафияларга окшоп басып алышса алар кантип билим беришет? Биз ансыз деле согуштан араң кутулганы аракет кылып жатсак, булар дагы согуш чыгарабы?” — деп нараазычылыгын билдирген.

Жалалабад шаарындагы лицейдин ата-энелер комитетинин башчысы доктор Сейфеттин Хикмат: “ТИКА Афганистанда мектеп куруп жатат. Түркия 2 жылдан бери Кызмат мектептери менен алектенбей, өздөрүнүн мектебин куруп, балдарды окутушса балким натыйжа чыкмак. Бирок Түркия “мөмө өстүргөн багбанды жазалоо” аракетинде. Ниеттери – бул мектептерди жаап кетүү. Мунун башка өлкөлөрдө мисалдары толтура. Башка мамлекетте эмес, Афганистанда ачкан мектептерине эле карасак жетиштүү”, — дейт.

“Маариф” фонду жана Кыргызстан

“Маариф” фондунун сайты жана твиттерине караганда фонд төрагасы Бирол Акгүн 2018-жылдын февраль айында ЖК спикери, Билим берүү министри сыяктуу аткаминерлер менен жолуккан. Фонддун сайтына коюлган маалымат төмөндөгүдөй: “Бул («Сапат») мектептерде окуган окуучуларды, ата-энелерди жана мугалимдерди ыңгайсыз абалда калтырбай турган механизм иштеп чыгуубуз керек. Кыргызстандагы мектептерди “Маариф” фондуна өткөрүп берүүнү каалайбыз. Кыргыз тарап менен бул нерсени биргеликте сүйлөшүп, жол картасын иштеп чыксак болот. Саясый эрк болсо эле, эки тараптан мүчөлөр кирген комиссия куруп, орток бир формула табабыз.»

Түрк бийлигинин ниети белгилүү. Ислам дининде мажбурлоо жоктугуна карабай, тууган деген түрк бийлиги бир топтон бери кыргыз бийлигин кысымга алуудан чарчабады. Мурдагы президент Атамбаев бул боюнча так позициясын билдирип, түрк бийлиги түшүнө турган тилде жооп бергени маалым. Андан бери көп суу акты. Эми азыркы бийлик да позициясын так айтып, бул талкууга чекит коюу убактысы келгендей. Кыргыз өкмөтү дипломатиялык мамилени бузуп албайлы деп чочуласа да коомчулук кээ бир маселелерди так жана ачык билип алышы улуттук кызыкчылыкка туура келет. Алар төмөндөгүдөй:

  1. Түрк бийлигинин саясый кызыкчылыгы үчүн “Сапат” мектептерин Түркия “Маариф” фондунуна өткөрүп берүү кыргыз өлкөсүнө пайда алып келерине кепилдик барбы? Түрк бийлигинин кыргыз элине жардам берүү ниети чын болсо 7 облуста бирден жаңыдан мектеп же Бишкектеги 2 Анадолу лицейинин (бири математикалык, бири кесиптик) эле прототибинде облус борборлорунда лицей ача алабы?
  2. Кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюму кабыл алган Адам укугунун жалпы декларациясынын 17-беренесин («Ар бир адам жеке менчикке өзү, ошондой эле башкалар менен бирге мүлккө ээ болууга укуктуу. Эч ким өз мүлкүнөн ээнбаштык менен ажыратылууга тийиш эмес») түрк бийлигинин кысымы менен бузууга барабы?
  3. Акыркы учурда Түркиядагы экономикалык кризисти эске алганда “Маариф” фондунун финансылык абалы кандай? Канчалык ачык айкын? Кыргызстанда мектеп ачып улантып кетүүгө чамасы жетеби?
  4. Өзүн мусулман дүйнөсүнүн лидери “көргөн” Түркиянын президенти Эрдоган “Маариф” мектептерин келечекте саясый максатта колдонбой койбойт деген кепилдик барбы?
  5. Өз өлкөсүндө билим берүү саясаты ийгиликтүү ишке ашпаган, өздөрүнүн мектептеринде мугалимдер жетишсиз учурда он миңдеген мугалимди түрмөгө камаган, эл аралык PISA сынагында 50-орундагы өлкө кыргыздын баласына эл аралык деңгээлдеги билим бере алабы?
  6. Бул фонддун билим берүү программасы барбы? 26 жылдан бери өзүн тастыктаган “Сапаттын” ордуна курулганына 2 жыл араң болгон Түркия мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилсе билим берүү деңгээли төмөндөп кетпешине кепилдик барбы? Чет элде билим берүү тажрыйбасы болбогон бир фонд Кыргызстанга келип алгылыктуу билим бере алабы?
  7. “Маариф” фонду атынан иштей турган мугалимдердин канча пайызы чет элде сабак берген? Жетиштүү квалификациясы барбы? “Маариф” фондунун мугалимдери Нарын же Баткен сыяктуу жерлерге барып иштей алышабы? Алардын канчасы англисче таза сүйлөп, эл арадык деңгээлде билим бере алат?

Кылдаттык талап кылган билим берүү тармагын алдыга жылдыруу абыдан таатал жумуш. Эксперимент өткөрө берчү лаборатория эмес. Билим алып, эрезеге жетип, моралдык жактан таза, иштин көзүн билген, ишенимге кирген 26 жаштагы адамга бир жумушту тапшырган туурабы же бешиктен бели чыга элек 2 жашар балага тапшырган туурабы?

4 Replies to “Бакытбек АБДУЛЛАЕВ: Түркия сунуштаган «Маариф» фонду тууралу эмне билебиз?”

  1. Учурдагы билим берип жаткан мекемелерге тийишпей эле.жаны мектеп ачып.оздорунун билим сапатын корсотушсун.анан ушул маселени которушсо болот.сапат мектептери оздорунун билимин жакшы берип жатышат.муну копчулук билет.маариф да ушундай озунун сапаттуулугун корсотсун.анан тегерек столго отуруп чечейли.

  2. кыргызстандагы сапат билим беруу мекемелерин жайына коюуп маариф жаны мектептерди курсун.заманбап жабдуулар менен камсыздап мугалимдери жана окуу программаларын ачыктап элдин талкуусуна алып чыксын анан королу.

    1. Айтканыңыз негизинен туура болсо да, макалада жазылгандай эки жаштагы бала 26 жаштагы адамга эч нерсе көрсөтө албайт бирок ага бир топ тоскоолдук кылып, иш алып баруусуна бөгөт болот. А маарифтин максаты ансыз да мектеп ачуу эмес, сапатты жаптыруу болгондуктан оюңуз туура эмес жагына орундалнан болот:Маариф бузукулук гана алып келет!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.