Бир жолу эки кембагал жер сугарып жүрүп, караңгы киргенде талаа четиндеги көк шиберге келип тамактанышты, анан ар кайсыны сүйлөшкүчө чалкасынан жата кетишти. Алардын бири чалкып жаткан талаага көз жүгүртө берип:

— Эх, эгер бул талаа меники болгондо жалаң эшек багат элем!

— А менин асмандагы жылдыздар канча болсо ошончо коюм болсо ээ! – деп кыялдана кетет.

— Сен анчалык көп койду кайда жаят элең? Менин талаамабы? Анда менин эшектерим ачка калышабы? – суроо жаадырып жиберди биринчи кембагал.

—  Эмне сенин эшектериң эле жайылып, менин койлорум маараган бойдон короодо камалып турушу керекпи? — экинчи кембагал таарына түштү.

— Талаа меники да!  Бирөөнүн менчигин эмне үчүн койлоруңа тебелетишиң керек!

— Тебелетем эле! Бүт талааны ээлеп алгыдай сен ким экенсиң!

— Менин ким экенимди билбесең билгизип коём!

— Эмне, сен ошондой эле кыйынсыңбы! – биринчи кембагал ызырынып ордунан тура калды. Экинчи да жөн калбай өйдө болуп тигини жакадан алды. Ошентип экөө мушташа кетишет.

Көз көгөрүп, баш томуйду, мурун канжалады. Аңгыча жолдон өтүп бараткан киши кайрыла калып экөөнү арачалап, талаштары эмне экенин сурады. Эки кембагал болгонун болгондой айтып беришти.

— Мээңер иштейби силердин! Жок нерсе үчүн мушташып… Ушундайыңардан улам жарыбай жүрөсүңөр да. Кудай деле экөөңөрдү байыткандан коркот окшойт…

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.