Хадистен: Билимдүү адам – пайгамбардын мураскери

Билимге жеткендер менен билим артынан түшкөндөр гана жалпы адамзатка пайда алып келет. Хадис Билимдин жолуна түшкөн адам кайра кайтып келгенге чейин Кудайдын жолун ээрчип жүрөт. Хадис Суроону туура коё билүү – билимдин жарым-жарты белгиси. Хадис Жыргалчылык баарына тегиз бөлүнгөн, бирок аны арким өз жөндөмүнө жараша кабыл алат. Салттуу санаттан Кудайга болгон мамиледе кимдин жүрөгү таза болсо ошол – сопу. Бишр ибн ал-Харис ал-Хафи Эгер адамга төөнүн кыгынан шорпо кылба десең, тескерисинче так ошону кылат. Анткени төөнүн кыгында жакшы бир нерсе […]

Антон ЧЕХОВ: Мас адамдын соо шайтан менен аңгемелешүүсү

АҢГЕМЕ Интендантык башкармачылыгынын мурдагы чиновниги, коллеждин эс алуудагы катчысы Лахматов он алтынчы рюмканы ичип болуп, бир туугандык, тең укуктуулук жана эркиндик жөнүндө ой жүгүртүп отурган. Капыстан эле чырактын артынан шайтан чыга калып, аны карап калды… Сиз чочулабай эле коюңуз окуучум. Сиз шайтан кандай болорун билесизби? Бул, сырт келбети жагымдуу, өтүктөй капкара жүздүү жана кыпкызыл оттой жанган көздөрү бар жаш жигит экен. Үйлөнө элек болсо дагы “мүйүздүү”… чачы  la Капуль кылып таралган. Денесин жашыл жүн басып, ит жыттанып турат. Артында учтары […]

Ачылалек сандыкта: Алыкенин адабий архивиндеги Абайдын асыл ойлору

Биринчи сөз Бул жашка келгиче жакшы өтөдүкпү, жаман өтөдүкпү, айтор бир далай өмүр сүрдүк: алыштык, жулуштук, айтыштык, тартыштык — убаракерлик уюгунда келдик. Эми жер ортосу дегидей жашка жеттик: жасаган ишибиздин бардыгынын баянсызын, байлоосу жоктугун көрдүк, баары корчулук экенин билдик. Ал эми калган өмүрүбүздү кантип, не кылып өткөрөбүз? Ушул суроонун өтөсүнө чыгалбай, өзүмдүн да башым маң. Эл башкаруу керекпи? Жок, эл эч качан башкартпайт. Айыкпас дартка кайылмын деген киши же жүрөгү жалындап токтоналбаган жаштар бул кадамга барбаса, кудай, биздин жүздү андайдан […]

Бейшебай  УСУБАЛИЕВ: Кɵмгɵндɵр

АҢГЕМЕ Көрүстөндө эл көп.  Жайнайт. Сөөк жашырышканы келгендер. Жашырышканы деп тергеп айтып жатабыз да.  Көмгөнү келишкен.  Элес албай жүрөбүз — адамдар ортосундагы чыр (айбандар чырдашпайт эмеспи!) көбүнчө дал ушул тергөөдөн чыгат.  Эмне үчүн? Эми аны азыр териштирип кереги жок, көр үстүндө муну териштирип кереги жок… Жайнаган эл.  Чырактай жайнаган бала кетпедиби. Эки-үч күн мурда эле ойноп жүргөн. Кара тоголок бала эле. Жылдыздуу. Жашооң деле куруп кетсинчи. Мунуң сени бир нерсеге гана көндүрөт экен. Эмнеге? Эмнеге болмок эле, өлүмгө да. Ɵлүмгө […]