АҢГЕМЕ

Көрүстөндө эл көп.  Жайнайт. Сөөк жашырышканы келгендер. Жашырышканы деп тергеп айтып жатабыз да.  Көмгөнү келишкен.  Элес албай жүрөбүз — адамдар ортосундагы чыр (айбандар чырдашпайт эмеспи!) көбүнчө дал ушул тергөөдөн чыгат.  Эмне үчүн? Эми аны азыр териштирип кереги жок, көр үстүндө муну териштирип кереги жок… Жайнаган эл.  Чырактай жайнаган бала кетпедиби. Эки-үч күн мурда эле ойноп жүргөн. Кара тоголок бала эле. Жылдыздуу. Жашооң деле куруп кетсинчи. Мунуң сени бир нерсеге гана көндүрөт экен. Эмнеге? Эмнеге болмок эле, өлүмгө да.

Ɵлүмгө көнүп келатабыз, жаш өйдөлөгөн сайын көнүп келатабыз.  Ушинтип көнө берет экенбиз.  Анан жашооң ушубу? Адам болгону өлүмгө көнүү үчүн гана жашайт экен да.  Көнүп-көнүп барып эле, акыры ага даярданып, анан моюн сунуп берип отуруп калат экенсиң да.  Даярданганынды айтпайсыңбы.  Эмнеге болмок эле, өлүмгө да.  Эмне, ушу чырактай болгон бала атайы даярданыптырбы?! Аа-ай ата, келесоо экенсиң да, бала да өлүмгө даярданчу беле.  Бала менен чоңдун бир гана айырмасы бар: бири өлүмдү билбейт, экинчиси билет.  Көрдүңбү, өлүмгө акыл-эс толо баштаганда гана даярдана баштайт.  Кимдер дейсиңби? Адамдар да.  Эмне үчүн? Адамсыӊ да. Ɵлүмгө адамдар гана даярданышат.

Анда жашап эмне кереги бар дейсиӊби? Мен да жанатан бери ошону какшап жатпаймынбы.  Жашооӊ ушул болсо… Ɵлүмгө көнүү, даярдануу, анан… өлүү үчүн гана болсо дейм .  Тү-үү!..  Чын эле, чырактай бала эле. Ойноп жүрчү. Ашкере жылдыздуу эле.  Күлүп койчу.  Мулуӊ этип күлүп койчу.  Атын эч кимибиз билбептирбиз.  Кимдин баласы экенин да билбептирбиз. Дайыма биздин короодо ойноп жүргөнүнөн улам гана ушул бала ушу биздин үйдө жашаса керек деп боолголочубуз.  Туура болуп чыкты.  Чын эле, ушул бала ушу биз жашаган үйдө  жашайт экен.  Муну эки күн мурда билдик.  Бала өлгөндөн кийин билдик.  Баатырбек деген бала өлүп калыптыр дешти.

Ал ким эле деп баарыбыз элейдик.  Ушул үйдө жашаган акыл-эси толуп калган балдардын баары элейди.  Анткени эч кимиси билбейт экен. Жок, баары эле билет экен. Бирок…Ал ким экенин бизге балдарыбыз жан алакетке түшүп жатып араӊ түшүндүрүштү.  Ушу балалуу болуп калганыбыз үчүн өзүбүзгө дайыма ыраазы болууга баарыбыз милдеткербиз.  Анткени балдарыбыз болгону үчүн биз сырткы дүйнө менен байланышып турабыз.  Мен деле сыртта жүргөнсүйм, сен деле сыртта жүргөнсүйсүӊ, ал деле сыртта жүргөнсүйт.  Балаӊ көргөндү сен деле көргөнсүӊ, ал сүйлөшкөндөр менен сен деле баарлашасың.  Бирок…Эч качан сыртта болбогон сыяктуу, эч ким менен сүйлөшпөгөн сыяктуусуӊ.  Жөн гана өзүн анча түшүнө бербеген, карап турсаӊ да көрүп аӊдай билбеген бир музейге кирип чыккан өӊдүүсүӊ.

Жарык дүйнө, ошентип, сен үчүн музей сыяктуу.  Музейди турмуш дешет, жашоо дешет, бирок бул калп, бул ─ тергөө.  Музей деген белги гана.  Ошентип, мен, сен, ал ─ үчөөбүз белгилер арасында гана жашап жатабыз.  А балдарыбыз кишилер менен жашашат.  Ушу үйдө жашагандар атайы бардык.  Көз көрсөтөлү деп.  Барабыз деп топурап чыгып алып, карыш турган жерге жетмегибиз бир тозок болду.  Баягы түгөнбөгөн чыр башталат да: баланын ысмын, кайсы үйдө жашаарын эч кимибиз билбейт экенбиз.  Кайсы үйгө киребиз? Чыр дүрт этти.

Арабыздагы акылдуурагыбыз айтып калды: «Жүргүлөчү, жамандык чыккан  үй өзүнөн өзү эле билинип турат эмеспи, алдыбыздан  бирөө-жарым тосуп чыгаар?..» «Тосуп чыгаар деп коёт,─ деди бирөө ага угузбай кыжына,─ тойго бараткансып. ─ Баарыбызга кайрылды. ─ Жүрүгүлө.  Тойго бараткансып тартышасыңар да.  Жүргүлө, кайсы үйдүн жанында машине токтоп турса, ошол үйгө…» Кебин бүтүрүп-бүтүрбөй шыпылдай басты. Ойлонуп-ойлонбой артынан жөнөдүк.  Баратабыз. Бир маалда эркечибиз (бизди баштап бараткан адамды айтып жатам) тык токтоду да, алды жакты тиктеп, үн-сөзсүз дел болуп туруп калды.  Биз да токтодук.  “Ой,─ деди тиги колун алдыга жаӊсап, күнөөлүүдөй,─ машине толтура тура.  Ар бир үйдүн алдында турат. Эми эмне кылмакпыз?!.” Бизге суроолуу тигилди.

Ойлонуп-ойлонбой келе жаткан жаныбыз ого бетер далдырай түштүк.  Дымып калдык.  «Мен айтпадым беле!- деди баягы акылдуурагыбыз. ─ Жамандык чыккан үйдө бир белги болот да, ызы-чуу чыгаар.  Кайсы үйдөн ый чыкса,ошого…» Бул да сөзүн бүтүрүп-бүтүрбөй алдыга суурулуп чыкты да, жүргүлө дегендей ишарат кылып, жөнөп калды.  Yйгө чукулдадык.  (Yй алыс деле эмес эле.  Ашып кетсе, жүз метрге чукул аралыкта.  Ошого жарым сааттан бери жете албай отурбайбызбы!..) Yйгө мына кире берерде, эркечибиз кайрадан кыжынды: «Эми кайсы үйдөн ый чыгып жатат  эле деп, баарыбыз топурап кабаттан кабатты кыдырып шерменде болобузбу? Кой…» Ойлонуп-ойлонбой келаткан биз кайрадан далдырап, тык токтодук.  Тиги колун шилтеди да, шарт артка бурулду.  «Келесоо!- деди акылдуурагыбыз.  ─ Эми көз көрсөтпөй кайра кетесиӊби? Кантип тынч уктайсың, шерменде болбойсуңбу!..»

Кудай урду, эркечибиз өзүнчө эле сөгүнүп, кимдир бирөөнү ашата баштады.  Анын сөгүнгөнүн угуп отуруп, биз өлүккө баратканыбызды да унутуп калдык.  Акыры ал кимдир бирөөнү ашатып бүттү да: «Силерге ишенгенче!.. ─ деди кекеткендей баарыбызга кайрылып. ─ Балама барам да, сурап келем.  Ал кайсы үй экенин билиши керек…» Баарыбыз жым дей түштүк.  Сүйүнүп да кеттик.  Жанатан бери ушуну ойлонбогонубузду айтпайсыӊбы? Аӊгыча: «Саламатсыздарбы!» ─ деген шаӊдуу үн капысынан жарк эткен чагылгандай баарыбызды селт эттирди. Yн чыккан жакка жабыла карадык.  Маӊдайыбызда жадырап бир бала турат. Титиреп коркуп да кеттик ─ өлгөн бала ушул баладай туюлуп кетти.  Аликке келбей апкаарып калдык.  Аӊгыча акылдуурагыбыз эсине келе калды да, тигинден сурай баштады.  Биз да сурай баштадык.  Бирибизден бирибиз сөз талашып сурай баштадык.  Кашайып баланын ысмы эске келсечи.

Ким өлгөнүн, аты ким экенин балдарыбыз эми эле айтып бербеди беле. Заматта унутуп калганыбызды карачы.  Эсти кудай урду го.  Эч кимибиз эстей албайбыз.  Акылдуу деген акылдуу болот экен да, баягы акылдуурагыбыз: «Айланайын, айтчы, бу короодо «Б» менен башталган балдарды билесиӊби?» ─ деди.  Бала токтолгон жок “Б” менен башталгандар үчөө гана деди, шакылдатып санап кирди: Бакыт, Байыш, Баатырбек… Сүйүнүп кыйкырып жибердик: Ошол  айланайын, ошол Баатырбек! Ошонун үйү кайда? «Ушу чычкандай болгон немеге ишенип, таза шерменде болбойлу! Дагы тактабайлыбы?»─ деди аӊгыча бирөө, биздин кубанычыбызды суу сепкендей жалп өчүрүп.  “Тактасаӊ — такта, бирөө оозун байлап койгонсуп!…» Акылдуурагыбыз ачуулана кетти.  Акыры чырды дагы ырбатпайлы деп, баарыбыз тактоого өттүк.  Айтчы, айланайын, ал кара тоголок бала беле? Бала мукактанып калды — кара тоголок деген сөзгө анча түшүнө бербейт окшойт. Дайыма күлүп, жок, жылмайып жүргөн бала беле? Баланын оозу ачылды… «Билбейм,─ деди мулуӊдай. ─ Биз баарыбыз эле күлөбүз, ойногондо дайыма күлүп ойнойбуз.  Урушканда  эле…» Сөзүн улабай күнөөлүүдөй күлүп койду.

«Биз дегени ким?!─ деди акылдуурагыбыздын жини келип.  Балага кайрылды. ─ Сенин биз дегениӊ ким, ыя?!» Бала жылмайды: «Биз деген биз да.  Балдар…» Эмне дээрибизди билбей калдык.  Акылдуу деген акылдуу болот экен да, баягы акылдуурагыбыз бизди дагы бир туӊгуюктан алып чыгып кетти. «Айтчы, айланайын,─ деди ал сабырдуу,─ Баа…ким эле (бала өзү айтып берди: Баатырбек,) ошол Баатырбек дайыма шымынын бир багалегин (акылдуу эмеспи уулунан ыкый-чыкыйына чейин такып сураган тура) түрүп жүрчү беле? » Бала ойлонбой туруп эле ооба деди да, мына минтип…деп, өзүнүн багалегин түрө кетти.  Анан мулуӊ этип, күлүп койду: “Биз буга күлө берчүбүз.  Багалегин түргөнүнөчү…” “Ошо Бала… (дагы таппай калды көрүнөт) ошо багалегин түрүп жүргөн баланын үйү кайсы?»

Бала ушуну да билбейсиӊерби дегендей бизди айландыра таӊдана карады да: «Мынакей!─ деди, биз кирели деп түрган үйгө колун жаӊсай. ─ Төртүнчү кабат, он бешинчи үй…» Акылдуурагыбыз мен муну мурда эле билгем дегендей дердеӊдеп, бизге жүргүлө деп ишарат кыла жол баштап калды.  Баарыбыз баланы эстен чыгарып, топурап аны ээрчий жөнөдүк. Бирок баланын калтаарый чыккан үнү баарыбызды жапырт артка каратты.  «Ал эмне болуптур!?─ деди ал өз үнүнөн корккондой элеӊдеп. Эмне деп жооп кайтараарды билбей, далдырай түштүк.  “Чарчап калыптыр, айланайын!..» ─деди аӊгыча арабыздан бирөө.

Сапарыбызды уладык.  «Бирдеменин шегин билип жатпайбы! Бала да…»─ деп койду акылдуурагыбыз узай түшкөндө. Бала түшүнгөн жок, чарчады деген эмнени билдирерин (бул да тергөөдөн жаралган эмеспи!) билбейт эмеспи.  Бирок жүрөгү бир нерсени сезди окшойт. Биз кирип кеткенче, ал бир нерседен кооптонгондой элеңдеп карап тура берди.  (Ким билет, кирип кеткенден кийин деле ушинткендир? Мен кимдир бирөөгө нааразы болдум. Ушундай балдар — жүрөгү, ой-санаасы чоңдордон алда канча акылдуу, сезгич, назик балдар — кийин чоңойгондо жамандык кылууга, эң жаманы киши өлтүрүүгө кантип дити барат болду экен? Мен кимдир бирөөгө нааразы болуп, ыйлагым келди…) Кирдик.  Кирсек ─ ушул бала.  Дайыма күлүп жүргөн, жадыраган ушу бала. (Байкушум аа, ушу жадыраган кейпиңде кеттиӊ ээ, жадырап үзүлүп баратып, нени ойлодуӊ экен!..) Жатат. Кыймылсыз. Жадыраган сүрөтү турат. Эми өзүнөн сүрөтү  жандуу.  А баланын өзү жансыз, кыймылсыз. Тегерегиндегилер чурулдап ыйлап турат. Аны менен иши жок баланын.

Ким ыйлап жатат, ким кирип жатат.  Баланын иши жок.  Жансыз.  Ɵзүнө караганда сүрөтү жандуу.  Күлүп турат… Мына ушу баланы — өзүнөн сүрөтү жандуу болуп калган баланы — көмгөнү отурабыз. Ɵлүмгө ушинтип көнөт экенсиӊ да.  Кантип көнбөйсүң? Кечээ эле балаӊ менен бейкапар ойноп жүргөн баланы жерге бергени жатсаӊ… Ай куруп кетсинчи, жашооӊ ошон үчүн эле керек болсо.  Эмне үчүн дейсиӊби? Ɵлүмгө көнүү үчүн да!.. Апыр-тыпыр башталды ─ топурак салууга мезгил жетти окшойт.

Эми жашыра, жок, жок, көмө баштайбыз.  Мына, күрөк, кетмендер сунулду.  Бир ууч топурак салуу керек.  Ушул үчүн келбедикпи. Салбайсыӊбы? Ɵкүм чыккан үндөн селт дей түштүм да, үн чыккан жакка жалт бурулдум.  Таалай экен.  Ичимден күбүрөп, сала баштадым: өзүмдүкү, балдарым үчүн… Ушул маалда негедир бир силкинип, бир титиреп алдым.  Тирүүлүктө дене дүркүрөткөн силкинүүлөр көп болор. Бирок адам өз өмүрүндө эки жолу гана чындап силкинип титирейби деп калдым. Биринчиси — (койду, дегеле кайсы бир жандыкты) мууздап жатканда, өзгөчө байкуштун өмүрдү эӊсеп жалжылдаган көздөрүн көргөндө, (ошол көздөрүн карап туруп, айбан да өлүп баратканын билеби деп ойлоп кетесиң), экинчиси ─ кишини көөмп жатканда. Чын эле, ушул маалда─ топо салып жатканыңда, бир ууч топо салып жатканда─ көзүӊө томпойгон бейит гана көрүнүп туруп алат экен! Анткени бейит менен тулкусунан ажырап томолонгон баш окшоп кетет эмеспи… Бир ууч топуракты титиреп салып жаттым.  Болду да! Канча жолу саласың?! Жалт бурулдум.  Таалай экен. Аа… Четтей бердим.

Колум кеӊ дүйнөгө батпай турду.  Колумда — топонун тагы.  Силкип салууга негедир дитиң барбайт.  Колумду кең дүйнөгө батыра албай, өзүм да кең дүйнөгө бата албай турдум.  Чөнтөгүмө жашырдым, кең  дүйнөгө батпаган колум алакандай чөнтөккө батып кетти.  Колум чөнтөгүмдө болсо да, андагы топонун жыты мурунду өрдөп турду. Буга кошул-ташыл чаӊырык угулду. Энеси экен. Дүйнөнү титиреткен бул чаӊырыкты ким чыдап уга алат! Мен Айла-а. Кү-ү…  Күчүгүм!.. Колум тийсе тийгендир.  Мен… мен… Шордуу… Энесин айтам.  Мындан бөлөк эмне дей алмаксың?! Колуңдан эмне келет, шордуу эне! Колум тийсе тийгендир… Балким, сени  көзүң жумулганча ушул кыйнап өтөөр… Ушинтип ойлогондо эле, жер титиреп кеткендей болду.  Мен болсо ого бетер титиреп жаткансыйм.

Кантип алаксыйм… Жанымдагыларды элеӊдей карайм.  Баары  кыймылдагандан корккондой селейет.  Алар да кең дүйнөгө бата албай тургандай көрүнөт. Аӊгыча көзүмө жаныбыздагы көр чалдыкты. Элге караганда ушул көр жандуудай.  Бул качан пайда боло калды? Мурда эле казылганбы же биз келгенден кийинби?.. Кимдир бирөөдөн качып келаткандай.  Таалайды түрткүлөдүм: «Таалай, Таалай, бул жерде дагы бир көр казылыптыр.  Буга дагы бирөөнү алып келишет ко ыя?» Таалайдын каӊырыгы түтөп турган.  (Баарыбыздын тең эле каңырыгыбыз түтөп турбайбы!) Жиндене кетти: «Казылгандан кийин бирөөнү алып келишет да!..» Ары басып кетти. Артынан ээрчидим.

Жалгыз калуу кандай коркунучтуу. Бул жерде адамдар көп.  Таанышы бар. Бейтаанышы бар.  Баары бир жалгыз калган сыяктуусуӊ. Көр жаныӊда турганда дайыма жалгыз экениӊди сезесиӊ.  Эл көп болсо да.  Жер кучагында жаткандар, жок көмүлүп жаткандар канча? Баары жалгыз.  Алардын шору өлгөндүгүндө эмес, жалгыздыгында.  Алардын жанында турганда кандайдыр бир сырдуу нерсе саа ушинтип шыбырап жаткансыйт.  Ким билет, ошон үчүн бул жерде жайнаган элдин арасында өзүӊдү жалгыз сезерсиң… Жүрөк шуу дей түштү─ жаныбыздагы көрдөн бирөөнүн башы сороюп чыгып келатат.  «Таалай, Таалай, карачы, тиги көрдөн бирөө чыгып келатат… Жаӊы казылган көрдөнчү…»

Таалай да селт дей түштү, нааразылана бурк этти: «Көр казган киши да. Тим турчу ойду бөлбөй. Энеси сүйлөп жатса…» Дагы ары басып кетти. Дагы жалгыз калдым. Артынан ээрчидим. Негедир туталана баштадым. Ойду бөлбөчү дейби? Анын оюн ким бөлүп жатат? Эчак эле быт-чыты чыгып бөлүнүп калган оюн мени бөлүп жиберди деп жатса керек.  Деги ушу жерде, көр үстүндө, аны төбөдөн ныгырган кандай ой болду экен. Же эмне, тубаса мунжу болуп төрөлгөн оюн ушу жерден жамаачылап улагысы келеби.  Аа-ай ата, түшүнбөйт да, заманды түшүнбөйт да: биздин ой бөлүнө берет эмеспи, биздин ой бөлүнүү үчүн жаралган да.  Анткени заманыӊ кандай — оюӊ да так ошондой. Анан ушуну түшүнбөйбү?

Илимдин кандидаты имиш, болгондо да философиядан… Чын чынына келгенде, биздин оюбуз момундай: бир-бирине улана албай орто жолдо үзүлөт да калат.  Үзүл-кесил.  Тээ тиякта бир чоӊ ой күтүп турган болот, коммунизм деп жаркырап турат, баарыбыз аны ойлошубуз керек да, демек, эч кимибиз эчтеке ойлобошубуз керек…Эчак быт-чыты чыккан оюн!.. Ойлонуп жатам деп коюп, жылт койгон тура.  Таалайды айтам. Дагы жалгыз калыпмын. А эл жайнайт. Жайнаган эл ого бетер жайнай түшкөндөй.  Көбөйө түшкөндөй. Жок көбөйбөптүр─ жайыла башташкан тура.  Бейиттерди аралап, жайыла башташкан тура. Булар эмнеге келишкен: топо салганыбы же жайылганыбы? Бейкапар кыдырып жүрүшөт. Ар бир күмбөздү тигиле карашат. Тигиле карашат да, минтип баш катырышат: Качан туулган, качан өлгөн? Эстеликти ким койгон: ата-энесиби, баласыбы… Ким кандай сөз чеккен? Кимдин эстелиги кооз? Бул — негизги суроо.  Кооздукту айтам.

Эмне үчүн толгон-токой суроолордун ичинен негизгиси ушул.  Ким билет, тирүүлөрдүн бардык жагынан  алсыздыгына байланыштуудур?.. Болгону ушубу─ адам көз жумгандан кийин, тирүүлөрдүн эске алары ушул элеби? Тирүүлөрдүн эске алары ушул болсо, анда жашап да, өлүп да кереги не? Аа-а атаӊдын көрү, жашоо эмне үчүн музей болуп калды десе, көрсө, эӊ ыйык, түбөлүк жай — бейиттер, музейге айланып кеткен тура! Анан кантип… Аялдар да жүрүшөбү? Ооба, жүрүшөт. Жайылып кеткендердин көбү аялдар экен. Булар эмнеге келишкен, деги аялдарды мүрзөгө ким, кайсы келесоо алып келип жүрөт!?

Сөөктү жашырып, жок, жок, көөмп жатканын эркектер эркектигинен араӊ чыдап карап тура алышат, анан аялдар… Бүттү, мындан ары ойлонууга дарман жок.  (Ошентсе да минтип ойлонууга мажбур болом: аялдар неге туталанма, олдоксон жана орой болуп баратат?!) Эл дале жайылып жүрөт.  Кара баскыр ай, бул кимдин үнү! Сөөктөн өтүп чучукка жетет да. Адамда да ушундай үн болобу! Аа, баягы үн тура.  Энеси экен. Чырактай шордуунун энеси экен.  Кайсы жырткыч муну жерге алып келген дейм да!.. Кантип чыдап тура алам, кайда барам?! Жерге бата албай калдым, көктү карайынчы. Көк жалгыз.  Эл көп, көрүстөндө эл көп.

Таалай дагы ары басып кетти. Жалгыз калдым.  Көк жалгыз.  Мен да жалгыз.  Бу жүргөн кишилердин ар бири өзүнчө жалгыз.  Жаныӊда жайнаган кишилер жүрсө да, көр үстүндө жапжалгыз эмессиңби.  Көк, сен ушул чырактай балага окшоп кетесиӊ.  Сени тиктегенде, жакшылык жөнүндө гана ойлойм, жакшылык күтөм. Сен үмүтсүң, дайыма эӊсетесиӊ.  Карачы эми, экөөӊ─ сен жана чырактай болгон ушул бала─ жалгыз калдыӊар.  Эми экөөңөр ого бетер опокшош болдуңар…

Баягы чаӊырык дале жаӊырып жатат.  Бу жарык дүйнөдө биз, ушу жайнаган эл, төбөдөгү сен, Көк, жок сыяктуусуң.  Бир гана чаңырык өмүр сүрүп жаткандай.  Тунарган Көк, сенда мени ушу чаңырыктан кутулта албай койдуңбу? Аӊгыча калдырак-шалдырак үн эненин чаӊырыгын басып кетти.  Биресе сүйүндүм. Чаӊырыктан кутулганга сүйүндүм.  Калдыр-шалдыр үн чыккан жакка баш бурдум─ араба тартып келаткан арык аттай бир силкинип, бир илкип, калдыр-шалдыр бир автобус келди да, сүрдүгө токтоду.  Жаныбыздагы көргө токтоду.  Жүрөгүм шуу дей түштү.  Бир силкинип, бир илкингенин көргөндө эле жүрөгүм опкоолжуй түштү. Таалай, Таалай, карасаӊ автобус келди.  Келсе эмне экен, көргөнү келишти да.  Таалай жаныбыздагы көргө колун жаӊсап койду. Аа… Ооба, жайды карап чыгуу тирүүлөрдүн парзы да.

Мүрзө деген мүрзө, адам баласынын акыркы жана түбөлүк жайы.  Түбөлүгүң жалгыз турбайбы, демек, дайыма жалгыз экенсиӊ да. Кызык, анда эмне үчүн түбөлүк жашоо дейбиз.  Бейит түбөлүк жайыӊ болгон соӊ, түбөлүк жашоо дегенди ким ойлоп тапкан дейм да.  Ооба, сөзсүз карап чыгуу керек, сөөк түбөлүк жайында кеӊ-кесири: турса төбөсү, сунса аягы тийбегендей күн көрүш (!) керек.  Ошон үчүн көрдү бир сыйра карап коюу парз.  Тигине, силкине токтогон автобустан үч-төрт киши силкине секирип түштү. Жок! Көрдү карап да коюшпады. Атүгүл көргө келгенин унутуп калгандай. Бейкапар кол сунушту. Табыттын башы көрүндү. Жүрөгүм дагы шуу дей түштү. Таалайды тарткыладым. Таалай, Таалай, карачы.  Тигилериӊ көрбөй эле көмгөнү… Анда көмгөнү келишкен да! Таалай бурк этти да, назар салбай калды.

Табытты силкип тартып алышты.  Табыт аягын кармап дагы үч-төрт киши секирип түштү.  Теңселген табыт менен кошо кишилер да теңселишти.  Кишилер теңселип жатабы же табытпы? Айрып болбойт.  Табыттагы сөөк кулап кетчүдөй болуп  барып араӊ оӊолду.  Жүрөгүм кабыгынан чыгып кетчүдөй туйлап кетти.   Кишилер да, табыт да теңселген бойдон көр жанына келди.  Теӊселген табытты теӊселген кишилер жерге койгондой болду.  Жерде турган табыт дале теӊселип тургандай.  Кишилер да.  Көз тунарат─ элес-булас эле көрүп калдым. Канча киши? Бир, эки, үч, төрт… Саналбайт.  Кишилер саналбай жатпайбы.  Көптүгүнөн эмес, аздыгынан.  Ушундай да болобу — сөөктү көмүүгө киши аз, бир ууч эле келсе, аларды, эмне, саноого болбойбу?..

Деги кимди, эмнени көөмп жатышат.  Табыттагы кишиби, же… Бала эсимден чыгып кетти.  Биз жашырып жок, көөмп жаткан балачы.  Көзүм эле тунарат. Эч нерсе көрбөй калдым окшойт. Жанталаша көзүмдү ачып-жума баштадым. Элес-булас көрүнө баштады. Тигине, теӊселген кишилер теӊселген табыттагы немени, жок, жок, табыттын өзүн теӊселткен боюнча көргө тыгып жатат.  Көзүм да теӊселе баштады.  Кайрадан эч нерсе көрбөй калдым.  Ким кимди көөмп жатат, ыя? Тирүүлөр өлгөндөрдүбү же өлгөндөр тирүүлөрдүбү? Таалай, Таалай, карасаң, көөмп жатат. Эмнени? Ɵлүктүчү.  Тигилериӊ көрбөй эле, көмгөнү…  Yчөө-төртөө эле окшойт.  Көмгөндөрчү. Карасаӊ мен көрбөй жатам. Табыттагы кишиби же… Киши болбогондо, эмне, ит дейсиңби! Итке кайсы келесоо акча төлөмөк эле? Акча дейсиӊби, ал эмне акча? Көр үчүн акча төлөшүң керек да! Аа…Чыдай албай кеттим, шордуу баланын көрү жакка баш бурайынчы.

Дале топурак ыргытып жатат, тынбай ыргытып жатышат.  Качан бүтүшөт?..  Бир нерсени сезгендей, башым өзүнөн өзү эле жанымдагы көргө бурулуп кетти. Кызык… Жок. Баягылар көрүнбөйт.  Тулкусунан ажыраган баштай болуп, томпойгон топо калыптыр.  Бул бейит эмеспи.  Жүрөгүм дагы шуу дей түштү. Булар көмүштүбү же…Эгер көмүшсө, көз ачып-жумганча элеби?.. Көптүгүнөн эмес, аздыгынан саналбаган кишилер. Чын эле, бүтүшүптүр. Тигине араба тартып келаткан арык аттай бир силкинип, бир илкинген баягы калдыр-шалдыр автобус дале баягыдай бир силкинип, бир илкинген боюнча кетип баратат. Теӊселген автобус көзүмдү теӊселтип кетип барат. Ушул теӊселе кетип бараткан автобусту карап туруп, муну менен теӊселген табыт келгенин, аны теңселген кишилер алып келгенин, азыр ошол теӊселген кишилер автобуста теңселип кетип баратканын эстедим.

Башым кайрадан мүрзөгө бурулду, өзүнөн өзү эле бурулуп кетти.  Мүрзө жатат денеден айрылган баштай болуп.  Ишене албай койдум─ ушу томпойгон топонун алдында чын эле адам сөөгү жатабы? Теңселген автобус менен теңселип келген беш-алты киши чын эле адам сөөгүн алып келиштиби да, адамды көөмп кетиштиби? Элге элдир-селдир көз жиберем, жанагы жайнаган элге.  Эч кимиси калбагандай.  Жанагы теӊселген автобустагы теӊселген кишилер табыттагы сөөктү эмес, эми эле жайнап турган элди көөмп, жок, жутуп кеткендей.

Ɵз оюмдан денем дүр-рр дей түштү. Ушул бейиттердин арасында тирүүлөрдөн эч ким калбагандай, мен гана чала жан тургансыйм, аӊгыча кандайдыр бир тааныш үн, жок, жок, үн эмес, боздогон улуп-уӊшуу мени селт эттирди. Сүйүнүп кеттим,  менден бөлөк да тирүү жандык бар экен да.  Жүрөгүмдү кайрадан бир таарып өткөндөй болду─ баланын энесинин үнү эмес беле!..  Бул─ не деген жыркычтык!..   Дале сыздап-боздоп жатат.

Эмгиче көөмп бүтө элекпи. Бүтө элек экен. Топо ыргытып жаткандардын төбөсүнөн көк буу чыгып жатат. Таалай, Таалай, эмне үчүн эле бүтпөй жатат, ыя? (Таалайдын бар, жок экенин билбей туруп эле собол таштадым.  Эмнегедир ал жанымда туруптур. ) Мен кайдан билем, карабайсыӊбы, үстүн бульдозер менен каздырткан окшойт, анан балээнин бүтөбү?! (Көрдү жарып, качып  кетчүдөй болуп… деп Таалай кимдир бирөөнү сөгө кетти). Аа… Көз кайрадан тунара баштады. Көздү тунарткан нерселер буга чейин көп эле болгондур, анын бирөөнү да мен билбеймин, элес албаптырмын. Бирок бүгүнкүнү жакшы билем ─бүгүн көзүмдү эки нерсе гана тунартып турат: биринчиси ─эненин боздоп уӊшуганы, экинчиси─ жанымда томпоюп турган топурактын алдындагы немени (!) койгону (көмгөнү) келген кишилердин аздыгы, өтө аздыгы…

Канча киши эле? Сан жетпейт. Көптүгүнөн эмес, аздыгынан… Дале жалгыз калдым.  Жок, жалгыз эмес экенмин─ эне дале улуп-уӊшуп жатпайбы! Башка аялдарды мейли, энесин эмне үчүн алып келишти дейм да.  Же эмне, баласынын өлгөнүн көргөнү аздык кылабы. Эне үчүн ушул эле жетишмек да. Эми ал кара чечекей баласын кантип  жашырганын, жок, жок, көмгөнүн көрүп отурат. Ɵз көзү менен карап отурат! Бул — не деген кыянаттык!..

Адам баласынын колунан келген көп эле кылмыш-кыянаттык бардыр.  Бирок балаӊды көмүшкөнүн өз көзүң менен көрүп кал деп энени көргө сүйрөп келгенден артык не деген кыянаттык, кылмыш бар болду экен! Деги… Жок, чыдай албайм, ойлоном деп отуруп, дагы жалгыз калыпмын.  Таалайга жакындадым.  Таалай, Таалай, энесин ким алып келген, ыя, быякка? Билбейм… Ɵздөрү да… Ɵздөрү дейсиӊби? А өздөрү ким? Жооп жок. Таалай суроомду угуп-укпай дагы жылт койгон тура. Белгилүү — башымды оорутпа дегени да.  Аа, кылтыйып тиги жерде турат. Көөмп жаткандарды карап, мелтиреп турат. Ойлонуп жатабы же…

Алда жалгыздык ай, кой, жанына барайынчы. Эне дагы эле улуп жатат.  Жанындагылар күӊкүлдөп-мыӊкылдап жатышат окшойт. Акылы жоктор десе, эмнеге убара болушат─ кой дегенге эне болмок беле.  Ал эч нерсе укпайт дагы, көрбөйт дагы. Көргөнү эле аӊырайган көр, ага ыргытылган топурак-чаӊ. Баласын жашырып, жок, жок, көөмп жатканын көрүп туруп, өз көзү менен карап туруп, кайсы эне улубай тура алмак.  Улуй бер, кургурум, сенин колуӊдан мындан бөлөк эч нерсе келбейт! Эненин улуп-уӊшуганынан качып, ушул эле маалда өзүм да улуп баратып, бирөөгө урунуп алдым.  Таалай экен. (Менден кайда качып кутулмак?!) Сүйүнүп кеттим.  Дым боло түштү─ эненин эси ооп калды окшойт, дымы чыкпай калды. Жок, кайра улуй баштады.  Кайда качам? Таалай, Таалай, энесин эмнеге алып келишкен, ыя? Эмнеге алып келишкен? Таалай ушуну билбейсиңби дегендей бурк этти: «Эмнеге болмок эле. Көксөсү суусун дегени да!» Аа…  Санаам тына түштү. Дагы эле улуп жатат. Көксөсү сууганы ушубу? Тү-үү ата, ит болуп бүтүптүрбүз. Энесин ушул жерге алып келүүгө кайсы келесоонун дити барды экен. Эненин да көксөсү суумак беле?

Баласы өлсө да, өлгөнүн өз көзү менен көрсө да, баласынын өлгөнүнө кайсы эне ишенет экен! Анан ошонун көксөсү кантип суусун.  Мына эми өлтүрүштү, эненин өзүн да, көксөсүн да, баласын да чындап өлтүрүштү. Эми эне эмнени караан тутат да, эмнени жөлөк кылат?! Баласы, буга кошо баласынын элесин көз көрүнөө көөмп салышса, эми эне баласын кантип эстей алмак да, кимди сагынмак! Баса, сагынычын да көөмп салышты да.  Энелер балдарын сагынып гана жашай алат.  Эми аны да көөмп салышты, элесин да, сагынычын да көз көрүнө көөмп салышты.

Байкуш эне бир эмес, жүз баласы болсо да, жалгыз калды, анын карегинде томпойгон гана боз топурак калды. Ушул томпойгон боз бейиттей болуп эне жалгыз калды…Мен да жалгыз калыпмын.  Жок, жанымда Таалай бар экен.  Ал дале мелтиреп турат. Аны карап туруп, мен селт эте түштүм─ топо салбай калган турбайбызбы! Таалай адатынча бурк этти: «Салганыбыз качан?! Балдарым үчүн деп да салып атпадыӊ беле.  Бүтүп жатышса, салбай калыптырбыз дейт да… Мына бүтүштү.  Эл тарай баштады.  Жүрү, андан көрө автобусту эртерээк таап алалы. Талаада калабыз…» Аа…Чын эле, эл тарай баштаптыр. Биз да жылгансыдык.

Баратабыз. Жок, келатабыз.  Жок, мүрзөдөн үйдү көздөй баратабыз да, мүрзөдөн кайтып келатабыз.  Баш адашат.  Келатабыз да, баратабыз да.  Эч ким үндөбөйт.  Бейиттей тунжуроо.  Кулагымдын ичине кандайдыр бир үн кирип кетип, жойлоп, даӊ салып жүргөнсүйт. Белгилүү да─ бул үн кургур эненин улуп-уӊшуганы эмеспи. Аны алып кетишкен го. Yнү угулбайт. Кулагымдын ичине гана улуп-уӊшуп жатат. Артты жалт карадым. (Көрүстөндөн келатканда эч ким артын карабай баса албайт эмеспи!..)

Томпойгон эки мүрзө. Денеден ажырап томолонгон баштай болгон эки мүрзө. Таманымда бирөө бүлкүлдөп дем алып жаткандай болду.  Чын эле, дем алып жатыптыр.  Жер дем алып жатат. Жер дем алып — онтоп жатат. Жер да өлдү. Ал өзүнүн эки бүрчөгүнөн айрылып, томпоюп калды.  Карасаӊ, денесинен ажырап томолонгон баштай болгон эки мүрзөдөн буу чыгып жатат.  Бул Жердин ыйы эмеспи.  Адам өлгөн сайын, Жер деле өлө берет турбайбы.  Мына эми экөө─ чырактай жайнаган бала менен ыйлап жаткан Жер ─жуурулушуп кетти.  Анда ким кимди койнуна алды─ Жер баланыбы же бала Жердиби?

Ооба, бүгүн баарыбыз өлдүк. Ушу кетип бараткандардын ар бири өлдү.  Анткени биз жашырган (көмгөн) бала ар бирибиздин бир бүрчөгүбүз эмес беле.  Бүгүн баарыбыз өлдүк. . .  Мээӊ жетпейт─ деги тирүүлүк дегениӊ барбы же жокпу? Жүрөк мыжылат. Бир нерсени унутуп калгансыйм. Аны тапсам эле, жүрөгүм ордуна келчүдөй. Таптым окшойт.  Таалайды шап колдон алдым да, тарткылай кеттим. Таалай, Таалай, куранды качан окушат ыя? Уккан жоксуӊбу?! Окулбайт дешпедиби.  Ыя? Эмне үчүн? Билбейм.  Коммунисттер экен дешти го.  Кимдер? Ким болмок эле, бала болмок беле, баланын ата-энеси да!  Атасы да, энеси да… А баланын өзү коммунист эмес турбайбы.  Анан… Таалай чыдай албай, чукчуӊдап кетти: «Аны менен кандай жумушум бар?!» Чын эле.  Кой анда, кетели.  Окулушу керек эле.  Атайы келсек… Айла жок.  Азыр ушундай болуп калган го? Учур ушундай. Учурбу же бизби?. . .  Айтор, ушундай.

Жүрөк ого бетер мыжыла баштады да.   Кабынан чыгып кетер бекен.  Курандын азабы го.  Куран окулса, балким, жүрөк мынчалык мыжылбас беле. Арга жок, эмне кылмакпыз.  Жол тарталы. Автобуска отуралы да, жөнөйлү. Карасаӊ, автобус да жакын жерде экен. Тим эле бейиттерди тебелеп кетчүдөй болуп турат. Алыс болсо эмне─ жүрөктү тепкен нерседен арылып калар белем. Эмне үчүн жөө келбедик экен? Апыр-тапыр.  Булар кайда шашып баратышат, шашып эле баратышат. Көмгөндөрдү айтам. Жана да─ быякка, көрүстөнгө келе жатканда да – ушинтип шашышкан.  Эми да.  Кайда шашышат да, кайда барышат.  Шашып эле баратышат, шашып эле баратат.  Биз да аларга кошулуп шашып баратабыз.  Алар болсо бизге кошулуп шашып баратышат.

Жеттик окшойт. Шашып түшө баштадык. Мына отурдук.  Жөнөдүк.  Шашып жөнөдүк.  Көмүлгөндөр калышты. Көмүлгөндөрду таштап, көмгөндөр кетип баратат. Денеден ажырап томолонгон баштай болуп, томпойгон эки дөбөчө калды. Аларды мындан ары мүрзө дейбиз.  Дөбөчө эмес, мүрзө.  Жер менен жуурулушуп, көмүлгөндөр калды.  Томпойгон топурак бууланып, дем алып жатат.  Бул —  Жердин ыйы.  Жердей шордуу бар бекен – адам өлгөн сайын, ал да өлө берет турбайбы!..  Калышты, алар өлгөн жок, жалгыз калышты. Ɵлүм эмне?! Мына жалгыз калуу шор…

Таалай дале мелтиреп отурат.  Тирүү-өлүгү белгисиз. Эски боз бейиттей тунжурайт. Таалай, Таалай, эмне болуп өлүптүр, ыя? Ким? Балачы.  Биз коюп келаткан. Билбейм.  Ɵлгөндөн кийин баары бир да: ооруп өлөсүңбү же бирөө  өлтүрүп кетеби… Аа… Жок, кантип баары бир болсун. Кызык….  Кой жөнөйлү.  Аа, атаӊдын көрү, эчак эле жөнөгөн экенбиз да. Көрүстөндүн карааны көрүнбөйт. Айыл аралап баратыппыз. Бизге көӊүл бурган эч ким жок өңдүү. Чын эле.  Булардын иши эмне? Көр тирилик да.

Автобус силкинип алды. Жанымдагы менен кагышып алдым. Жалт карадым. Таалай экен.  Аа байкушум, буга деле караан керек да. Мени медер туткан тура. Мен минтип ойлогуча болбой, автобус сүрдугүп барып токтоп калды. Баарыбыз бир кишидей жүткүндүк. Биздин алдыбызда дагы толтура автобус турат.  Жолдун аркы четинде өзүнчө бөлүнүп бир автобус турат. Ага назар бурбадым. Эмнеге токтодук экен? Эптеп качып келатсам…. Кыйлага турдук окшойт. Эмнеге токтоп турат. Таалайдан сурасамбы? Жок, кереги жок, ал дагы бурк этет.  Кыялы ушундай. Азыр баарыбыз эле ушундай өӊдөнөбүз. Жылчудай түрүбүз жок.  Аргасыздан жол четинде токтоп турган автобуска назар тиктим. Дендароо боло түштүм. Баягы автобус.  Араба тартып келаткан арык аттай болуп бир илкинип, бир силкинген баягы автобус.

Ичинде сөөктү алеки-заматта көмө, жок, жок, жок, жашыра койгон баягы кишилер отургансыйт.  Кайрадан санай баштадым.  Саналбайт.  Көптүгүнөн эмес, аздыгынан. Таалайды нукудум: «Таалай, Таалай, карасаӊ баягы автобус. Эмгиче кете элек экен, булар эмне токтоп турушат, ыя?» Таалай оюнан алаксый түштү да, ага назар бурду. Анан ийнин куушуруп койду. Мен тигиле карап тура бердим. Санай албай койдум. Анан эмне кылып жатат болду экен деп, жанталаша карадым. Алар куран окуп, бата кылып жаткандай туюлду. Коркуп кеттим. Кайрадан Таалайды нукудум: «Таалай, Таалай, карасаң куран окуп жатышат окшойт…» Ал көпкө чейин карап турду да, колун шилтеди: «Ай-ай ата, кайдагы куран! Ушу кымындай жерден көрбөйсүңбү. Бирдеме кылт этип жатышпайбы. Куран деп коёт…» Бирдеме кылт этип дейсиӊби? Бирдемеӊ эмне?Таалай ого бетер өкүрдү:

─ Арак ичип жатышат дейм!. .

─ Аа…

…Баарыбыз топурак алдында калган өӊдөнөбүз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.