Кезектеги «Сармерден» ресторанынын бильярд мелдешине филология илиминин доктору, белгилүү илипоз Үмүт Култаева, «Мекен ынтымагы» саясый партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун өкүлү Асылбек Жоодонбеков катышып, учурдагы билим берүү жаатындагы маселелеринин тегерегинде кеңири маек курушту.

Олжобай Шакир: Эскерте кетчү жагдай: бүгүнкү баарлашуубузга жүйөөлүү себептерге байланыштуу философия илиминин доктору Үмүт Асанова эжекебиз келе албай калгандыгы үчүн баарыңыздардан кечирим суранды. Бүгүн негизинен өлкөдөгү билим берүү тармагындагы өксүктөрдү талкууласак деп чечтик. Албетте, Темирбек Асанбековдун билим берүү тармагына кандай тиешеси бар деген суроолор болушу мүмкүн. Чын-чынында Темирбек мырзанын коом агартуу ишинде жаңы өрнөк болор ишмердиги туурасында көптөрү биле элек. Өзү саясый партиянын мектебин түптөөдө жер-жерлерде тренингдерди өткөрүп жүрөт. Илим-билим багытында, азыркы инновациялар тууралу жаңылыктарды жайылтууда бу киши коомго билим берүүнүн жаңыча формаларын колдонуп келатканынан улам бүгүнкү баарлашууга атайы чакырылды.

Адатта, биздеги саясатчылар эл менен жолугушууда саясатты эле какылдап-какшап, өздөрүнүн саясый платформасын сөз кылуу менен гана чектелет. А Темике болсо жалпы коомдун талылуу маселеси – билим жаатында ой толгоп, бийлик чөйрөсүнө билимдүүлөр келбегенден улам бүгүнкү кейиштүү абалга жетип калганыбызды айтып жүргөнүнөн улам, билим жаатындагы маекке чакырдым.

Бүгүнкү күндө бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайга чейин билим багыты кандай баратат? Элдин баары эле билим үчүн эмес, диплом үчүн сүрмөтоп болуп атканы улуттун жетер жерине жеткениби? Билимден аксаган коом кантип келечегин түптөй алат? Ушул жаатында, Үмүт эжекебиз, сөз баштап берсеңиз.

Жетиген Асанбек: Бир нерсе кошумчалап коеюнчу. Эгемендик алганга чейин бизде 9 эле жогорку окуу жай болсо, азыркы күндө 53 жогорку окуу жайы бар экен. 9дан 53кө өсүү бул аябай чоң өсүш да. Мындай көрсөткүч менен кыргыз эли аябай билимдүү болуп кетиши керек эле. Иш жүзүндө тескерисинен болуп атпайбы. Ушунун өзү – билим жаатындагы, дегеле өлкөдөгү башаламандыктын деңгээли канчалык экенинин айкын көрсөткүчү. Окуу жайдын саны канчалык өссө, сабатсыздык ошончо өстү десек болот. Сабатсыздык өлкөнүн бийлик бутагынын эң жогорку тепкичтерине чейин жеткенин көрүүгө болот. Педагог деген сөздү жаза албаган депутат болду, андайларды алып келген саясатчы өлкөнүн башында болду. Эми ушунчалык башаламандыкты кантип иретке келтирүүгө болот?

Үмүт Култаева: Мен жаңы эле Олжобайга айтып аткам, Салижан Жигитовдун өтө курч ою бар экен. Аны «РухЭшке» чыккан материалдардан окуйбуз да. Эгер билим берүүнүн абалы ушундай кете бере турган болсо, анда кыргыз туулганда эле, туулгандыгы тууралу күбөлүккө кошуп, жогорку билимдүү деген дипломду кошо бериш керек дептир, (баары күлүштү) ата-энени кыйнабай, баланы кыйнабай. Ушул сөздүн өзүндө көп нерсе жатат. Демек, бүтүндөй система ураган. Мунун негизги себеби эмне болду? Жогорку окуу жайында иштеп жүрүп көрдүк да. Жогорку окуу жайы таптакыр каралбай калды.

Ж.А.: Акаевдин тушу, ээ?

Ү.К.: Билимдүү кедей пайда болду. Билимдүү, бирок эч нерсе кыла албаган бир өзүнчө коомдук катмар жаралды. Ушундай кыйын күнгө туш келгенде эл ичинен бир чыгаан кишилер чыгат экен. Өз чөйрөсүн, жогорку окуу жайында иштеген кишилердин кадырын сактап калыш үчүн, ошолордун жашоосун бир талапка ылайык кылыш үчүн, контракттык окуу дегенди ойлоп чыгарышты. Контракттык окуу болуп, бала акчаны төлөп койгондон кийин, аны кетире албайт. Ал бала өзүнүн начар экенин билет, билими жок экенин да билет. Бирок акчасы бар, акчаны төлөп койду. Анын акчасы менен профессор, доцент, мугалимдер жашап атат. Ошону ичинен өз туюмунда сезип турат да… аң-сезимде окубай эле диплом алууга болот деген жаман нерсе пайда болду. Мен деле жетекчи болдум. Мамлекеттик тил институтун алымдын жетишинче өнүктүрдүм. Жети жыл директор болдум.

Карасаң, өкмөттөн эч нерсе жок, указ менен, атайын жарлык менен ачылган Мамлекеттик тил институтуна бюджеттен эч нерсе жок. Жарлык менен ачылган, мамлекеттик тилдин кадырын көтөрүп жаткан институтту сакташ үчүн, каражат табышым керек. Каражатты каяктан табам? Каражатты контракттан табам. Анан контракт менен келген окуучуларды айланайын ушуларды карагыла, жакшылап сабак бергиле, акчасын кетирбей ушуларды кармап калалы деген нерсе пайда болду дагы, ошондон баштап билим берүүнүн сапаты төмөндөй берди.

Арасында бар эми, мен ошол кезде окуткан студенттерден мыкты журналисттер жүрөт. Дээринде бар балдар жанталашып, мугалимдин бергенин алып, өз алдынча да иштешет экен. Ал эми акчага эле таянган балдарга баары бир экен. Ошентип отуруп, ар бир окуу жайы каражат табыш үчүн эле өзүн кеңейте берди, жаңы адистиктер ачыла баштады. Ал жаңы адистиктерге биз даярбызбы, биздин лаборатория барбы, аны бүткөндөн кийин иштей турган чөйрө барбы, анын баарын изилдеген киши жок, иши кылып эле элден акча алыш керек.

Эң негизги кемчилдик сапат эмес, санды кубалап отургандан болду. Алтурмак жетекчилер кадимкидей урушат, эмне үчүн жетиштүү санда жыйнаган жоксуң деп. Эмнеге жок, таап кел. Айылга барасыңбы, аңга барасыңбы, дөңгө барасыңбы, башка мамлекетке барасыңбы, иши кылып таап кел, эмнеси болсо да санын толтур. Анткени ЖОЖду кармап туруш үчүн каражат керек. Мына, балакеттин баары ушундай башталды.

О.Ш.: Эң негизги себептерин айттыңыз.

Ү.К.: Көрүп эле турабыз, жүрөгүңөн кан агат. Эч нерсе чыкпай турган бала отурат. Билим деле кабыл албайт, жакшынакай эле жайлоодо жайкалтып миң койду айдап жүрсө, коомго да, элге да, өзүнө да көбүрөк пайда алып келет эле. А бирок жанагыдай акча менен диплом алса болот деген ойдон улам: ата-энелер да баласынын акыбалы менен эсептешпей эле, менин балам сөзсүз окушу керек дей башташты. Ушундан кетти эң чоң кемчилдик.

Экинчиден, эгемендүү болгонубузга чейрек кылымдан өтүп кетти, биз улуттук жүзүбүздү тапкан жокпуз, билим берүүдө улуттук жүзүбүздү тапкан жокпуз. Кыргыздын билим берүү системасындагы өзгөчөлүгүбүздү, менталитет, этнопедагогикабызды же болбосо этнопсихологиябызды, этнофилософиябызды ачып, биз мындайбыз деген жокпуз. Кимдир бирөөлөрдү эле туурап жүрөбүз. Америка университети келди, балдарыбыздын баарын аякка түрттүк, түрк мектептери келип ээледи, биякка түрттүк. Анан Кытай келди, азыр кытайларга жабышып атабыз.

Мен 2002-жылы этникалык кыргыздарга барып, карасам жакшынакай эле силерге окшогон балдар, жигиттер “чаң-чуң” деген эле көп элдин арасында жүрөт. Жүрү, кеткилечи Кыргызстанга десем, биз жети атабыздын сөөгүн таштай албайбыз дейт. Кыргыздар үчүн жогорку окуу жайы жок экен. Анан бул жакка келип алып, аябай ойлонуп отуруп, анда жаш кез, тим эле жүрөгүм толкундап уктай албай, мекенчил сезимим абдан күүгө келип, жогорку бийликке кайрылдым, ушуларга филиал ачалычы деп. Макул болушуп, жогору жактан тастыктап беришти. Анан Пээжинге кат жаздым. Этникалык кыргыздар биздин бир областка тете экен, 180 миң калк бар. Бир жогорку окуу жайы жок. Бизде момунча ЖОЖ бар, ошонун биринин филиалын ачалычы десем, кандай кат келгенин карабайсыңарбы. «Үмүт айым, сиздин маселе көтөргөнүңүзгө чоң рахмат, бирок Кытай эшигин ичке ачпайт, сыртка ачат», — дешти. Көрдүңөрбү, билим берүү системасына биз башка жактан киргизбейбиз дешти.

Биз башка мамлекеттин билим берүү системасына муктаж эмеспиз деген сөздү айтышты. Кандай мени уяткарды, мен ушундай сындым. А биз эшигибизди жалжайтып ачып туруп, баарын киргизбедикпи. Американын системасын киргиздик, Түркиянын системасын киргиздик, азыр Кытайдын системасын киргиздик – бүт баарын киргизип алдык, а өзүбүздүн улуттук жүзүбүз жок.

Ж.А.: Бул жерде мындай да болуп кетти да, «табият боштукту сүйбөйт» деген кеп бар го. Бизде билим жаатында боштук эле болуп калды да. Мамлекеттин билим системасын колго алган эч бир орган жок. Турпаты турат, бирок мазмуну жок. Анан баягы боштук бош бойдон тура бербей, кандайдыр бир жолдор менен толуп калды. Ошол мамлекеттик эмес же менчик окуу жайларды алганда аларда окутуунун, билим берүүнүн сапаты, шарттары мыкты болуп атпайбы. Анан албетте, акчасы барлар балдарынын жакшы билим алышын каалап, ошолорго беришет. Аларды карап туруп, ушундай кылса болот эле да деп ойлойсуң. Мамлекеттик эмес окуу жайлар менен мамлекеттик окуу жайлардын ортосундагы айырма абдан чоң. Ошондон эле мамлекеттин билим системасы кандай иштеп жатканын көрүүгө болот.

Ү.К.: Францияга 2011-жылы барып келдим. Инанко деген, Чыгыш цивилизациясы жана маданияты деген институтта 98 тил үйрөтөт экен. Ошол жерге кыргыз тилин киргизип, меморандумга кол коюп келдик. Алар айтышты, Кыргызстан бир кыргыздын айлыгын төлөсүн, Парижден үч бөлмөлүү үй беребиз деп. Ошону төлөбөй койду да.

Ж.А.: Мамлекетке андайдын кереги жок да бизде.

Ү.К.: Кытай институтунда 5 жыл директор болдум, акыркы мезгилге чейин. Жылыга 46 мугалим келип, биздин балдарга бекер сабак берет. Анткени алар кытай тилин жайылтышы керек. Бул мамлекеттик саясат. 46 мугалимге жетекчилерине 2000 доллардан, жөнөкөй мугалимдерине 1000 доллардан Кытай төлөп турат банк аркылуу. Алардын саясаты өтө терең болуп атпайбы. Пекиндеги Тянь-а-Минь деген 44 г жерди ээлеген дүйнөдөгү эң чоң аянтка алып барып кыдыртып жүрүшөт. Анан тим эле Кудайга үнү жете тургандай үн менен ырдап атат. Бул эмне десем, бул патриоттук ыр дейт. Эмне деп ырдап атат десем, биздин эл ааламдын ээси болот деп ырдап атат дейт.

Азыр Конфуций институту 125 мамлекетте бар. Баарын Кытай өзү камсыздайт. Биз Францияда бир кишиге айлык бере албай койдук. Мына азыр Иркутскиде, Москванын бир канча жерлеринде мигранттар көп. Мектепти берели, материалдык база берели, балдарыңар же орусча окуй албай, же кыргызча окуй албай чайналып атат, айлыгыңарды өзүңөр төлөгүлө, окуткула деп атат. Инофон деген түшүнүк пайда болду. Сырттан келген мигранттар биздин балдардын интеллектин артка тартып атат деп атышат алар, чоң маселе көтөрүлүп. Биз кимге тууралайбыз программабызды дейт. Орточо билимге ылайыктасак, анда биздин балдардын интеллекти түшүп кетип атат, инофондор биздин балдарды артка тарта баштады дейт. Ошондуктан алар мектебин, материалдык базасын бергенге даяр. Өзүңөр, мамлекет төлөсүн дагы, балдарыңарды окуткула деп атат.

О.Ш.: Темике, эженин айткан ойлоруна кандай кыстырмаңыз бар?

Темирбек Асанбеков: Кыстырма деле эмес. Эже бүгүнкү коомдо болуп жаткан көйгөйдү аныктап койду. Ушуга келип такалдык. Эже эки доорду көрүп калган инсан. Билим деңгээлине биздин кылган мамилебиз кандай жыйынтыкка алып келип такаганын чагылдырды. Азыр акыл согушу жүрүүдө. Кайсы мамлекет билим деңгээлин жакшы алып кетсе, ошол мамлекеттин турмуш деңгээли да башкача, булардын саясый деңгээли да башкача. Биз ошонун маанисин түшүнбөй атабыз. Мамлекет адамдын денесине окшош. Дене ар кандай мүчөдөн турат. Ошонун баарын башкарган – мээ. Коомдо да ар кандай адамдар жашайт, жөндөмдөрү ар кандай. Ошонун баарын тейлөө саясатка келип такалат. Элдин «каймагы» эсептелген саясатчылар ушул билим берүүнүн баркын туура түшүнбөй атат.

Бизде мамлекет түптөөгө тажрыйба жок. Албетте, башка мамлекеттер карап отурбайт. Ар бир адам сүт издейт дегендей, бирөө Конфуций багыты менен, Америка өзүнүн системасы менен ж.б. Негизи билим берүү тармагы бул чоң экономиканын жолу. Батыш өлкөлөрү билим берүү тармагынан көп киреше да табышат. Бул жогорку интеллекттүү тармак. Биздикилер аны кылабыз, муну кылабыз дешет. Билим берүү системасын орнотпогон калктын келечеги болбойт.

Биз ак көңүл калк экенбиз. Ак көңүлдүк менен соодагер, амалдуу калктарга көп нерсени алдырып ийдик. Мына, Индияны англосаксондор, ушунчалык чоң, 1 млрд элдин биринчи акыл-эсин окутуп, анан барып башкарып калышкан. Кытай аябай жакшы ыкмаларын колдонуп атат. Конфуцийдин жакшы сөзү бар: «Коомдук ишке аралашпаган адам – бул ыймансыз адам, аралашпасаң да, жок дегенде тоскоолдук кылба» деп. Биз айтып аткан маселе бир кишинин колу менен бүтүп калбайт. Баарыбыз биргелешип, казына түптөлүп, ошол казынаны бөлүштүрүп жатканда, маанилүү жактарга каражат бөлүнөт. Ошол эле биздин билим берүү тармагындагы жөндөмдүү адамдарга социалдык маселелер каралышы керек.

Эртеңки күнү ошолордун жөндөмү миңдеген адамдарга таасир берет. А биз ошонун баркын билбей бүгүнкү кризиске келип такалдык. Албетте, эгерде биз азыр ошону туура түшүнүп, мамлекетти түптөп кетүү жагына илимий булак ачылмайын бул туңгуюктан чыкпай турганыбызды түшүнүп, туура жолун издешибиз керек. Бир үй-бүлөнүн баласын ата-энеси тарбияласа, ата-энесин сыйлайт экен, кошунасы тарбияласа, кошунасын сыйлап калат. Өзүбүздүн коомдогу жаш муундарды өзүбүз тарбиялаганга үйрөнүшүбүз керек. Эжеке айткан маселелерди талкуулап, коомго чыгарышыбыз керек.

Саясатта азыр үстүнкүлөр кыла албайт, асты тил албайт болуп, баягы Ленин айткан доорго келип такалдык. Дагы жакшы, биз чоң саясый талаш-тартышка илинбей, Кудай жалгап, 30 жылга жакын эгемендик деген бир форманы кармап турабыз. А чындап келгенде дүйнөдө согуш жүрүп жатат. А биз согушу жок туруп артка кеттик. Жанагы сыртка кетип аткан акыл-эстин агымы эртеңки күнү бизди баарынан куржалак калтырат. Бүгүн абыдан жакшы теманы козгоп отурасыздар, бул жерде отурган интеллигенция өкүлдөрү менен бул маселени коомго салышыбыз керек. Чечилбес маселе болбойт. Сен жаман, мен жаман деп отурганда эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Баарыбыз бир атанын балдары экенбиз. Биз отурган кайыкка толкун келатат, бизди көңтөрүп кетиши мүмкүн. А биз кайыктын ичинде тытышып атабыз. Биз калактарды алып, толкунга каршы чара көрүшүбүз керек. Толкундан ыңгайлуу жол таап, кайыкты алып өтүү жолу билимге, маданият жана билим барып такалат.

Долбоордун демөөрчүсү — «Сармерден» рестораны

Мурда союздагы аксакалдарды эмне үчүн күнөөлөбөйм, алардын мамлекет түптөө сапаты бар, бирок көп нерселерди Кремль чечип келген. Эгемендикке келгенде мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүү тажрыйбасы жоктугунан ушундай күнгө такалдык. Госплан эмне үчүн түптөлгөн? Эмне үчүн билим берүү тармагындагы 8-9 окуу жай түптөлгөн? Анткени экономиканын талабына жараша ошол кесиптин ээлери керектигин акылдуу адамдар билген. Айыл чарба институтун бүткөн агроном болот, мединститутун бүткөн дарыгер болот деп, госплан ченеми менен каражат бөлүп, айкалыштырып турган. А биздегилер билимге умтулган бойдон калды, орус ойлогонун, кыргыз көргөнүн кылат болуп. Үмүт эжекенин жүрөгү зыркырап айтып аткан ушул маселе: бүгүнкү күндөгү билим тармагындагы туура эмес көрүнүштөрдү мурдагы уюткусу калгандардан угуп, түздөп калбасак… көп мамлекеттер ушунун айынан жоголуп кетет экен. Сөзүмдүн аягында айтайын, бул руханий жагына да барып такалат, маданият жагына да барып такалат. Эки калк жери жок тентип калыптыр – еврейлер менен цыгандар. Еврейлер билим жагын, руханий жагын өздөштүрүп, күчтүү мамлекет болуптур, цыгандар бүгүнкү күнгө чейин мамлекет катары түптөнө албай кала берди. Экономика адам ресурсуна барып такалат. Адам ресурсу өнүкмөйүн эч кандай экономика өнүкпөйт. Эже, сиздин айтканыңызга толук кошулам, мен өзүм коомдук ишке аралашып жүрөм. Мен үчүн саясат максат эмес. Жанагы сиз айтып жаткан маселени ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү болчу. Көп түкүрсө көл болот дегендей, эл арасына ушул маалыматты көбүрөк жеткирели, интеллигенция талкуулайлы.

Асылбек Жоодонбеков: Өткөндө «Акипресстен» жакшы бир жаңылык көңүлүмдү бурду. Данияда азыр түрмөлөр дээрлик бош калыптыр. Эмне себептен деген суроого эксперттер мындай тыянакты айтып атышат: көрсө, жакынкы 25-30 жылдан бери алар мектеп жашына чейинки жайлардан баштап, билим берүүгө аябай жакшы көңүл бурган экен. Билим берүү процесси жакшы жолго коюлганы үчүн, бүгүнкү күндө Данияда түрмөлөр бош калып, ал жакта азыр мигранттар жашап жатат. Алар мигранттар жашай турган убактылуу жайга айланууда. Бул эмне деген сөз? Коомдо укук бузуучулардын саны кескин азайды. Укук бузуучулардын кескин азайганынын негизги бир көрсөткүчү бул – тарбия менен билим берүү процессин жөнгө салгандык.

Ал эми Кыргызстанда кандай жагдай болуп жатат? Караңыздар, укук бузуучулардын саны бүгүнкү күндө массалык мүнөзгө айланды. 90-жылдардагы миграция, ата-энелердин балдарын таштап акча табуу үчүн четке кеткени, мектептер жабылып, бала бакчалар иштебей калган шарттарда келген так ушул муун бүгүнкү күндө кор болууда. Себеп дегенде билим да, тарбия да жок, натыйжада бирден бир укук бузуу жолун тандап алып, башка жол билишпейт, өнүкпөй калды. Үмүт эже айтып кеткен жогорку билимден дагы төмөн түшүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө бала бакчалардын жагдайы кандай? Статистикалык маалыматтар боюнча республика боюнча бала бакчага барган балдардын саны 21-22%дын айланасында. 80%ы барбайт.

Албетте, бала бакчага барбаса мейли эле, а ата-эненин кадыры кандай? Балага билим берүүдө эки түшүнүк бар – өстүрүү жана өнүктүрүү. Физикалык, биологиялык муктаждыктарын канааттандыруу ар бир адамдын колунан келет. Рамис Рыскуловдун бир жакшы сөзү бар го, «атам менен апамдын жыргалынан жаралгам» деген. Демек, баланы биологиялык ата-эне катарында жаратып коюш жеңил экен да. А балага татыктуу билим берип атабызбы, маселе ошондо. Эгерде 80% бала бала бакчага барбаган күндө дагы, анын биологиялык, физикалык гана муктаждыктарын канааттандырып койбой, биз ага жетиштүү деңгээлде, өзүнүн, замандын талабына ылайык билим, тарбия берсек, балдардын деңгээли башкача болот эле. Жогорку билим системасында ата-эненин көзү ачылып калды азыр. 53 жогорку окуу жайы ачылып, филиалдары менен 90го жетип кетти эле, туурабы?..

Азыр эми кыскартып отуруп 50гө түштү. Бул дагы дурус көрсөткүч. Мен дагы 10 жыл билим берүү системасында, Кыргыз билим берүү академиясында иштеп калдым. Ушул убакытта студент өзү Россияда же дагы башка жакта жүрүп деле окуп калган учурлар болгон. Айрым балдар үч-төрт дипломду сандыктын түбүнө катып коюшту. Башта эч нерсе болбосо, беш диплом болсо да жардам бербестигин азыр эл, ата-эне, жаштар түшүнүп калышты. Бул ЖОЖдордо атаандаштыкты, күрөштү пайда кылды. Ошондуктан айрымдар жабылып атат. Ал эми мектеп жашына келсек, бизде Кыргызстанда бардык тармактар абдан ылайыкташты.

Мына, Дүйшөн мырза бизнес менен жүрөт, караңыздар. «Сармерденде» жоро-жолдоштор той бергенде келип калып жүрөбүз, менюсунда болобу, башкасында болобу, улам-улам жаңы жаңылык, ар кандай варианттар бар. Мына, биздин көзүбүзчө сүйлөшүп атат, кааласаңыз өзүңүз келиңиз, кааласаңыз жылкыңызды алып келиңиз, союп, даярдап беребиз, кааласаңыз козуңузду гриль кылып берели деп ыңгайлуу шартты өздөрү сунуштап турушат. Атайын жер төлөсү да бар булардын. Көрдүңүздөрбү, ийкемдүү болуп атат.

Ошондуктан бүгүнкү күндө билим берүү системасын жаңылай турган, мына Жетиген карындашыбыз айтып кетти, альтернативалардын болушу керек. Кескин альтернативаларга барышыбыз керек. Мамлекеттик бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларга чейин канчалык альтернативалар көп болсо, ошончолук ыкчам өнүгөбүз.

Эң негизгиси — ата-энелердин көзү ачылышы керек. Көпчүлүк учурларда бала бакчаларда, мектептерде ушундай болуп калды. Балдарыбызды сактоочу жайга (камера храненияга) бергендей эле берип калдык. Өткөндө барсам, Ак-Өргөөдөгү бала бакчада бир топто 75-80 бала бар экен. Ата-эне кирип эле, көзүн жумган бойдон кетип атат да. Себеби менчик бала-бакчага бере алышпайт, анткени баасы бери дегенде эле 7000 сом. Эми кечирип коюңуздар, 75-80 балага тарбиячы деген кароолчу эле да. Ошондуктан бүгүнкү күндө ата-эне, коомчулук билим берүүгө киришип, жардам берип, колунан келсе альтернативалык окуу жайларды түзсүн. Киреше көрөбү, руханий деңгээлде колдоо кылабы, коомчулуктан ушул сыяктуу колдоо, аракет, киришүү болбосо, болбойт.

Мамлекет бүгүнкү күндө союз убагындагыдай бүт баарын колуна алып алган. Мазмуну да мамлекет колунда, китеп менен камсыз кылуу, имаратты кароо толугу менен мамлекет колунда, мугалимдердин айлык акысы толугу менен мамлекеттин колунда. Бирок караңыздарчы, кайсынысын мамлекет толук кандуу камсыздап атат? Эч бирин. Китеп жетишпейт, ремонттор эптеп-септеп, мугалимдердин айлыгы аз, натыйжада, билим берүү системасында мамлекет бүгүн жеңилдим деп кол көтөрүшү керек. Эң негизги демөөрчү, менин оюмча – ата-эне. 4000-5000ден айына төлөй албайт, бирок айына 400-500 же 1000ге чейин төлөй алат. Мамлекет менен эл ушул сыяктуу кызматташууга барбаса, билим берүү системасында дүйнөлүк системадан артта калганыбыз калган болуп турат.

Уландысы бул шилтемеде >>>>>>>>>>>

Жазып алган Жетиген АСАНБЕК

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.