Зер буюмдарын саткан бир көпөс алыскы өлкөлөргө барып соода кылып келгени узак сапар тартып баратып, кеч киргенде жол боюндагы мейманканага түшөт. Ал атына арткан куржунун өзү түнөчү бөлмөгө алып барып койгондо анын оор салмагынан улам жерден “дүңк” эткен үн чыгат. Муну көргөн мейманкана кожойкесинин оозу ачылат, көзү чачырайт, тимеле ушул куржунга бүт дүйнөнүн байлыгы топтолгондой сезилип, өзүн жоготуп коё жаздайт.

Антип турганында көпөс бай экенин далилдегенсип кымбат-кымбат тамактардан буюртмалап, шашпай отуруп жеген соң төшөктү калың салдырып, коңурукту кош тартып уйкуга кетет. Ал ансайын кожойкенин тынчы кетет, куржундагы өзү тагынмак тургай эзели көрбөгөн укмуштай зер буюмдарын ойлогон сайын аларды көргүсү келет, билип коюптурбу деп, кожоюн уктап жатканда билгизбей ачып, бул байлыктардан бир экөөсүн уурдап калмак болот, бирок куржун ушунчалык бекем килиттелгендиктен ача албай коёт. Ошондо гана күйөөсү эсине түшүп, аны жардамга чакырганы жүгүрүп, болгонун болгондой айтып, куржунду ачып берүүсүн өтүнөт.

— Мындайларды мен билем, чычканга кебек алдырышпайт, — дейт күйөөсү. – Бүгүн экөөбүз алтынынан алып койгон күндө баары бир билип коюп, шорубузду шорподой кайнатат. Андан көрө ойлонуп иш кылалы…

— Экөөбүз ойлонуп отургуча ал ойгонуп алып жолуна түшөт, бол, андан көрө куржунду ач, акырын алтынынан билдирбей алып, кайра килиттеп коёбуз. Билип коюптурбу! — деп кыйпычыктап жиберет аял.

— Биртке алсаң билип коёт. Андан көрө баарын алып калсак байыганыбызга да жакшы, билинбей да калабыз, — деп аялы бул сөзгө таңгалып оозу ачылгыча кулагына шыбырай салат: — Үйдүн артында өскөн кара куурайдын жалбырагын кайнатып, бөлүнгөн ширени шарапка кошуп берсең бул көпөс куржуну турмак өзүн унутуп, акылынан айнып туш келди басып кетет. Куржун толо байлык экөөбүздүкү болот да калат!

Абдан сонун акыл чыккан күйөөсүн алкап жиберген аял дароо эле үйдүн артында өскөн кара куурайды карай чуркап, ошондон бир саат өтпөй күйөөсү айткандай кара куурай ширеси кошулган шарапты чоң чөйчөккө толтура куюп, кош колдой көтөрүп, бай коногунун үстүнө кирип ойготот.

— Ойгонуңуз, синьор, мен сизге шарап алып келдим, ичип алыңыз.

— Мен шарапка буюртма берген жок элем го, — деп бүшүркөгөн соодагер көзүн ушалап, оозун чоң ачып эстейт.

— Биз абдан кымбат тамактарга буюртма бергендерге сыйлык катары шарап беребиз. Ичип алыңыз.

— Аныңар жакшы экен! Мейли ичсе ичели, — деп чоң чөйчөк шарапты бир эле тартып жиберген  көпөс ыраазылыгын билдирип, кайра жаздыкка башын коёру менен коңуругу угулат.

Кожойке менен кожоюн да жатканы менен түнү бою уктай албай, күтүүсүз ээ болгон бул байлыкты кантип пайдаланарды кеңешип, кайда короторду шыбыраша сүйлөшүп чыгышат, кызыл-кызыл кыялдарга батышат. Ошентип жатып уктап кеткен алар бир маалда ойгонуп кетишсе, эбак күн чыгып калыптыр. Бай көпөстүн зер буюм толо куржунун дароо эстеген эрди-катын жарыша чуркап, мейман бөлмөсүнө баш багышса конок да жок, анын куржуну да жок! Көпөс эбак аттанып, изин суутуптур.

— Кара куурайың менен кара жерге кирген чал! Колго түшкөн олжодон куру калтырдың! Сага ишенгенче өзүм бирдеме кылсам болмок экен, — деп дароо эле абышкасын беттен алат аял.

— Кара куурайдын ширесин ичкен киши акылдан айныбаса да сөзсүз бирдемесин унутат! Унутушу керек! — деп кожоюн мейман бөлмөсүн аңтарып чыккыча кожойке өзүн өзү чекеге чаап кыйкырып жиберет:

— Унутуптур! Унутуптур, как баш!

— Какбашы жок эле айтчы эй! Ал эмнесин унутуптур? – деп сурайт алтынга болгон үмүтү дале болсо үзүлбөгөн кожоюн.

— Ал кечээки жеген тамактары менен мейманкана акысын төлөөнү унутуп кетиптир!

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.