Бурулкан БАКЕЕВА: Мен киммин?

АҢГЕМЕ Мен кырк жаштагы кызмын. Өзүм кыз болгонум менен сырткы кебетем окшошпойт. Кантип окшошсун “кырк жаштагы кыз”. Ата-энемин кимдер экенин билбейм, мени кайсы эркек туудуруп, кайсы аял төрөтканага таштап кеткен? Балдар үйүндө чоңойгомун. Бир жакшы тарбиячы эже бар эле, жанын койбой жабышып сурап билип алганмын. Ал айткан башка балдарды төрөтканадан алып келишсе мени көчөдөн таап келишиптир. Ата-эне мээримин дегдеп самасам дагы, мени эч ким асырап албады. Шеригибизди бирөөлөр бала кылып алууга ээрчитип баратканда артынан телмире тиктеп ыйлагым келип, мени да […]

Александр СОЛЖЕНИЦЫН: Өрдөк балапан

АҢГЕМЕЛЕР Өрдөктүн муштумдай болгон ак саргыл темир канат балапаны шүүдүрүм баскан чөпкө мүрү менен бир тийип боортоктосо, кишинин күлкүсүн келтирет. Алдыман чуркап баратып сүрдүгүп барып оӊоло түшүп: – Энем кана? Меникилер каякта? – деп чыйпылдайт. Ал энеси деле эмес, тоок. Күрп болгон кезде өрдөктүн жумурткасын салып койсо, өзүнүкүнө кошуп баарын теӊ чыгарган. Түбү түшкөн корзинкени көмкөрүп, таар жабылган уясын күн жааганынан бастырмага алып барып коюшкан. Баары теӊ ошого далдаланса, бул адашып калды. Кана, келчи, кичинекей, кел келегой алаканыма. Ушул тырмактай […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Туу түбү эр

Кыргызда «баатыр» деген байыры ат бар. «Туу түбү эр» деген ага эгизделген экинчи кеп бар. Баатыр Жер чайпалтып казатка кол баштаган. Туу түбү эр Көк жайкалтып колго туу аштаган. Кан майданда  каршылаштардын туусу көрүнөө бийикке тигилген. Туу кырда туйлап турган. ТУУ кызыл кыргындагы эрлерге дем болгон, душманга айбар сүр болгон. Туу кырдан жалп өчкөн ТУУ Эр көөнүнө зил болгон, башка каран түн болгон. Андыктан, Туу Түбү Эр кол-аягы мүлдө кылычталып, бүт денеси мунжуланып бүткөн күндө да, өзөгүнөн коройтуп Туу туткасын […]