<<<<<<<<<<< 1-маек

Дүйшөнмамбет Орозалиев: Менин беш балам бар. Эки кызым түрк лицейин бүткөн. Алардын жакшы жактарын айтсам, тилди үйрөтөт экен, тарбия маселесине көңүл буруп, адептүүлүккө үйрөтөрү байкалды. Бирок кыргыздын улуттук каада-салты, тарыхы үстүртөн өтүлүп, калып калат экен. Эки кызымдан кийин уулумду окуткан жокмун. Мекенчил болсун, накта кыргыз болсун деп, кыргыз мектепке бердим. Ал жерде жакшы окубай койду, мектептеги окутуунун сапаты да төмөн экен. Анан 9-класстан кийин Кытайга жибердим. Азыр студент. Чындыгында билим берүү улуттук идеологиянын өзөгү болуш керек. Сиздер туура айттыңыздар, балдарды бала бакчадан баштап тарбиялаш керек.

Япондор бала бакчадан баштап мекенчилдик сезимине тарбиялайт экен. Улуттук идеология болушу керек. Ошол идеологияны мектеп программаларынын негизи кылып, балдарды тарбиялаш керек. Мисалы, түрктөр лицейлери аркылуу өздөрүнүн маданиятын жайылтып атат. Кытайда окуган балам айтат, дүйнө жүзүнөн келген балдар окуйбуз, дээрлик бүт жерден бар дейт. Бардыгы бюджетте окушат, менин уулум бюджетте окуйт. Ошол үчүн жибергем. Бизнесмен катары, Кытай менен бизнестик алака болсо деген идея болуп, бизнести, экономиканы үйрөнсүн дедим.

Дүйнөлүк соодадагы эл аралык экономика деген факультетте окуйт. Эми карасаңыздар, алар башка өлкөлөрдөн да чакырып алып тилин, маданиятын окутуп атышпайбы. А биз сыртка чыга албасак дагы, өзүбүздүн ичибизде балдарыбызды улуттук идеологияга сугарып, жакшылап бир окутушубуз керек. Айтканыңыздар абдан туура. Менчик мектептер, менчик бала бакчалар жакшы иштеп атышат. Экинчи уулубуз бала бакчага барат. Кыргыздын салттарын камтыган жакшы программалар бар экен. Сиз айткандай 1000 сом алган бала бакчаларда андай программалар жок да. Акчаң болсо, берсең эле аракет кылышат.

Асылбек Жоодонбеков.: Мугалимдин айлыгы 10 миң болуп атат. Мамлекет ата-энеге түшүндүрсө, келиңиздер, сиздер дагы 500 сом кошсоңуздар, мугалимдердин айлыгын көбөйтөлү да, талапты да катуу коёлу. 20 миң кылып берели дагы талап кылалы десе. Ата-эне бергенден кийин мугалим да уялат. Жоопкерчилик өсөт, кайдыгер карабай калат. Алар да алган айлыгы менен башын жерге салбай жашай тургандай болуш керек да.

Д. О.: Воронцовкада кыргыз балдардын мектеби бар экен, түрк лицейине окшош.

А. Ж.: «Кутбилим» деген мектеппи?..

Д. О.: Кыргыздын тарыхын, маданиятын, адабиятын көбүрөк окутат экен.

Ү. К.: Ушул бүгүнкү күндө бир вариант.

О. Ш.: Эң жакшы вариант. Түркиядан билим алып келген жаштар биргелешип ачкан мектеп болсо керек эле…

Ү. К.: Мен сөзүмдү уласам, Америка дагы, түрктөр дагы, кытайлар дагы биздин балдарды окутуу үчүн келген жок. Алар өз идеологиясын жайылтуу үчүн келди. Эң негизги, эң акылдуу, эң митаам идеология экен бул. Бала каерге барса, ошонун сөзүн сүйлөп калат. Буга чейин деле көп айттык. Эмне, түрктөрдөн биздин мээбиз азбы, же колубуз кемби, же көзүбүз жакшы көрбөйбү? Биз керек болсо, андан жакшы уюштура алабыз да. Эми бизде жанагы колунда барлардын маданияты да жетпей атат, ошондой мектептерди каржылаганга. Азыр бардык жерде 100 байдын тизмеси жүрөбү? Миллиарддан ашык байлыгы бар экен. Ошондон он киши бир улуттук маанидеги мектепти каржылап берсе, тарыхта ошонусу калат эле го, дүйнөсү сактап калбайт да аны. Мына «Кутбилим» мектебин көрүп келдик, эң сонун экен. Бардык жерге азыр агитация кылып атам. Укмуш сонун, 1000$ экен. Бул аябай арзан. Төрт маал тамагы менен, баскан-турган жерлери, керебеттери сонун. Бала тынбайт экен, дайыма окуу-иш үстүндө.

Менин бир кызым Кытайдан, бир кызым Россиядан бүттү окууну, бакалаврын андан кийин магистратурасын. Экөө тең, бири Кытайга кетсем дейт, бири Россияга кетсем дейт. Бул жерде турбайм, эмне бар Кыргызстанда дейт. Ыйлайм кадимкидей, мекенчил болуш керек, бул деген Атажуртуңар, ушул жерге кызмат кылыш керек деп. Алар үчүн бул жомок. Мен бүгүн оюмдагыдай басып-тура албасам, мага карандай мекенчилдиктин эмне кереги бар, өмүр кыска дейт алар.

А. Ж.: Бир ой айта кетсем. Албетте, биз мекенчил жаштарды тарбиялашыбыз керек. Ушул эле мезгилде дүйнө башкача. Мисалы, беш бир тууган болсо, алардын ичинен бирөө кыйын чыкса, башка бир туугандарына жардам берет ко. Башка бир туугандарына жардам берген бир тууган – ал тың бир тууган. Сиз айтып аткан америкалыкпы, түркпү, кытайбы ошолор сыяктуу. Ал тың бир тууган кандай адам? Ал эмгекчил, жолун тапкан адам. Каалайсызбы, каалабайсызбы бүгүнкү күндө дүйнөлүк алдыңкы көз караштагы өлкөлөр, технологиясы өнүккөн, экономикасы өнүккөн өлкөлөр жанагы тың бир тууган сыяктуу башка коомчулукка өзүнүн саясый болобу, экономикалык болобу, таасирин тийгизип, жана сиз айткандай идеологиялык жактан таасирин көрсөтөт. Бүгүн Кытайдан сактоонун бир гана жолу ушул, сиздин мына Кытайдан келген кызыңыз Кытай эмне деп сүйлөп, кандай идеологияны жылдырып атат, Кытайдын саясаты кандай, ошону билип алса, ошону менен тең ата сүйлөшө алса, мына ошол атаандаштык. Орусиянын тилинде сүйлөп, жанагындай чоң жыйындарында алардан кем калбай пикирин айтып, ошолордой адабияттарды окуп турса, мына ошол атаандаштык. Каалайбызбы, каалабайбызбы балдарыбыз бүгүн дүйнөгө ачылышы керек. Мекенчил болобуз деп, жабылып албашыбыз керек, менин оюмча. Албетте, улуттук баалуулуктар өзүнөн өзү жанаша кете берет. Биз деле Түркияга чыгып келдик, Америкада 6 ай жүрдүк. Ал жактын системасы жакшы. Абдан көп нерсеси бар. Дүйнөнү жакшылап таанып-билүү менен адам катарында, адис катары өнүгө алсак, менин оюмча андан ашкан мекенчилдик жок. Бүгүнкү күндө мекенчилдикти мен ушундай түшүнөм.

Ушул учурда «Сармерден» ресторанынын илбериңки официант кызы кирип, меймандарыңыз эмне тамак каалашат экен деген кыязда Дүйшөн мырзанын жанына келди. Дүйшөн мырза Олжокеге ишарат кылып калды.

О. Ш.: Жарналамалык тыныгуу!

Д. О.: Эмне тамак каалайсыздар? Эже сизге эмне алып келишсин?

Официант кыз азыркы кезде атактуу болуп жаткан, эттин сөөгү чайналып желе тургандай жумшартылып бышырылган афган куурдагын сунуш кылып калды.

А. Ж.: Мына, афган ашканасы да кирген турбайбы!

О. Ш.: Атаңдын оозунурайындыкы, мен ошону жегенден чочулап турам. Кандай технология менен жасалган тамак аныңар?.. Сөөк жегендер эле көбөйдүңөр, эй… Өткөндө да Дүйшөн досум келинчеги экөө сөөк жегенин мактанып мага салып жиберишиптир.

Темирбек Асанбеков: Акматбек Келдибеков жеп деле эч нерсе болбоптур го…

А. Ж.: Кожоюн өзү жеп атпайбы, чочулабай эле койсоңуз болот)))

Д. О.: Зыяндуу нерсе бербейм сага, дос )))

Бака-шака болуп, афган куурдагын талкуулаган маектештер ушул өзгөчө куурдакка токтолушту.

Ү. К.: Асылбек менин бүйүрүмдү кызытып атат, мекенчилдик жөнүндө. Албетте, адам чет өлкөнү көргөндө көзү ачылат экен. Бул жагы жакшы. Бирок кыргыздар генофондду толук бузуп алмай болдук. Францияга барган кыздар иши кылып, абышка болсо да французга тийип ошол жерде калгысы келет экен. Парижге барганымда уктум, Нарындан барыптыр бир кыз, жетимишке жакындап калган кишиге турмушка чыкса, анысы маньяк экен, өлтүрүп коюптур байкуш кызды. Ошол Францияда эптеп калыш үчүн тийиптир. Былтыр мага бир талап (заявка) түштү, ошол Франция, Англия, Бельгия, баары эле катар-катар экен да. Көрбөсөң ааламды укмуш элестетесиң, көрсө аалам, жер шары кичине эле экен. Европадагылар баары бири-бири менен сүйлөшүп турушат экен. Бир убакта баары башка улутка кеткен да: италиялыкка, испандыкка, немецке, алар интернет менен байланышып, балдарыбызды кантип кыргызча сүйлөтөбүз деп баштары ооруйт экен. Анан мага ушундай талап жазышты, ушул балдарды кыргызча сүйлөткөнгө бир китеп жазып бериңиз деп.

Кыргыз тилден 40 сабак деген методикалык колдонмону бүттүм. Ошонун башында “Мекендин бир ууч топурагы” деген текст бар. Кеңеш Жусуповдон алынган. Ошондо кыска айтканда, душман басып киргенде бала энесин таштап сыртка чыгып кетет, жашынып калат. Энеси өлүп баратканда, балам мага топурак салбасын, мени ушундай абалда таштап кеткенден кийин, кир колу менен менин топурагымды булгабасын дейт. Эл баласын жолотпой коет мүрзөгө, энесин башкалар көмөт. Аз убакыт өткөндөн кийин душман дагы кол салып, баласы да өлөт. Аны көмүшсө, топурак баланы сыртка тээп чыгат. Ушундай уламыш сыяктуу икая. “Мекендин бир ууч топурагы” дегенди түшүндүргүлө балага, өзүңөрдүн мекениңер Кыргызстан экенин айткыла дегем.

Кечээ Франциядан байланышка чыгышып, интернеттен сүйлөштүк. «Эже, — дейт, — ошону менен мекен дегенди түшүндүрдүм, менин мекеним – Кыргызстан дедим», — дейт. Эми ошонун сүрөтүн тарткылачы десем, айылды – Асылбашты тартып койду дейт. Уулу 7де, кызы 5те экен. Өзү ошол жактан кеткен кыз. Эми ошентип балдары менен иштесе жакшы. Дүйнөнүн баары эле кыргыздын жээндери болуп кетсе кантебиз? Каймактарынын баары башка улутка кетип атпайбы. Мен азыр кызымды кызганып отурам, Россияга кетем десе, бир оруска тийип кетеби деп.

А. Ж.: А кыргыздын жырткычтарын кантебиз эжеке? Кыргыздар алардан өткөн жырткыч болуп атпайбы.

Ү. К.: Бул өтө чоң проблема. Анткени жалаң мончоктой кыздарды чет өлкөгө алып кетип атат азыр. Жөндөмдүү, сулуу, сөөгү таза, ак сөөк кыздарды башка улуттар алып кетип атат. Бир тууган кайнимдин кызы полякка тийди…

А. Ж.: Бактылуубу?

Д. О.: Казак боло береби я?

Баары күлүштү.

О. Ш.: Чет өлкөдө жүргөн кыргыздар жөнүндө менде да бир кызык ой пайда болду. Сайтты жаңыдан ача баштаганда, кечкисин жомок илсем, Европада жүргөн жаштардан бирөөлөр кат жазганда көзүмөн жаш атып кетейин деди. Сайттан жомок окуганыбызга сүйүнүп атабыз, үзбөңүзчү, күнүгө кечинде окуп туралы дептир. Ошондон кийин үзбөй илгенге аракет кылып калдым. Балдарыбыз же бала бакчада, же башка жакта кыргызча укпагандан кийин, жок дегенде үйдөн кыргызча жомок окуп берип, кыргызча баарлашууга мүмкүнчүлүк болот экен дешти. Муктаждыктар бар экен да. Ыраматылык Муктар Өмүракунов да айтып калчу, Россияда жүргөндө кыргыздар өзүнчө уюмдашып, бала бакчаларды ачсак, келечек муунга эне тилин үйрөтүүнү жайылтсак деп… Ошондон улам ал жакта да чыгармачыл топтор түзүлүп, рухий муктаждык жаралганын кеп кылып калар эле. Сиз айткан этнопедагогиканы жайылтуу, улуттун өзгөчө бир этнопсихологиясын калыптандыруу орчундуу маселе.

Ү. К.: Биринчиден азыр бизде улуттук идеология жок. Экинчиден кадр маселеси абдан жаман деңгээлге түштү. Баласагындын кебин айтып жүрөм го дайыма:

Төрдөн орун тийген болсо нааданга,
Улагада калганыңа арданба…

Азыр мыкты, колунан иш келген, жүрөгү менен күйгөн, эл үчүн бир нерсе кылам дегендердин бардыгы борттун сыртында калды. Дилетанттар, жагымпоздор, калпычылар бийликтин негизги структурасын ээлеп алды.

Ушул эле билим берүү системасына башын канжыгага байлаган кишини койсо бир нерсе кылат эле да.

О. Ш.: Эң ыплас нерсени жакында көрбөдүңөрбү, 40тан ашуун плагиатство боюнча илимпоздорго кылмыш иши козголгонунун өзү эмне дегендик? Тыңыраак банкет уюштурган шылуундар эле илимий даражага жеткен көрүнүштөр арбыды да! Биз бир эле саясый чөйрөдөгүлөргө жийиркенип атпайбызбы бүгүн, анык жийиркеничтүүсү илим-билим, чыгармачыл чөйрөдөгүлөр болуп калганы кейиштүү.

Ж. А.: Мен ушуга аябай сүйүнүш керек деп ойлойм. Жасалма илимий даража алып жүргөн адамдарды кылмыш жообуна тартуу бул илгерилөөгө аябай бир чоң кадам. Өнүккөн, өскөн билимдин, жогорулаган илимий даражанын көрсөткүчү жашоо-турмуш болушу керек да. Жашоо-турмуш эч өзгөрүлбөсө, жогорку даража жашоодо көрүнбөсө аларды жокко эле санап коюш керек. Кагаз эле топтолуп, анан бир төш белги тагынып койгондон эмне чыгат? Илимий даража үчүн эмгек болобу, же кандай эмгек болбосун, анын натыйжасы жашоого келтирген пайдасы менен ченелиши керек да. Каякка эмне пайда келтирип атат, эмне өнүктү? Күйө турган жагдай да, жогорку окуу жайыбыз 50нү чапчып атат, а бирок иш жүзүндө же архитектурабызда өнүгүү жок, улуттук колорит жок, же экономикабызда өнүгүү жок.

Экономикалык долбоорлордун дээрлик бардыгы белчеден карызга батырды. ГЭС, ЖЭБ ж.б. Лигласс деген аферисттер менен мамлекеттик деңгээлде келишим түзүлүп, дүйнөлүк коомчулукка уят болдук. Аны сезип да койбой 100% тазамын деп жүрүшпөйбү. Анан кайсы жогорулаган илимий даража жөнүндө сөз кылууга болот? Кыргызстанда эч нерсе жок дегидей эле абал болуп атпайбы. Чындыгында маданий, руханий мураска абдан байбыз. Бирок ушул дүнүйөбүз жаш муунга дың бойдон турат. Жаштарга жеткирүүнү, жаштарды аны менен сугарууну жолго сала албай турабыз, жолу чар жайыт болуп.

Д. О.: Кыргыз улуттук идеологиясын кыргыздын өзүнөн издеш керек. Кыргыздын өзөгү кыргыздын макал-лакаптарында, каада-салттарында, тарыхында, туурабы? Мисалы, кыргыз жаман нерсени айткан эмес, оозго алган эмес. Атургай өлүмдү да жакшы жагына жоромолдоп, жакшы өлүм болуптур, балдарынын алдында кетти деп, кандайдыр бир жакшы жагын таап айтышкан. Ушундай нерселерди изилдеп таап чыгып, бир нукка салып, идеология түптөш керек.

Бизнесмендер кээ бир семинарларга барсак, жалаң гана оң нерселерди ойлоп, бардык нерсенин оң жагын таап караганга жана башка ушундай нерселерге окутат. Мен аларды кыргыздын макал-лакаптарынан, накыл сөздөрүнөн табам. Өзүбүз тигилерге акча төлөп, семинарларына барып окуп жүрөбүз.

Ү. К.: Конфуций айткан да, «эгерде элди мыйзам менен башкарса кылмыш көбөйөт, салт менен башкарса, адептүүлүк көбөйөт». Өзүбүздүн этнопедагогикабызды нукка сала албай калганыбызга да система күнөөлүү болуп калды. 15 жыл дилетанттарды даярдадык. Азыр эми сабатсыздардын жаңы мууну келатат. Анан дин маселеси, мен ушундан корком. Дин маселесин өкмөт колго албаса, Кыргызстанды жок кылса, ушул дин жок кылат. Азыр биздин жаныбызда бир үйлөр бар, полдорун алып, топуракка отурушат экен,  биз топуракка кетебиз, топуракка отурушубуз керек деп. Телевизор көрбөйт, музыка укпайт. Ошону УКМКга айтып тыйып койгон киши жок.

Машинага отуруп атсам, кайним рулда эле, бети жок ко, бети жок деп калды. Эмне болгон бети жок десем, нары жакты көрсөттү, бирөө бетин толук чүмкөп алыптыр, кара менен. Көзүнүн тушуна сетка коюп коет экен, бети жок, жөн эле бир сөлөкөт. Эки кабат имараттарды куруп, кенедей кыздардан бери ушундай чүмкөп, ошол жерлерде окутуп атышат. Азыр бул канатын жайып баратат. Өкмөттө ушуну ойлогон киши барбы, жокпу? Бул азыр тамырлап атат, аябай тамырлады…

Т. А.: Биз азыр билимдин баалуулуктарын түшүндүк, көйгөйлөрүн эжеке талдап айтып берди. Чет өлкөнүн бир ишканасын башкарып калдым. Ошол жерден биринчи жолу жумушка алып атканда кожоюну айткан, 6000 кишини өткөрүп берип атам Темике, ар бир талкуунун жыйынтыгы чыкпаса, мазмуну жок болуп калат деп. Мен эмне үчүн саясатка аралашып калдым? Академик Шатилов деп уксаңыздар керек. Ошол Шатилов Москвада мени окуткан. Кийинчерээк мен окууну бүткөндөн кийин, оокатка тоюп калган кезде кезигишип калдык. Сөздөн сөз чыгып отуруп, Кыргызстандын агрардык тармагы талкаланып кеткени жөнүндө сөз көтөрүп калды. Анда мен саясатты коюңузчу десем, Темике, сен саясат дегенди түшүнөсүңбү, саясат деген адамдардын пикир алмашуусу. Саясат турмуш деңгээлинде болот, саясат оокат деңгээлинде болот, саясат коом деңгээлинде болот. Анан өзүңөр ушу академияны бүткөн кыргыз балдар Кыргызстандын саясатына көңүл бурбасаңар, баягы Советтер союзунун Испаниясы болгон Кыргызстан мамлекетиңер эртең кыйын абалга такаласыңар. Мамлекеттин түптөлүшү, эгемендиги үч маселеден турат: илимий, руханий, маданий эгемендүүлүгү; экономикалык эгемендүүлүгү; коопсуздук эгемендүүлүгү. Силер псевдогосударство болуп калдыңар. Анан ушул Москвада окуган силер бейкапарлык кылсаңар, Кыргызстанды башка бирөө келип бапестеп оңдоп бербейт деп.

8 млрд эл болду, тамак-аш жетишпей жатат деди. Мен ошондо аябай катуу ойлонгом. Адамдын аң-сезимин, сезимин анан билимин алсаң, аны кул кылсаң да болот. Биз мына ушуга келип такалдык. Бул көйгөйлөр мамлекеттин деңгээлинде чечилет. Бизге таасир берген мамлекеттердин жакшы жагын алып, өзүбүздүн улуттук баалуулуктардын негизиндеги идеологиянын, өнүгүү тармагынын концепциясын иштеп чыкпасак, биз бул туңгуюктан чыга албайбыз. Ал концепцияны ким иштеп чыгат? Жаш балдарга окшош карапайым эл болот, алар жаш балдар сыяктуу ишенет. Ошол элдин каймагы – интеллигенция бул маселени түшүнөт. Адамзаттын 1%ы ойлонгонду жакшы көрөт, 2%ы ойлогонгонго аракет кылат, 97%ы ойлонгондон коркот. Жаратылыш ушундай экен.

Кечээ күнү сиз сурап калбадыңызбы? Коррупция жок жер барбы деп. Мен айтам – үй-бүлө. Үй-бүлөдө коррупция жок. Үй-бүлөнүн түптөлүшүнөн мамлекет түптөлөт. Саясый жетекчилер, интеллигенция бир үй-бүлө деңгээлинде азыркы маселелердин чечүү жолдорун иштеп чыгыш керек. Жөнөкөй бир пенде иштеп чыга албайт, муну так билем. Азыр жумшак саясаттын таасири бизге аябай катуу кирип келди. Союз убагында жумшак саясаттын таасиринде келаттык. Комунисттик система ыдырап, орустар өзү менен өзү аралашып атканда, биз жетим баладай болуп калдык.

Карышкырдай болуп баса кала турган башка мамлекеттердин таасири балп этип бизге үйүлүп калды. Тоолук, ак көңүл, ишенчээк эл экенбиз. Жетине албай баарын жакшы көрүп, киргизе берип аттык. Бекер оокат болбойт да, алар талабын коюп атышты. Ошентип отуруп, азыр бизге Түркия да, Америка да, Кытай да таасирдүү. Күнөө кимде? Акылдуу күнөөнү өзүнөн издейт, акылсыз адам бирөөдөн издейт дейт. Күнөө, албетте, мамлекет түптөө тажрыйбабыздын жоктугунан болду.

Улуттук сезим каяктан келет? 18 жашымда чет өлкөгө кеттим, афган согушуна катыштым. Коомдогу адам болуп түптөлүш үчүн 24 жыл чет өлкөдө болдум. Бирок кыргызча таптак сүйлөп атам. Эмне үчүн? Анткени чоң атам мага койдун 12 мүчөсүн жиликтетип, кыргыздын өзүнүн философиясын көрсөтүп, сый-урматын таанытып, белим ката электе тарбиялап койгон.

Андан кийин англисче окудум, орусча окудум, бирок кыргыздыгым каныма сиңип, кыргыз бойдон калдым. Көрсө, бешиктен чыга электен түптөлгөндүктүн мааниси ушунда экен. Билим түптөө маселеси үй-бүлөгө айкалышып, бала бакчадан, орто мектептен баштап отуруп, негизги маселе өкмөт деңгээлинде иштелип чыкпаса, университетке келгенде ал баланы түздөй албайбыз. Адамды тарбиялаш аябай оор, беш жыл багасың, он жыл орто мектепте окутасың, ошондо да ошол балаң коомго чыгып оокат кылып кетеби деп санаага батасың. Негизи бийликте жүргөн саясатчылар деле менин бир туугандарым. Саясаттын коомго керектүү багытын таппай атабыз. Саясат чечилмейинче, биз айтып жаткан маселелер эч качан чечилбейт. Ошонун себеби менен күрөшпөй, жыйынтыгы менен күрөшүп атабыз.

Эже, ушул маалыматты концепция кылып, айкалыштырып, туура жолун тапкандан кийин, саясый деңгээлде коомчулукка, интеллигенция, жазуучулар союзу, журналисттер союзу ж.б. чыгармачыл союздар мамлекеттик системага киргизишибиз керек.

Чет өлкөдө көп маселени акыл менен аныктап, андан кийин аракетке өтүш керек деп айтылат. Иш-аракетке өткөндө бюджетке келип такалабыз. Бюджет – элдин казынасы. Ошол казынаны биз каякка бөлүштүрүп атабыз? Той-аштарга. Чет өлкөнүн каражаты эмнеге келип атат? Кытайдын банкы – экспортно-импортный банк – «Эксимбанк». Кытай экономикалык багытын аныктап атканда, аскер кызматкерлеринин сунушу менен аныктайт. Ал каражат ошол Кытай мамлекетинин саясатынын чечиминин негизинде чет өлкөгө берилет. А биз «Эксимбанк» деген аты эле айтып турса, ошол саясатта түптөлгөн акча каражат булагын алып атабыз. Албетте, алар ал эрежеден чыкпайт. Менин саясатка келген себебим ушул болду. Элди маданият өкүлдөрү сактап келген. Силерден бата алып, коомчулукка ушуну чыгарсам дейм. Парламентти көтөрүшүбүз керек. Сооронбай Шарипович да бир пенде. Кадр маселеси менен анын да айласы кетип турат. Кадр маселесин түшүндүрүп берейин. Мисалы, Болот Отунбаев биз менен Москвада окуган, билимдүү адам. Кадр жоктугунан ага алты мамлекетти өткөрүп берди. Алты мамлекетти бир элчи кантип тейлейт? Арменияны да кошуп берди.

А. Ж.: Кадр жоктугунанбы же каражаттын тартыштыгынанбы?

Т. А.: Анысы да, мунусу да бар. Россия – чоң мамлекет. Элчинин алдында экономика багытындагы соода-өндүрүш палатасы бар. Анын нары жагында 300 миң мигрант турат Москвада. Ошончо маселеге жооптуу элчиге алты мамлекетти жүктөп коюш – тышкы саясаттын жоктугу, идеологиянын жоктугу. Сиз айткандай кошоматчылык, жагымдуу сөз сүйлөө, жанагы Абил бий болуп, күнүмдүк оокаттын чегинен чыга албай, адилеттүү сүйлөгөн адамдар болбой атат. Аны ким сүйлөш керек? Роза Исаковна сүйлөш керек, Өмүрбек Чиркешович сүйлөш керек.

Акыл-эси жок адамга оокат берсең деле пайдасы тийбейт. Дин маселесин мен Афганистандан көргөм. Бул өзүнүн тарыхы бар мамлекет. Биз согушта жүргөндө жанагы талибдер корооңо кирип келип, кызың жоолугу жок отурса, көзүңчө атып туруп басып кетет. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Биздин эл азыр от менен ойноп атат. Жакшы үйдү коногу бийлебейт. Россияга союз убагында билим боюнча барып калдык, кийинчерээк турмуштук маселе менен барып, кыргыздар көбөйүп кетти. Эми ушул 300 миң кыргызга Путин жадагалса бала бакча ачтырбайт. Кааласаңар орустун мыйзамы менен, орустун баалуулуктары менен жашагыла дейт. А бизчи, жаман үйдү конок бийлейт болуп, ушунчалык ак көңүл калк экенбиз, балдарыбыздын бирөөлөрүн либерал кылып атабыз, бирөөсүн конфуцийчи кылып атабыз, бирөөсүн түрк кылып атабыз.

Эми аларды жамандаган болбойт, бирок биздин жаш муундар ошолордун таасиринде жанагы жеңил саясаттан өтүп атат да. Кийин аларды кантип түзөйбүз? Ушул маселени биз саясый деңгээлде көтөрүшүбүз керек, коомчулукка киргизишибиз керек. Аны көпчүлүк азыр билип турса да, айтпай калды. Бери карап күлүп, ары карап ыйлап жүрүшөт. Мамлекеттик кызматкерлер да интеллигенттер. Алардын турмуштук маселесин да биз чагылдырып көтөрүшүбүз керек. Талашып-тартышып, сен жаман, мен жакшы деп отурганда жыйынтык чыкпайт. Партиянын атын “Мекен ынтымагы” деп койгонум ошондон болчу.

Сыртта жүргөндө, Москвада ар кайсы аймактан келген балдар маселени биригип чечип, оокат кылчубуз. Анан бул жакка келсем, бир туугандарым тытышып атат. Кичинекей калкпыз, Кытайдын бир-эки районундай болсок керек. Мен экономистмин. Кыргызстандын бүт маанилүү материалдык энергетика тармагын чет өлкө күрөөгө алып алган. Муну бизнесмендер жакшы билет. Бизнестин 40-50% казактын инвестициясына илинип калган. Стратегиялык аймактар азыр Кытайга илинип атат, мурда Орусия, Түркия багытына илинген. Биз ушул күнү чоң кылтакка түшүп калганбыз. Бул кылтактан жалпы кыргыз элинин элитасы бирикмейинче чыга албайбыз. Бир да саясатчы алып чыкпайт. Сооронбай Шарипович да, мен да, бул да, эч ким.

Билим берүү тармагын, экономика, руханий тармакты да – бүт баарын бир казанга салыш керек. Сунушум ушул, эже. Ар бир адамдын кадыр-баркынын өзүнүн чеги бар. Менин үнүм жетпеген жерде сиздердики жетет.

Ү. К.: Мамлекеттик катчыны да жок кылып койду. Идеологиялык бөлүм керек бир. Олжобай, өкмөткө идеологиялык бөлүм керек. Социалдык бөлүм деп, баарын аралаштырып салган, ал жерде бир дилетант отурат. Же салтты билбейт, же педагогиканы билбейт, же улуттук намысы жок. Цифралар менен эле отурат.

О. Ш.: Мамлекеттик катчыны жөн эле саясый фигура кылып алышты да. Ишенбей Абдразаков… андан кийин Осмонакун Ибраимов, Адахан Мадумаров, дагы кимдер гана болбоду… Абдуразаковдон кийинки мамлекеттик катчылардын ар кимиси саясый фигура болуп калышты да кийин. Болбосо бизге жанагы чыгармачыл уюм, майда-чүйдөлөрдөн мурда, мамлекеттин идеологиясын жүргүзгөн бир бийлик бутагы керек болчу.

Ү. К.: Ушуну сунуш кылыш керек.

Т. А.: Олжоке, дагы бир маселе турат. Акыл-эс күчүнө ээ, туура ой жүгүрткөн катмар эл ишенимине жетпей атат. Эмне үчүн? Олигархтарга бийлик бутагынын алсыз болгону жакшы, көзөмөлдү аз коет. Бийлик бутагы кимге керек, маселелерин чечүү үчүн карапайым элге керек. Карапайым эл өз баалуулугун түшүнбөй, оюнчукка алданган баладай, майда оокатка алданып атат. А тигилер карапайым адамдын жөнөкөй ички дүйнөсүн түшүнүп алышкан. Алар маалыматты көбүрөк алган, бирок мансапкордуктун негизинде. Ленин бекеринен чыккан эмес, системалык күрөштөр пайда болгон. Социал-демократтар бекеринен пайда болгон эмес, капиталисттер бекеринен пайда болгон эмес. Саясый жарыя кылганымда, материалдык муктаждыктарды чечимиш болуп, акча каражатын бөлүмүш болуп, элди адаштырып саясый чечимдерди чыгарып жаткан партияларга тыюу салыныш керек деп айттым. Болбосо эртеңки күнү Кытайдын жанагы анча-мынча чала кыргыз болгон балдары келип бизге 1000 доллардан таратып берсе, биз чачылып жоголобуз. Согуштун да кереги жок болот.

Мына азыр «Азаттыкты» көрүп атабыз, жакшы радио. Бирок дайыма жаңжалды чагылдырат. А жаңжал көп болсо, элдин башы бирикпейт. «Спутник» өзүнүкүн сунуп атат. Элди бириктирүүчү бир сайтты көрдүңөрбү, мына жалгыз «РухЭш» чыга баштады, ээй, баалуулуктарды көтөрөлү, тытышканды токтотолу деп. Азыр эң чоң маселе – элдин башын бириктирүү. Кыргыз эли Олжоке үчүн же бул бир тууган үчүн бирикпейт, кыргыз элинин баалуулугу үчүн биригет. Азыр эл эмнени көрүп атат, той-ашты, мигранттыкты көрүп атат. А мынабу биз талкуулап жаткан маселелерди көрбөй атат. Ошондуктан ушул маселеде ар кимибиз өз ордубузда аракет кылалы. Конфуций айткан» «Дүйнөнү өзгөртө албасаң да, өзүңдү өзгөрт» деп. Ар кимибиз өзүбүздү өзгөртөлү. Ошентип отуруп оңолобуз.

А. Ж.: Эже, сөөктөн алыңыз, алдыңызбы? )))

О. Ш.: Сөөгү картошкадан жумшак экен, шумдук ))). Эже, былтыр сайттын алдында «Чеч-Дөбө» кеңешин түзбөдүк беле. Прогрессчил көз караштагы интеллектуалдардын альянсы деп, муну түзгөнүмдүн түпкү максаты ошол болчу. Эч бир саясый топко, бийликке же оппозицияга жан тартпаган, орток пикирди кармана турган адамдарды калыптайлы деп. Темикенин кулагын ушалап атканым: ошол биздин катардагы абийирдүү азчылык катмардын өкүлдөрү саясатка аралашып, арасынан бирин-экини депутаттык мандатка жетип калса жаман болбойт эле. Албетте, өзүмдүн саясатка аралашуу ниетим жок. Бирок өзүңүзгө окшогон илим-билимдүү эжекелерибиз, агаларыбыздын колуна мандат тийип калса, азыркы ач элдин чоң курсак депутаттарынын далайын парламент трибунасынан жүдөтүп, тердетип турат элеңер да. Тилекке каршы, чыныгы интеллектуалдар бийлик чөйрөсүнө аралаша албай атпайбы, болбосо бийликтин каны билимдүүлөр менен аралашса, азыркыдай акыбалга жетпейт элек. Жалаң мурдунун учунан алысты көрбөгөндөр азыр эл тагдырын чечип калганы да ушундан. Азыр илим-билимдүү интеллигенция өкүлдөрү четте карап калып атат. Саясый жолубуз да ушул: взнос төлөсөң тизменин эң алдыңкы сабына илинесиң, болбосо жок. Интеллигенциянын чөнтөгүндө болсо акча жок. Ошондуктан Темирбек мырза менен сүйлөшүп атканым ушул: интеллигенция өкүлдөрүн партиянын тизмесине аралаштыр деп. Биз рухий коом агартуу багытында билек түрүнө турган мезгил эми келди. Себеби бийлик чөйрөсүнө бир багыттагы топ болуп чыкпасак, сырткы күчтөрдөн мурда өзүбүздүн ички ынтымагыбыздын ыдыраганынан алыска барбай турган болуп калдык. Кыргыз көчүн ошентип оңдойлу.

Ж. А.: Ошондой топ болуп алып, мамлекет бизге бир уруксат, укук берсе…

А. Ж.: Мамлекет бербейт, күтпөш керек.

О. Ш.: Жок, андайдын кереги жок.

Ж. А.: Окуучунун билимин өзүнөн сурап билиш керек эле. Билим берүү кандай жүрүп жатканы ошондон билинет. Жогорку окуу жайларда сынак, сессия учурунда акча чогултуп берүүнү эч ким эрөөн-төрөөн көрбөй калган. Кадимки көрүнүш бул. Башка окуу жайда момунча, бизде момунча эле деп, өздөрүнүн ставкаларын уялбай айтып калышкан. Эки жактан тең кетип атат. Мугалим акчалуу болуп калгысы келет, студент окуп, жаттап отурбай оңой бүтүрүп алгысы келет. Бирок башкаруучу позицияда мугалим тургандан кийин, мугалимдин артында администрация, анын артында мамлекеттин бир министрлиги туруп аткандан кийин, жоопкерчилик ошол башкаруу позицияда тургандардан суралыш керек. Так ошол сынак, сессия учурларын маалымат каражаттарынан түз алып көрсөтүүлөрдү уюштуруш керек. Аудиторияларын кеңейтүү үчүн баары эле макул болушат деп ойлойм. Ошондо формалдуулук болбой, иш кылышат эле. Иш кылышса эле илгерилейт болчубуз.

Т. А.: Ушундай текшерүүнү күчөтөлү, врачка, мугалимге, эртең алар Россияга, Турцияга кетип калат. Жыйынтыгы менен күрөшкөн болбойт, мугалим ошого барбай турган шарт түптөш керек. Азыр коррупцияга каршы күрөш деп баштап алдык. Коррупция эмнеден чыгат? Себебин аныктадыкпы? Мына ошонун айынан азыр капитал качып кетти. Минте берсек, Кыргызстандын жарымын каматыш керек. Ар бир себебин чечиш керек. Мына азыр жагдайды түшүнгөндөн кийин, коомчулукка бул маселени алып чыгыш керек дедик. Алып чыктык. Алып чыккан менен, бирөө айтып койсо эле кылып коюшпайт аны. Бийликтин өзүнүн философиясы бар. Ал жерде башкача ой жүгүртүү, ачка менен токтун иши жок дейт. Ал жерге руханий күчтүү, Махатхирдей болгон бир жакшы адам келип калса, анда биз жыргап кетмекпиз. Тилекке каршы, андай болбой атат. Коом деңгээлине жараша ушундай адамдарды өстүрүп чыкты. Кааласак, каалабасак да бир саясый эрк менен кадамга барабыз. Антмейин жыйынтык чыкпайт.

Коррупцияга каршы күрөш деди. Ушул көмүскө экономикада кайсы бизнесмен коррупцияга аралашпай жашай алат? Анда бизнесмендердин баары качат. Анткени аткаминерлердин баары ачка, алар да тамак ичкиси келет. Сонун-сонун врачтардын баары Россияга кетип калды. Путин эки кабат үй берип багып алып атат. Врач – бул 18 жыл окуган киши. 18 жыл адам өмүрүн таанып, дасыккан адам. Биздин райондорго барсаң, анестезиолог менен хирург жок. Оштун спецполиклиникасына барсаң, оорукчан болуп чыгышың мүмкүн. Киста миомы деп коет эмеспи, дүйнөдө аны 60-жылдардан баштап эле дарылайт. Аны биздегилер билбейт, шарт эле кесип салат. Бул кастрация менен барабар. Медицина тармагынын колун талкалап атабыз.

Коомдук байлык, жеке байлык деген бар. Адамдын мээнети – жеке байлык. Ал эми алтын, жер-суу бул бирөөнүн энчиси эмес. Бул казынанын эң чоң булагы. Алтын – жерде жаткан баалуу металл. Ошол алтынды биз иштете албайбыз. Алтынын сата албаган коомдун келечеги барбы? Шылтоосу – биз алтынды иштете албайбыз, адис жок дешет. Жер үйдүн 100 тонна алтынынын биржалык баасы 6 млрд. Биз аны 100 миллионго инвесторго саттык, мамлекеттин үлүшү жок таптакыр. Кумтөрдө формалдуу түрдө үлүш бар болчу. 5-чакырыктагы парламент 2013-жылы кен байлыктары тууралу башка мыйзамды кабыл алышты, мамлекеттин үлүшү жок деп. Бул эмне деген чыккынчылык?

Албетте, 120 депутаттын арасында билип-билбей добуш бергендери бар. Арабдарга Кудай нефтини берип коюптур. Бирок алар аны бирөөгө энчилеп берип салбай, кожоюн бойдон калды да. Акылсыз адам оокатын алдатып иет дегендей, бизде бүт баары туура эмес саясатка барып такалып атат. Эгемендик эмнеден башталат? Адам тамак ичип турбаса, энергия булагы жок, ачкадан өлөт. Мамлекеттин энергия булагы – жанагы «Газпром» иштеп аткан нерсе. Экинчиси, адамдын үйүндөгү муздаткычы жана сүрсүтүп койгон эти – Бажы союзу. Бажы союзубузду койгонубуз, демек, энергия булагыбызды берип койдук деген кеп. Үйдөн кетип атканда кулпу илип кетесиң, тынчырак болсун деп. Ал – киргизип койгон аскердик база. Адамдын жанын кыймылдаткан – кан тамыры. Ал – акча каражат саясаты. Аны дүйнөлүк банкка берип койдук. Премьер министрибиз айтат: дүйнөлүк банктын рекомендациясы менен биз бүгүнкү бюджет маселесин кабыл алдык деп. Өкмөт эмне, НПОбу? Анда өкмөттүн эмне кереги бар? Эс тарта элек балаңа акча берип, базарга жиберсең, аны тономок турсун, өлтүрүп кетиши мүмкүн. Сабатсыз эл эгемендикти түшүнбөй жатат. Ушунун баарын карапайым калкка түшүндүрүшүбүз керек.

Сегиз жылдай шайлоодо жүрбөймбү, мына эки шайлоого катыштым. Шайлоолорго кеткен оокатты мен Москвада тытынып жүрүп тапкам. Бир четинен академик Шатиловдун кеби намысыма тийди. Жаш кезимде мен деле Москвадан кетким келген эмес. Биринчи жолу Американы көргөндө калып калгым келген. Анда 20 жаштагы баламын, 30 жашта деле көптү түшүнбөдүм. Анан көчөдө калып калган кыздарды, балдарды көрдүм, баягы эле менин кыргыз бир туугандарым экен. Жаман нерсе тез тарап, жакшы нерсе көптө тарайт экен. Мен бизнесмен болуп мактанып, Бабанов Өмүрбек экөөбүз чогуу бүткөнбүз окууну, чай ичкени Италиядан жолугабыз. Элдин өкүлүбүз деп мактанабыз, анан баягы жаман нерсени көргөндө эле кыргыздар ушундайсыңар деген сөз чыгат. Ошондо түшүндүм: жаман нерсе бат тарай турганын. Көрсө, билип туруп кылбай койгон Кудай астында да күнөө экен, ошону түшүнгөндөн кийин ички дүйнөмдө күрөш жүрө баштады. Үй-бүлөм мага каршы чыкты. Бир туугандарым каршы чыкты. Оокат жагынан алганда оор экен. Өмүрбекке чалып, мен деле депутат болоюн десем, коомдук кызыкчылык артта калып, баары топтордун гана кызыкчылыгындагы негизге таянган система түптөлүп калыптыр. Ошондуктан мамлекет кызматкерлери бизнес кылганды токтотушу керек. Мамлекет кызматкеринин кызыкчылыгы – бул мамлекеттин казынасын түптөө. Бирок эл да мамлекеттик кызматкерлердин турак-жайын салып берип, айлыгын төлөп, багышы керек. А бизде жогорку деңгээлдеги адамдар мамлекеттин казынасына ишенбей, элине ишенбей, эпчилдикке үйрөнүшкөн. Түпкүлүгүндө: ар кимиси өз кызыкчылыктарын гана коргойт. Бийлик ресурсун колдонуп, башка өзүнө атаандаш бизнесмендерди баса калышат.

Кыргызстанда иштеген бизнесмендерге эстелик коюш керек, себеби азыр өлкөнү бизнесмендер анан мигранттар багып аткан кез. Мамлекет өз миссиясын аткарбай калган. Мамлекеттик экономика жок десек болот. Эгерде 1,5 млн адам сыртта жүрсө, кайдагы экономика? Биз жанагы ортомчул мамлекет болуп эле, Кытайдын ары-бери ташыган оокатынын эсебинен эпчилдик кылып атабыз. Бизде кен байлыктарды туура иштетүү саясатыбыз жок. Билим берүү саясатыбыз жана тышкы-ички саясатыбыз жок. Азыр өкмөттүн ушунчалык сабатсыздыгы, билими жоктугу эмнеден келди? Россия-Кыргызстан фондун түздүк. Бажы союзуна кирдик. Улуттук кызыкчылыкта достук болбойт. Путин саясый таасирин күчтөндүрүү ниети менен бул демилгени көтөрдү. Белоруссия энергия булагын арзан алыш үчүн атайлап, ошого шарт коюп кирди, Лукашенко кыйын киши. Казакстан экономикалык шарт койду, биз эмне шарт менен киргенибизди билбейбиз.

Мен өзүм эл аралык экономисттер союзунун мүчөсүмүн. Глазев, Казаченко, Бердниковдун баарын тааныйм. Ошолор коллегияга келгенде мага күлүшөт, силер ак кагазга кол коюп атканда… аялы менен күйөөсү да кичине соодалашат экен, эмнеге ушунча ак көңүл калксыңар? Темир Сариевди президент болосуң деп мактап койсо, ал да лып этип кол коюп, сүйүнгөн бойдон кетти, бул эмне деген шумдук деп, мына орустун эксперттери кеп кылып калышат.

Ушул кемчиликтердин бардыгы билим, маданият жагына такалат экен. Оокат кылыш үчүн сыртка чыгып кеткен жаштарда күнөө жок, мен 30 жашымда да бейкапар болчумун. 40 жашка чыкканда анан ойлоно баштадым, ошондо да намысыма тийгенде. Карасам карындаштарым каза болуп атат, Кавказдын жигиттери өзүнүн улутташ кыз-келиндери өлүп атканын гана эмес, бирөөнүн машинасына түшүп калса, чуркап келип бычакташа кетет. А биз өлүп атса да көрмөксөн болобуз.

Америка, Европага барып келип, мен да кыйынмын деп жетине албай, балам менен Москвага аэропортко түшсөм балам уялып калыптыр. «Ата, туалетке кирбейм, кыргыз кыз жууп атат»,- дейт. Карындашым байкуш намысты унуткан. Ошого 300 доллар алып, Баткендеги бир тууганын багып алайын деп, ар-намысын түшүрүп ийген. Ушуну көрүп отуруп, мен балдарыма кыргызмын деп мактанам? Ушул ичимдеги күрөш мени баягы түшүмө кирбеген саясатка алып келип такады. Саясат көрсө, өзүм Афганистанда катышкан согуштан да жаман экен. Согуштан атышып атып билчүмүн, душман ким экенин. Бул жактан саясый тажрыйбам жок кезде, кимдин ким экенин билбей, катуу сүйлөп коюп, өгөй бала болуп калдым өзүмдүн бир тууган элимдин ичинде…. Ошондо өзүмө өзүм айттым, кой, андан көрө бирөөнүн жакшы жагын айтсаң дос кыласың, жаман жагын айтсаң душман кыласың, эң мурда өзүмдү түздөйүн, Кыргызстандагы билбеген көйгөйлөрдү билейин дедим. Саясат кандай оор иш экенин ошондо түшүндүм. Бул деген ушунчалык көп нерсени айкалыштырып барып түшүнүүчү нерсе экен.

Ар бир адамдын кадыр-баркы өзү үчүн ыйык. Андыктан ар ким менен кадыр-баркына жараша тил табыша албасаң, Кыргызстан бирикпейт. Эмненин негизинде биригет эл? Жалпы баалуулуктун негизинде. Ошол үчүн силерден өтүнөм, ушундай уюмдарга саясатчы катары эмес, жөн эле бир инсан катары аралаштырып тургула. Бири-бирибизди тарбиялайлы. “Мекен ынтымагын” мен эмне үчүн сактап жүрөм? Мыйзам деген мыйзам. Адамдын жалпы жашоо эрежеси бир келишимде бекитилет. Аны бузсак, жаңжал чыгат. Ошол үчүн мыйзам деп конституцияны бекитебиз. Конституция чегинде, партиялык жол менен жанагы саясый ишмердик кылыш керек деп жазылыптыр. Башка жолу болсо, башка жол менен бармакмын. Биринчиден өзүм мыйзамдуулукту көрсөтөйүн деп, партия түзүүгө аргасыз болдум. Карапайым элдин, жаштардын, интеллигенциянын саясый үнүн жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Партия ача алышпайт, ал каражатты талап кылат. «Мекен ынтымагын» ошон үчүн сактап келатам. Интеллигенциянын, бизнестин өкүлдөрү кирип, элден ишеним алалы. Бийлик – бул ишеним. Ошол ишенимдин негизинде жанагы биз айтып аткан маселени илимий деңгээлде түшүнгөндөн кийин ишке ашыралы.

Бюджетти бөлүп атканда токтом кабыл алынат. Аткаминерлердин маселелери көтөрүлөт. Бизнесмендер салыгын төлөгөндөн кийин, саясый ишмерлердин ички саясатына аралашууга тыюу салынат деп, токтомдорду чыгарыш керек. Бизнесмендердин көпчүлүгү саясатка аргасыздан барып атышат. Эртеңки күнү тоокканамды баса калбасын, эптеп 20 жыл түптөгөн эмгегим талаага кетип, үй-бүлөм көчөдө калбасын деп. Кыргызстанда бизнес түптөш кыйын. Ошон үчүн саясый деңгээлде иштейм дегендер барат, илимий өкүлдөр барат бийликке. Баарыбыз саясатчы болуп кеттик – түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да. Чыныгы саясат жок, мамлекетти коргоо саясаты жок.

Долбоордун демөөрчүсү «Сармерден» рестораны

Жеке кызыкчылыктын негизиндеги саясат бар. Маркстын теориясы жакшы эле болуптур, комунисттер эмнеден жеңилип калды? Капиталисттерге каршы чыгып, сегиз сааттык жумушту, аялдын укугун көтөрүшкөн. Маркс еврей болгон да, класстык согушту баштап, дүйнөгө тараткандан кийин, капиталисттер да коркуп, адамдан амал качып кутулбайт экен, булар социал-демократ болуп кетишти. Коммунисттик идея бүт дүйнөгө тарады. Ленин ишке ашырып, дүйнөдө болбогон коммунисттик мамлекетти түптөгөндө, эки ката кетиришкен. Руханий жакты, мечит, чиркөөлөрдү талкалап койгон, анан жеке менчикти алып ташташкан. Союздун жеңилгенин билип туруп, Кытай жеке менчикти киргизди, бирок коомдук кызыкчылыкты алып калышты. Жер-сууну Кытай өкмөтүнөн ала албайсың. Андан кийин буддизмин, Конфуций дөөлөтүн киргизип коюшту. Мына азыр соода согушун, саясый согушун, социал-демократтарды Кытайдын КПКсы жеңип атат.

Дүйнө бир орунда турбайт экен. А бизчи? Дүйнө тырышып, алдыга кетип баратса, биз мигрант болобуз деп калдык. Мамлекеттин кереги жок деп калдык. Бул калк убакыт ченеми менен жоголо турган калк. Кыргыз жоголбойт, Австрияга барсак деле мал багып, бизнесмен болуп, жүрө беребиз. Бирок мамлекет катары … 8 млрд эртең 9 млрд болот. Жер ресурсу, суу ресурсу жетпей атат. Ушунун баарын көтөрүшүбүз керек. Биз айтсак, кызганчаактык кылып, бийлик талашуунун негизинде, бир кызды эки жигит талашкан болуп калышыбыз мүмкүн. Интеллигенция айтса угулат. Ал үчүн биринчи интеллигенция өзү биригиши керек. Жети дубандын 200-300 интеллигенти бириксе дейм. Мен Олжокеге айтып жүрөм, келгиле, интеллигенция бириккиле. Өзүңөр бир съезд өткөрүп, депутат болсун деп, эки-үч өкүлүңөрдү кошуп бергиле. Бир тыйын албай саясатка чыгарайын. Биринчи ошол интеллигенция чечимге келгиле. Мен келип өзүмдүн уставымды киргизе албайм да. Мени Москвага барып, оокатыңды кылчы деп коюшу мүмкүн. Бизнесмендер өздөрүнүн бир чечимин чыгарсын. Ошондо Кыргызстан өзгөрөрүнө он эсе көзүм жетип турат.

Ататүрк болбогондо Түркия азыр калбайт болчу. Ататүрк өзү аскер кызматкери болсо да, жок дегенде азыркы Түркияны сактап калууга «Лазанское соглашениеге» барган. 3-4 жылдан кийин ал макулдашуу бүтөт. Ошону Эрдоган аябай күтүп атат. Бирок англосаксондор ушундай кыйын, дагы бир интрига киргизип атышат. Эптеп Түркияны дагы бир жаңжалга киргизе коюп, анан согуш чыгарып, айласыздан кылтакка илүүнү улантыш керек. А Кытай эмне кылып атат? Мурда Англия, Франция, Россия … дүйнөнү Африкага чейин бөлүп алышкан. Кытай тарыхтан жыйынтык чыгарды. Убагында англичандарга булар Гонконгду берип коюшкан. Алар ойлоду, ушул аралдын эмне кереги бар деп. 100 жылга берип коюп, Кытай саясаттан, соодадан утулуп калган. Эмне үчүн? Гонконгду алганда англичандар келип порт салган. Бул сооданын дарбазасы болгон. Англичандар Кытайдын 100 эсе оокатын шыпырып кетишти. Кытай ошону билип, ошол эле англосаксондордун ыкмасын үчүнчү мамлекетке колдонуп атат. Акча берет, акчаны жөн бербей шарт менен берет. Ошентип отуруп, Африкага чейин басып алды. Муну «кредитно-инвестиционный лояльность» деп коет. Биздин чоңдор, билермандар экономикалык багытын таппай, аргасыздан социалдык маселелерди чечүү үчүн ошого барууда…

Кытай эми маданият жагына кире баштады, окуу-билим жагына. Эртеңки күнү орустар жакшы дегендей, коомдо Кытай жакшы дегендер чыгат. Көрдүңөрбү, Кытай өзүнчө колония мамлекеттерине айландырып атат. Эч жерде бекер оокат болбойт. Ушунун баарын өтө чоң деңгээлде чагылдырып көтөрүшүбүз керек. Болбосо келечек муундун алдында, тарых алдында биз чоң күнөөкөр болобуз. Интеллигенция катмарына менин моралдык укугум жок. Суранарым эжеке, сиз өзүңүз баштап, бир туугандарым баштап, мына бизнесмен бир туугандар Бишкектин деңгээлинде, анан областтын деңгээлинде көбүрөк көтөрөлү. Мен юридикалык жактан саясый партияга салып берейин. Беш депутат болобу, барсын. Ошондо Кыргызстанда өзгөрүү болот. Болбосо жанагындай болуп атпайбы. Кээ бир бизнесмендер депутат болоюн деген деле ою жок, аларды чакырып алып киргизишет. Аскар Салымбеков байкебиз деле саясатты көрөйүн деген көзү жок болуш керек. Аларды тек капчык кылышат. Анткени бийликтин эң күчтүү жагы – каражат, бюджетте отурушат. Бийлик өзүнүн күчтүү жагына тартат. Ошон үчүн жанагы биометриканы киргизип, коммерциялык демократияны киргизип коюшту. Ошон үчүн элибиз ага материалдык жактан алданып калат.

Кайсы жак менен күрөшүш керек? Бийликтин алсыз жагы менен. Бийлик интеллигенциядан, элден коркот. Элдин өзүнөн эмес, түшүнүгүнөн коркот. Албетте, Кыргызстан башынан өткөрүп аткан кыйынчылыкты көп мамлекеттер басып өткөн. Россиянын кыйналганын көрдүк. Ататүрктүн иштерин изилдеп чыктым. Европа басып өткөн кыйынчылыктарды изилдедим. Рузвельттин Американы чоң депрессиядан алып чыкканын көрдүм. Алакандай мамлекетибизди көтөрүп чыксак болот.

О. Ш.: Үмүт эже, баятан бери Темике геосаясый оюндагы кызыкчылыктарды жакшы айтып берди. Геосаясый оюндарга кандай туруштук беребиз, эмнебиз менен туруштук беребиз?

Ү. К.: Азыркы ааламдашууга бир эле улуттук өзгөчөлүк менен каяша айта алабыз. Улуттук менталитет, улуттук философия, өз алдынчалык менен каяша айта аласың. Башка жол жок. Казактар глокализация дегенди өткөрбөдүбү. Локализация – кичинекей улуттун кызыкчылыгы, глобализация экөөнү достоштуруп эле, өзүңдүн артыкчылыгыңды ааламга айтышың керек. Өзүбүздүн артыкчылык кайсы? Бизде укмуштуу пирамида курган жок ата-бабаларыбыз, хан сарайларды таштаган жок. Анткен менен руханий байлык таштап кетишкен. Биз бир гана руханий байлык менен башкаларды кызыктыра алабыз. Менин көзүм жетпей атат, кандайынан… мисалы, «РухЭштин» алдындагы «Чеч-Дөбө» кеңешинин чечими кылып сунуштарды берсек, уга турган киши барбы? Мага бийлик дүлөйдөй сезилет.

О. Ш.: Жакында дагы бир ушул «Чеч-Дөбө» жана «Кереге» кеңешинин чоң жыйынын уюштурабыз. Буюрса, жакын арада.

Ү. К.: Ошондо интеллигенцияны дагы тартып, сунуш кылып берсек. Ата-бабабыздан биз руханий байлыкка басым жасаган элбиз. Кийинки муундун руху жарды болуп калды. Жан дүйнөсүндө хаос. Мен жанагы динден аябай корком. Бизде эле 72 агым бар экен. 72нин ар бири меники туура дейт. Премьер кезинде Чудиновду окутуп калдым, Игорь Витальевич, кандай десем, Кудайга шүгүр деп калат. Ошол бир сөз айтты да. Чыңгызхандын эң чоң кемчилиги орустардын динин калтырганы дейт.  Динин жок кылышы керек болчу, ошондо бүт ээлемек дейт. Дин бул өтө күчтүү курал. Ошол дин, ишеним духту да көтөрөт экен, баатыр да кылат адамды. Биздин классикалык динибиз кайсы болуп калды, билбей калдым мен азыр. Теңирчилер менен исламчылар ит айтпаган сөз менен, оозго алгыс маданиятсыз сөздөр менен айтышып, согушуп атат. Соцтармактарды карап, көзөмөлгө алган киши жок.

Т. А.: Таблиг жамаат деген агымга Россияда, Түркияда, Казакстанда тыюу салынган. Бул Пакистандын платформасы, англосаксондор каржылайт. Дин – бул чоң согуш. Дин согушунун багыты Сирияда кагылышты. Сирияда үч багыт кагылышты: Түркиянын таасири, Пакистандын таасири, Арабдардын таасири. Мусулман өлкөдө ошол эле мусулман багытындагы үч күч келип кагылышты. Анын артында кимдер турат? Англосаксондор, Россия турат. Ленин айтпады беле, дин бул апийим деп. Бул апийимсиз да жашай албайт адам. Дин маселесин еврейлер туура колдонушат экен. Иудаизмди тапкыча Моисей айткандай 2,5 миң жыл укпай коюшкан. Бул багыттан чыкпасаңар ханафиттей акыры жериңерди тартып алат десе, булар эпчилдик кылып оокатка кызыгып, ханафиттер ыйык жерден кубалаган буларды. 2,5 миң жыл кыдырып жүрүп, аягында руханий байлыгын табышкан, иудей жана иудей эмес деп. Бул оор маселе. Мусулмандыктын жакшы жагын Татарстан алып кетти. Ал сөзсүз керек болчу. Мамлекет мунун адептүүлүгүн тарбияласын, кайрымдуулугун, соопчулукка бере турган жактарын мамлекет сөзсүз түрдө көзөмөлгө алышы керек.

Ү. К.: Албетте, дин керек.

Ж. А.: Дин деген Кудайга жакындоонун жолубу? Азыркы динчилдерди карап туруп, ушундай суроо туулат. Сүйлөгөн сөздөрүн, жүрүш-турушун карасаң, Кудай менен эч кандай жалпылыгы жок эле караңгы бир дүйнөдөй көрүнөт мага.

Т. А.: Европадагы крест жүрүшү чиркөө менен бийликтин бийлик талашы болгон. Ислам дини өтө жаш дин. Суниттер менен шейиттердин айырмасы аз эле, бирөө беш маал намаз окуса, бирөө үч маал намаз окуйт. Бирөөлөрү жалгыз пайгамбарды кабыл алса, бирөө бир нече пайгамбарды кабыл алат. Бирок католик дүйнөсү менен православие мусулман калкын ушунчалык тытыштырып койгон. Дин бул кээ бир мамлекеттерде конституция. Араб өлкөлөрүндө шарият — конституция. Мамлекет жакшы, жаман жактарын талдап туруп, туура жолун албаса, кыска мөөнөттө бул кыйынчылыктан чыга албайбыз.

А. Ж.: Дин Кыргызстандын тарыхында 90-жылдары позитивдүү ролду ойноду. Кандайдыр бир деңгээлде көп жаман адаттарды ооздуктады. Бирок азыр коркунучтуу жагы бул болуп атат: айылдарда билим берүү саясаты жакшы жүрбөгөндүктөн, мугалимдердин кадыр-баркы жоктугунан улам – азыр жакшы адам болуунун, өзүн өзү табуунун тек жолу бул дин деп кабыл алынып калды. Ошондуктан биз, мугалимдер, өзгөчө билим берүү тармагында жүргөндөр айтышыбыз керек: дин белгилүү бир деңгээлде дурус нерсе, бирок өзүн өзү табуунун, жакшы адам болуунун тек жолу эмес, көп жолдун бири деш керек. Беш маал намаз окубаса же динге ишенбесе, анда ал начар адам деген сыяктуу түшүнүктөр кабыл алынып калууда. Бул өтө коркунучтуу. Диний аалымдар бул негизги жол деп айтышат, а биз айтышыбыз керек: «Жол көп: психология, өзүн таануу, илим, философия ж.б. Ошондуктан диндердин тарыхын келечек муунга терең таанытышыбыз керек. Жаштарыбызга дин бул – адамзатты таануу жолунун, коом таануу жолунун, өзүн өзү таануунун бир гана салаасы, тек жолу эмес» деп баса белгилеп айтышыбыз керек.

Т. А.: Биринчиден, мамлекет жетекчилери динге келип аткан акча каражаттарынын булагын токтотушу керек. Кепилдик берем, Чубак ажы дароо өзгөрөт. Ал акчаны өзүбүз көзөмөлдөгөндөй болушубуз керек. Экинчиден, ошол акча каражатты берип атканда, биз саясый тапшырма коебуз: саясатка аралашпайсыңар, адептүүлүк, кайрымдуулук иштерин кылып, аракеч, бузулгандарды тарбиялайсыңар.

А биз өзүбүздүн экономикалык багытты түптөбөй, үй-бүлөбүздү, балдарыбызды бага албай, кошунага тапшырып койгондой болуп атабыз. Анан албетте, чөнтөгүңдө канча оокат болсо, ошого жараша кыймылдайсың. Жана Үмүт эже айтпадыбы, Кытайдын саясатын: биз тышка ачыкпыз, ичке жабыкпыз деп. Конфуций ошонун негизинде түптөлгөн. Экономикалык багыты да, билим берүү тармагы да ошонун негизинде түптөлгөн. Жакшы үйдө конок бийлебейт, кыргыздын макалын кайталайын. Эч жерде бекер оокат болбойт. Кыргызстандын экономикалык потенциалы бир топ күчтүү. Биз билимге аябай жөндөмдүү, намыскөй калкпыз. Кыйналсак да, көп нерсени айтпайбыз. Бул генетикалык жактан каныбызда калган.

Кудай берип койгон суу да, жер да турат. 1,5 млрд эли бар Кытайдын базары турат, алар эмнени гана сатпа, жейт. Азыр тамак-аш күрөшү жүрүүдө. Бизде дары-дармек чыгара турган чөптөрдү өстүргөн колхоздор болгон. Союз убагында суу май, шекерден бери экспорт кылганбыз. Болгону туура саясат жетишпейт.

Маектин соңу

Жазып алган Жетиген АСАНБЕК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.