Асанов Эшимкул, (22. 12. 1956-21. 08. 1986)

Ата теги: Солто ичиндеги Бешкүрөң деген уруктан Мааке-Алдаберди-Койгелди-Көккөз-Бекбоо-Эралы-Султан-Асан-Эшимкул

Спортко маш,  ыкчам элең ар иште,
Адатыңча эрте жеттиң финишке.
Ай,  Эшике эмне себеп болду экен,
Ала жипти алтын башка илишке.

Эши бизге 3-класстан келип кошулду.  5-6-класстан баштап ымалабыз жакындап,  ошондон баштап кайран досумдун көзү өткөн күнгө чейин бири-бирибизге жаман сөз айтпай,  бактылуу балалыгыбызды,  жалындаган жаштыгыбызды бирге өткөрдүк.   Досчулуктун өтөсүнө чыккан,  жолдошчулукту баалай билген,  жүргөн жери тамаша күлкү,  куйкум сөздүү, оттой жанган кара көздүү,  кайран гана кан досум,  адамзаттын асылы эле.  Тагдырга айла жок экен,  кырктын кырына чыкпай бизди таштап кете берди.   Анын ар бир сөзү,  кыймылы көз алдыда болсо да,  айрым кана жоруктарын кагазга түшүрдүм.

Түшкө кирсең куса болуп,  сагынганым сеземин,
А өңүмдө жоктугуңа,  келбесиңе көнгөмүн.
Оо,  Эшике чогуу көрдүк жакшы күндүн неченин,
Эми сездим жаштыгымды өзүң менен көмгөнүм.

Эши Ысык-Атанын автобазасында айдоочу болуп иштеп жүрдү.   Ошол жылдары бензин тартыш болуп калды.   Кечинде автобазага токтотуп койгон жеринен бири-биринин бензинин багынан соруп кетмей адатка айланды.   Тыңдары бактарына кулпу сала башташты.   Бир нече жолу бензинин алдырган Эши,  бир күнү чарба дүкөнүнөн 5-6 кулпу сатып алып,  бирөөсүн өзүнүн багына,  калгандарын бирден ачкычтарын чыгарып калып,  кабинасына унутуп кеткен киши болуп таштап коёт.  Эртеси келип караса,  баягы кулпулар жок,  ичинен кымылдаган Эши эки-үч күн байкап жүрүп,  баягы өзүнүн кулпулары кайсы машиналарга салынганын билип алат.   Бензиним түгөнө баштаганда тигилерден кеч калып  же эрте келип уурдатып жүргөн бензиндеримди кайра албадымбы деп күлдүрдү эле.

*   *   *

Бир күнү автобазанын шоопурлары чогуу иштеген корей жигиттикине конок болушуп,  талаанын четинде кызарта  калемпир-мурчка аралаштыра куурулган күчүктүн этин закуска кылып отурушса,  ар жактан койлорун айдап бир кыргыз жигит келип калды дейт.   Кел деп  арактан куюп беришип , закускадан алдырып  сыйлап киришет.   Эч нерседен капарсыз жигит:

— Оо,  аябай байланган кой экен ээ,  кабыргасы ичкерип калыптыр, — деп  тамшанып отуруп куурдактан тоё жейт.  Тойгондон кийин арасынан бирөө:

— Ии жигит,  эт жактыбы,  күчүктүн  эти ушундай даамдуу болот, –десе,  баягы жигиттин өңү бир башкача болуп:

— Эми эмне болот, эч нерсе болбойбу?— десе Эши:

— Эч нерсе болбойт коркпо,  бирок мындан кийин бир бутуңду көтөрүп сийип каласың, —деп жооткоткон экен.

Төрөгелди Асанбек уулу, (1971-2012)

Ата теги:  Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Атабай-Түлкү-Белек-Койсойбос-Сырымбек-Түлөбай-Токсонбай-Асанбек-Төрөгелди.

Төрөгелди таякеси Оңолбек сыяктуу эч кимден тайманбай, кезеги келгенде кепти шар айткан жигит эле.   Өмүрү кыска экен, арабыздан жаш кетип калды.   Анын айрым курч сөздөрүн чогултуп жүрдүк эле…

*   *   *

Катуу  ичип келгендин эртеси Төрөгөлди аялына экинчи ичпейм,   экинчи ичсем бетимди караба деп катуу карганды.   Түштөн кийин кайра мас болуп келген Төрөгелдиге аялы:

— Эй,  бети жок,  эртең менен эле карганып жатпадың беле,  экинчи ичпейм деп,  эмне мас болуп алгансың темтейип, —десе:

— Кудай урсун,  мен экинчи ичкен жокмун,  биринчисин Жанек,  экинчисин Орусбай ичти,  мен үчүчүсүн ичтим, —деп кутулуптур.

*   *   *

Зарылбек элдин коюн багып күндө Беш-Салаа,  Байтерек-Булак деген жерлерге жайчу.   Бир күнү бир апанын ашында жылкы союлуп,  этти тейлеген Зарылбек этти буздуруп балдарга ташытып жүргөн.   Жылкынын ичи жарылып казысын Зарылбек көтөрүп алып:

— Байке,  казыны каякка жаям? – деп үй ээсинен сураса,  эт чаап аткан Төрөгелди:

— Беш-Салаага жай, — дегенде күлбөгөн эл калган жок.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.