Абхаз эл жомогу: Мелдеш

Балдары ар кай жакк тарап кетип, карыганда жалгыз калган кемпир-чал сүйлөшүп отурганда абышка олуттуу түрдө мындай дейт: — Баягы эле сөздөрүң кемпир, сүйлөшө турган кебибиз деле калган жок окшойт, анын үстүнө оозуңду ачсаң эле үшкүрүк чыгып, балдарыңдын таштап кеткенин, келиндериңдин жаман экенин айтып баштайсың. Уккум да келбейт андай сөздөрүңдү. Кел ошон үчүн унчукпас ойнойлу. Ким биринчи үн чыгарса ошол эртең торпокту аркандап, уйду токойго айдап барып откорот. — Макул, — деди кемпир. Ошентип мелдеш башталды. Кемпир үйдө отун жок экенин […]

Мурза ГАПАРОВ: Буурул түндө туулган кыз

АҢГЕМЕ Абышка бир айдан бери сегиз жашар небереси менен Арсланбаптын түнт токоюнун адам буту басып бара элек жапайы төрүндө жаңгак терип жүрдү. Ал бул токойго жыл сайын келет. Бирок дайыма жалгыз. А бу жолу картаң бээсине учкаштырып, өткөн жылы кургак учуктан каза тапкан кызынын жалгыз баласын да ээрчите келди. Антпесе, жаш баланы алыскы тоо этегиндеги, ээн эски тамга жалгыз калтырып кетүү мүмкүн эмес эле. Кеч күз болучу. Ой-кырын токой баскан тоолор, саргара бышкан бариктерден улам, вулкандар сыяктуу жалындап турат. Жаңгактар […]

Олжобай ШАКИР: Улан – чындыктын, абийирдин символу

Ие, кайран баатыр, баарыбыз сага карап түзөнөр болдук мындан кийин! Тилин тишине катып жүргөндөр көп бүгүн. Сенин өлүмүң ошолордун абийирин козгоор өлүм болду. Сени өлдү деген суук кабар элди аралап, жүрөгүн ойготту. Баатырдын өлүмү гана элди ушинтип термелтмек. Манастын чыныгы урпагы белемсиң, Улан! Сенин өлүмүң канчалардын уятын козгоп туру бүгүн! Заман өз баатырын ушинтип жаратып келген, жарата берет. Жараткандын кудурети элибизди эсиңе кел деп, сенин өлүмүң аркылуу эскертүү бергениби бул?! Мамлекеттик машинеге сенчелик каршы чыгып, сенчелик тобокелчиликке баш байлаган эр-азаматтар […]

Габриэль Гарсиа Маркес: Менин муң-зарлаш шуркуяларым

<<<<<<<<<<<<<<<Башы ПОВЕСТЬ Дүкөнчөнүн дубалына илинген лампа алсыз жарык чачат, текчелерде буюм көрүнбөйт, адатта Роса өзүнүн чыныгы ишмердүүлүгүн жашыруу үчүн ал жерге ар кандай буюм-тайымдарды коюп койчу эле. Мен асте басып киргенимде, Роса Кабаркас кардарын узатып жаткан экен. Ал мени чындап тааныбадыбы же таанымаксан болдубу, айтор көрмөксөнгө салды. Орундукта анын бошошун күтүп олтуруп, өткөндөрдү эске түшүрүүгө аракет жасадым. Ал дагы, мен дагы каныбыз кайнап турган жаш чагыбызда бул аял өзү да мени эки жолу бейишке чыгарган болчу. Роса ойлорумду окуду көрүнөт, […]