<<<<<<<<<<<<<<<Башы

ПОВЕСТЬ

Дүкөнчөнүн дубалына илинген лампа алсыз жарык чачат, текчелерде буюм көрүнбөйт, адатта Роса өзүнүн чыныгы ишмердүүлүгүн жашыруу үчүн ал жерге ар кандай буюм-тайымдарды коюп койчу эле. Мен асте басып киргенимде, Роса Кабаркас кардарын узатып жаткан экен. Ал мени чындап тааныбадыбы же таанымаксан болдубу, айтор көрмөксөнгө салды.

Орундукта анын бошошун күтүп олтуруп, өткөндөрдү эске түшүрүүгө аракет жасадым. Ал дагы, мен дагы каныбыз кайнап турган жаш чагыбызда бул аял өзү да мени эки жолу бейишке чыгарган болчу. Роса ойлорумду окуду көрүнөт, себеби артка бурулуп, мага тигиле тиктегенде, тынчым кете түштү. “Мезгил сага тийбептир” деди ал муңайым үнү менен. Ага жагынгым келип мындай дедим: “Сага болсо тийиптир, бирок жакшы жагына өзгөрүпсүң”. “Мен чынымды айтып жатам, — деди ал, — өлгөн жылкыныкындай болгон бетиң атүгүл жандана түшүптүр”. “Бул балким, менин башка үйүрлөрдө отоп жүргөнүмдөн улам болбосун”, — мен чымчып өттүм. Ал серпиле түштү: “Эсиме жара чыкпаса, сенин алигиң мыкты болчу. Азыр аныңдын абалы кандай?” Мен анын бул суроосуна жооп берген жокмун. “Сени менен көрүшпөй калгандан бери бир гана нерсе өзгөрдү, кээде арт жагым өрттөнүп жаткандай сезилет”, — дедим мен.

Ал дароо эле мунун себебин таба койду: “Анда демек ал жагыңды аз пайдаланып жатыпсың”. – “Ал жагымды Кудай кандай максатта жаратса, ошол үчүн колдоном, — дедим мен, — бирок чынымды айтсам ошого деле сейрек, ай толгондо гана жарап калды”. Роса сандыгын аңтара баштап, андан арника чөбү жыттанган жашыл майы бар кичинекей кутучаны алып чыкты. “Кызга мына моминтип сыйпап бер дейсиң” деген Роса мага колу менен уятсыз кыймылдарды көрсөттү. Мен ага азырынча кудайга шүгүр, анын көрсөтмөлөрүсүз эле жашай аларымды айттым. Роса мунума мурдун чүйрүп, дароо сөздөн ишке өттү.

“Бийкечиң саат ондорго келет, — деди ал. – Ал сулуу, таза, тарбиялуу кыз, бирок корккондон жүрөгү айрылчудай болууда, себеби Гайрадан келген жүк түшүргүч менен качып кеткен курбу кызы эки саат кансырап жатыптыр. Бирок бул да түшүнүктүү, гайралыктардын бул жактан даңкы алыска кеткен, алар эшекти да… Роса кайрадан ишке өттү: — Бечара кыз мындан тышкары фабрикада топчу кадап да иштейт”. Мага бул анчалык оор иштей сезилбеди: “Минтип эркектер ойлойт, — Роса каршы болду, — бул таш тешкенден да жаман жумуш”. Анан кызга бромид дарысы кошулган тынчтандыруучу дарыдан берип койгонун, ал азыр уктап жатканын айтты. Мен Росанын мунусун кыздын баасын көтөрүү үчүн жасаган айла-амалы деп түшүндүм. – Жок, — деди ал, — менин ар бир сөзүм алтын, баары сүйлөшкөнүбүздөй гана болот, ар бир көрсөткөн кызмат үчүн төлөйсүң. Мына ушундай.

Росанын балбырап бошошкон терилерин карап мен да кошо жумшарып анын артынан короого карап бастым, ал жөнөкөй пахтадан жасалган байпак кийип, шишиген буттарын араң шилтеп басып баратты. Толгон ай асмандын дал төбөсүнө келип, мындан улам дүйнө жашыл сууга чөккөндөй сезим пайда болот. Анын үйүнөн алыс эмес жерде күүчүлөр (музыканттар – кот.) үчүн пальма дарагынан жасалган секиче жасалыптыр, секичени айланта тери капталган көптөгөн орундуктар коюлуп, илинген асма селкинчектер да турат. Бүткөн жеринде жемиш дарактары тигилген бак башталган короодо акталбаган кирпичтен жасалган галерея орун алып, анда терезелерине темир тор тосулган алты уктоочу бөлмө жайгашкан. Жалгыз бош эмес бөлмө жарым-жартылай караңгы, радиодон Тоня-Негритянка бактысыз сүйүү тууралу ырдап жатат.

“Болеро – бул жашоо” деген Роса Кабаркас терең дем алды. Буга макул болсом дагы бул тууралу эмдигиче жазууга эрким жетпеди. Ал эшикти ачып бөлмөгө кирди да дароо эле кайра чыкты. “Дагы деле уктап жатат”, — деди аял.  – Кыз каалашынча уктап алышына тоскоол болбосоң жакшы иш кылган болосуң, сенин түнүң аныкынан узунурак”. Мен эмне кыларымды билбедим. “А сенин оюң боюнча, мен эмне кылышым керек?”. – “Өзүң түшүнөсүң, — деди ал токтоо гана, — ошон үчүн акылмансың”. Муну айткан Роса мага далысын салып, мени шумдуктуу көрүнүшкө жалгыз калтырып чыгып кетти.

Качаарга жер да жок болчу. Жүрөгүм кабыган атып кетчүдөй болуп бөлмөгө кирдим да уктап жаткан кызды көрдүм. Ал энеден туума жылаңач болуп, килтейген чоочун керебетте жатыптыр. Кыз эшик жакты карап кыйгачынан жатат, ал бүт денесин калтырбай көрсөткөн жогорудан түшкөн жарыкка бөлөнүп, капарсыз мемирейт. Мен керебеттин четине олтуруп, дубалангандай таңкаларлык сезим менен кызды карай баштадым. Кыз кара торусунан келип, денеси жыпжылуу экен. Аны жуунтушуп, чекесинен баштап, уяттуу жериндеги назик тармалына чейин таптаза кылып даярдашыптыр. Чачтарын тармалдатышып, колу-буттарынын тырмактарын табигый түстөгү боёк менен боёп коюшуптур, бирок кыздын асел түстүү денеси шамалга туурулуп, түлөп кеткендей.

Жаңыдан баш багып келаткан көкүрөгү тырсыйып, эркек баланын көкүрөгүнө окшошот, бирок андан мына-мына сыртка атылчудай болгон жашыруун күч сезилет. Кыздын эң адеми мүчөсү буттары эле, бул буттар жеңил кадам таштайт болушу керек, колдорунун бармактарындай болуп бутунун бармактары да узун жана сезимтал экен. Атүгүл, иштеп жаткан желдеткичтин шамалы астында да кыздын денеси терден улам жылтырайт, түн жакындаган сайын ысык катуулады.

Күрүчтөн жасалган упа менен боёлгон кыздын бетин, жасалма кирпиктерин, карага боёлгон эриндерин элестетип коюңуз. Бирок кийими дагы, боёктору дагы кыздын нукура таза мүнөзүн жашыра албайт эле, анын сыймыктуу түптүз мурунун, коюу каштары менен жакшынакай эриндерин карап мындай дедим: эх, назик музоочом…

Уландысы>>>>>>>>>>>>

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.