Авар эл жомогу: Бай адам майдачыл болбосун

Бир бай минтип көп мактанчу экен: — Мен майдачыл эмесмин, ошондуктан битиреп сары тыйындарды санагандарды көрсөм жиним келет. Мен үчүн элүү туман эмне болуп калыптыр! Эгер анча акча жерде жатса эңкейип да койбойм. Эгер эки жүз туман болсо, башка кеп… Жок! Жок! Эки жүз тумандан бир аббаси эле кем болсо албайм. Мендей бай эч качан майдачыл болбошу керек! Ыгы келсе, келбесе деле минтип мактана бергени айылдаштарын тажатканда аны сынамакчы болушат. Бир күнү байдын келчү жолуна бир аббаси кеми бар эки […]

Сардарбека РЫСКУЛОВ: Саятчылык жана алгыр канаттуулар жөнүндө баян

Куш күйгөн — эригип-зерикпеген, чаалыгып-чарчабаган адамдын иши. Анын жумушу мындай: чыйрак ичке кендир жиптен кадимки балыктын тору сыяктуу эле тор түйөт. Балык тоскон кол тордун бир жак учу туюк болот эмеспи. Куштун, бүркүттүн торлору андай болбойт. Кездеменин эниндей түйүлөт. Узундугу канча болсо мейли. Ашып калганын бүктөп, түрүп таштайсың. Ал эми туурасы өтө эндүү болууга тийиш. Эки метрге жакын. Торду жаярда анын бийиктиги менен тең же анча-мынча ашык, жоондугу камчы саптай төрт же алты узун чыбык кыркылат. Жерге сайыла турган учу […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Тайлак менен Атан төө

АҢГЕМЕ Соорусуна тамга басылган буудан оң капталы бийик жарлуу сайга жеткенде кошкурунуп алды да, тумшугун малып, сууну шорулдата шимирди. Жаныбар үстүндөгү Тажимурзага көк кашка, тунук суунун бетинен башында шоңшойгон ак калпагы бар, кыркма сакал-мурутун ак чала баштаган аксакал аттын жалына эңкейе, суулдурукту бош кармаган тейде тиктеп турду. Ал өзүнүн сууга чагылган көлөкөсүн тааныды. Сай түбүндө жайнаган түрдүү таш, бууданынын муунагына чейин ак жүн каптаган  туяктары да даана көрүндү. Чаңкоосу канган жылкысы баш көтөрүп, ээгинен суу тамчылата бышкырынып койду. Жолоочу тизгин […]