Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын таттуусу – Жан, ачуусу – Өлүм

«Жан» түшүнүгү – адам акылынын албан ачылгасы, турмуштук туу табылгасы, тутунган туур-таянычы болгон. Жаралган нерсени жандаган күч болмогу, бар нерсени бир нерсе коштой жүрмөгү – Жараткандын мыйзамы. Ошол керемет күчтү адамдар «жан» деп түшүнүп, ага арыбас да, карыбас касиет беришкен. Ага «кылдын учунда» деп аяр мамиле жасап, «таттуудан таттуу – жан, ачуудан ачуу – өлүм» деп бүтүм чыгарышкан. «Аа» деген дем менен денге жан кирген, ошол дем менен жан чыккан. Ошентип, сөз жаралган, үн, жан жаралган күн болгон. Ден бар […]

Мээрим КАДЫРКУЛОВА: Шаты

АҢГЕМЕ Таң атты. Күндүн бүлбүлдөгөн алгачкы шоокуму Беловодск айылына кирип келди. Эртең мененки тиричиликтин бака-шакасы башталды. Колхозная көчөсүнүн маңдайында орун алган воскресный базары бүгүн эмнегедир өзгөчө ызы-чуу. Анын үстүнө бүгүн дем алыш эмеспи. Базар күндөрү мында ар дайым элдин кыжы-кужусу, унаалардын күрүлдөгү, малдын маараган-мөөрөгөн добушу өкүм сүрүп турат. Ар ким колундагы керектүү-керексиз оокатын апкелип сатыкка чыгарат: бири кой-эчкисин, бири тоок-моогун, бири чемичкесин, бири картөшкө-пиязын, а дагы бири темир-тезегин… Бир маалда жанагы Колхозная көчөсүндө бойлой тизилген үйлөрдүн биринин тактай дарбазасы “чыйк” […]

Үмүт КУЛТАЕВА: Карама-каршылык — өнүгүүнүн булагы

(же өзүнөн өзүн издеген З.Ажыматовдун чыгармачылыгына айрым штрихтер) Эгемендик жылдарында адабиятка келген жаштардын ичинде көптүн арасынан  башы көрүнүп калган калемгер Зайырбек Ажыматовдун басма беттерине, интернет булактарына жарыяланган ырларын окуган окурман анын акын катары такшалып баратканын байкай алат. Ал көп жаш калемгерлерге таандык сүйүү-күйүү, жаштык-достук темаларына “эзилүүдөн” же жетпей калган сүйүүгө ашмалтайы чыкканча арман айтуудан  (Ю.Тыняновдун сөзү менен айтканда  “сентименталдык адабиятты” айланчыктоодон)  эртерээк бошонду. Анын ордуна олуттуу ой жүгүртүүгө өтүп, изденүү түйшүгүндө чарк айлана чыгармачылыктын ар бир адамга бериле бербеген диалектикалык […]