Укканыбызга караганда илгери Стамбул шаарында Бекри-муйо деген түрк жашаптыр. Ал атасынан көп байлык мураска алганы менен баарын ичип-жеп, шапар тээп жүрүп түгөтүптүр. Акырында колунда эч нерсеси калбаганда аракка берилип кетип, самтыраган кийими менен көчө кыдырып селсаяктык кыла баштаптыр.

Бир ирет аны түрк султаны көчөдөн жолуктуруп, атасынын байлыгын ысырапчылык менен түгөтүп, ушундай деңгээлге түшүп калганы үчүн тилдейт.

— Өз акчамды ичемби, чачамбы сенин кандай ишиң бар! Балким мен сенден байдырмын, кайдан билесиң? Кана айтчы, Стамбулду канчага сатасың? – дейт кызуулугуна салып султанды тоготпогон Бекри-муйо.

Султан Бекринин акчасы жок экенин билсе да, убада берсе андан бирөөлөр колдонуп кетерин ойлогон сактыгы менен мындай дейт:

— Бүткүл Стамбул эч качан сатылбайт, Муйо! Андай эле кыйын экенсиң: анын жартысын сатып ал.

— Болуптур, эртең айткан акчаңды алып ак сарайыңа барам, — деген Бекри-муйо эртеси берген убадасын аткарбайт.

Буга ачуусу келген султан желдеттерине аны алдырып келет. Бекри бул жолу соо болгондуктан коркконунан султандын алдына жыгылып, Стамбулду сатып алмак тургай чөнтөгүндө сокур тыйын акчасы жогун мойнуна алып кечирим сурайт. Султан аны угуп да койбостон өлүмгө өкүм кылып, Муйого акыркы сөзүн айтып калууга уруксат берет.

— О, султан сага мени өлтүрүш чымын чапкандай эле. Өлөр алдында бир өтүнүчүмдү аткарып кой, андан өзүңө да сабак алып калышың мүмкүн, — дейт Бекри акыркы далбасасы менен.

— Айт! – дейт султан ушундан каяктагы акыл деген тейде.

— Өз хандыгыңдагы чөнтөгүндө сокур тыйыны жок эң жакыр кишини, эч нерсе көрбөгөн азис адамды жана эки бутунан тең таптакыр айрылган майыпты алып келип тамакка тойгузуп, шараптан мас болгуча берген соң алардын сөзүн угалы, ушуга уруксат, — дейт Бекри-муйо.

Султан буга макул болуп, ошол эле күнү Бекринин өтүнүчүн желдеттерине аткартат. Жакшылап ичип-жеп тойгон, ылжырап мас болгон соң бул үч киши султанга ыраазылыктарын билдирип турушат:

—  Букараларына куттуу дасторконунун берекесин көргөзүп, ак наны, кызыл шарабы менен сыйлаганы үчүн улуу урматтуу султаныбызды Кудай өзү колдосун, эч кандай жамандык көрбөсүн, — дейт биринчи эле сөз алган азис.

Муну уккан майып капысынан жинденип:

— Эй сокур, көзүң көрбөсө султандын ак нан, кызыл шарап менен бизди сыйлаганын каяктан билмек элең! Каратып туруп жалган сүйлөгөнүң үчүн азыр ичтен ары бир тепсем көрбөгөн көзүңдөн чаар чымын учуп, жеп-ичкениңдин баары оозуңдан атып кетет! – деп ордунан опурулат.

— Менин эсебимден тепкиле, өзүм төлөйм! – дейт анда селсаяк майыпты колдоп.

Ошондо Бекри-муйо султанга кайрылып:

— Көрдүңбү, урматтуу султан, аракка тойгондо – сокур көздүү болду, майып – буттуу болду, жакыр – акчалуу болуп чыга келди. Ошондуктан кечээ мен да мастыгым менен жарым Стамбулду сатып алам деп коюптурмун, кечирерсиз, — дейт.

Бекри-муйонун акылына ынаган султан аны кечирип, эркиндикке коё берет. Султан ошондон кийин адамдарды баатыр сездирип жиберген шараптын күчүнө таңгалып жүрүп, бир күнү эң жакшы деген шарапты кызматчыларына алдырып ичип көрмөк болуп, аздан ууртап отуруп, темтеңдеп мас болот. Анысы аз келгенсип эртеси төшөктөн башын көтөралбай ооруп калат.

Муну уккан бүткүл ак сарайдагы кошоматчылар дарыгерлерин алып, ал жаткан бөлмөнүн эшигин сагаалашат. Бирок султан алардын бирин да өзүнүн үстүнө киргизбей Бекри-муйону алдыртып, башы катуу ооруп турганын айтып, мындайда кантип дарыланыш керектигин сурайт.

— Кечээ эмнени ичсең ошону ич. Эмнеден оорусаң ошондон айыгасың, — деп жооп берет Бекри.

— Эртең башым кайра ооруп калат да анда, — дейт султан.

— Дагы ичиш керек, муну баш жазуу дейт.

— Качанкыга чейин иче беришим керек? – дейт түшүнбөй калган султан.

— Мендей болуп эч нерсең калбай калгыча, — дейт Бекри.

Ошондо гана султан ичкиликти эч ким жеңалбай турганын түшүнүп, экинчи ичпес болгон экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.