<<<<<<<<<<<<<Башы

Бирде бүркөк, бирде жаркырап-жайнап чайыттай ачылып турган жаздын жанга жагымдуу күндөрү. Булут жашып, жаан-чачын өксүбөй жабалактап, чөп чыгып жаткан учур. Ошол жаздын башынан баштап Чырпыктынын зоокалуу бийик жарларына Мамбеталы көп барчу болду.

Бүркүттүн уясын тартып алган эки ителги Мамбеталынын тынчын алды. Отурса-турса да оюнан кетпей конду. Чырпыктынын жарларына жыл сайын тууп балапан учурган бүркүттөн тартып, турумтайга чейин алгыр канаттуулар көп эле болгон. Алардын бир даары Мамбеталынын көзүнө өзүнүн үй канаттууларындай жедеп үйүр алып калган. Отуз жыл бою алгыр канаттууларга асылып жүрүп бүркүттөрдөн, бүркүттөр болгондо да кандай бүркүттөр дейсиң, апыртып айтканга алп кара куштай бүркүттөр, ошолордон уяны тартып алган мындай баатырларды Мамбеталы өмүрүндө биринчи жолу көрүп олтурат. Анан кантип бул экөө эстен кетсин, кетпейт да.

Барган сайын суу жээгиндеги жашаңга атын жайдактап коё берет да, көрпөчөсүн астына төшөп, ээр токумун башына жазданып бирде үргүлөп, бирде ойгонуп уйкулуу көздөрүн ачакей-жумакей кылып, баягы бийик зоодогу бүркүттүн уясын анда-санда тиктеп коюп кырданып жата берет. Эки ителги биринен сала бири шак-шак учуп келип уядагы балапанга алмак-салмак кезек менен жем ташып турушат. Ителгилер жокто өрөөндүн эки бетиндеги ызы-чуу кулак мээни тундурат. Ал эми ителгилердин бирөө же экөө баркылдап жетип келгенде чыйылдаган балапандардын да, шаңшыган эне-аталарынын да жаагы жап, Тымтырс боло калат да, өрөөндө мемиреген тынчтык өкүм сүрөт. Качан гана ителгилердин карааны үзүлгөндөн кийин аягы ызы-чуу, күрүгүү кайра башталат. Мурунку эки бүркүттүн учурунда да мындай болгон эмес. Анда ар кимиси өз жайында жатканы жаткан, учканы учкан, эч нерседен капарсыз болушчу.

*   *   *

Жаркыраган жаз өз сапарын аяктап түнү кыска, күнү узун жайдын толукшуган мезгилине кезегин өткөрүп берип узап бараткан кези. Кирген буурадай буркан-шаркан түшүп эки капталын эңшере кемирип, ак көбүгүн асманга бүркүп, уйдай ташты уйпалап, койдой ташты коңторо койгон өзөндөгү чоң дайралар жоосун сайып ачуусу тараган баатырларга окшоп мурунку калыбына келип жайлана түшкөн. Малдуулар малын төлдөтүп, козу, улак, кулун, музоолорун торолтуп, жайлоо жайлагандары жайлоолорго көчүп, шалбаа сугарып, эгин баккандары жакада — ар кимиси көр оокат менен алышып калган.

Мамбеталынын колу тайкы, жок жардынын бири. Жалгыз ат, жалаң тон. Бирин-экин кой-эчки майда жандыгы болбосо, анчалык оокаты жок. Жадаганда бир уйдун саанын дагы «чөп чаап берем» деп байлардан сатуулашып алчу. Өмүрлүк жары Бурма экөөнүн ортосунда он үчтөн он төрткө карап калган жалгыз эркек баласы бар, аты Кырмантүп. Акты, каралы кылып Бурма бечара көп бала төрөгөн. Бирок кудай койгон жок. Өлүп-өлүп токтобой жүрүп ушул Кырмантүбү калган. Атынан эле билинип турбайбы. «Башкаларынын баарын алды, эми деги кудай кырманга түп калтырса ушуну коёр бекен?» дешип, атын Кырмантүп коюшкан.

Күндөгү адатындай Чырпыктынын өрөөнүн бет алып Мамбеталы дагы аттанып жөнөдү. Бул жолу жалгыз эмес, Кырмантүптү учкаштырып алды. Ата-бала ар кайсынын башын айтып кобурашып олтуруп баягы бүркүт уянын тушуна келишти. Өрөөндүн ичи адаттагыдай ызы-чуу, күрүгүү. Өйүз-бүйүз бийик жардын боорундагы уялардын оозунда канат-куйругу жетиле жаздап калган балапандар катарга тизилгендей үчтөн-төрттөн болушуп, төмөнкү капчыгайдын өзөгүндөгү жылтырап аккан агын сууга таңыркап карап турушат.

Кырмантүп тестиер болгондон тартып атасын ээрчип алчу болду. Анын да чоңойгондо ата жолун улап саятчы-мүнүшкөр болору баланын шыгынан эле байкалып турат, Бул жолу «калып кал» десе да болбой: «Бүркүттүн уясын тартып алган эки ителгинин балапандарын көрөм» деп, атасына учкашып алган. Ышкысы кайнаган жаш бала шашкалактап жалаң эле ителгинин уясы эмес жардын жаракаларындагы бардык уяларга эки-үч сыйра сыдырата көз чаптырып чыкты.

Мамбеталы өрөөндү өрдөп жетер жерине жеткенде башка уялардагы ызы-чууга көңүл бурчу эмес. Эки көзү бүркүт уядан өтүп, кетер-кеткенче анын оозун карап олтурчу. Бул жолу да мурунку калыбынан жазган жок. Тиктеп олтуруп кареги талып кетти көрүнөт, баласына:

—  Сенин мага караганда көзүң курч, жакшылап карачы, тетиги уянын оозун, мага бирөө эле көрүнөт, байкачы, ар жагында дагы болбосун? — деди. Кырмантүп уянын оозунан көз албан олтурган атасына кылчайып:

—  Жок ата, башкасы билинбейт. Жалгыз балапан экен, жалгыз да болсо мага чоң ителгидей көрүндү, — деп кадимки акылы жетик эстүү кишидей жооп берди атасына.

Мамбеталы бир азга ойлонуп, анан ичинен сүйлөндү: «Эми муну кантип алыш керек? Адам баласы бара албай турган татаал жайда турат. Кокус беш-алты күн өтүп кетсе анда кур жалак калганым. Башка ителгилердин уясындай болсо го бир жөн болчу. Ай ушул балапанды алсам, кудайга арманым жок эле!» Мамбеталы өзүнөн-өзү бушайман болуп ак эткенден так этти да калды.

Ал күндүн да кечи кирди. Мамбеталы баласын учкаштырып үйүн көздөй жол тартты. Жолду жолдото тиги жалгыз балапандан башка оюна эч нерсе түшпөй, башын ат жалына салаңдатып үн жок, сөз жок бастырып бараткан Мамбеталыны кызык уйкуда жаткан кишини чочутуп ойготкондой артында учкашкан баланын «ата» деген коңгуроонун үнүндөй шыңгыраган жагымдуу добушу селт эттирди. Кырмантүптүн да уянын оозундагы жалгыз балапан оюнан кетпей көзүнө элестеп бараткан.

— Ата?

— Ии?

— Кокус ушул балапанды кармап алчу болсоңуз мага бересизби?

— Берейин айланайын, сага бербегенде анан кимге берем.

— Таптап бересизби?

— Таптап берем. Таптап бербегенде анан, садага болоюн, андан көрө кудай колго тийгизсинчи?

— Тийгизип калар ата?

Бала мүнөзү кандай сүйкүм, кандай кызык! Балапанды колуна кондуруп тургандай жылмайып күлүңдөн түштү. Кырмантүп.

—  Оозуңда бардыр, оозуңдан айланайын — Мамбеталы баласынын үмүттүү сөзүнөн тула боюн ысыткан рахат ала түштү. Кылчайып караса Кырмантүптүн татынакай жүзүн сүйүнүч чайып, эки бети албырып, көздөрү күлүңдөп турган экен. Аны көргөн Мамбеталынын ого бетер ичеги-карды эзилип, бүткөн бою ысып-күйүп эрип кете жаздады. Ата-бала кобурашып олтуруп үйлөрүнө кандай жеткенин билбей да калышты.

*   *   *

Арадан алты күн өттү. Ошол алты күндүн бирин да кур калтырган жок Мамбеталы, түнкүсүн үйдө болуп, күндүзүндө уяга барып-келип турду. Жетинчи күн дегенде айылдагы жатакчылардын эс тарткан бала-бакырасынан болуп чака, дагыра, аркан, жип байланган аттуу-жөөлүү, учкашып-чиркешкен он-он бешке жакын эр бүлө Чырпыктынын капчыгайына келди. Ал жерден Мамбеталы барган топту эки тарапка бөлүп, өзү коктунун таманында үч-төрт киши менен калды. Бөлүнгөндөрдүн бир жагы өрөөндүн оң жак кырын, экинчи жагы сол жак кырын кырдап чубашып олтурушту.

Бүркүт уя зоонун оң жаккы бетинде болчу. Эки топ уяга тушташ келгенде ойдо калгандардын арасынан Мамбеталы тебетей булгады. Эки жаккы топ тең токтоп калды. Мамбеталы буга чейин уядан чыгып, үңкүрдүн оозундагы таштын кырында олтурган баягы жалгыз балапанды жанындагы жолдошторуна көргөздү. Алар да көпкө кызыгып балапанды карап калышты. Бир оокумда Мамбеталы тебетейин булгалап уя жаккы тараптагыларга белги берди. Алар аркандын учуна байланган чакаларына таш салып калдыраткан бойдон балапанды көздөй чубалтышты. Кай бирөөлөрү шагыратып таш кулатып киришти. Дагы бирөө дагырасынын кулагына көтөрмөсүн байлап зоо ылдый калдыратып турду.

Уянын жогору жагы кыйкырык-чууга толуп кетти. Кээ бир бийиктен кулаган чоң-кичине таштар балапанды жандап өтүп таштан ташка урунган бойдон зырылдап келип өрөөндүн жай аккан суусуна «чалп» этип түшүп жатты.

Кулактын кужурун алган ызы-чуу алааматты көргөндө балапандын жүрөгү болк этип, уча тургандай — уча тургандай болуп барып кайра канаттарын жыйып алды. Калдырт-шалдырт, ызы-чуу баягынын үстүнө күчөгөндөн күчөп, тоо бүт урап, зоо түбү менен кулап келаткандай майда шагылдардан бери капталдан кошо куюлуп, буркураган кумдуу чаң асманга көтөрүлдү. Аңгыча болбой бийиктен учуп келаткан чөйчөктөй тоголок таш дап-даана уянын оозуна келип бир тийип, зуулдаган үн чыгарган бойдон ойго барып түштү. Балапандын ажалы жок экен, аз жерден өлүп кала жаздады. Ошол таштан кийин балапан катуу чочуп, ошол таштан кийин ордунан обдулуп уча качты да, уясына маңдайлаш тушма-туш келген жардын аркы өйүзүнө барып конду. Ал жактагы ызы-чуу, калдырт-шалдырт андан күчтүү, андан беш-бетер болду.

Балапан кайра мурдагы өйүзгө барып конду. Ал түгүл балапан учуп баратканда эки жагыныкы аз келгенсип, коктунун таманындагы Мамбеталылар да тебетейлерин көкөлөтө ыргытышат, этек жеңин каккылап асман көктү жаңыртып чуулдап жиберишет. Бир быяккы, бир тыяккы капталга тынбай учуп жатып, күчкө толо элек балапан бат эле чарчап калды. Алыска учуп көнбөгөн жаш неменин алы ошол да. Канат куйругу толуп жетилсе алда кайда асмандап сызып кетпейт беле. Акырында жаш баладай күйүгүп, жүрөгү жарылып кете жаздап, дааналап ордун таап коно албай, эки канатын жайган боюнча коктуга барып түшүп, жер кучактап жыгылды.

Ойдогулардын баары чуркады, ириде балапанга Мамбеталы жетти. Күйүккөн балапан көпкө чейин кышылдап жатып араң эс алды.

Эки ителги эл узап калганда уяга келишти.

*   *   *

Күз кирип келди. Мамбеталынын колунда карышкыр, түлкү алган бүркүтү да, каз, өрдөк, тоодак алган кушу да бар. Жыл сайын аларды муздай түлөтөт. Булар аз келгенсип кыргый, чүйлү, турумтайга чейин көгөнгө байлап койгондой катары менен тизилип турат. Алгыр куштардын канчасы болсо да баккандан тажабайт Мамбеталы. Ошон үчүн мүнүшкөр, ошон үчүн саятчы да. Ар биринин тууру ар башка, бөлөк-бөлөк. Бирине-бири жакындабайт.

Мамбеталы быйылкы жазда азап-тозок менен колго түшүрүп келген баягы жалгыз балапанды убадасы боюнча баласы Кырмантүпкө энчилеп берген. Ага татынакай кооз томого тигип, томогонун сыртына жаркырата күмүш чаптырып, ак, көк, кызыл жибектен чыйратып туруп, төбөсүнө калпактын чачысындай чачылатып койгон. Апасы Кырмантүптүн колуна чак мээлей тигип, атасы жумшак кайыштан балапандын билегин өйкөбөгөндөй боо тагып берген. Кара балапан тиги үйдөгү канаттуулардын эркеси, өзүнчө бөлөк туурда, өзүнчө бөлөк үйдө олтурат.

Кара балапанды Мамбеталы чыргага да, далбаага да көндүрүп таштады. Кушту үндөкчүл кылгандай ителгини да далбаачыл кылып коёт мүнүшкөрдүн мыктылары. Далбааны булгаганда ителгилер алда кайдан келет. Кара балапан чоң ителги болду. Канат куйругу жетилип, тырмак, тумшуктары өсүп курчуду. Өңү да кузгундай капкара, эки көзү да бышкан алчадай туптунук. Куйруктун алдындагы үкүнүкүндөй жумшак ак жүндөр көөлөп койгондой, шумкардын белгилерин алардын бетине даана түшүргөн, эч жеринде орой белгиси жок чыныгы даана касма шумкар экендиги жүндөрү, канат-куйруктары жетилгенден тартып ачык билинип калды.

Чырга тартса да, далбааны булгаса да алда кайдан келет. Айрыкча балапанында колго түшкөн алгыр канаттуулар качканды билбейт эмеспи. Жакшы көндүрсө кол баладай болуп калат. Кара балапан да дал ошондой болду. Кыска боосу менен агытып жиберсе үйдүн тегерегинен кетпей учуп конуп жүрө берчү болду.

Мамбеталы бул бала шумкарды адегенде жапан казга, анан тоодакка окшош бакма каздын бозаласына тирилеп туруп, ошондон кийин тоодакты көрсөтөм деп жүргөн. Бирок ал оюна жетпеди.

Күзгө тартканда Чырпыкты, Саркамыштын тоого жакын өндүрүндөгү боздорго тоодактар толуп кетет. Бери болгондо отуз-кырктан жайылышат. Мамбеталынын дамамат тоодак алып жүргөн көк кушу бар эле. Көк куш быйыл эрте түлөгөн. Тоодакка салам деп аны семиз этинен бастаткан Макең. Көк куш кылтабында, бычактын мизиндей илеп тартып, делбетап болуп турган кези. Колдо түлөсө да эски жүндүн бир талын калтырбай жапан куштай болуп таза түлөгөн. Мамбеталы ошо күздүн күндөрүнүн биринде көк кушту тоодакка алып чыкты. Ал куш саларда жалгыз аттанчу эмес. Дамамат аны ээрчиген жанында үч-төрт жолдошу болот.

Ошол күнү кой десе болбой тайын токунуп, шумкарын кондуруп Кырмантүп да токчоюп ээрчип алды. Алар бастыра түшкөндө Саркамыштын өндүрүнөн жайылып жаткан жоон топ тоодактын карааны көрүндү. Табына келген көк куш колго токтобой талпына баштады. Тоодактар башка илбесинге караганда өтө сак келет. Келаткан элдин тобун алыстан көргөндө эле укуруктай мойнун койкойтушуп козголо башташты. Учарында тоодактар чогула түшөт эмеспи. Аны билген кыраакы мүнүшкөр жолдошторунан бөлүндү да, кушун аттын оң капталына далдалай кондуруп, тоодактар бер жакта калган кишилердин караанын улап алаксый калган кезде курч аттын өкүмүнө салып ыксы коюп, уча берерде көк кушту уруп калды. Көк куш жаңыдан түндүк бою көтөрүлүп бараткан тоодактардын биринин төшүнө шып жабыша калып бакырткан бойдон жерге алып түштү. Бери жакта атчан тургандар дабырата чаап жөнөштү. Мамбеталы алардан мурда жетип куштан тоодакты ажыратып жатканда, анын үстүнөн Кырмантүптүн кара шумкары узун боосун чубалжыткан бойдон тигил узап калган тоодактардын артынан шуулдап учуп баратканы көрүндү.

Мамбеталы Кырмантүптү шумкарын тоодакка салат деп ойлогон эмес. Бүгүн салба деп өзү да эскерткен. Анткени тоодакка шилтегенге шумкардын даярдыгы жок болучу. Кырмантүп да атасынын тилин алып, шумкарын коё бермек эмес. Бул иш кокусунан болду. Качан гана көк куш тоодактын бирин илип түшүп, калган тоодактар учуп жөнөгөндө, бала эмеспи, кантер экен деп Кырмантүп кара шумкардын томогосун тарткан. Ошондо шумкар колдон атып кетип, бош кармалып турган узун боо капылеттен чыгып кетсе болобу, мына кызыкты көрсөң.

Куш менен тоодакка асылып жаткан Мамбеталы тигилерге шаша-буша кол булгап кыйкырып калды. «Артынан, артынан». Бала шумкар тоодактарды үзө качырып узатпай жетти.

Тептиби же кармаша кеткенде боого чалышып калдыбы, айтор, бир тоодак ителги менен будаланышып келип жерге кошо түшкөн. Атчандар сабаган бойдон жете келишип тоодак менен ителгини ажырата албай жатканда, алардын үстүнө чаап жетип Мамбеталы да кошулуп калды. Ителигинин узун боосу тоодактын эки канатынын тең мүрүнүн түбүнөн илинип чачышып калыптыр. Ага болбой бала шумкар тоодактын алкымын кыйып жиберген экен.

ТАРТУУ

Көкүмбайдын үйүнөн бири аттанып жатса, экинчиси түшүп — үч-төрт күндөн бери көпчүлүктүн аягы суюла элек. Дагы канча күнгө чейин созулат ким билсин. Келатканынан баратканы сурайт:

— Кайдан?

—  Көкөмкүнөн.

— Эмнеге бардың эле? — Эмнеге барайын, көлдөн бир досу шумкар тартуулап келиптир дейт, үч-төрт күндөн бери эл чубайт, мен да эл катары…

—  Көрдүңбү деги шумкарды?

—  Көрдүм.

—  Өңү кандай экен?

—  Кара көрүнөт.

—  Шумкар бекен?

—  Кайдан билейин, томогочон бир ителги туурдун үстүндө олтурат.

—  Ителгинин кандай ителги экенин билбегенден кийин сага эмне жок?

—  Анан көпчүлүк барып жатса, мен каламбы?..

—  «Дарбадай дарбыса, Борбодой бооз бээсин мине чаап, кулун салдырып алыптыр» дейт. Дал ошол сен турбайсыңбы!

Ушундай тамаша сөздөр барган келгендердин ортосунда дүүлүгө берди. Көкүмбай менен Мамбеталы жеринен катыш болучу. Экөөнүн ортосундагы достук байланыш — ат алып, ат бериштен уланбай, куш алып, куш беришүүдөн башталган. Анткени, экөө тең мүнүшкөр.

Биринин үйүнө бири келип калганда канаттуулар жөнүндө сөз козгошуп, күндүн батканын, таңдын атканын элес алышпай, улам бирөө сөзүнүн аягына чыкканда, экинчиси баштап олтуруп убакыттын кандай бүтүп, кандай койгонун байкабай калышчу. Көкүмбай анчалык канаттуунун артынан түшкөн мүнүшкөр эмес болучу. Ат жалын тартып мингенден тың чыгып, эл аралап калган. Аздыр-көптүр өз туугандарына баркы бар. Ага-иниси колдогондуктан, бүт жумгалдык саякты таруудай талкалап жеп жаткан Кулжыгач Байзактын да анда-санда жемсөөсүнө каргыштай тура калып жүрөт.

Көкүмбайдан көп курдай ичиркенип калган Байзак акыркы эки-үч жылдан бери Курманкожого (Көкүмбайдын туугандары) тап бергенин таштап, уу тырмагын батыра албай обочолоп калган. Болбосо Көкүмбайдан мурун Курманкожо Байзактын, «короосундагы кою» болучу. Мына эми ошол Көкүмбайга көлдөгү досу Мамбеталы ушул жылы жазда уядан кармалган кара шумкарды тартуулап, кой тукум үмтөтүп келип олтурат.

Көкүмбайдын Мамбеталы түгүл өзү тукум кылып аларга жалгыз токтусу жок. Тору аргымагым деп коёт, чекесине бүткөн жалгыз аты ошол. Бир жакшы жери өзүндө жок болсо да ага-туугандары аздыр-көптүр коокарлуу. Алдында эки жүздөн, артында элүү-кырктан арбын майда жандыктары бар. Эми тууган дегениң дагы бир кызык эл болот. Жакшы болсоң тууган, жаман болсоң жанынан алыс кууган, жарды болсоң жакындабайт, бардар болсоң бажактап үйүңөн кетпей кошоматын кош айтып турат эмеспи. Мына, Мамбеталынын келгенине бир жумадан ашып баратат. Сен кантип атасың деп бир да бирөө Көкүмбайдын жанына басып келе элек. Мамбеталыга бере турган кой тукумдан дайын жок. Жардам бермек түгүл «а байкуш, буга эмнесин берет» деп, кай бирөө Көкүмбайга жолобой сырт салып ушактап жүрөт.

Куйручук

Туугандарынын ошол тейитин байкап, жардам сурагандан Көкүмбайдын да оозу батпайт. Мамбеталы келгенден бери буулган каптай бугу ичине толуп, Көкөң тумчугуп турат. Күн сайын эл агылып келет, агылып кетет. Шумкар дегенди көргөнү бар, көрбөгөнү бар, билгени бар, билбегени бар. Кээ бирөө шумкар бүркүттөн чыгат десе, кээ бирөө куштан чыгат дейт. Кээ бирөө чүйлүдөн чыгат десе, дагы бирөө кыргыйдан, турумтайдан чыгат дешип, тай талашка түшүп жаткандары андан көп. Шумкардын ителгинин уруусунан чыгарын көбү билсе, көбү билбейт. Айтор, бир жумадан бери жорудан чыгатка чейин талашып жаткандар да болду.

Мамбеталы «кетсем экен» деп эртели кеч кынкыстайт. Көкүмбай «жөнөтөм» деп коёт, же жөнөтө албайт. Анын ортосунда күн нечен жолу батып, нечен жолу чыкты. Кара шумкарды көргөнү алыс-жакындан келгендеринин ичинде Көкүмбайга кыңыр көздүүлөрү да бар. Алар жөн келип, жөн кетпей аттанып баратканда кобурап бастырышат: «Байкуштун жалгыз атынан башка үрүп чыгар ити жок, досу кой сурап келиптир дешет, кайсы коюн берет?» Бул кобур Мамбеталынын кулагына да анда-санда чалдыга калат: «Эрдин даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дегендей, атка минип айыл-апасына баш-көз болуп компойгону менен бул деле мен сыяктуу экен го. Колунда жок экен. Быйыл болбосо келерки жылы берээрсиң деп кыйнабай кете берсемби?» Мамбеталы өз курсагы менен өзү анда-санда сүйлөшүп коёт кырданып жатып.

Куйручук Көкүмбай менен айылдаш. Бир чети тууган, экинчи чети теңтуш. Бир күнү Көкүмбайды үйүнөн обочороок алып чыгып маңдайлаш олтурду да, акылын сурады:

—  Ии, досуңдун келгенине көп болду. Эмне үмтөтүп, эмне сурап келген сыягы бар? Эмне берип жөнөтөйүн деп турасын? Байкоомдо аз күндөн бери көзүмө сакасын жоготкон баладай көңүлүң чөгүңкү көрүнөт? Деги сырыңды айтчы, акылга акыл кошулат деген. Менде да кырчаңгыга котур аралашкандай же жинди эмес, же соо эмес бетти тытып алчудай ырсаңдаган бейбаш акылдар бар, ошону сеники менен аралаштырып жиберсек кымкуут, чак-челекей түшүп олтуруп арасынан жылт этип бир керектүүсү чыга калып жүрбөсүн, деги айтчы чын сырыңды?

—  Ээ, Куке! Досум баланча бересиң деп салык салбайт. Чоо-жайын тартып көрсөм, кой тукум сурап келгендей сыягы бар. Өзүмдө жок экенин билесиң. «Шумкарыңды кайра алып кет», — дегенге ооз барбайт. Антейин десем намыс өлтүрүп жатат. Же туугандарыма сөзүм өтпөйт, сөзүм өтсө да баланча бересиңер дегенге оозум батпайт.

Куйручук Көкүмбайдан сөздү шак жулуп алды:

—  Оо, кудай урган «Бука баш» (Куйручук Көкүмбайды дайым «Бука баш» дечү. Көкүмбайдын башы чон киши болучу). Ата-бабадан келаткан салтты бузабызбы. Тартуу деген сыймык, ырыскы, киреше. Балким ушул кара шумкар менен кошо башыңа ого бетер сыймык конуп, бактың, даражаң көтөрүлөр! Кара шумкар кара шумкар эмес эле ушунча жумурай журттун ичинен сенин төбөңө келип конгон зымырык куш болуп жүрбөсүн. Зымырык куш деген хан болор, падыша болор кишинин төбөсүнө келип конот дечү. Аны сен билип коюптурсуңбу Бука башым. Көп шылкыйба, эртең агайын-тууган, ага-инини бүт чогултам. Өзүң баштап биздикинде болосуңар. Сөз бүттү.

Куйручук этегин кагып ордунан туруп кетти. Артынан «Бука башы» Көкүмбай ээрчип басты. Топтошкон Дуулат уулу эртеси Куйручуктун үйүнөн анчалык алыс эмес дөбөчөгө чогулушту.  Чакырылгандардын аягы суюлуп, бүт келгенден кийин чокчо сакалын улам-улам экчеп, эки жагын каранып ак калпагын бирде желкесине, бирде маңдайына келтирип топтун ортосуна тура калып эл куудулу, сөзүндө эми бар чечен Куйручук шаңкылдап сүйлөп кирди:

—  Ага-ини, мынабу «Бука башка» көл тараптан бир «чымчык» тартууга келиптир. Атактуу күлүк ат, ашынган жорго, бойго жеткен сулуу кыз сурабайт, сураганы оңой экен. Тартуусуна алар колкосу кой экен, кой болгондон кийин оңой экен. Кой колдон келет ко? «Бука баштын» миң кою болсо бизге айтпай эле өзү жөнөтүп жибербейт беле. Мунун жайын кандай кылалы?

Көкүмбайдан кыңк этип үн чыккан жок. Эл жер карап жымый түштү. Бир оокумда топтун арасынан Бекболот тура калды. Бекболот Дуулат уулунун ичинен байыраагы боло турган. Жалгыз аты Нарбаш күлүк чыккандан бери бир аз оңоло түшкөн, болбосо бул деле анчалык жарып кеткендердин бири эмес. Нарбаш бирде чыкса, бирде калат. Чыгып келсе байгесине да ээ боло албайт. Эл бийлегендер соогатка талап кетип калса колунда азоолак бирдеме калат, калбаса жок. Ошондо да Көкүмбайдын айдыңы менен бирдеме тиет, тийбесе жок.

— Куке, деги бере турган малыбыздын чеги барбы, ошону уксак деп турушат бул чогулган эл? — Бекболот отургандарды бирден сыдырып кыдырата карап жиберди, ал оюнда туура суроо бердимби деди окшойт.

—  Жүз аппак кызыргалды кой бербейбиз. Ичинде аксак-тексеги, сокур-чологу жок болсун. Бирөө да сары тиш болбосун. Мен өзүм тандап алам.

—  Элүү кой берсек кантет?

Куйручук Бекболотко жолборстой атырылып тийди:

—  Эй… Бучук (Бекболот бала кезинде короого түшкөн карышкырга мурдун апчытып алып бучук болуп калган) элүү койду жалгыз сен бересиң, калганын эл берет! Кечээ Нарбашың Кочкордогу Шамендин Бекчоросунун ашында миң койго чыкканда «Бука баш» болбосо Темир-Болоттун балдары ат-матың менен бүт талап кетпейт беле! Билесиңби ошону. Же өз кадырың менен байгеге ээ болдуң беле?!— Бекболот жыга чапкандай жалп дей түштү. Куйручук күчөгөндүн үстүнө күчөп сүйлөп сөзүн уланта берди: — Кудайга шүгүр дегиле Дуулат уулу. Мынабу «Бука баш» атка мингенден бери жаман эмессиңер. Ар жагы Күрүчбек элинен Түркмөн, Биялы, бер жагы бүтүн Жумгал өрөөнүн аркы өйүз, берки өйүзүнөн тартып Кызарттын белине чейин ажыдаардай аймап, оп тартып жаткан Байзактын оозунан бизди ажыратып сууруп чыккан жалгыз ушул «Бука баш» болбодубу? Же жалганбы менин сөзүм? «Ырас-ырас Кукелеп» Куйручукту эл колдоп жатты.

—  Мына эми Көкүмбайга көлдөн бирөө бир чымчык тартуулап келсе, жүз кой бериптир Дуулат уулу деген кабар эртең эле калкка «дүңк» дей түшсө «Бука баштын» зоболосу мындан бетер көтөрүлүп, төбөсү булутка жетпейби? Же жалганбы меники?

—-Ырас-ырас Куке».

— Менменсип бетине чыгам деп жүргөн тең ата мындан ары баш көтөргүс болбойбу. Же жалганбы меники?

«Ырас-ырас, Куке, ырас-ырас». Куйручук: «Жалганбы, жалганбысын үстөккө-босток күчөтө айтып жатып токтоду да, анан элди карап көпкө чейин мостоюп туруп калды. Эл «берели-берели» деп бир ооздон дүркүрөштү. Куйручук дагы чаңырды:

—  Берсеңер эртең эртең менен мен барганча короодон коюңарды чыгарбай тургула. Өзүм тандап алам!

Эртеси жүз ак кызыргалды чоп-чогуу даяр болду. Куйручук Бекболоттон баштап эки жүз кою барлардан гана чогултуп, андан кийинкилерине бир токту да тарттырган жок. Көкүмбай Мамбеталынын алдына аппак жүз кызыргалды салып берип жөнөттү. Жеткиришип келгенге эки инисин кошту. Бул даңк Жумгал, Кочкор эмес, Атбашы, Нарын, Көл айланасына чейин «дүңк» дей түштү.

Уландысы>>>>>>>>>>

Сардарбек Рыскуловдун»Кара шумкар» китебинен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.