Украин эл жомогу: Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш

Балдар мага жакын жана ыңгайлуу отуруп, көңүл коё тыңшагыла. Мен силерге азыр төрт эже-сиңдилүү жыл мезгилдери жөнүндө кызыктуу жомокту, алардын кантип бизге кезектешип келип калганы тууралуу болумушту айтып берем. Баардыгыбыз эле каардуу кыштын артынан назик мүнөз жаз, анын артынан жайдары жай, анан акырында дайыма кабагы карыш түшүп жүрсө да берешен мүнөз күз келерин билебиз. Эмне үчүн алар дайыма ушинтип ээрчишип жүрүшөт? Кантип ар кандай мүнөздүү алар мындай тартипке келишти экен? Алгачкы кездерде алар ынтымактуу, тартиптүү болгон эмес дешет. Алардын ар […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Досторум

Турмушта эмнелер гана болбойт… Досторум — төкмө акындар: Жеңишбек Токтобеков, Жылдызбек Алыбаев, ырчы Токтобек Асаналиев жана баарыбыздын тамашабызга чыдап, пилдей көтөргөн Калык Асанов. Биздин башыбызды кошкон атактуу төкмө акын — Жеңишбек Жумакадыр. Бир жолу Жеңишбектен башкабыз, тобубуз менен Кеминге кудага барып калдык. Таң атканча ырдап-чордоп, эртеси түштө кайттык. Мен Аламүдүн базарынан Бакай-Атага кайрылып, Жылдызбек менен Токо таксиге отуруп Токонун үйүнө кетишти. Ошо тапта Жеңиш мага чалып: “Келдиңерби, тигилер кайда?” — деп калды эле, — “Жаңы эле такси менен кетишти” деп […]

Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ: Туулган жер (шедевр)

АҢГЕМЕ Май айынын болуп турган убагы эле, чаңкай түш, өзүм жалгыз Ак-Суу тараптан келе жаткам. Айлана адыр-күдүр тоо, миң түркүн гүлдүү көйкөлгөн ыраң, көк жашыл, чычкан мурду өткүс жыш бадал. Ар жерде келберсип жаңгак, акчечек, кайың дүпүйөт, те алыста кылда учу жомоктогу алптын найзасындай короюп карагай, арча көзгө түшөт. Мөмө жыгач токойдун теңи. Жол ийри-буйру болуп, бирде эңкейиш, бирде өр. Минген атым ыкшоолоно илкийт, арткы буттарын сүйрөй шилтесе бир калыпта күрт-күрт этип, мага эрмек, анда-санда шыйпанат, башын чулгуп, бөгөнөктөп ылаалайт, […]

ХХ кылымдагы кыргыз прозасы менен поэзиясы боюнча студенттерден дөөлөттүк аспектте анкета өткөрүү натыйжалары

Бүгүнкү күндө ХХ кылымдагы кыргыз адабиятын, анын ичинде кыргыз прозасы менен поэзиясын, таза илимий негизде дөөлөттүк изилдөөдөн өткөрүү маселеси өтө курч турат. Анткени, ХХ кылымда кыргыз элинин ичинен акын-жазуучулукка талаптанган инсандар оголе көп чыкты, алар жазган прозалык жана поэтикалык чыгармалар да кыйла арбын. Мунун себеби, бүгүн канча тилдешсе дагы, советтик бийликтин маданиятка чоӊ камкордук көрүүсүндө жатат. Албетте, совет доорундагы жана андан кийинки, жалпы эле ХХ кылым ичиндеги кыргыз профессионал адабиятынын миӊ сандаган туундуларынын баары көркөм дөөлөттүк наркка-кунга ээ боло бербеси […]

Арменияда бийликтен мурда аң-сезими кандай өзгөрдү?

Мхитар Айрапетян 29 жашта. “Баркыт ыңкылабынан” кийин Диаспора министрлигине дайындалган. Армян министрлеринин эң кенжеси. Никол Пашиняндын өкмөткө каршы жүрүшүн колдоп, башынан чогуу жүргөн. Еревандагы сапарыбызда жолугуп, азыноолак кепке тарттык. — Сиз ушул кызматка киришкенден көп өтпөй “биз аң-сезимге, баалуулуктарга революция жасадык» дедиңиз эле. Чечмелеп кетесизби? — Кээде революцияны бийлик алмашуу деп эле кабыл алышат. Бирок бизде андай эмес. Биздин революция  — ой жүгүртүүнүн, баалуулуктардын жана мамиленин өзгөрүшү. Албетте, баалуулуктарды өзгөртүү узак процесс – муундардын алмашышы, жаңыча тарбия керек. Бирок кыска […]

Бегенас САРТОВ: Мен сүйгөн сулуу — кара көз

АҢГЕМЕ Менин бейтааныш таанышым, бул аңгеме сага арналат. Автор Сенин атың ким болду экен, сулуу? Албетте, сен менин минтип тике кайрылганыма терикпестирсиң? Менин табиятым ушул — бардык учурда тике жана ачык айтканды жакшы көрчүмүн. Бир гана… бул сапатым — сени көргөндөн баштап эмнегедир өз функциясын аткарбай калды. Мендеги мурунку курчтук, ачыктык кандайдыр бир белгисиз күчкө багынып, жок боло баштап, ойлуу болуп кеттим, жана… Баса, билесиңби, экөөбүз бири-бирибизди кантип көрүшкөнүбүздү? А мүмкүн анда сен мени элес деле алган эместирсиң, бирок мен […]

Эфиоп эл жомогу: Жети арстан жана бир бука

Жети арстан жана бир бука достошушуптур. Мунун урматына арстандар той берип, ага жаңы досун чакырышыптыр. Арстандар ортого этти тоодой үйүп коюшуп, коногун сыйлап, өздөрү да той шаанисин көркүнө чыгарып, чүйгүн эттен тойгончо жеп отурушту. Бука өмүрүндө эт жеп көрбөсө да, аны көргөндө кузгусу келгени менен досторуна сыр алдырбай эттен жемиш болуп отурду. Ал тойдун акырында үй ээлеринин меймандостугуна алкышын айтып, ачка бойдон кеткенче шашты. Мындан соң жаңы досторун сыйлаш үчүн бука арстандарды конокко чакырды. Жети арстан белгиленген күнү буканыкына келишип, […]

Аман САСПАЕВ: Даша

АҢГЕМЕ Апрель айынын орто чени. Шаардын үстүндө коюу сур туман. Чакырым алыстагы үйлөр мунарыктап, суз көрүнөт. Үйлөрдүн чатырында, көчө жээктеринде ала-телек кар жатат. Бийик трубалардан көтөрүлгөн түтүндөр, буулар чыгыш түндүктү көздөй жапырылып, ийрелеңдейт. Аба суук, нары ным, жагымсыз. Бөлмөнүн ичи да күүгүмдөп көңүлсүз. Мындайда көзгө көрүнгөн бардык нерсе кишилерге кайгы-капа чакырып тургансыйт. Кайдигер бир жакка кетип, кимдир бирөө менен муңдашкың келет. Дашаны ээрчитип келдим. Бул – жашы жыйырма бешке жакындаган ак жуумал, кой көз келин. Ал кээде, шат, кээде, муңдуу. […]

Франц КАФКА: Чака мингенде

АҢГЕМЕ Көмүр түгөндү; чака бошоду, калак пайдасы жок жатат; меш оозунан муздак аба бүркүп, бөлмө сөөгүнө чейин тоңгон, терезенин түбүндө кыроо баскан дарактар кыймылсыз тоңуп турат; асман – жардам сурап кайрылгандарга каршы көтөрүлгөн зор күмүш калкандай калдаят. Көмүр табыш керек; биротоло тоңуп өлмөк белем! Арт жагымда – аёну билбеген меш, асты жагымда – ошондой эле боору таш асман; экөөнүн ортосунан шырп алдырбай өтүп барып, көмүрчүдөн жардам суроого туура келет. Бирок адаттагыдай сурап барсам бербеси бышык, ага кандай болсо да салмактуу […]

Лу Шүн — кытай адабиятынын корифейи

Азыр ааламга «кытай кереметин» жаратып жаткан Кытай Эл Республикасы туңгуйукта турганда, (鲁迅, Lǔ Xùn) караңгылыкка шамдай жанып, адабияттагы жалган мактоолорго, бийликке жагынуучулукка биринчилерден болуп каршы турган. Жаңы кытай адабиятынын негиздөөчүсү. Анын шедевр чыгармалары дээрлик дүйнөнүн бардык тилдерине которулган. Өз позициясында темирдей бекем эрк менен турган Лу Шүн адабияттын милдети элдин чыныгы жашоосун, анын жан-дүйнөсүн көркөм чагылдыруу экенин коомчулукка алып чыккандыгы үчүн ар кандай тоскоолдуктарга, куугунтукка дуушар болгон. Тагдыры бычак мизине коюлганда өзүнүн туулганда берилген ысмын бир нече жолу которууга мажбур […]

Чак түштө чырак кармап элди акыйкатка ээрчиткен сокур дербиш

УЛАМЫШ Кайсы бир заманда, кайсы бир жерде, кайсы бир элде жашоодон акыйкат издеп өмүр кечирген сокур дербиш болгон экен. Ал жашаган дооруна таарынып,  адилеттик издеп, чак түштө колуна чырак кармап, элди артынан ээрчитип, узак сапарга чыгып кеткен боюнча кайра артка кайткан эмес  дешет. Ал мындайча болуптур. Ошол элдин баатыр жана акыйкат падышасынын ичер суусу, жутар абасы түгөнүп, о дүйнөгө сапар алат экен. Карапайым калк  адилет падышасынан айрылганына мүӊкүрөп карайлап турганда, анын ордуна элге күйгөн болуп бир айлакер, куйту  жана алдамчы […]

Александр КУПРИН: Паганининин скрипкасы (шедевр)

АҢГЕМЕ Венециялык улуу скрипач жана композитор Николо Паганини жанын шайтанга берип, сыйкырдуу скрипкага ээ болгону тууралуу уламышты укпаган киши барбы? Бул уламышка ал тургай кудайсыз, шекчил, шылдыңчыл адам жана эң мыкты акын Генрих Гейне да ишенчү экен. Бирок бул кудайга жакпаган келишим кандайча бүткөнүн билген киши аз, андан ким жеңип чыкты: адамбы же адамзаттын душманыбы? Мажарстандын тентимиш цыгандарында бир күмөндүү уламыш айтылып жүрөт. Ага ишенесиңерби же ишенбейсиңерби — өзүңөр билгиле. Тагдыр ал жылы жаш Николону аяган жок, кутулбаган карыздар менен […]

Тибет эл жомогу: Арстан оозун ачканда

Пурбу деген бир кедей бар эле. Ал тоодон отун алып, аны элге сатып оокат кылчу. Таң атпай туруп, арпа ундан жабылган көмөч нандан белине экини түйүп, ашыга басып, күндүн мурду көрүнө электе токой четине жеткен соң гана кимдир бирөө таштан чегип жасаган арстан эстеликтин жанына отуруп өзөк жалгачу. Мунун себеби: бул үйдөй чоң таш арстан анын көзүнө дайыма абдан арык жана арбайып ачка көрүнгөндүктөн боору ооручу да, жеген нанынан анын оозунун кычыгына бир-эки сындырымдан салып койчуу. Токойдон отун алып чыгып […]

Өзбек акыны Мухаммад Исмоилдин ырлары Азамат Төкөровдун котормосунда

Муҳаммад Исмоил 1964-жылдын 13-мартында Өзбекстандагы Сирдарё дубанынын Ховос аймагында туулган. 1981-1986-жылдары азыркы ЎзМУда журналистика факультетинде билим алган. 1991-жылы «Өкүнүч ыракаты»(«Тазарру саодати») деген алгачкы ырлар жыйнагы чыккан. Ондогон китептердин автору. «Эркиндик таңы» («Истиклол тонгги») сыйлыгынын лауреаты. КАБАТЫР Кетип жатам дагы азапта, Дилди эзди кусаланганың. Сизге эмне болду, жан апа, Мынча чөккөн боюң, ардагым? Картайыпсыз. Тилип жүрөктү, Жазалаба, көктө Кудурет! Энеме бер суусун мүрөктүн, Дагы бир жыл жашоо насип эт. Ар деми үчүн кылып мен шүгүр, Ар деми үчүн болуп карыздар, Баш […]