Авар эл жомогу: Эки бир тууган

Илгери илгери эки бир тууган болуптур. Алардын кичүүсү кедей экен, улуусу бай жашаптыр. Улуу бир тууган кичүүсүн теңине албай, бир гана өзүндөй байлар менен мамиле түзүп, дос болчу экен. Ал өз инисинин көңүлү каларына карабай жарды туугандан пайда жок экенин, кыйынчылыкта бир гана бай достору жардам берерин саймедиреп айта берчү. Бир жолу анын ушундай кептерине таарынган иниси кетип калган соң байдын аялы мындай дейт: — Сен иниңди бекер эле баалабай жатат окшойсуң. Менимче, ал туугандыкка туруктуу көрүнөт. Болбосо азыркыдай сөздөрүңдөн […]

Мезгил ИСАТОВ: Ак деңизде жазылган ырлар

*  *  * Келип кетсе кемелер, Каректеги күтүүлөрүм алмашпайт. Тосуп алуу, коштошуулар ичинде, Менин гана кучактарым бош калат. Кусалуу сенсиз жээктер Сагынычты жашырса да, Деңиздин жалгыздыгы Менде калат! *  *  * Келгенимде, кетпе жаштык, жаңы гана кучактадым жалынды… Жүрөк күйсө, күлү калса, жалгыздыгым калбаса… Келгин куштай учаарымда, кетээримде, кетпе жаштык. Ырдала элек ырларым, жашала элек жаштыгым, жарым калган түштөрүм бар. Дагы бир аз, узарталы күнүбүздү, Күн нуру жүрөктө го, Кетпе, жаштык! *  *  * Уктап калган жылдыздар ойгонду, Ай дагы […]

Сардарбек РЫСКУЛОВ: Кыраан

<<<<<<<<<<<<Башы Уядан жазда кармалган жаш балапан кадимки жер менен көктүн ортосунда эркинче учуп, эркинче конуп жүргөн жапан ителгидей толуп, узун туурасы чыгып, канат куйругу жетилди. Колу-буту байланып, капаста кордук тартып жаткан ителгилердей болгон жок. Кайра анын тетирисинче көңүлү өсүп, кадимки жаш чагынан үмүттөндүргөн балбандардай далысы жайылып, булчуңдары түйүлүп чыга келди. Мамбеталы далбага чакырса капкайдан сабап келип, чырга тартса илгиртпей басканга үйрөндү. Эмнегедир ошол күздө табына келип эргип турса да, бала шумкарга чоң илбесиндерди көрсөткөн жок Мамбеталы. Алгыр канаттуулардын биринчи куралы […]

Габриэль Гарсиа Маркес: Менин муң-зарлаш шуркуяларым

<<<<<<<<<<Башы Саат он бирде жуунуучу бөлмөгө кирсем, кыз ал жакка кунарсыз кийимдерин үстөлгө тим эле кымбат кийимдей кылып илип коюптур. Секелектин кийимдери синтетикалык кездемеден тигилген көпөлөктөрү бар көйнөк, сары турсий жана такасыз жайкы бут кийим экен. Кийимдеринин үстүндө медальонго салынган арзан моюнга тагылуучу Ыйык Эненин келбети түшүрүлгөн ичке чынжырча менен билерик жатыптыр. Ошол эле жерде текчеде эрин боёгуч, эндик, ачкычтар жана майда тыйындар салынган баштыгы турат. Булардын баары эски, арзан жана көп урунган буюмдар болуп, мен мындай кедейликти атүгүл элестете […]

Беганас САРТОВ: Сүйүү кумары

АҢГЕМЕ Мектептин биринде мугалимчилик кылып Жумадил аттуу физик жигит жашачу. Анын лаззаттуу, татынакай, жароокер сулуу аялы бар эле. Ал консерваторияда окучу. Бул баян — ошолор менен дагы бир эки кыз жөнүндө. Кыш. Декабрдын аягы. Жумадил үйүнө келатты. Ишке баратканда жана кайтканда ал дайыма «Ата Мекен» кинотеатрынын жанынан өтөт. Анткени, үйү анын чыгыш тарабында болчу. Ал биерден ары-бери өткөндө сөзсүз тааныштарынын бирине учурай турган. Ал жолуккан таанышы менен кол алышып учурашып, сигарет чегишип, аркы-беркини шашпай сүйлөшүп, анан коштошуп жолун улантчу. Кээде […]