АҢГЕМЕ

Капчыгай өрдөгөн жүктүү машина таш мойнокту айлана берип тык токтоду. Кабинанын сол жак каалгасы ачылып, андан бери тура калган марчайган улан бери үстүндөгүлөргө колун жаңсай боюрду:

— Жаткыла! Көмкөрөңөрдөн сойлоп калгыла!— Кузовдо жаймаланган арпа, арпа үстүндө тигиге теңтуш эки бала бар эле. Муну угаары менен бири-бирине көз кысып кымың күлгөн экөө арпага катар сойлошту. Убада ушундай эле.

Күнү кечке машина тосуп, чарчап суй жыгылганда мына ушуга жармашкан балдар. Эртелеп жол боюна чыккан булар жогортон чаң көрүнгөн сайын дыр коюп тура кала берип суй жыгылбадыбы. Кол көтөрүп катар турган балдарга токтобой өтүп жатты машиналар. Оо, бешимге оогондо мына ушу машина өтө берип токтоп, терезесинен бери башбаккан шофер өзүнө жарыша чуркап жеткен ушул үчөөнөн сурады:

— Кайда барасыңар?

— Фрунзеге! Окууга!— Жарыша сүйлөп, жарыша энтигип турган балдарга бир сыйра көз токтотуп алган кабелтең шофёр жарылып кеткен эрдин жалап минтти:

— Бир гана орун бар.— Мына ушу тапта кабинага чап жармаша калган бала энтиге, шаша сүйлөдү:

— Байке! Биз чогуу барат элек.

— Эмне кылайын? — Шофёр ийнин куушурду. — Башка орун жок.

— Абылбек!— деди балдардын бири тиги кабинага жармашып турган балага. — Сен кете берсеңчи анда, биз артыңдан…

— Жок, чогуу барабыз.— Кабинага жармашкан бала кесе сүйлөдү.

— Болуптур анда, чогуу келгиле. Ары тур бала!— Шофер жөнөй турган болду эле, Абылбектин колу туткадан кетпей, кабинага жармашкан калыбында зарылды:

— Байке, ала кетсеңиз, байке? Институтка барат элек. Үстүнө эле отуруп алабыз, байке?

Өзүн кармап турганга бир эсе ачуусу келген шофер акыры бул акидей асылган жубарымбектерден кутулбасына көзү жеттиби, Абылбекти карап кыжырдана бурк этти:

— Кел! Анда сен мында отур. Бирдеке болсо тигилер үчүн сен жооп бересиң! Эй! А силер үстүнө чыккыла! Арпанын үстүнө… Азыр кабинага далдаланып отура бергиле. Непаада мына бул,— деди жанындагы Абылбекти тигилерге көргөзүп,— силерге белги берсе, ошо замат арпанын үстүнө бооруңардан сойлогула да үстүңөрдөн мынабу кендирди чүмкөнүп алгыла. Кайра тур демейин дымыңар чыкпасын! — Балдар сүйүнүп кетти.

— Макул, байке!

— Түк баш көтөрбөйбүз.— Чынында, буларды мына ушул арпанын астына тирүүлөй көөмп таштаса да макул болушмак. Арпа үстүнө жабылган калдагай кендирдин бир чети менен куржун-кечегин жаап, бир четин өздөрү тизесине чейин жапкан балдар, тиги шофёр айткандай кабинага жөлөнүп артты карап отурушту.

Тигине, кечке жол тоскон булардын эне-атасындай ээрчий караган кыштак калды артта. Туулгандан булардын оюн-күлкүсүнө орток, согуш күнүндө булар менен бир ыйлап, бир сооронгон кыштагы. Булар кечке мал жайып, булар кечке түркүн оюн ойногон тетиги чоң суунун көк аралдары, жапан талдуу токою, тоонун жашыл чыбырлары калды. Кечки күн магдырап, балкып жаткан жайкы кыштакты, жашыл чыбырларды көз айырбай карап баратышты машина үстүндөгү эки бала. Булар көргөндү ушул азыр көрбөй бараткан тиги шофердун жанындагы Абылбек. Көңүлү абалап учат.

Жашыл жибек көйнөктүн бүйүрмөсүндөй жазгы чыбырлар бул кыштактын малы-жанын жамгырдан кийин өзүнө чакырчу. Кой-козу көк кууп, жыбыт-жылгага жабалактап, балдар кой текей терип чыбырларды кырдап чуркап, кырдан-кыр ашкан балдар кызуу менен тээ улуу тоо көөдөнүнө чейин чыгып кетишчү да кээде жаанга калып, таштын жансарына корголошчу.

Тоолорду бири-бирине кабыштырган күн күркүрөк, түнөргөн асманды ойку-кайкы тилип, жара-жара чапкан чагылган, шаркырата төккөн нөшөр… Текейден карарган ооздору жарым ачылган балдар чагылган чарт эткен сайын кулактарын баса, көздөрүн чылк жумуп жиберишчү.

Балдардын көз алдында мына ушулар. Балдар менен айылдын аркыраган шамалы кошо келет, тиги көк кашка дайра кошо келет чалкып. Жазгы жамгырдын илеби келет, кой текей менен козу кулактын даамы келет. Шаар жөнүндө, окуу жөнүндө уккандарын эстеп ичтери уйгу-туйгу. Эне-атасынын кобуру угулат кулакка: «Оо, шаарда кыйын…» «Ээ, деги көнө алышар бекен шаарга?» «Дегеле ошо окушка өтө алышар бекен?»— Ийри отурушуп муну кобурашкан эне-ата балдарына өзүнчө да күндөп-түндөп кулагына куйган: «Эми чоң шаарга баратасың, мындагыдай энөө болбо. Мен сени ээрчий жүрбөйм, боюңа тыкан бол. Анан, жаныңдагы тыйын-тыпырыңды алдырып ийбе. Шаар ысык. Мындагыдай ээнчилик жок. Кокуй, анан чаңкаганда муздак суу иче көрбө, безгек болосуң. Дарбыздын данегине да сак бол, ал кетсе да ошондой ооруга чалдыгат дечү».

Айтор мындай акылды угуп отурган баланын башы маң. «Шаар кайнаган ысык, эл көп болсо, анан ошол ысыкта мындагыдай айран, кымыз түгүл суу да жутууга болбосо киши деги кантип тирүү гана калар экен?..»

Мына азыр да ушуну ойлогон балдар аркыраган желден кере жутушуп, кере дем алып, арттагы жашыл чыбырларды сугула тиктеп келатышты: «Мунун баары эртең жок. Кактаган ысыкта суу таппай чаңкап турабыз го». Булардын оюн токтогон машина үздү:

— Бата сойлоп калгыла бооруңардан!

Абылбектин буйругу буларды шаштырып салды. Боортоктой сойлоп, кендирди будалактай чүмкөнүштү.

— Жатышты, кеттик, байке.— Абылбек шоферду карады. Ушуну күткөн машина ордунан козголду.

Өз буйругу менен балдарды жаткырып, өз буйругу менен машина жүргүзгөнүнө корстон Абылбек марчайып оңдоно отурду. Ырдап ийчүдөй какырынып үнүн жасап койду. Ушул азыр мынабу шофер кокус сөзгө аралашып: «Кана жигит, ырдап койбосуңбу?» десе, Абылбек тартынмак эмес. Айылда бая кан какшап жүрчү ырлардын бирии коё бермек. Абылбекти антип сөзгө алмак түгүл мынабу шофер үн катып койбойт.

Абылбек ушу кишини бүшүркөй карап келатты. Бийик кабак, калбагай эриндүү, оңкогой мурун кишинин дем алганы да жай белем, анда-мында гана төшү саал көтөрүлө түшүп басыгат. Сол ууртунда тырыгы бар экен. Майлуу-көөлүү барбайган балбан манжаны рулга биротоло желимдеп таштагандай, кармаган ордунда лапыят. Абылбек мунун колун тиктеп, колун бүшүркөп келатты. Куду эле Абылайдын колу. Жазында трактор айдап, күзүндө комбайн айдап жүрчү Абылайдын чорлуу кабелтең колунун эле өзү.

Абылайдын билбегени жок эле анан калса, безилдетип казалдарды жатка айтып, мезелдетип жомок сүйлөп, кызып кетсе күпүлдөтүп, «Манас» айтып жиберчү. Ал киши болгондо эмгиче не бир укмуш жомоктордун капкагын ачып жолду карай төгүп отурмак. Сүйлөп турганда Абылай Абылай эмес эле жомоктон чыга калган ошо жомоктун кишисиндей көрүнчү. Кишилердин билегин кармаган табыптыгы, ар чөптүн башын кошуп кайнатып ичирип, дартка даба кылган дарыгерлиги бар эмеспи анын.

Тумоолой калган бала бакырайып билегин Абылайга карматып, анын айтканы менен боло койчу. Тумоодон бат сакайгандар аны алкап жетине албай калышчу: «Абылайдын колу эмсек. Кишинин дарты тимеле алып ыргыткандай жеңилдейт». «Ээ, аны Дөөтү даарыган да. Өңгө табыптарга караганда деги ушул устанын эми бат конот». «Анан ал өңгө табыптардай сыркоого суу ичирбейт, адам?»— Мына көбүнчө ушу суу ичирбегени үчүн эл тумоологон балдардын тамырын Абылайга гана карматууга ашыгат.

А түгүл чачы кабагына түшүп, жүдөп турган балдардан кыя өтчү эмес Абыл-ай: «Бол, жибите сал чачыңды, ары-бери шыпырып берейин». Устарасын куруна жана салган ал баланын чачын арыдан-бери шыпырчу. Өзгөлөр баланын чачы түгүл куйка терисин кошо шыпырып жаткандай мокок устара менен кыйкаңдатып жанын көзүнө көргөзчү. Абылай баланын чачын устара менен шыпырбай эле анын башын жумшак сылап жаткандай туюлчу.

Кайран Абылайдын колу… Мынабу кишинин колу окшогону менен мүнөзү окшобойт ага. Оозунан кылайып сөз чыкпайт. Абылбек мынабу капчыгайды сугула тиктейт. Кабышкан тоолор. Бирин-бири жазданган, биринен-бири озгон чокулардын тээ кылда учунда гана күндүн кечки чубагы ойноп, ал мынабу коктуларга эбак көлөкө чөккөн. Капчыгай жиреп күкүктөгөн дайра шары кеч кирген сайын өкүм гүү-шаа. Анын илеби жан сергитет. Боюнда бараткан жолоочу түгүл бу дайра илеби бет маңдай кабышкан аскаларга даба болгондой.

Жай чилдесин көөдөнү менен тосуп, күнгө каарылган куюлма шагылдар, арсак зооолор да ушу тапта тереңдеги дайранын шарын тыңшап, кечки салкынга сөөлөттөнөт. Карагат менен табылганын, ит мурун менен шилбинин бадалы тармалданып көк-жашыл. Абылбек карагат бадалынан көз айырбай тамшанып койду: «Кыйгас бышкан учуру экен ээ?» Карагат терген күндөрүн эстеди.

Оо, карагат бышкан маалда бир кур балдар үйдөн безип кетишчү. Анан канетишсин, карагаттан өзгө эмне бар эле ал өрөөндө. Жайында ышкын, көбүргөн, күзгө тартканда карагаттан бөлөктү булар түшүндө да көргөн эмес. Тоодон-тоону артып, безип кетишкен алар коно-түнөй жүрүшчү. Ышкын, көбүргөн уулоого калганда үй көрбөс ушул Абылбек. Дайым балдарды азгырган да ушул. Үйүнөн безген балдарын издеген айылдыктар азармандан-базарман. Андайда Абылбекке гана каргыш-илкиш жаап турчу: «Дагы баягылар жок!» «Аа, бая кан кускур азгырган да!» «Ээ, ал Аалыбайдын кан кускуру барында балдар үй бетин көрбөс!» «Теги аман болушкай эле. Ботом, түнү менен ээн тоодо эмне күндө калышты?!» «Деги балдарды бир балаанын ичинен чыгара элегинде эне-атасына айтпаса…» «Ой, аны ошо Аалыбайдын өзүнө айтпаса, катыны кеп жебейт». Ушинткен эне-ата чогула келип нечен курдай Аалыбайга арызга отурушту.

Абылбекке болушкан энеси менен нечен курдай кагыша кеткен учурлары да болгон. Абылбегине суук тилин тийгизе кеткен аялды беттен алчу мунун энеси: «Ээ, андай экенсиң, балаңды үйүңөн чыгарба! Кызын ала качыргансып аңкылдайт маа!»

Айылдагылар менен жаакташкан апасынын үнү угулуп баратты балага. Көзү капчыгайда, таш жарып чыккан карагатта. Карагат үчүн үйдөн безип, карагат үчүн ата-эненин жемесине калып, караган-бутакка кийимди тыттырып, колду-бутту ташка тилдирген күндөр. Миздүү таш жара тилген тамандан кан токтобой, коркуп шашып калган жолдошунун дарыгери мына ушул Абылбек болчу. Кийиз күйгүзүп басмак, баса алардын колунда кийиз туруппу, шырмалынын жыртыгынан жүн чубап, ошого ширеңке тартып, жараатка баса койгон Абылбек аны колу менен кармап далайга отурчу: «Ысык тийдиби? Чыда, так ошо күйүк басат канды. Чыда, айланайын». Ушинтип каадалуу сүйлөчү. Буту жарааттуу баланын айланасында муну угуп жүргөн балдар Абылбекке күлкү жаадырып чурулдай кетишчү:

— Ха-ха-ха-аа! Тигини!

— Каадалуу табып го?!

— Абылай болуп калган тура бу!

Абылбек тигилердин күлкүсүнө арданчу эмес, ашыкпай какырып тигиндей чыйт түкүрчү:

— Чишт! Ой, чуулдабагыла дейм ой! Ээ, кезек таранчы! Ушуларды эмне кылсам!— Муну уккан жолдошторунун тамашасын эми көрүп ал. Жыга тартып, төө матек алышчу мындан:

— Аке-ей! «чишт» дейби, ой?! Чуулдабагыла дейт ко?

— Таранчы дейт тура! Биз сага «таранчы» экенбиз ээ?!

— Арыңды урайын, ой бу Абылай табып болуп калган тура!

— Коё тур, төө матек алайын Абылайдан. Ии тургуз.

Көптөп кеткен балдардын астында калган Абылбек ашыкпай үн катат күйүгө:

— Эй… эй таранчылар дейм! Чуулдабагыла! Коё бергиле! Турсам көрөсүңөр! Наадансыңар! Тигинин бутунан кан токтобой жатса. Кыткылыктаган күлкүгө бастырып, чуркурап турган жолдоштору ушуну угар замат оюн-тамашаны тык токтотуп, кайра тиги жарааттуу жолдошуна үйрүлүшчү. Мындайга Абылбекчелик эч кимисинин ыгы жогун да моюнга алышчу.

*    *    *

Ушу тапта жолдошторунун үнү кулагында, өңдөрү көз алдында. Капчыгай жолунда шофёрдун жанында баратканын эсинен чыгарган ал ууртунан жылмаят. Капчыгай__бетиндеги карагатты карап өзү окуган акындын ырын жатка айтат.

Опол тоо чокусуна күмүш жапкан,
Бооруна карагаттан мончок таккан.
Карагай, кайың, четин желге ыргалып,
Көркүнө көргөн жанды кумарланткан.

Анан карагаттын дарылыгын санайт: ич өткөккө, заара токтогонго, тер чыгарууга, кызыл жүгүрүккө… Бул анын кургаган гана жалбырагынын дарылыгы. Ал эми бышкан карагаттын ширеси: көк жөтөлгө, ич ооруга, үн бүткөнгө, баш ооруга… Ушунун баарын Абылай сайрап отурчу. Төтөн карагат бышкан маалда чаначына айранын байланып атчан жөнөгөн ал көчө бойлоп балдарды да чакыра кетчү: «О жүргүлө карагатка. Бир кумардан чыгалы. Бир чанач терип алсаңар барбы… жыл маалы азык. Тумоо-бучкактан дениңер сак».

Балага кайра деле Абылайдын үнү угулат. Дайым тамаша чакырып кымыңдап турган жүлжүгүй көзү мунун көзүнөн кетпей туруп алды. Бу да жанындай көрчү аны. Абылайга окшоп жомок айтып, ага окшоп табып болсом дегенде ак эткенден так этчү.

*   *   *

Капчыгайда иңир кирип, дайра шары гүү-шаа. Жан жактан калың саратан чырылдайт. Иңирге үргүлөп турган салаңдаган аскаларды, аска бетин кесип өткөн темир жол төтөсүн көзү чалды баланын. Бу төмөнтөн тиги бийиктеги жолдун өзү көрүнбөсө да кесилген тоо, куюлган шагылды тиктеп келатканда арттан паровоз үнү угулуп, аңгыча күрпө-күрпө түтүн бүрккөн паровоздун өзү да заматта тоо бетинен көрүнө калды. Ушу паровоз, тиги капчыгай, тиги темир жол баянын атасынан да, Абылайдан да нечен курдай уккан. Айтор согуштун алды-кийининде ушул темир жолду сүйлөй беришчү чогула калган айыл кишилери биринен-бири озуп:

— Бо, Балыкчыга бойуз келет экен го? Адам, аны капчыгайдан кантип өткөрөр экен?— дешти поезди мурда көргөндөр таңыркап.

Ээ, илгери ат менен араң өтчүбүз. Кийин араба катташты дегенде да ага ынанбай койгонбуз. А машине дегениң кечээ эле жүрдү го Боомдон?

— Ой, ал араба менен машине бери суу жээктеп өттү эле го. Кээ белестерди кесип, түзөп гана өтө берген. Кантекени менен ал жол кадимки эле жол да. Анан бу темир жол чиркиниңи кантип?..

— Ой, бу укканга караганда көк-жалтаң эле асканы кесип жатат дейт ко? Бойус так ошо асканын бетинен өтөт экен.

— Пай-пай!— деп көзүн жуумп, башын чайкап жибергендер болду.— Чымын буту тайгаланчу аскалар бар эле, ошонун бетин эмне деген жарак менен кесип, анын бетинен бир шаарды кантип гана өткөрөр экен, тобо?

— Аның ырас. Бойузуң бир шаар да, жүргүрүп бараткан эле шаар. Үйүңдө отургандай гана чай ичип кете бересиң.

Муну айткан, поезди мурун түшүп көргөн кийин капчыгайдан өткөнүн көрүп баягыдан бетер аңыз кылып калышты:

— Пай-пай! Ойдо бараттык эле, дал төбөбүздөн «кара бука» өкүрдү. Баарыбыз селт этип карай салсак жалама асканын бетинде, дал төбөбүздө чамынып өтүп бараткан экен жарыктыгың! Дабышынан тоо жаңырат: гүпө-гүпө-дүк! Өкүрүп иет көк түтүн бүркүп… Ойдо бараткандар тегиз келме келтирип, тегиз жакабызды кармаган экенбиз.— Чоң кишилердин бу сөзүн уккан балдардын оозу ачылып элейе түшчү. Балдарга капчыгайыңды бир аз баамдаганы менен темир жолуң белгисиз, аны көрбөгөндөн кийин элестете алышчу эмес.

Мына эми ошо аталар таңгалган капчыгайда баратышат. Аталар таңгалган темир жолду эртеден бери тээ суу жээктеп коктудан каршы-терши атташты.

«Курган эмелер, —деди Абылбек өзүнчө тиги үстүндөгү курбуларына жаны ачыды. — Жанагы бойдон кендир менен жабылып жатышат ко. Капчыгайды көрбөй калышты. Кыз-Күйөө, Кызыл-Көпүрө… алардан качан өтөр экенбиз?» Мына ошол мерчемдүү жерлерден өткөндө гана тигилердин үстүн ачып тургузмак. Канетсе да чыдамы кеткен Абылбек береги унчукпаган шофердон ушуну сурашка оозун таптады:

— Байке, Кызыл-Көпүрөдөн качан өтөбүз?

Бирок ошо тапта машинанын өзү титирей түшүп тык токтоп калса болобу. Унчукпас шофердун бурк эткени угулду:

— Түфф! Кабинанын каалгасын тышка ачуулу ыргытып тышка чыккан шофер машинаны айлана басып келген соң балдарга буюрду:

— Түшкүлө! Камера жарылыптыр.— Калдайган кендир астындагы балдар жымың күлүп тура калышты, куду жеттик деген сөздү уккансып. Алар азыр камеранын жарылганы менен да, жолдо калары менен да иши болгон жок, айтор ачыкка чыкканына гана сүйүнүп кетишти.

Иңирдеги капчыгайды балдар элеңдей карашты. Ушу тапта кабинадан жай түшүп, машинанын ооп бараткан жагына басып келген Абылбек өзүнчө марчайып койду:

— Ии, дөңгөлөк жарылган тура.

— Дөңгөлөк эмес, камера,— деп оңдоду үстүнөн түшкөн балдардын бири.

— Ал эмне экен дөңгөлөк болбогондо?— Абылбек өз оюн берген жок.

Балдар бу жерде бир аз туруп гана жөнөп кетчүдөй болушкан. Шофер дөңгөлөгүн алмаштырат, анан жүрүп кетебиз деп ойлошкон. Андай болбой калды. Тиги демейки шоферлордой шапа-шупа чечинип, жарак-жабдыгын алган жок. Жарылган дөңгөлөккө көз кыйыгын таштап коюп, көбүнчө жолдон көзү өттү. Бирде келаткан жагын караса, бирде бараткан жагын карайт да турат. Унчукпас шофердун минтип турганын балдар бир оокумда гана билишти. Алмаштырар камерасы жок тура. Эми буга бирөө дөңгөлөгүнөн сууруп береби камерасын?!

Чай кайнам өттү, эт бышым болду. Эки тараптан тең жолду бууп салгансып машина көрүнсөчү бир. Капчыгайга кара күүгүм кирип, бийиктен жылдыз жыбырады. Тереңде дайра алдастап гүү-шаа.

Куржундарын башына жазданып, машинадагы арпанын үстүнө катар жаткан балдар оо түндүн бир оокумуна дейре кужурашып, жабыла каткыра кетишип, жедеп чарчаганда, жанараак тырп укташты. Алар бу арпанын үстүнө эмес, жолдон четке чыгып, жерге жатууга ниеттенди эле шофер болбой койду:

— Жылан бар буларда, машинага чыккыла.— Шофёр өзү болсо чылымын соруп коюп басып жүрдү жол бойлоп.

Тоо урап кеткендей күркүрөктөн балдар чочуп ойгонушту. Бейкут түш көрүп мемиреп жатышкан алар көзүн ачары менен шаркырата төккөн нөшөрдү, түнөргөн асманды, бирине- бири кагышкандай дүңгүрөгөн, жаңырыктаган тоолорду уйкулуу көздөрү менен карап чочуп да кетишти. Булар кайда экенин эми араң эстешти. Чыгыш жак заматка жарк дей түшүп карарган асманды чагылган жара-жара чаап өттү. Бири-бирине жармаша түшкөн балдар көз ачып-жумгуча жарк дей түшкөн жолдон солдоюп турган шофёрду көрүштү.

Чүмкөмө плащын алган ал жаанга ыктап турат. Анын жаан жууган түктүү бети бир заматка көрүнүп жок болду. Дагы эле машина тосуп турса керек. Ал бир оокумда машинанын жанына келди да колдурап койду:

— Балдар! Оо, балдар!.. Тур, тургула.— Муну укса да балдар бир саамга кыймылсыз, үнсүз отурушту. Алардын оюна ар деме келген эле: «Машинасынан түшүрүп туруп кууп жиберчү немеби? Жөн куубай, тилдеп туруп куубасын, «сааттуу балдарды». Түнү менен жаанда жабыша бүрүшүп отурган балдарга ал дагы унчукту:

— Ой! Ой, балдар! Тирүүсүңөрбү?!

— Ии?— деди эми араң Абылбек. Шофёр кабинасын таянып туруп минтти:

— Тургула, кабинага киргиле. Жаан басылчудай эмес, куруп каласыңар таң аткыча.— Муну уккан балдар эмне дээрин билбей делдейе түштү. Жаан астынан тоголоно-жумалана туруп жатып үн каткан дале бая Абылбек болду. Кантсе да үйүр алышып калган да:

— Э, байке, анда өзүңүзчү?

— Өзүмүн плащым бар,— деди шофёр.— Бол, болгула. Э, мен эмне…

Кабинага шыкалган балдар арпанын үстүнөн үшүгөнүн эми билишти. Бир оокумга дейре титиреген алар шатыраган жаанды тиктеп отура беришти. Дени жаңы жылып үргүлөп бараткан эмелерди артка күркүрөй келип токтогон машина, андан кыйкыра сүйлөгөн чоочуи үн ойготту:

— Эй, эмне болду?

Эки шофер бир саатча алышкан соң машина ордунан козголду. Бу тапта күндүн арты түрүлүп, жаан басылып, балдар өз-өз орундарына конуп калышкан эле.

— Бол эми, астыга түш!— деп кыйкырды чоочун шофёр.— « Не бар, не жок мен сени артыңан акмалай барайын.

Таң сүрүп калды. А бу балдардын шофер байкеси ошондо да кылайып унчуккан жок.

Кош машина капчыгайдан суурула бергенде жер-суу таанылды. Мына, ары-бериси чай кайнам өтпөй сары өзөндүн жайкы таңы кашкайып жатты. Таңкы сыдырымга саал чыйрыккан балдар сергек, көңүлдөрү чайыттай. Бир ажайып сахна көрүп турушкандай алды жагын жүткүнө карашат. Ушу тапта бу балдардын жергеси Кочкор тарапта жай жаңы келип, тоолор көктөм. А Сары өзөн Чүй өз атындай сапсары каймак болуп, бышыкчылык экен. Үйлөрү да Кочкордогудай, тиги Балыкчыныкындай боз токол эмес, баары чатырлуу, камыш менен жабылган.

Ушу тапта машина менен кошо, береги жол менен кошо зуулдап көңүлү учкан балдардын жүрөгү элеп-желеп. Шаарды булар кандай гана укмушка салыштырып, не деген жомоктогу кереметтерди көз алдынан өткөрүшпөдү ушу тапта. Булар бараткан Фрунзе шаарын мурда көргөндөрдүн айтуусуна караганда көчөлөр таш күзгү. Андан кишинин өзү көрүнүп турат. Үйлөрү асман мелжийт, чалкалап карасаң башыңан тебетейиң ыргыйт.

Бу сыпаттагы шаарды угуп отуруп, балдардын акылы айран эле. Эми минтип өздөрү баратпайбы.

Күн тоо башынан көтөрүлгөндөн эле кактай баштады. Аптапка төшүн жайган сары өзөн магдырап, көз учу жетпес учу-кыйырын көгүлтүр-бозомтук закым чалып, зор деңиздей чалкып жатат. Түштүк тарабындагы тоолор башы күмүштөнүп, атырылган толкундай аппак булутка киринип жатат. Батыш тараптан тоо көрүнбөй зор кара-көк асман гана көмкөрүлүп, ал мынабу балдардын көзүнө ал тарапта жер эмес, учу-кыйыры жок көгүлтүр океан чалкып жаткандай мелмилдейт. «Эми Фрунзе кайда болду экен?» Бала минтип өзүнөн сурады. Сүйлөшүп келаткан болсо мынабу ичукпас шофердон сурабайт беле.

Машина мел-мел талаада зымырайт. Көз мелжиген талаа бетинен бирде жаз көрүнсө, бирде жай, кайра бир жеринен күз көрүнөт. Мынабу жол жээгиндеги чабылган беде текши көрпө болуп, жаз, андан аркы жашыл талаада жүгөрү бала кучактап, кызылча кара-көк, магдырап жай, тээ көз мелжиген мейкинде жердин сапсары каймагы калдайып, данга толуп күз. Мына, баарын батырган даркан талаа. Машина талаа бетинде безилдеп, улам бир бак-дарактуу кыштакка култ кирип, кайра чыга түшөт. Сары өзөн жолунда машина көбөйдү.

Түндөгү жаанда көздөн учкан алар азыр тынымсыз чабагандайт. Күндүн чыгышынан батышына кулач урган көгүлтүр магистраль куду күрөө тамырдай созулуп, а жолдон чубурган машина тамырдан чуркаган кандай тынымсыз дирилдейт.

Учу көрүнбөс магистраль бир оокумда жапжашыл шамдай созолонгон теректүү көчөнү аралатты. Кооз жашыл терек чүмкөнгөн шаар өзүнө аптап өткөрбөй серүүндөп туруптур. Машина үстүндөгү балдардын адеп караганы эле оболонгон теректер болду. Тээ асман мелжиген күмүш жалбырактары шыбырап, ошо бийиктен бир жагымдуу салкындык шилеп жаткансыйт:

— Келдик,— деди машинасын токтоткон шофер.

— Ыя? Фрунзегеби?

— Койчу? Чын эле ушубу Фрунзе?— Терек бутагына коно калышкан топ таранчыдай балдардын үнү жарыша чур этти:

— Ой… ой а тиги… көчөлөрү таш күзгү дебеди беле ыя?

— Тамдары бүт эле айнек дешпеди беле ыя?

— Жапыс тамдары деле бар го?— минтишкен балдар шаарга келгенине анча ынана албай турушту.

*   *   *

Шаардын аптабы өттү. Кайнаган аптап менен кошо балдардын түйшүктүү күндөрү өттү. Айылдын элкин абасынан келген балдар азыр бышыгып, ысык-суукка катыгып калышкансыйт. Ата-эненин колтугунан жаңы чыккан балдарга адепки жуманын өтүшү кыйын болду. Айрыкча Абылбекке ушул бир апта толук бир айдай сундакты.

Ал дайым бу шаардыктардын арасынан айылдыктарды, эң болбогондо айылдыктарга окшош кишилерди издейт да жүрөт. Өңү-түсү, жүрүм-туруму айылдыктай кишилерди агылгалайт да жүрөт. Апасына окшош аялды көрдү чоң дүкөндөн. Ал кийим сатчу жерде иштеген кыргыз аял экен. Алды-бердиси болбосо да күндө бир маал мына ушул дүкөнгө кирип, тиги аялды четтен карап тура берет. Анын баскан-турганы, сүйлөгөнү, күлгөнү, жалпак бети, а түгүл тишинен өйдө айрып алгыс экен апасынан. Абылбек апасын түшүндө да көп көрөт. Апасы өнтөлөп бышкан тамагын берип жалбарып, кээде кийимин жамап-жазгап.

Баса, калың токойго көлбөп турган шаар ичинен ага тоо көрүнгөн эмес. Институттун үчүнчү кабатына чыккан ага бир күнү эле тоо шаңкая түшпөспү!

Бала куду айлына келип калгандай кубанды. Тоо аралагандай сергип жагалданды. Тиги чокудагы мөңгүнүн илеби келет. Тоо! Тоонун көк адыр жылгалары, көбүргөн, ышкындуу капталдары, кыпкызыл жөргөмүш каптаган суу жээги, көк түздөр… Баланын жүрөгү дикилдеп, көзү жайнады, дал ошо суу жээгиндеги көк түзгө оонап алгандай көңүлү эргиди.

Ушундан декилдеп төмөн чуркап түшкөн ал жолдошторун издеп жүрдү. Какен жок. Марат чалкасынан түшүп кроватында ырдап жатыптыр Мараттын адаты ыр, күү дегенде ичкен ашын жерге коёт. Радиодон ыр угулду дегиче баланын жүзү жадырап, ойнок көзү күлүңдөп, өзү жалындай алоолоп кетет. Ырды бу балдарча жайынча укпай оштонуп үн кошо кетип, же саал тыңшай калып, ал ырдалып бүткөн соң анын ажайып сөзүн да жүрөк элжиреткен мукамын да дал өзүндөй шаңшып балдарды таңыркатчу. Сабак окуп отурушканда бөтөн дабышты кыртышы сүйбөс балдар, мунун ырын укканда кубаттоого шашышчу:

— Ой-ээй!.. Укмушсуң го ыя?

— Мусанын эле өзү тимеле!— Ушу тапта окуп отурган китеп, дептерлер жабылып, Мараттын жанына үймөлөктөй калган балдар, ага жакын кроваттан орун талашып кужурап калышчу:

— Ары жылчы! Арыраак отурчу угалы. — Жатаканада тазалык сактап, аппак шейшебин одеалына кооз бүктөп, сыдырыкка тарткандай иреттеп койгон балдардын кээлери кыртыштай кетчү:

— Өзүңкүнө отурсаң эмне, кулагың укпай калабы?!

Ышкыбоз теңтуштарынын бул кыяпаты Маратты ого бетер эргитип жиберчү да ырдын ар кайруусун, үндүн мукамын дал Мусанын обонуна окшоштурууга далбас урчу.

Туу-улдум-аа беле-е насыпсыз,
Туу-утулуп келдим жа-азыксы-ыз.

Балдар өздөрүнчө кобур аралаш жандана кетишет:

— «Туткун ыры!»
Токомдун «Туткун ыры!»

Алар жарыша эргий шаңданып ырчыны сүрөй кетишет:

— Ээй-иий! Өлбө-ө! Жаша-а!

— Бах! Обон эмес бекен! Таш-та-а! Көтөрө ташта!

Баса, Мараттын шайманы-шай. Тыяктан черте жүрчү бая комузу жок болгон үчүн мындагы жолдоштордон алып черте коёр балалайка. Ырдагандан да ушу балалайкага тапатак сайраткан не бир күйдүргү обондорчу! Мараттын сөөмөйү балалайканын зым кылын керемет тилге келтирип, сайрата баштаганда ал анчейин зымды эмес ар бир баланын жүрөгүн кытыгылап жиберчү. Мына ушундан уламбы, булар окуган окуунун, өзгөчө булар жашаган бөлмөнүн көркү ушу Маратта өңдөнчү. Марат сабактан келе электе же анын балалайкасынын үнү угулбай турганда бөлмө тунжурап көңүлсүз. Марат бир саат көрүнбөсө аны жок издеп, коңултап калышчу курбулар:

— Марат кайда ыя? Аларда бүгүн төрт пар беле?

Ошо тапта тыштан кыңылдап ырдап келаткан Мараттын өзү башбакчу бөлмөгө:

…Туу-улдум аа бе-еле, насып-сы-ыз…

Балдар жарданып тура калышат, жарыша унчугушат:

— Оу, кайран Током! Туткундан келаткан белем?

— Кокуй Токомду тоскула! — Курбулар оюн-чынынан анын үстүнө үйрүлүшүп, ага тамаша аралаш кош колдоп учурашып калышчу:

— Кокуй, Токомду бул айылга.

— Жо, биздин айылга түшүрөбүз.—Током түшөр «айылдар» бир бөлмөгө эки катар коюлган кроваттар. — Кокуй, Токомдун атын алгыла. Токомдун атын алгыла!— Токомдун «аты» анын колундагы портфели боло турган. Деги Мараттагы касиеттин эң башкысы анын акжаркын, жайдары мүнөзү. Канчалык карды ачып, чарчап турса бүркөлбөс жаркын кыялы. Ушул кыялына тетири жагы анын саал сылаңкороздугу, мактана коймою. Ушул кыялды мунун боюна ыраа көрбөгөн жолдоштору кээде бетине айтып, а тиги чычалай кетчү. Зили-түбү мунун өнөрүнө ыраазы болгон теңтуштары ага чындап кеңеш бере да жүрүштү:

— Ой, Марат дейм, ушу сен артистке эле өтсөңчү?

— Ырас ой, сен баралыңа келгенде Муса менен Атайдын ордун басасың! Ой ушу сен артистке эле өт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.