Сөз башында окурманды окуянын (макаланын) катышуучулары (каармандары) менен тааныштыра кетким бар. “Түшүндүрмө сөздүккө” кирбей калгандар таарынбастыр.

  • Сагынбай Орозбак (Акеше) уулу – унутулбай турган улуу манасчы
  • Калсынбүбү Кадыркулова – Сагынбайдын жээн небереси
  • “Ормон хан” – Кочкордун күн чыгышындагы чоң кыштак
  • Темир Болот – Ормон Хан айыл өкмөтүнүн башкармасы
  • Кыргыз Өкмөтү – башчысы орто эсеп менен он айда бир алмашып турган эски аянттагы мекеме
  • Маданият министрлиги – артисттерге кезектештирип (кээде кезексиз) наам алып берген, жетекчи токтобогон мекеме
  • Жазуучулар союзу – колунда коко тыйыны жок болгону менен, аш-тойдо төргө чыккан уюм
  • “Мурас” фонду – казынанын пулуна мамлекет башчыларынын тегин таап берип, сыйлык алууга адистешкен орган
  • Абдылдажан Акматалиев — академик, Сагынбайдын академиялык, жөн басылыштарынын, “Сагынбай” энциклопедиясынын жана Манастаануу борборунан чыккан бардык басылмалардын жалпы жана башкы редактору
  • Аалы Молдоканов – ушул макаланын автору, Кочкордун Жаңы-Жол айылынан Бишкектеги жалгыз жогорку билимдүү өкүл.

Рухий дөөлөткө (казынага) жасалма жана жалган мамилебиз тууралуу кейиштүү кепке өтөрдөн мурун, эң негизги суроону тактап алалы! Сагынбай Орозбаков ким жана анын 150 жылдыгы өттүбү же өтө элекпи? Анда кичинекей кириш сөз.

4-5 жашымда атам кат тааныткандан тартып “Манас” менен оозанган мага эпос окуялары — болгон болбогону, жалган-чыны акылга сыйбаган өтө сырдуу кубулуш. Андай касиетке Кудайлар гана ээ. Манастаануучу Муңдук Мамыровдун аныктамасы боюнча Манас – кыргыздын Кудайы, манасчылар – анын сөзүн бизге жеткирип турган пайгамбарлар. Бизге жеткен манасчылардын ичинен олуясы – Сагынбай! Бүгүн жалпынын ага берилген талашсыз баасы ушундай.

Төрт аягы төп жорго, улуу Токтогул бекеринен эстен танып, акак таланттуу Алыкул жөндөн-жөн суктанбаса керек. Демек, улуу манасчынын бир жарым  кылымдык даңазалуу мааракесин чоң урмат менен өткөрүүгө өкмөттүн чечиминде (эмнегедир жылды ортолотуп барып 2017-жылдын 1-июлунда чыккан) кине жок.

— Таятамдын мааракеси өтпөй калабы,- деген суроо менен сенин чоң үйлөргө (Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт) кайрылууларыңа келген жоопторго ишенсек, урматтуу Калсынбүбү, 150 жылдык белгиленип бүтүптүр.  Мааракеге жооптуу  болгон Маданият министрлигинин Жогорку Кеңешке берген расмий отчетунун керектүү жерлерин келтирейин.

“2017-жылы 23-февралда Илимдер академиясы “Ааламдын генийи Манас (?)” аталышында илимий-практикалык конференция өткөрдү. “Ыйман, адеп жана маданият” жылына жана манасчы С.Орозбаковдун элесине  (?) арнап 2017-жылдын 5-9-сентябрында дүйнө элдеринин эпосторунун IV эл аралык фестивалы борборубуз Бишкек шаарында болуп, 17 мамлекеттин илимпоздору менен айтуучулары эпос жаатында актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулады.

Бул фестивалга 5 млн. сом (!?) жумшалды. “Салттуу маданият жумалыгынын” (Талас) алкагында С.Орозбаковдун 150 жылдыгына карата Манас айтуу, төкмө акындардын, комузчулардын, элдик ырлардын кароо-сынагы өттү. 2 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты сарпталды. Улуттук китепкана тегерек үстөл уюштурду. 12-сентябрда Баткен облусунда “Улуу адамдарды эскерүү” болуп өттү. Иш-чара С.Орозбаковдун 150 жылдыгына арналды. Министрликке караган облустук, райондук жана айылдык китепкана менен музейлерде аталган инсандын сүрөт көргөзөмөлөрү (?)… өттү. 2018-жыл 23-январда 11:00дө Улуттук китепканада китеп-сүрөт көргөзмөсү өттү”.

Министрликтин Жогорку Кеңешке жолдогон 2 бет отчету: “Улуу манасчынын руханий тарыхта (?) ээлеген орду абдан бийик экени талашсыз” деген сүйлөм менен аяктайт. Жаш баланы алдагансыган жобураган жооптордон көрүнүп тургандай, министрлик майда-барат чогулуш кылган жерлеринин баарында эле батасын Сагынбайга багыштап, 7 миллион сомго чай ичкенин жашырган эмес.

— Сен же манасчынын башка туугандары ушул иш-чараларга чакырылдыңарбы, — деген суроомо Калсынбүбүнүн жообу оозумду ачырды.

— Ой агай, кайдагы чакырык! Жанагы фестиваль дегенге 500 сомдон 5 белет алып кирсек, Талантаалыдан башка бир манасчы жок экен. Таятам  тууралуу сөз да болгон жок!

Абдан табышмактуу жагдай! Жогор жак 150 жылдык өттү деп маселеге чекит койгон экен. Министрлик өзү моюнга алгандай “руханий тарыхта ээлеген орду абдан бийик улуу манасчынын” мааракеси мамлекеттик масштабда өтсүн (!) деген өкмөттүн чечими чыккан соң, аны аткаруунун калыптанган кадыресе тартиби болот эмеспи. Бысмылда дегенде эле абройлуу аткаминер баштаган уюштуруу тобу түзүлүп, ага тиешелүү адамдар тартылып, иш-чарасын атайын буйрук менен бекитет. Эгер андай топ түзүлсө, эки жылдан бери эшиктерди жыртып, чуркап жүргөн Калсынбүбү экөөбүз, район, облус, “Ормон Хан” айылы, ал жердеги Сагынбай мектеби угат элек. Демек, жогору жактагы билермандар уюштуруу тобун түзүүнүн зарылчылыгы жок деп чечишсе керек ! Жогорку бийликке го жооп берилиптир. Элге эмне дейбиз!

Сизди, урматтуу, Калсынбүбү, кейибе! –деп жатканымдын жүйөөсү бар.

Макаламдын ушул жерине келгенде,  касиеттүү аталарынын аты коюлган Темир Болот иним телефон чалды.

— Аалы байке, айылыбыз түп көтөрүлүп, 150 жылдыкты өткөрмөй болдук. Аким, губернаторлор колдоду. Кичине кем-карчыбыз бар, аны чечебиз. Эң башкысы, Атамбаев берген акчага күмбөздү жаркыраттык!

Анча болду акчанын тарыхын айта кетели. Өткөн күздө шайлоонун үгүт иштери менен Кочкорго барып калганда, мурунку ажо маараке тууралуу биринчи жолу угуп (!), өз фондунан  дароо 5 миллион карматкан экен. “Мындан жаманымда да тойго барганмын” деп эртеги бирөө атйкандай, 1993-жылы азыркыдан абдан эле оор кезде да Сагынбайдын жылдыгын дүңгүрөтө өткөргөнбүз. Уюштуруу комиссиясын аким же министр эмес, өкмөт башчы өзү жетектеген. Чынгышев менен жүргөндөр куранды кур күмбөзгө окуганына баш чайкап, Чынарбек акын манасчынын айылдан обочодо тоо этегиндеги коргонуна курбусу Муратбек Бегалиевди ээрчитип барып, парзын аткарып келген.

Сагынбайдын өзүнүн керээзиби же туугандары туура көрдүбү, манасчынын сөөгү Ормон Хандын урпактары көлдөн ооп баргандан кийин кыштап жүргөн Айманбеттин оозу деген таза жерге айылдан окчун коюлган, келиштире коргон салынган. Быйыл жазында барганымда көзүм жетти: коргонго жол салыштын деле кереги жок экен. Ар ким барып зоок кылып, тегерегин булгабай, пайгамбардай талантыбыз таза жатсын!

Эми Калсынбүбү замандаш, манасчынын урпактары, бийликке деле туура түшүнөлү. Жаманынан жакшысы, жакшысынан жаманы көп кайран Совет ураган соң, көйгөйлөр көп болду, бийликти кокусунан келип калгандар булгады. Кыргызды малга теңеген жатыны бузуктар Манастын, Сагынбайдын кадырына жетмек беле?!

Бир билгеним, биздин эл, биздин бийлик Манаска түшүнө баштаганда гана ишибиз илгерилеп, итибиз чөп жейт. Эмнеге кытайга Кудай берип жатат? Бээжинди беш жолу чапкан Манас баатырга эстелик койду. Манасчыларды кастарлап маяна берет экен. Бизден озуп, эпосту ЮНЕСКОго каттатмакчы болуп, Жусуп Мамайды даңазалады. Манас эмне экенин түшүнгөн элди карачы! Манасчылык касиет – Манас деген купуя илимдин, чексиз ааламдын, ченемсиз ажайып сырдын  бир эле бети.

Эл эбегейсиз булганганын түшүнүп, азыркы бийлик башчыбыз чоң тазаланууну баштады. Реформаторлук мүмкүнчүлүгү бийиктигин жазып да, айтып да жүрөм. Бул киши губернатор кезинде  “Манасты” тапшырсам, терең ыраазы болуп, чоң сый көрсөткөн. Өзү да эң чоң белек катары татыктуу адамдарга “Манас” китебин тапшырып жүрөт. Жандап жүргөндөр кабарды жеткирбей, Сагынбай тууралуу менимче уга элек. Манаска мамилеси түз Сооронбай Жээнбековго, залкардын тою зарыктырып, өткөн өтпөгөнү билинбей ара жолдо турганын кантип кабарлаарымды билбей башым маң. Маанилүү мааракенин аянычтуу абалын ажоого айтып барчу адамды айгай салып таппай, айлам кетип  турат. Манасчы тууралуу  маанилүү сунушту «РухЭшке» табыштадым.

Мен да сен өңдөнүп эки жылдан бери Сагынбайдын150 жылдыгы көөнүмдөн чыкпайт. Агалык, кудалык, аяш аталык укугумдан пайдаланып, мурунку, кийинки өкмөт башчыларга сунушумду болушунча жеткирдим. Мурунку, кийинки маданият министрлер, кураторлор менен ушул маселе боюнча атайылап жолугуп айтып турдум. Өзүм иштеген мекеменин мурунку кийинки төр агаларынан, орун басарларынан колдоо таап, эки жылдан бери  тил комиссиясынын иш-чарасына киргизип келе жатам.

Кейиштүүсү, Калсынбүбү, сенин кичинекей китебиңди чыгарып бере албай уят болдук. Себеби, тилди өнүктүр деп китеп чыгарууга миллиондогон сом бөлүнгөн программада Вальтер Скотт, “Кыргызча-дунганча сөздүк” бар, Сагынбай кирбей калыптыр. Эми муну мындай таштайлы да, кепти бул юбилейге кыйыр тиешеси бар мекемелерден кеп баштайлы.

Манас таануу борбору, тил, адабият институту, анын жетекчиси Абдылдажан агайың, жыл башында вице-премьер министр, жөн министр дегендерди баш кылып, Сагынбайга арнап жыйын өткөргөн. Сунуштары бар. Бүгүнкү карайлаган заманда академиктердин үнү алыска жетпей калган көрүнөт. Аны эч ким уккан жок.

Бир кезде сөөлөттүү жүргөн жазуучулар союзу дегендин азыр аты эле бар. Сагынбайды ойломок тургай, жугу бар бирөөлөргө жалдырап, демилгеси эбак өчкөн.

Жарым тарыхчы, жарым журналист, жарым саясатчы, жарым саякатчылар иштеген, баш бийликтин акырынан жем жеген “Мурас” деген коом бар эмеспи. Алар чыныгы Ата Мураска — Манас, Сагынбай өңдүү асыл дөөлөттөргө кызыкса, тапшырыгын так аткарган чоңдорго маселе коюп, жок дегенде түрк тилдүүлөрдү чакырып, Сакебизди бир даңазалап, кыргыздын атын чыгарып  коймок. Жок, алар Алматыга, Ташкенге, Баткенге саякаттап, ажолордун ата-тегин териштирүү менен алек.

Мен билгенден, өткөн жылы Ормон Хан айылындагы мектептин мугалими манасчы тууралуу макалаларды байма-бай жазып турду жана  кыргыз телесинин Маданият каналынын кызматкерлери Дөөлөт манасчы жубайы менен жер кезип, Сагынбай Орозбак уулуна байланышкан  толгон-токой даректүү маалыматтары тасмага тартып келип, элге тартуулады. Интеллигент, илим журтунан ич жылытаарлык башка аракетти байкаганым жок.

Жаман оюмда бери эле болгондо 150 жылдыгын өткөр деп чечим чыгарган ЮНЕСКОдон, ТҮРКСОЙдон, боордош коңшу элдерден меймандарды, эпоско тиешеси бар илимпоздорду, айтуучуларды чакырып, улуу манасчынын айкели астына коюлган улуттук филармонияда жыйын,  эртеси сөөгү жаткан Кочкор жергесинде улуттук оюндар менен коштолгон той менен жыйынтыктайбыз деп күткөн элем.

Ушул шаан-шөкөттөрдү оозуна бир боорсок тийбей турган элдин мойнуна илбей, казынанын каражатына жана эсирип кете элек эстүү байбачаларыбыздын эсебинен өткөрүүнүн жөнү болмок. Мамлекет 50-60 жылдан бери Сагынбайдын мурасын сансыз нускалар менен сатып, музейге жетерлик каражат карыз. Сагынбайдын артынан салпактап ээрчип жүрүп, төрт жыл бою ишин таштап, «Манасты» жазган улуу фолклорчу – быйыл туулганына 130 жыл толгон Ыбырай Абдрахманов экөөнүн мааракелерин кошуп өткөрсөк да, алар тууралуу өтө кызыктуу көп сериялуу даректүү-көркөм тасма тартсак да ошол каражаттын чети оюлмак эмес.

Ашып эле кетсе Кытайдан алып келген кымбат аттиштердин акчасындай пул чыкмак. Сагынбайдын урпагы мамлекеттен бир сом ала элек. 1978-жылы атасынын “Манасы” массалык нуска менен чыкканын угуп басмага келген кызына жол кирелик тыйын бере албаган биздин бечаралар, бүгүн эгемен болгондо деле оңолуп кетпегени кантип ойлонтпойт.

Камакта жаткан Карганбекте как-жук калды бекен, тегеренип жүргөн тергөөчүлөр кактабай канын соруп бүтүргөн жокпу?

— Манас деп жүрүп атаңыз айдалып кеткен экен, тойго кол кабыш болобу” — десем, Мар Байжиев байкем:

— Саяктарга айтпайсыңбы, — дейт.

– Э кокуй аба, Сагынбайдын каны саяк болгону менен, сарбагыштын арасында төрөлүп, сөөгү коюлуп сарбагыш болуп калыптыр!

-Анда кубалап жибергени үчүн саяктар тогуздап мал союп кечирим сурасын, алп манасчынын ашын берсин, — дейт тамашакөй жазуучубуз.

Бүт кыргыздын сыймыгы болгон САГЫНБАЙдын бир жарым кылымдык мааракесин көтөрүп кетээр азаматтар чыгар бекен, өлөсөлүү өкмөттүн колун каратпай!

“Көчмөндөр оюну” деген опур-топурга ошончо маани берип жаткан улут, улуу манасчысын унутууга укугу жок !

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.