ЖОМОК

Дыйкан көп жылдар бою баласыз жүрдү. Байбичеси экөө балалуу болууну, аны эркелетип сүйүүнү самады. Бирок тагдыр бир баланы көпкө чейин кечиктирди.

Ошо жылдары алар бирөөдөн бала мышык сурап алып, баладай бакты, эркелетип сылап-сыйпап чоңойтту. Мышыкка берген баланы мага эмне бербедиң …- деп дыйкан менен байбичеси көз жашын көлдөтүп жүрдү. А мышык болсо өзүн эркелетип баккан сайын, дагы да ошентишсе деп тилеп, эгер булар балалуу болсо, мени унутуп коюшаар, — деп санааркап жүрдү.

Буга бир нерсе себеп болгон. Ал мышык эшикте чымчык аңдып жүрсө, ага бир жүдөө мышык басып келген:

— Сен эмне аябай жүдөп жүрөсүң? — деген ага.

— А сен эмне үчүн сулуусуң мынчалык?..

— Менин кожоюнум аябай жакшы. Эркелетип, жакшы багат, — деп мактанган.

— Баласы жокпу? — деп сураган андан тиги жүдөө мышык.

— Ооба.

— А-а… ошондой де. Алар балалуу болгондо сага менин кейпимди кийгизет, — деген.

Ошондон кийин ал ээсине ишенбей, балалуу болгондо мени үйүнөн кууп чыгат же жакшы бакпайт турбайбы деп ойлоп, үй ээсинин балалуу болбошун тилеп калган…

Ошентип жүргөндө, дыйкан менен байбичеси балалуу болушту. Мышык аны көрүп, эми мени көчөгө качан кууп чыгышар экен деп күттү. Бирок мышык ойлогондой болгон жок, дыйкан мышыкты мурдагыдай эле көрүп, «ак жолтоюм» деп эркелетти.

Күн өтө берди, бала багуунун түйшүгү түштү, дыйкан менен байбичеси мышыктан акырындап алыстай баштады.

Бир жолу байбиче баласына сүт берейин деп убараланып атып улам-улам алдына келип жолтоо боло берген мышыгына кол тийгизип, катуу тилденди. Дагы бир күнү ошентти. Мышык аябай таарынды. Ал бир жолу бешикте бөлөнүп жаткан баланын жылуу бетине жатып алды. Бала боргулданып тердеп, дем чыгара албай калганда гана байбиче көрүп, бу «карасанатай» мышыкты үйдөн кууп чыкты.

Кыш күнү эле. Ал жатарда гана үйгө кирип, отко жакын ыктап жылынды.

Ошол түнү байбиче жатып түш көрөт: түшүндө байби баласын эркелетип отурса, мышык жанына келип мындай дейт:

— Силер мени мурда эркелетип бакчу элеңер. Балалуу болгондон кийин мени карабай калдыңар.

— Сени багып эле атпаймынбы, мындан башка дагы эмне керек сага?- дейт байбиче.

— Ташта алдагы балаңды, мени алдыңа ал, — дейт мышык.

— Өлүгүндү көрөйүн десе, мен баламды таштап, сени эркелетишим керекпи… — деп аны кубалайт. Жетпейт. Бир маалда, мышык:

— Же сени, же балаңды жейм, — деп асылат байбичеге. Басып жыгып, эмчегин тытып кирет…

Катуу чочуп ойгонгон байбиче, баласы экөөнүн ортосуна жылуу жерге жатып алып күркүрөп уктап жаткан мышыкты түн ортосунда эшикке ыргыттырат… Түшүн абышкасына айтып жорутат. Ошентип экөө экинчи ирет мышык бакпайлы деп убада кылышат.

Жакшылык жарашпаган мышык ошентип үйдөн куулуп, талаалап калат.

*   *   *

Жаз өтүп, күз да келди. Дыйкан быйыл көп түшүм алды. Кампасы эгинге, короосу малга толду. Байбичеси, баласы үчөө, бакыбат оокат өткөзүп жатты. Кампада эгин көп болгону — келээрс-чычкандар көбөйдү. Капкан койду, болбоду, кыйтыр келээрс-чычкан ага түшпөдү. Дыйкандын айласы кетти.

— Мышык багалы, — деди дыйкан байбичесине аргасы түгөнүп. — Мышык бакпасак, чычкан-келээрстер жаныбызды койбойт…

Байбичеси макул болбоду. Акыры аны көндүрдү. Кампадан чыгарбай камап, чычкан алдырып, оокат-ашка жакындатпай турган болушту.

Ошентип, дыйкан мышык издеп чыкты. Эч ким мышыгын бербеди. Себеби, түшүм жаңы жыйналып, ар кимдин кампасында эгин көп, чычкан да көбөйүп турган кез эмеспи.

Жолдо баратса алдынан бир ачка, жүдөгөн, үйдөн куулган мышык жолукту. Тааныды, караса баягы өзү кубалаган мышык экен. Аны көрүп дыйкандын денеси дүр эте түштү. Мышыкты карап турду. Мышык да ээсин таанып, ага теңселип араң басып келип, бутуна жыгылды. Бечара мышыктын дарманы кетип, өлөрүнө аз калыптыр. «Мурдагы ниетинен кайткандыр» деп ойлоп, көтөрүп алып үйүнө келди. Үйүнө алып келгени менен, байбичесине көрсөтпөй, кампага коё берди.

Мышык чычкандардын азабын берди. Кампадан бир тоголок дан алдырбай, жакшы күзөттү. Ошентип, дыйкан мышыкка болгон таарынычын унута баштады…

Ошо күндөрү чычкандар ташып алган тамак-ашын түгөтүп, ачкачылыкка учурады. Кампага баргандар артына кайтпай, кайгы басты. Ошондо келээрс-чычкандар чогулуп, чоң жыйын өткөрүшөт. Алар мышыктан кантип кутулуунун жолун талкуулашты. Бирок мышыктын көзүн эч качан тазалай алышпай турганын, андай каардуу душмандан кутулуу мүмкүн эместигине көздөрү жетип, боздоп ыйлашты.

Акырында бир кары келемиш  мындай деди:

— Балдарым, — деди ал жалпыга, — мен көп жашадым, көптү көрдүм, көптү билдим. Мышык деле тирүү жан эмеспи, тилин таап каларбыз. Мышык дегениң сылап-сыйпап эркелеткенди, кооздукту жакшы көрөт деп уктум эле. Ушуга бир кооз нерсени таап тартуу кылып барып, келишим түзсөк деп ойлойм, — деди.

— Айланайын аба, туура айтасыз,- чурулдашты жалпы чычкандар.

— Бирок эмне тартуу кылабыз, кеп ошондо, — деди ал.

— Мен байдын үйүнөн аялынын алтын билеригин көргөм, — деди бир чычкан.

— Мен байдын сандыгындагы таңгакталган акчаларын көргөм, — деди экинчиси.

— Мен байдын кызынын каухар шурусун көргөм, — деди үчүнчүсү.

— Мен байдын эт кампасынан семиз койдун кучак-кучак куйруктарын, семиз бээнин казы-карта, жалдарын, уйдун сары жүрмөлөрүн көргөм…

— Анда ошолорду бүгүн түндөн калтырбай алып келгиле. Эртең эрте менен жолго чыгалы. Ичеримди ичтим, жээримди жедим, балдарым. Мышык мырзага элчиликке өзүм барайын, ажалым жетсе өлөйүн, эмне болсо да бир барып көрөйүн, — деди күрсүнүп.

Эртеси айткандар орундалып, карт келээрс мышык мырзага жалгыз өзү жөнөдү, алтын, каухар билерик-шуруларды, таңгакталган акчаларды алып… Калгандары өлүмгө бара жаткан чоң атасына кош айтып көз жашын көлдөтүштү…

*   *   *

Мышык карды ток, кайгысы жок, бети-колун жуунуп, мурутун сылап үкөктүн үстүндө жаткан. Өзү да жаңы ойгонгон эле. Бурчтагы ийинден карт келээрстин көзү жалтырады:

— О-о, мырзам, — деди ийилип, карт келээрс, — сизге кара башым, кашык каным, ысык жаным тартуу. Баш кесмек бар, тил кесмек жок дегендей, сизге элчиликке келдим…

Мышык муруттарын сербейтип, ачуулуу карады:

— Айта бер, эмне кебиң бар…

— Аз айып көп күнөөбүз бар, мырзам. Биз зор кайгыга туш болдук. Бизге ырайым кыла көрүңүз, урук-тукумубуз менен кыргынга учурап отурабыз. Бизди аяй көрүңүз, мырзам… — деп көз жашын көлдөттү. — Сизге тартуу менен келдим, мына алтын билерик жана шакек, каухар шуру сөйкө, мончок, таңгакталган алтын акча… Алардын баары сиз үчүн, мырзам…Аз болсо да ушуну алып, бизге ырайым кыла көрүңүз.

Алтын жарыкка чагылышып көз жоосун алган билерик-шакектерди, каухар шуру-мончокторду көргөндө мышык мыйыгынан жылмайып, көзү жайнай түштү.

— Бул аз десеңиз, кучак-кучак койдун куйруктары, семиз бээнин жал, казы-карталары бар. Алар  сиздин буйругуңузду күтүп, биякта турат…

Мышык билериктерди айланта карап, мойнуна шуруларды кабат-кабат илип, кыпчыма сөйкөлөрдү кулагына тагынганда көркүнө чыга түштү.

— Азаматсың, карт келээрсим, минтпесең тукум-курут болот элеңер. Болуптур, сенин сөзүндү бир угайын. Анан, жанагы кучак куйругуңдан бирди – бүгүнкү түштөнүүгө калтырбай алдыма жеткиресиң …

— Куп болот, мырза…

Ошентип, чычкан менен келээрстер мышыктын көңүлүн таап, кампага кирүүгө кайрадан жол табышты.

Арадан күндөр өтө берди. Мышыкка ишенген дыйкан кампага кез-кезде гана баш багып, оокат берип жүрдү.

Эртесинде эле анын мойнундагы каухар шуру менен кулагындагы алтын сөйкөнү, алдында жаткан таңгакталган акчаны көрдү. Аларды алып, дыйкан байбичесине берди. Алар табышкер мышыгынын арты менен ого бетер байышып, аны кайрадан жакшы көрүшүп, жакшылап бага беришти.

Бирок бир күнү чычкандын ийиндери чоңоюп, баш-баш жүгөрүлөр четинен азая баштаганын дыйкан байкап калды. «Мышык карды тойсо, чычкандан жүрөгү айланып калат деген чын белем…», — деп ачууланып, ага тамак бергенди да тыя баштады. Дагы деле чычкан албады мышык. Бир күнү атайын эле каалганын жылчыгынан аңдыды. Мышыктын көзүнчө чычкан-келээрстер эгинди ташып кетип жатышты.

Дыйкан мышыкка алданганын эми туйду. Ачууланды да, кычыраган кыш күнүндө кайрадан аны талаага кууп чыкты. Мышыктын зар үнүн да укпады. Мышык ошондо жаңылыштыгын туюп, көзүн жалжылдатса да карап койбоду…

Ошондон бери го, мышык адамдын жакшылыгын түшүнбөй, а адам болсо аны, үйүндө жашаса да, бүлөсү катары көрбөй, бирде ымала түзүп, бирде нааразыланып, өмүр кечирип келатышыптыр…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.