АҢГЕМЕ

Балдар өсүп жаткан үйгө газета алып келүүгө жол берүүгө болобу! Алар канча канды ичти дейсиң. Улуу уулум экинчи класста окуйт, кызым – биринчиде, а эң кичүүм – азырынча үйдө. Дем алыш күн эле, үй-бүлөбүз менен чогуу отурганбыз. Дем алыш күндөрү беш газета, башка күндөрү үч газета алабыз.

– Чоң эне, стриптиз деген эмне? – деп калды уулум. Чоң энеси ушул эле бөлмөдө кир үтүктөп аткан.

– Ок! Жап жаагыңды! Мындай сөздү кайдан билесиң! Мындай сөз үчүн тилиңе калепмир салыш керек! Тантыраган сөздүн баарын үйрөнүп алышат, – деп ачуулана кетти, ага менин апам.

– Эч нерсени үйрөнгөн жокмун, газетага жазып жатышпайбы… мына стрип-тиз Жылдызы… – деп турбайбы дейт балам.

– Мен сага сүйлөбө деп жатам!.. – апам кыйкырып келип, уулумдан газетаны жулуп алды.

– Бекер эле кыласың, – дедим мен апама, – жооп берип койбосоң, ого бетер кызыга беришет да…

– Ошол эле жетпей жатыптыр! – деди апам. – Мен, ушул жашка келип алып, балаңа стриптиз эмне экенин түшүндүрөйүнбү!

Апасынан жооп болбосун сезген уулум мага кайрылды:

– Папа, стриптиз деген эмне?

– Алып келчи газетаны, карап көрөйүн.

Ал газетаны мага берди… М-да, сүрөт көрүнүктүү экен. Уулума бул эмне экенин түшүндүрө баштаганда берки эки балам да жаныма жүгүрүп келишти:

– Бул сүрөттү көрдүңөрбү… Эгерде аял кийимдерин биринин артынан бирин чече баштаса, мына ошону стриптиз дейт. Тиги аял ошентип чечинет да барып уктайт…

– А балдар стриптиз кылышпайбы? – деп сурады кызым.

– Жок, аны кыздар эле жасашат.

– Эмне үчүн?

Буга эмне деп жооп бересиң?

– Эркектер минтип чечинбейт, – дедим мен, – аялдар гана ошентишет.

– А мен стриптиз кыламбы?

– Дагы эмне!.. – бакырды чоң энеси.

– Сен антпейсиң, кызым… – дедим мен.

– А эмне үчүн, мен эмне кыз эмес бекенмин?

– Жинди, сен азыр кичинекейсиң да, чоңойгондо жасайсың, – дейт уулум билерман немедей корсоюп.

– Чоң эне, а сиз стриптиз кылдыңыз беле? – деп сурады, капилеттен кызым.

– Үйрөт, үйрөт ошентип, – деп апам мени жаман көзү менен карап алды да, башын чайкап ашканага чыгып кетти.

Ошол күнү кечинде биздикине менин үч жолдошум – режиссер, инженер, баш директор аялдары менен  келишмек…

Менин кино тармагына кызыгып жүргөнүм көп болду. Жолдошторум менен кинокомпания түзүүнү ойлоп, бүгүн ошол маселени талкуулоо үчүн чогулмакпыз. Мен сценарийин жазып, баш директор менен инженер акчасын таап, инженердин аялы башкы ролду аткарып, режиссер тартмак. Ошентип биргелешип иштеп, өзүбүздүн алгачкы кинобузду аз каражат менен тартып бүтмөкпүз.

Коноктор чогула башташты. Ал-жайыбызды сурашып, столго али отура элекпиз. Балдар адатынча чуркап чыгышты. Аяштарым биздин балдарды жакшы көрүшөт. Аңгыча эле улуу уулум мурдагы бийчи, режиссердун аялына кайрылганын кулагым чалды:

– Эже, сиз стриптиз жасай аласызбы?

Ал сөзсүз баласына атайын үйрөтүп койгондой көрдү да…

– Хы, хы, хы, – эмне кыларымды билбей мукактана түштүм. – Ал бүгүн газетадан окуп алыптыр. Шайтан алгырлар десе!

– Ата, – деп кайрадан үн катты улуу уулум, – сен бизге алар эмне үчүн чечинишерин түшүндүргөн жоксуң го.

Аялым аларды башка бөлмөгө алып кеткиче шашты. Биз жаңы эле кино тууралу сүйлөшө баштаганбыз. Аңгыча болбой эле колуна газета кармаган уулум кирип келип, түз эле инженердин аялына кайрылды

– Эже, жалапкана деген эмне?  Сүрөттөрү бар экен… Карасаңыз…

– Бери кел, – дедим мен дароо эле. – Бери кел, мен түшүндүрүп берем… Жалапкана…

Уялганымды айтпа… конокторго кайрылдым:

– Бала да… Балдар баарын билгилери келет. Гезиттен эмне көрсө, сурай беришет.

– Бол эми ата, айтып бербейсиңби…

– Жалапкана жөнөкөй эле үй, бирок ал жакта жалаптар жашайт…

– А биздин үй жалапканабы?

Коноктор каткырып жиберишти.

– Жок, – дедим мен. – Биздики өзүмдүк үй…

– Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун, “жалапкана” деген эмне?

– Сага шашпай түшүндүрүп берем, бар, бөбөктөрүңдүн жанына жөнө… — Бул жолкусунда гезитти көрөрүп алып кызым кино жылдызынын жанына келди:

– Эже, окуп бериңизчи, бул эже эмне деп жатат…

– Кайсы эжең?

Ал газетадагы атактуу кино актрисанын сүрөтүн көргөздү.

– Ал эжең: «Атак-даңкка жол – режиссердун төшөгү аркылуу өтөт»— дептир.

– Газетчилердин ойлоп чыгарган былжырагы, – деди режиссердун аялы.

– Ата, а эмне үчүн жол төшөктөн өтөт?

– Кызым, сен кээ бирде апаң менен жатып жүрбөйсүңбү?

– А кино жылдызынын өзүнүн төшөгү жокпу?

– Бар, кызым, бар… Бар, бирок кээ бирде… Кээ бирде, мисалы, автобуска кечигип калат же ооруп калат…

Инженердин аялы ордунан тура баштады.

– Уруксат этсеңиздер биз кайталы, – деди ал.

– Ой шашпагыла, али эрте го,Тамак ичип кетиңиздер.

– Ал таарынып калды, – деди инженердин аялы.

– Коюңуздарчы, эмнеге таарынмак элем? Кичинекей акылы кире элек бала жалапкана жөнүндө сураганы үчүнбү? Эмнеге баарыңардын өңүңөр өзгөрө түштү?

Башкы  директордун аялы да ордунан козголду:

– Биз деле жылалы…

– Мырзалар, суранам… Бизди кечирип койгула… Эгерде биздин балдар…

Конокторубуз акырындан жыйналып тарап кетишти. Кино тууралу оюбуз ишке ашпай калганы аз келгенсип, – менин досторум, аяштарым бизге, бири-бирине таарынышып тарашты.

Аялым ачууланып, балдарды сабап киргенде, араң арачалап калдык. Балдарды сабаган педагогикага туура келбейт да…

Ошол күндөн бери үйгө газета алып келгенди токтоттук. Мен газетаны жумуштан окуйм. Аялыма катып алып келип берем, ал түнүчүндө төшөккө  жатып алып окуйт… Биздин үйгө газета алып киргенге такыр болбойт!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.