Айткеш Толгонбаев Казакстандын профессионалдык скрипка мектебинин негиздөөчүсү болуп саналат. Кайсы гана музыкант үчүн болбосун мындай атакка жетүү чоң сыймык эмеспи! Бирок А.Толгонбаевдин тагдырын билген соң тирүү жан эң чоң азапты адам баласынан, өзгөчө, идеологиячыл саясаттан көрөрүн аңдайсыз.

Казактын залкар уулу Айткеш Толгонбаевдин сөөк зыркыраткан өмүрү тууралуу берүүнү Бах, Бетховен, Вивальди же Чайковскийдин скрипка үчүн жазылган күүлөрү менен баштасам да болмок. Бирок “бир уйдун мүйүзүн сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт” деген макалды эстеп, жуңгар жортуулунда бүлүнгөн казак элинин муңу “Элим-айды” тандадым. Себеби фашисттик жана советтик бийликтин азабын тарткан Айткеш Толгонбаевдей эр-азаматтар казак-кыргызда бирин-экин эмес, алда канча көп.

Казактын профессионалдык скрипка мектебинин негиздөөчүсү деп таанылган Айткеш Толгонбаев Семейдин Кароол деген айылында 1924-жылы жарык дүйнөгө келет. Музыкага зээндүү бала 8-9 жашында домбра, сыбызгы, мандолина, гитара сыяктуу айылда бар аспаптарды эркин ойноп калат. Чеберчилигин радиодон уккан күүлөрдү өз алдынча кайталап отуруп жогорулатат. 10 жашында ага скрипка сатып беришет. 12 жашында өздүк көркөм чыгармачылык боюнча Семейде өткөн балдардын республикалык олимпиадасында бир да нота билбеген Айткеш биринчи орунду жеңип алат. Жюринин төрагасы композитор Латиф Хамидинин кеңеши менен Алматыдагы музыкалык-педагогикалык техникумга кирип, аны Улуу Ата Мекендик согуш алдында бүтөт.

Ал 1942-жылы кан майданга кетет. Айткеш Толгонбаев “Исповедь судьбы жестокой” («Таш боор тагдыр ээсинин ымандай сыры») деген эскерүү китебинде Түндүк Кавказда биринчи согушка киргенде үстүндө англис шинели, бутунда англис батинкеси, колунда Иран мылтыгы, күйүүчү май куюлган шише жана танкага каршы граната, жанында скрипасы бар экенин эскерет. Ушундай бир салгылашууда 18 жаштагы Айткеш башынан контузия, бутунан жараат алып, колго түшөт. Моздоктогу аскер туткундарынын лагеринин коменданты Айткеш Толгонбаевдин скрипкада ойногонун кулагы чалып, немис офицерлерине күү чертип берүүгө буйрук берет. Ошондо туткун жоокер поляк композитору Генрик Венявскийдин “Мазуркасын” чертет.

Казактын туткундагы кара бала,
кан-ириң… бети-колу жара бала,
сыздатып… боздотуп тур скрипканы
сымаптай шөкөт тагып заманага…

Немистин офицерлери нестейишти!
Не деген сыйкыр күчкө бет келишти –
көрүнбөй башкага да, өзүнө да,
көңүлдө… көкүрөктө… честь беришти…

(К.Култегиндин “Башка чабылган скрипка“ поэмасынан).

Айткештин чеберчилиги лагердин классикалык музыканы сүйгөн комендантына жагат. Жаш лейтенат:

“Бул жерде өлөсүң! Скрипканын үнү түбөлүккө өчөт. Сен тирүү калышыңды каалайм”, — деп Айткешти Германиянын Фрайбург шаарындагы шарты салыштырмалуу жакшы лагерге жөнөтөт. Лагердин коменданты, мурда Ленинграддагы Германиянын консулдугунда бир нече жыл иштеген обер-лейтенант фон Фолкерзам жергиликтүүлөрдү СССР элдеринин маданияты менен тааныштыруу үчүн концерт уюштурат. Бул концертте Айткеш Толгонбаев атактуу немис композитору Людвиг Бетховендин “Скрипка үчүн романсын” боздотуп ойнойт.

Туткун казак солдаты улуу Бетховендин романсын аткарып жатканда, залдагы эл уюган айрандай мемиреп отурат. Анан казак уулу Айткешти Бах, Бетховен, Моцарт, Шуберт, Гайдандын мекендештери узак кол чаап алкашат. Ыраазылыгын билдирген скрипач “Элим-айды” муң-зарлатат.

Ошондогу немис көрөрмандардын абалын Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин “Башка чабылган скрипка” поэмасында мындай сүрөттөйт.

Көшүлүп угушканда – жаш ымдаган
көздөрү – көкүрөктөй катылбаган,
анан да окшош мылтык ооздоруна
атылып жатып, кайра атылбаган…

Кеткендей сыйкыр кылдар устун болуп
кеткендей заман астын-үстүн болуп –
турушту… туруп алып кол чабышты
туткунга офицерлер туткун болуп!!!
Туткунга офицерлер туткун болуп…

2.
Эт-жүрөк кошо сайрап, боздоп туру,
этегин сур замандын кооздоп шуру.
Жалтылдайт скрипка – музыка уккан
жанагы Оберфюрер окшоп куду.

Муздарды көргүн Моцарт эриткенин,
муң-зарды көргүн Шуберт кемиткенин –
шахтадан өнөрпозду бошотушту
фашист деп атанышкан немистериң…

Фрайрбургдагы лагерден кийин Айткеш Толгонбаев борбор азиялыктардан түзүлгөн Түркстан легионунун өнөрпоздор бригадасына алынып, Австриянын, Польшанын, Франциянын шаарларында аскердик туткундарга концерт беришет. Анын легионду таштап, француз партизандарына кошулуу аракети ишке ашпай, атууга өкүм чыгат. Союздаштар кургакта чабуулга өтүп, авиациясы асмандан бомбалап калбаса, немистер айтмакчы, скрипач “капут” болмок.

Ичер суусу бар экен, Айткеш Толгонбаевди союздаштардын аскерлери 1944-жылы Римдеги Советтик аскер миссиясына өткөрүп берип, согуш бүткөнчө миссияда вахтер болуп иштейт. Бош убактысында Адриано театрынын симфониялык оркестринде ойнойт. Тапкан акчасына XVII кылымдагы белгилүү уста Йакоб Стайнер атындагы фирмада жасалган кымбат баалуу скрипкадан бирди сатып алат.

21 жаштагы Айкеште Италияда калып калууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок ал Кремлдин “Душман колунда туткунда калгандар ал үчүн күнөөлүү эмес. Мекендештерибиз эч камтама болбой аларды күткөн үйүнө кайта берсе болот. Кайтып келгиле!” деген чакырыгын угуп, СССРге, Ата Мекенине кайтып келет.

Бир тууган жеринде тозок жашоо башталат. 1946-жылы камакка алынып, кийинки жылы Аскердик трибунал Айткеш Толгонбаевди “эл-жерин саткан чыккынчы” деп, 59-берене боюнча 25 жылга соттоп, СССРдин түндүк-чыгышындагы Колымыга сүргүнгө айдайт. Бул жөнүндө Алматыдагы “Аяжан” коллежинин директорунун орун басары Айсулуу Жолборс кызы Калымбетованын кеби:

— Айткеш Толгонбаев элине келген соң кайра Колымага айдалат. Ал жакка айдалгандардын арасында Эрмахан Бетмаханов (т.и.д., Казакстан Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти), Кажым Жумалиев (акын, адабиятчы, академик) сыяктуу белгилүү аалымдар да бар. Каныш Сатпаев (академик, геолог, советтик металлогения илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири) менен Мухтар Ауэзов Москвага кетип, жан сакташат.

«Чыккынчы, тыңчы» деген жалаа тагып –
чыңырды чын дүйнөсү ала салып!
Солдоюп жатат үйдө – согуш огу
согуштан кийин тийип – жараат алып…

Кыргыз эл акыны К.Култегин

«Экөөбүз сүйлөбөдүк деги жалган,
эми да тийген турат сенин пайдаң…» –
Суракка скрипкасын ала келди
суроого жооп сунганга «Элим-айдан».

« — Келеке кылаар жанды тапкансып ал,
кериле тартканы не какшантып ал?!» –
Чыдабай аспапты алып, чапты башка
чындыктын башына түз чапкан сымал!

Чапты эле сөгүнүп да, кыйкырып да –
чарт жайрап сулуулук да, тынччылык да –
чаңырды скрипканы Айткеш аяп,
чаңырды Айткешти аяп скрипка!

Башка эмес, казак чапты?! Кайыл кантип?!
Баш тургай, жүрөк кетти жарылгансып!
Не маалда өчтү доошу скрипканын
“Элим-ай… ” – деп айта албай жанын жанчып…

… Апсайып… жетим калып… ээги – кайрак,
азаптан дени кандап… деми кандап…
Жүрсѳ да «Ит жеткенде» – Колымада
жүрѳгү – скрипка «Элим-айлап».

Шаң таппай, сыйкыр таппай калкалаган,
шахтада шалк жыгылып кайтарадан –
ѳлѳсѳ акыбалга келип турду
ѳлкѳдѳ фашисттерди талкалаган…
Ѳлкѳдѳ фашисттерди талкалаган…
(К. Култегиндин “Башка чабылган скрипка“ поэмасынан).

«Советская культура» гезитиндеги А. Толгонбаевдин талантына арналган макала.

Иосиф Сталин өлгөндөн кийин 1955-жылы Айткеш Толгонбаев башка жүз миңдеген жазыксыз айыпталган советтик жарандардын катарында мунапыс менен абактан чыгат. Алматыга келип, консерваторияга кирет. Окууну бүтүп атып берген дипломдук концертинде жаш кезинен бапестеген тилеги — Чайковскийдин скрипка үчүн жазылган концертин аткарат. 1961-жылы атактуу советтик скрипач жана педагог Леонид Коган Айткеш Толгонбаевдин чебер оюнун көргөндөн кийин аны “Казакстандын биринчи скрипкасы” деп атайт.

Ал республикада педагог, музыкант, музыка таануучу (“Казак обондору менен күүлөрүн скрипка жана фортепианодо ойноо боюнча ноталар жыйнагын” жазат) катары атак-даңкка жеткени менен мойнунда “Эл душманы” деген жаманаттысынан СССР жексен болгончо айрылбайт. Ысымын акташ үчүн күрөшө баштайт. Cкрипачтын кызы Саулет Толгонбаева атасынын ал күрөшү тууралуу мындайча эскерет:

— Атам 1982-жылдан 1991-жылы Москвада путч башталып, СССР кыйрап калганга чейин жыл сайын Москвага барып, эч кандай чыккынчылык кылбаганын, “эл душманы”, “тыңчы” болбогонун, себеби эч ким менен жашыруун кездешпегенин, эч кандай паролду билбегенин, ал жөнөкөй музыкант экенин айтып, актоону суранып жүрдү. Тилекке каршы, ал кезде 58-берене менен эч ким акталган эмес. Ырас, 1936-37-жылдары соттолуп өлгөндөр акталган: ошентип алар реабилитация болуп, ар-намысы калыбына келтирилген жана элге белгилүү адамдарга айланган. Ал эми тирүү кишилерди реабилитациялоо боюнча берене жок болчу.

Саулет айымдын айтымында, Казакстан Москвадан өзүн эрктүү жарыялагандан кийин Айткеш Толгонбаев эң соңку чечкиндүү кадамын таштайт:

— 1990-жылдардын башында СССР бүлүндү. Атам Нурсултан Назарбаевге кайрылып, «эгер мени реабилитация кылбасаңар, Казакстандын жарандыгынан баш тартып, Америкадан саясый башпаанек сурайм. Себеби, Казакстан мени толук укуктуу жаран катары актаган жок. Мен “эл душманы”, “англо-америка шпиону” деп негизсиз соттолгонмун. Сиз эми эрктүү Казакстандын президенти жана Конституциясынын кепили катары менин маселемди чечип бериңиз же мен Америкага кетем» деп жазат.

Мына ошондон кийин Казакстандын Башкы прокуратурасы Айткеш Толгонбаевди “1920-1950-жылдардагы саясый куугунтуктун курмандыгы” деп таанып, толук акталат. Бул жаманаттыга каршы согуш ардагеринин күрөшү 40 жыл 33 күн уланат. Бирок СССРдин КГБсы тартып алган скрипкасын кайтарып ала албайт.

“Баалуу скрипканын бүгүнкү ээси — АКШдагы коллекционер, — деди Айсулуу Жолборс кызы. — Мамлекетибиз ал скрипканы издеген да жок.”

“Башка чабылган скрипка” поэмасы, Айсулуу айымдын айтымында, Казакстанда Айткеш Толгонбаевге арналып өткөн салтанаттарда такай көркөм окулууда.

— 29-майда Казакстандын Улуттук китепканасында Айткеш Толгонбаевдин ”Ташбоор тагдыр эгесинин ымандай сыры” деген китебинин бет ачары казак жана орус тилдеринде болду. Ошол тушоо кесерде да Кожогелди Култегиндин “Башка чабылган скрипка” поэмасын кыздар тобу көркөм окуп берди. Андан мурда Алматыда жана оодандарда өткөн эскерүү салтанаттарында да Дөөлөтбек Байтурсун уулу казакчага оодарган береги поэма көркөм окулган.

Айткеш Толгонбаевге арналып, Казакстанда өткөн салтанаттарга “Башка чабылган скрипка” поэмасынын автору расмий түрдө чакырылган.

Амирбек Азам уулу
«Азаттык»

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.