Абибилла ПАЗЫЛОВ: Бүгүнкү жазуучу намыс-ариет  талашууну  да үйрөнүүгө тийиштей (1-маек)

Белгилүү жазуучу жана котормочу Абибилла Пазылов менен болгон маегибиз…

– Абибилла аке, учурда эмне менен алексиз? Кезинде кыргыз окурмандарына дүйнө адабиятынын дөө-шаа жазуучуларынын чыгармаларын жеткирүүдө албан эмгек жумшадыңыз окшойт. Ошолорду китеп кылып чыгара алдыңызбы? Бүтүндөй өмүрүн котормочулукка арнаган авторлордун бири Эрнис Турсунов бир курдай каңырыгы түтөп отуруп, котормо өнөрү кайсы авторго болбосун чыгармачылык чоң өнөркана болгону менен, бирок бизде ал мээнеттин кадыр-баркы бааланбастыгын айтып кейиди эле…

Мурдагы замандарда мен көрүп-неткен даркан  жазуучулар “бир чыгарма жазып бүткөнүңдө, соңунан чыгынып,  эки котормо шилтеп сал” деп кеңеш беришер эле. Береги насаатка кулак төшөгөндөр  кош коёнду чокон ок менен  аткыдай.   Биринчиден, котормоңуз  зор  чеберчилик, чоң тажрыйба арттырууну шарттаса, экинчиден,  алиги таржымаланган  көркөм дөөлөт (эгерде жакшы болсо)  улуттук адабиятыбыздын, тилибиздин корун, дасмиясын  байытууга  өбөлгө  турбайбы.

Ушинтүү  өнөкөткө  айланып калгансыйт мага. Азыр деле аны-муну которуп таштасам  деп дегдеп турам.  Ниеттенип, баштап, некин, аягына али чекит койбогон ардеме-бирдемелерим көңүл өйүтөт.  Дүйнөлүк адабиятта биздин тилге оодарыла элек канча сонун китептер бар дейсиң, “мени котор”, “мени которсоң”  дегенсип жаатыңды козгойт!? Бирок ылгый   котормого ыктап алсаң,  өңгө тирилик аксайт эмеспи. Андыктанбы, натыйжа азырынча  күйөрмандарым  күткөндөй эмес.

Он экинчи жылы “Менин котормолорум” деген жыйнак  даярдап, ошого бир топ таржыма чыгармаларды топтогом. Кийинки жыйнактарга да бирин-экин котормо кошо коюп жүрөм.  Былтыр  Чыңгыз Айтматовдун өзүм орусчадан ар кайсы учурларда  оодарган макала, маек, ой толгоолорун жалпы мукабанын астына бириктирип, “Биринчи мугалимдин мурастары” аттуу китепче түзгөм.

Котормочулук эмгектин кадыр-баркынын ылдыйлаганы   жөнүндө маркум Эрнис аба туптуура айтыптыр.  Бирде  Россиянын  телеканалынан Михаил Жванецкийге аша эмгекчил  астрономдун буга дейре адамзатка  белгисиз алыскы планетаны ачканына байланыштуу “Эмне үчүн баш менен жеткен ийгилик, бут же үн менен жеткен ийгиликке караганда аз  да сейрек  бааланат же караманча бааланбайт?” деп собол узатышты эле,   жазуучу тамашага чаргыта, минтип жооп кайтарды:  «Астроном, асыресе,  майкесин  бийик булгалап, көкүрөк-төшүн кызарта  чапкылап, тизелей   көк майсаңды жиреп, итапкан аралыкка чейин сыйгаланбаса керек да, артынан чуркаган башка  астрономдор кесиптешин  баса  жыгылып, тургуза койбой өпкүлөп, куттуктабаган болушу ыктымал».

– Дегеле котормо өнөрү ышкыңызды козгогон мезгилде ага жеке чыгармачылыгыңыздай мамиле кыласызбы же кайсы бир заказдын негизинде которгон учурларыңыз болдубу?

Кээде заказ  боюнча  да иштейсиң. Менин алгачкы  китебим – котормо китеп. Иван Буниндин “Сан-Францисколук мырза”  деген аңгемеси.  Москвалык илимпоздун кириш  сөзү менен. Сексенинчи жылдардын баш ченинде   “Мектеп” басмасынын агездеги бөлүм башчысы Санжы Егиналиев деген агай тапшырган.  “Бу жаш, курч жигит “Кыргызстан маданияты” гезитине улам эле биздин басмадан жарыкка чыккан котормолорду “талкалайт”, өзү да которуп көрсүнчү” деген өңдүү.  Баякыдабы,  “Менин атам Дэн Сяопин “маданий ыңкылап”  жылдарында” аттуу мемуарды  Роза Отунбаева уюштурган   коомдук уюмдун буюртма-тапшырыгына  ылайык үчөөлөп  “ашар”  кылып  жибердик.

Кеп кайсы чыгарманы кандай жол менен которгонуңда эмес, кептин баары жоопкерчиликтүү мамиледе. Мына азыр, шүгүр, кытайлар, түрктөр, ал гана эмес АКШнын Кыргызстандагы элчилиги көбүнесе сынак жарыялап, эне  тилдериндеги китептерди кыргызчага  котортууга  өттү.   Тилекке каршы, айрым котормолорду барактаганда кадыресе  кейип кетем. Самандай  сапырылган акча, бөөдө сарыпталган  кагаз! Демөөрчүлөрдү да алдап-соолайбыз, окурмандарыбыздын да убал-сообунан коркпойбуз.

– Салттуу адабияттын жолун улоо көпчүлүк калемгерлердин колунан келбей отуруп калышты. Арийне, акын-жазуучуларыбызды совет доору бакма тооктой кол каратып үйрөтүп койгон дейин десек, өлкөбүздүн эгемендик жылдарында төбөсү көрүнгөн калемгерлер деле өкмөттөн же Жазуучулар союзунан үмүт эткенсип отурганына кандай карайсыз?

– Жакында Норвегиядагы жазуучулардын турмуш абалы тууралуу жагымдуу кабарга  көзүм түштү. Аталган мамлекеттин өкмөтүнүн  жаңыдан жарык көргөн  көркөм адабий китептердин кандайдыр бир бөлүгүн авторлордон түздөн-түз сатып алып, жер-жерлердеги китепканаларга акысыз бөлүштүргөнү ичиңди ачыштырат дебейин… жылытат.  Балдарга арналган китептердин  баасы, баса,  кыйла кымбат экен.

Коом  жазуучуларга, мейли, бекерден бекер жардам бербесин, бирок алардын акылын, талантын пайдалансын. Көмөгү ошого теңдеш, төп келсин.  Улуттук адабиятты деле, айталы,  орто жана чакан бизнести колдогондой колдоп койсо жарашат.  Кур дегенде “жазуучу”, “котормочу” деген кесиптерди Эмгек кодексиндеги  тизмеге кийирели? Эч кайда  иштебей,  үйүндө  жазган жазуучулардын  жарыяланган  чыгармаларын  эмгек стажына мыйзамдаштырып  чегерели?

Искусство, белгилүү го,  экиге бөлүнөт. Жаратман искусство жана аткаруучулук искусство. Жазуучу – жартман автор. Жаратмандарды “тарс” унутуп, жалаң  аткаруучуларга  тарсылдата  алакан чабуу  деле калыстыкка коошпос.

Калкың окумал болсо, майдандарда кан төгүлбөйт, коррупция коолап-чайлабайт. Чыныгы билимдүү, маданияттуу  киши шайлоодо добушун сатпайт, ар кандай ушак-айыңга алдырбайт, көкүтүүлөргө көнбөйт. Эгерде тазарууну ири алды  ички дүйнөбүздү тазартуудан баштоого кам урсак,  анда  адабият менен искуустводон ашкан байымдуу-күйүмдүү  окутуучу-тарбиячы табылбас.

– Так ушул Сиз айткандай, калкты окумалдуулукка тарбиялоо жагынан өксүп келатпайбызбы. Өзгөчө, соңку чейрек кылым аралыгында элибиз көркөм дөөлөттүн эмес, көрдүйнөнүн артынан түшүп кеткенин айтпайсызбы…

– Эгемендик жылдарында бир кызыкты байкадым. Туңгуч президентибиз акын-жазуучуларды алеки саатта сызга отургузду. Сызга отургузду дегеним  китеп басмалары, басмаканалары “банкротко” кабылды,  адабий басылмалар ар кимдин шыбагасына  тийди, китеп дүкөндөрү сары чакага  сатылды,  чыгармачылык союз чачырады, адабий фонд, көркөм адабиятты жайылтуу бюросу тыптыйпыл жоюулду,  бирак, анын аялы менен кызы китептен китеп  жазууга, жазып эле тим калбастан, аларын тияк-бияктан муздай тунук, жалтырак кагаздарга бастырып, башка тилдерге котортуп, Батыш менен Чыгышта  “бет ачаар” өткөрүүгө киришти. Кыскасы, жазуучу атыгууга жан үрөштү.  Кезинде ажонун  үй-бүлөсүнүн андайын  эреже  санап, эбиреп-жебиреп  жактагандан таюу  тартпадык белем?!

– Азыр өзүңүздөй профессионал адабият өкүлдөрүнүн көбү баарын жыйыштырып койгон устанын кейпин кийип калышкан жокпу?

– Ырас, адабиятчылардын акыбалы  анча дурус эмес. Жогуна кайгырбай, барына ыраазы. Көбү өткөн чактагы көркөм табылгаларына  маашыр, эми тигиндей  мүмкүнчүлүк  кайрылбайт дешет.

Кантсе да, жанагы акын-жазуучуларыбыз, айрым замана  табиятына таандык бөксөлүк, мүчүлүштүктөрүнө карабастан,  кыргыздын  каймактары эле. Энесайдан берки эгемендүүлүктү, эркиндикти эңсөөбүздү,  ушу таптагы улуттук аң-сезимибизди ойготкон ошолор, саясатчылар, мамлекеттик ишмерлер, а түгүл, окумуштуулар эмес,  сыдыкбековдор, айтматовдор, сарногоевдер, касымбековдор… Бир кезде  “Жарыктык, жазуучуларым!” деген кыска баяндарды чүргөгөм, эмкисин ошонумду кайра улантсамбы дейм. Мерез мезгил, кашайгыр карылык, анан калса,  аңдыган ажал калемгерлерди да аябайт шекилдүү.

– Элге көркөм дабиятты пропаганда кылуунун эң жакшы жолу кайсы деп ойлойсуз?

– Кундуу, чыйрак чыгармаларды байма-бай  таратуу, суудай жайылтуу керек. Интернет аркылуу болобу, жалпыга маалымдоо каражаттарынанбы, китеп түрүндөбү, айтор, нарктуу  нерсе чамбылала чаңда калбоого тийиш. Чакан сүрөттөмөбү, төрт сап ырбы –бүйүр кызытып, делебе козгосо,  ар качандан бир качан  окурман  журттун жүрөгүнүн толтосунан  менчик ордун илгиртпей ээлесин.

Адабияттагы халтурага каршы  күрөшүүнүн бирден бир майнаптуу ыкмасы  да ушул.  Ар бир айыл өкмөтүндө экиден “жазуучу” узанган, бийлик өңчөй тааныш-билиш, партиялаш-санаалаштарына  наам ыйгарып, орден тагуу менен убараланган, өңчөй шылуун-шыпырлар улуулуктун сересин сермөөгө, Парнастын төрүн тебелеп-тепсөөгө  уят-сыйытсыз усулдарды колдонуу менен  ынтылган   убакта  маңгиликтүү классиканын, түбөлүк классиктердин, асыл кайран муундардын  өлбөс-өчпөс үлгүсүнө, сабагына, таасирине  таянмагыбыз ийгиби деп ойлоп ийем.

Кариет, катарыбызда муну ашырбай-кемитпей  түшүнгөн жаш-кары арбын. Кол куушуруп, түгөл багынмак түн түшүбүзгө да кирбейт. Бүгүнкү  жазуучу мыкты жазууну гана өздөштүрбөстөн, көркөм адабияттын жамияттагы  бедели үчүн  бекем  белсенип, намыс-ариет  талашууну  да үйрөнүүгө тийиштей.   

– Өзүңүз менен чыгармачылыкта үзөңгүлөш келаткан калемгерлердин башкы көйгөйү кайсы?

– Ар кимдин керт башында  өз көйгөйү, өз шору болот. Орток көйгөйүбүз – алигиче барандуу чыгарма бере  элекпиз. Аракеттенгендер бар, анча-мынча берекет да жок эместей.

Бирок үстүбүздөгү окто-текте  доорубузга  татыктуу эстетикалык альтернатива жаратууга, аныбыздын толук кандуу рухий бейнесин кынтыксыз тартууга  шаабыз  чамалуу.  Ушундай кыл чайнашкан кыйчалыш  кырдаалда мындай оңбогондой оор милдетти аркалоого  арабыздан  ким  алга суурулуп батынат, ким даяр?  Билбейт экем. Даана билгеним, бөркүмдөй ишенгеним  – кыргыз адабиятынын тарыхы бай,  келечеги кең, сапары учу-кыйырсыз узак.

Бул маегибизди дагы улай турган болуп калдык өңдөнөт, Абибиллиа аке. Себеби рухий жакырчылыкка кантип келип калганыбызды айттыңыз, эми рухий жакырчылыктан канткенде чыгабыз – маанилүүсү ошол го…

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Уландысы мында>>>>>>>>>>>

Эскертүү: бул материал боюнча төмөндөгү комментарийлерге кирип өз пикириңизди калтырууда бирөөнү келекелеген же басмырлагандан алыс болуңуз. Эрежени сактабаган окурмандардын пикири жарыяланбайт!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.