Бир ирет Стамбулга бир француз келип, султанга жолугуп, эгер өзүнүн табышмагын кимдир бирөө тапса сүннөткө отуруп мусулман динин кабыл аларын айтат. Султан француздун табышмагын табыш оңой эместигин болжоп, мындайга кыйын эле деп Кожо Насирдинди чакыртат.

Желдеттер аны таппай кечке издешип, кечинде гана үйүнө кайтып келатканында султандын чакыртканын айтып, алдыларына салып айдап жөнөшөт. Кечке эл кыдырганы менен сыйлаар эч кимге жолукпагандыктан ачка келаткан Насирдин ошентип ак сарайга айласыз келет. Султан жагдайды айтып, француздун табышмагын табууну буюрат. Насирдин өзү французча билбесин, француз түркчө билбесин айтып мындан баш тартмакчы болот.

Муну французга түшүндүрүшкөндө – ал табышмакты сөз айтпай берерин, башкача айтканда, колу менен жаңдаарын айтат. Насирдин буга макул болот. Экөө жайланышып отурушат. Султан баш болгон нөөкөрлөр карап турушат. Француз жерге тегерек сызык чиет. Насирдин колун шилтеп аны ортосунан бөлөт. Француз тегеректеги бирдемелерди өйдө көтөрүп жаткансып колу менен жогору карай жаңдайт. Насирдин алардын үстүнө туз сээп жаткандай кыймыл жасайт. Ошондо француз чөнтөгүнөн жумуртка алып чыгып көргөзөт, Насирдин буга жооп кылып бир ууч туз алдырат.

— Тапты! – деп ошондо француз ордунан тура калат. – Менин табышмактарымды бүт тапты!

— Кандайча? – дейт султан эч нерсеге түшүнө бербей.

— Мен жердин тоголок экенин билдирип тегерек чийдим эле, ал анын тең жарымы суу деп экиге бөлдү, мен жерден көзгө көрүнбөгөн нерселерди тарткылап жаткандай кыймыл жасап, анда көп түрдүү өсүмдүктөр өсөрүн жаңдадым эле, бул өсүмдүктөр жамгыр жаап суу болмоюн өспөй турганын айтты, мен жердин түзүлүшү жумурткага окшош экенин билдирип – жумуртканы көрсөттүм эле, бул тузду көргөзүп, жерге тузга окшош ак кар жаарын билдирди.

— Сөзүңө туруп мусулманчылыкты кабыл аласыңбы? – деп сурады ошондо султан андан.

— Айла канча, — деп айтып оозун жыйгыча султан нөөкөрлөрүнө французду алып барып сүннөткө отургузууну буюрду.

Султан Кожо Насирдинге мусулмандарды дагы бир кишиге көбөйткөнү үчүн алкыш айтып, француздун табышмагын кантип түшүнгөнүн сурады.

— Бул оңой эле болду, — деди Насирдин. – Ал өзүндө тоголок түзүлүштөгү тамак бар экенин жерге чийип көргөздү, менин курсагым ач эле, андыктан тең бөлүп жешти сунуштадым, ал өз тамагы отко бышырылганын жаңдап жогору карай тарткылагансып: оттун элесин көргөздү, а мен ал тамакка туз сээп жесек жакшы болорун билдирген кыймыл жасадым эле, ал чөнтөгүнөн бышырылган жумуртка алып чыкты, мен туз сурадым.

Султан Насирдиндин французду оңой алдаганына ыраазы болуп, өзү менен кечки тамакты бирге ичүүгө чакырып, андан соң жакшы белектерди берип үйүнө узатты.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.